Добавить статью
11:15, 30 августа 2012 37239

2005-жыл – Өлкөбүзгө зор өзгөрүү алып келген

Жусупжан Амражанович Жээнбеков менен үч жылдан ашыгыраак мезгил чогуу иштештим. Анын ичинде эки жылдай ал кишиге жардамчы болдум, калган мезгилдерде тыгыз иштештик. Ал учурлардын урунтуу мезгилдери эгемен Кыргызстандын тарыхына өз салымын кошот деген ойдомун жана ар бир калемгер урунтуу учурларды, анын каармандарын дайыма ачыктай жүргөнү келечек урпактарга көрүлгөн камкордук экендигинде шек жок.

Мен ал кишинин бетке айткандыгынын азабын көп тартканын көрдүм. Айрыкча Жалал-Абад шаарында 2005-жылы 4-марттан баштап 24-мартка чейин элдик бийлик орнотуп алып, 20-30 миң адамды 20 күн баш аламандыкка жол бербей кармап туруу өтө кыйын эле. Чындыгында Бакиевдер 19-март күнү эле качып кетишип, Бектур Асановду болсо ички иштер кызматкерлери камап коюшкан. Ошондой учурда элди артынан ээрчитип, бийлик менен бетме-бет күрөшүүнү өжөрдүн өжөрү гана жасай алмак. Ал учур эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхында дагы деле болсо өз баасын алалбай келүүдө. Чыныгы акыйкаттык үчүн күрөштүн башаты ошондо жатат. Эгемендүүлүктүн бирден-бир туткасы болгон ошол күндөргө тарыхчыларыбыз да ушул күнгө чейин өз баасын берише элек. Айрым трайбалист депутаттар гана элибиздин адилеттүүлүк үчүн болгон ошол күрөшүн жок кылып салуунун аракетин көрүп жатышат. Ал күндөрдү бир жолу тарых барактарынан өчүрүп салуу үчүн жан үрөп, 24-мартты майрам катары белгилөөгө каршы пикирлерин айтышууда. Бул жерде көбүрөөк Кыргыздын тарыхый душмандары рол ойноп жаткандай таасир калтырууда. Мындай дегеним акыркы учурларда алар Манас бабабызды да бурмалашып, шылдыңдаганга чейин барып, жаңы варианттарын чыгарып жатышпайбы.

2005-жылы акыйкаттык издеген эл азыркыдай болуп алты тыйынга сатылбай, жарты нанын колтугуна кысып алып, чындык издеп үнү бүткөнчө адилетсиздиктин арманын айтып турушкан. 24-марттан кийин Бишкектеги талап-тоноочулукту угуп-көргөн эл Жалал-Абад шаарындагы «Келечек» акционердик коому сыяктуу чооң-чоң соода түйүндөрүн, таттуулук жана суусундуктарды чыгарган завод-фабрикаларды басып алууга аракеттерди жасаган. Бирок Жусупжан Жээнбеков элдин баарын токтотуп, жаңы жакшы жашоого карай багыт алаарда жаманчылыкка барбоого элди чакырып токтотуп калган. Жыйынтыгында Жалал-Абадда башаламандык да, талап-тоноо да болгон жок. Тилекке каршы Жээнбеков айткан жакшы жашоо да болбой калды. Анткени Бакиев Жалалабаддык болгондуктан, анын бир туугандары дароо эле башкаруу бийлигинин ишине кийлигишип, кадр саясатын жүргүзүүгө аракет кылышкан. Ошол мезгилде Жусупжан Жээнбеков Жалал-Абаддын губернатору катары чоң жыйын өткөрүп, ошол жыйында: «Биз Президент кылып бир гана Курманбек Салиевич Бакиевди шайлаганбыз, ал эми башка Бакиевдердин президен т катары аткаруу бийлигинин ишине кийлигишүүгө акысы жок»- деп ачык айтып чыккан. Район-шаарлардын акимдери менен мэрлерине да мамлекеттик кызматта үй-бүлөөлүк башкарууга жол бергендиги үчүн Акаевдер Кыргызстандан куулушту. Азыркы бийликте отургандардын жакындарын жумушуңарга кийлигиштирбей мыйзам чегинде иш алып баргыла, деген талабын коюп турган. Жыйынтыгында 2006-жылдын 19-январы күнү Жусупжан Жээнбеков «башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу» -деген шылтоо менен губернаторлук кызматынан бошотулган. Ошол мезгилдеги 1-вице-премьер министр Медетбек Керимкулов Указды окуганда, губернатордун ошондогу 1-орун басары Жаныш Курбанов баштаган облустук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери, облустагы 9 район-шаарлардын аким-мэрлери, 19 айыл округдардын башчылары кызматтык күбөлүктөрүн ыргытышып, кызматтан кете тургандыктарын айтып чыгышкан. Ал эле эмес, Жалал-Абаддын эли жаңы дайындалган губернатор Искендербек Айдаралиевге ак баталарын берип узатышып, М. Керимкуловду жана Президенттик администрациянын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Жалал-Абад ооблусу боюнча куратору Азим Исабековду барымтага алышкан. Медетбек Керимкулов элдин көзүнчө телефон аркылуу Курманбек Бакиев менен да Премьер-министр Феликс Кулов менен да байланышып, абал көзөмөлдөн чыгып бараткандыгын билдирген жана бул иште Жусупжан Жээнбековдун күнөөсү жок экендигин баса белгилеген. Андан эч кандай майнап чыкпанагандан кийин ошол кездеги Президенттин администрациясынын башчысы Үсөн Сыдыков түнү менен жол жүрүп Жалал-Абадга келген. Тилекке каршы Жалал-Абаддыктар Үсөн Сыдыковду облустук мамлекеттик администрациядан кууп чыгышкан. Ушул жерде бир тарыхый чындык бар, мен губернатордун 1-орун басарынын кабинетине кирип барсам, Үсөн Сыдыков аксакал- «.. жок, жок, Курманбек Салиевич, эч ким деле жумушун тапшырбаптыр, мен баары менен сүйлөшүп чыктым, баары кызмат ордуларында эле иштеп жатышат»- десе болобу. Аксакал кишиден мындай калп сөз чыгат деп ойлогон эмесмин, дароо жакын бардым да Курманбек Салиевич, Сизди алдап жатат, кызматтарын тапшырып беришкен, алардын кызматтык күбөлүктөрү менде турат- деп кыйкырдым. Чамасы тиги тараптан ким сүйлөп жатат деди окшойт, Үсөн Сыдыков «жөн эле, шок балдар кирип калса керек»- деп жооп берди.

Ошентип Бакиевдин бир туугандары менен чабышып отуруп, арадан тогуз күн өткөндөн кийин гана Жусупжан Жээнбековго экинчи жолу кызмат ордунан бошоткон указ чыкты. Бирок мунусунда «ээлеген кызматынан бошотулуп, Талас облусуна губернатор болуп дайындалсын»- деп жазылыптыр. Ошентип бир губернатор эки указ менен ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Бул да Эгемен Кыргыз мамлекетинде өзгөчө мааниге ээ учурлар деп ойлоймун. Ал эми элдин кызыкчылыгынан үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын жогору койгондорду тагдыр өзү таразап тураарын кыргыз эли өз баштарынан кечиришти жана эмки жетекчилерибиз андайга жол бербөөгө тийиш.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-12-2012
Болуп жаткандар кырсыкпы, сынообу, же жазабы?
47183

03-09-2012
Жантөрө Сатыбалдиев жөнүндө коомдук пикирлер
97809

22-11-2011
24-март – кыргыздардын эркиндикке умтулуусу болгон
34996

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×