Добавить статью
10:58, 21 сентября 2012 134669

Илимди баалаган, сыйлаган эл багарлардын эсине

Атына «Эффект» деген эң сыймыктуу сөз кошо айтылган кыргызстандык жалгыз окумуштуу ДүрбөлөңМамбетов – 80 жашта

Илимди баалаган, сыйлаган эл багарлардын эсине

Малайзиянын Өкмөтүн отуз жыл башкарган экс-премьер-министр Махатхир Мохамад кечээ жакындан бери өлкө башчылар жана бир катар коомдук уюмдар менен жолугушууларды өткөрдү. 30 жыл башкарган Өкмөт башчы менен өлкөнү кантип өнүктүрөбүз деген маселе талкуулангандыгы айтпаса деле түшүнүктүү го дейм. Жолугушууларда ал өлкөнү өнүктүрүү үчүн эң эле жөнөкөй жолдорун белгилептир. Анын айтымында, өлкөсүн алга сүйрөйм деген башчылар өзүнөн дагы өлкөсүн сүйө билиши керек. Аны менен катар М.Мохамад Куранда дагы илим алууга басым жасалгандыгын баса белгиледи.

Мен муну эмне үчүн айтып жатам? Өлкөдө андай адамдын бар-жогун аныкташ үчүн деп ойлоор окурман. Жок, мен өз тарыхыбызга көз чаптырып, андай адамдарды эстен чыгарбай, эскерүү үчүн сөз башы кылдым, жогорудагы кепти. Биз сөз кыла турган маселе Теңир-Тоонун каратоголок баласы өтө катаал учурда эң татаал илимге кантип из салуу менен, ачылыш жасап, өз Мекенине кошкон салымы тууралуу болмокчу.

Арабыздагы көзү тирүүлөрдү баалай албай, кечээгиге эмнеге кайрылабыз дегендер да бар чыгаар. Бирок, улуу тарыхтын барактарын аттап, келечек курам дегендер терең жаңылышаарын билген адам аңдабай түшүнөт. «Тарыхты сен тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен атаар» деген кепти жадыбалдай билет. Ал гана эмес, азыркы өз улутунун патриотумун дегендер дагы тарыхты аңтарып-теңтерип, кимдер ким болгонун, кандай иштерди жасаганын иликтеп, терең талдап, аны иш тажрыйбасында колдонууга далалаттанат. Же андай эмеспи?..

Кепти кыскарта чаап, ток этер жерине токтолсок, биз замандаштарыбыздын, айрыкча, жаш муундардын эсине салуучу инсан – окумуштуу Дүрбөлөң Мамбетов. Жогоруда белгилегендей, Теңир-Тоонун кар тоголок баласы кантип жаагы катуу физика илимдерине дүрбөлөң салгандыгы тууралуу болмокчу. Коомчулукта же тарыхта элге зор пайда алып келген, олуттуу маселелерди чечкен же зор чыгарма жараткан инсандар четтен чыгат. Кудайга шүгүр, кыргыз элинин уучу кур эмес. Ал эми Д.Мамбетовду айта турган болсок, өз Мекенин илимий тармакта жаңы ачылыш жасап, бери эле дегенде, Орто Азия менен Орусияга тааныткан окумуштуулугун белгилеп кетким келет.

Дүрбөлөң Мамбетов Кыргызстанда ядролук физика боюнча алгачкы илимий изилдөөнү баштаган туңгуч карлыгач болгон экен. Анын таланттуу окумуштуу экендигин 24 жашында эле «Мирабилит тузунун кристаллдык торчосуна кирген сууну кургатуу процессинде күчтүү электрондук агым бөлүнүп чыгаарын» (кийин ал «Мамбетов эффектиси» деген ат менен белгилүү болгон) биринчи болуп ачып, 1955-жылы кандидаттык диссертациясын коргогондугу далилдей алат.

Дүрбөлөң Мамбетов өзүнүн аз өмүрүндө 5 илимдин кандидатын даярдап, 60 тан ашык илимий эмгектердин, анын ичинде монография жана 6 патенттин автору болгон.

Ырас, илим жолуна чыйыр салган окумуштууларыбыз жок дегенден алысмын. Ал тургай алардын көлөкөсүнө дагы шек келтиргим жок, келтиргенге дагы акым жок. Болгону болгон тарыхты (жогоруда белгилегендей), болгондой кылып замандаштарыбызга жеткирсек, ар кандай себептер менен унутулган инсандарыбыздын атын атай жүрсөк деген эле ой. Кебибиз супсак, макалабыз өлүү болбошу үчүн сөз кылып жаткан окумуштуу Дүрбөлөң Мамбетовду көрүп калган, илими менен тааныш болгон окумуштуулардын пикирлерин келтирип кетели.

«Ал Мамбетов - атына «Эффект» деген эң сыймыктуу сөз кошо айтылган кыргызстандык жалгыз инсан!» дейт физика-математикалик илиминин кандидаты, профессор Маамет Койчуманов.

Мындай уникалдуу окумуштууну эскерип жатып профессор М.Койчуманов Д.Мамбетовдун окумуштуулугу эмес, анын мекенчилдигин, уюштургучтугун дагы кеп кылган жайы бар. «1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Физика-математика факультетинин физика бөлүмүн бир кыргыз группасы бүтүрүшөт»-дейт профессор окумуштууну эскерип, - ошондо, Дүрбөлөң Мамбетов окуу жайын артыкчылык дипломдору менен бүтүрүшкөн Эсен Карымшаков, Ташмурза Айтмурзаев, Сапарбек Мурзахметов жана башкаларды кошуп, ошол кездеги Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы И.Р. Раззаковдун атына төмөндөгүдөй кат менен кайрылат: «Кыргызстанда жаңы уюшулган Кыргыз ССР Илимдер академиясында физика илимин өркүндөтүү үчүн илимий-изилдөө иштерин заман талабына жооп бергендей ишке ашыруу үчүн 6-7 кыргыз жаштарын Москвадагы, Ленинграддагы, Киевдеги, Минскидеги, Новосибирскидеги илимий-изилдөө иштеринин абалы менен таанышып, Кыргызстандын келечеги үчүн физика илиминин жетишкендиктерин өнөр жайларда, айыл чарбасында, техникада, жалпы эле Кыргызстандын өркүндөп-өсүшү үчүн пайда келтире турган, келечекте Кыргызстандын жаш физиктери жогорудагы маселелерди эл алдында жоопкерчиликтүү чечүү үчүн биздин мамлекеттин эсебинен командировкаларды уюштурууңузду суранабыз», деп аты аталгандардын колдорун койдуруп, университеттин бланкасында печать коюлуп жөнөтүлөт. Мына Дүрбөлөң Мамбетовдун уюштургучтугу, келечекти көрө билгендиги, өз өлкөсүнө көздүн карегиндей мамиле жасагандыгы» деп эскергени бар.

Академик, техника илиминин доктору, профессор Жапар Текенов академик П.А.Ребиндердин Д.Мамбетов тууралуу айткан сөзүн мындайча эскерет. «Петр Александрович Ребиндер Д.Мамбетов менен жолугуп, докторлук диссертациясы тууралуу сүйлөшкөндөн кийин мындай деп айткан экен: «Мен Советтер Союзунун Орто Азиядагы союздук республикаларынын окумуштууларынын бир тобун билем, тааныйм жана сүйлөшкөнмүн, бирок, Дүрбөлөң Мамбетовдой билимдүү кишини кезиктирген эмес элем» - деген экен. Ушул баа менен Д.Мамбетов тууралуу кеп нерселер айтылса керек го деген ойдомун» дейт Жапар Текенов. Ал эми П. Ребиндер деген окумуштуу СССРдин Илимдер академиясынын академиги, физико-химик, Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССР Илимдер академиясынын Коллоид-электрохимиялык институтунун башчысы, Ленин орденинин ээси болуп, СССР чөлкөмүнө эле эмес, чет өлкөлөргө дагы кадыр-барктуу окумуштуу экендигин белгилей кетели.

«Эффект» деген сөздү илимпоздор кандайдыр бир кубулушту ачкан же биринчи байкаган автордун аты менен байланыштырышат экен. Мисалы энциклопедиялардан «Фарадей эффектиси», «Доплер эффектиси» деген ачылыштарды кездештирүүгө болот. Академик, Кыргыз улуттук энциклопедиясынын башкы редактору Үсөн Асановдун айтымында, окумуштуулар чөйрөсүндө ысымы илимий ачылышка коюлгандыгы окумуштуулар үчүн эң жогорку баа жана урмат.

Өз маалында Дүрбөлөң Мамбетовдун эмгеги прикладдык маанидеги колдонмого ээ болгондуктан, өлкөдөгү өндүрүштүк курулуш материалдары үчүн, оор химиялык өндүрүштө, ошондой эле метеорология үчүн да чоң кызыгууларды пайда кылган экен. Ал илимий чөйрөдө чоң авторитетке ээ болуу менен СССРдеги жана чет өлкөлөрдөгү илимпоздор менен кенен жана тыгыз байланышта иш алпарган. Бир сөз менен айтканда, Дүрбөлөң Мамбетов кенен билимдүү, жогорку квалификациялуу адис болуу менен Кыргызстандагы бирденбир физик окумуштуу болгон. Ошону менен бирге, абдан зээндүү, чукугандай сөз тапкыч, өз өлкөсүнүн тарыхын, үрп-адатын терең билген сөзмөр адам болгон дешет замандаштары.

Ал тирүү болгондо илимдин эле доктору болбостон, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү эле эмес, академиги да болооруна шектенүүгө да болбос эле, канчалаган илимпоздорду даярдамак.

Ошентип, «Катуу заттардын адгезиондук жана когезиондук кыйроосундагы электрдик кубулуштар» темасына жазылган докторлук диссертацияны коргоого 20 күн калганда 39 жашында бул жалган дүйнө менен кош айтышып кете берген экен. Арман дүнүйө!

Дагы бир өкүт, 39 жаш курагында жайраган окумуштуунун өлүмү боюнча ошол кездерде Кыргыз ССРинде гезиттер менен журналдарга 2 сап көңүл айтуу же некролог жазылбагандыгы, менимче, жаңылыштык, мүчүлүштүк же унутта калтыруу эмес, кандайдыр бир саясат болгондой сезилет… Болбосо, 2 сап көңүл айтууну гезит беттерине жарыялоо арзыбаган иш го.

Андан сырткары, окумуштуу каза болгондон кийин анын илимий лабораториясын 1 айдын ичинде жоюп жиберген деген маалыматтар айтылып жүрөт. Бул эми өзүнчө бир иликтөөнү талап кылган жагдай болуп турат. Окумуштуунун каза болгондугу боюнча кыргыз интеллигенциясынын көңүлүнөн чыгып кетсе, СССРдин Илимдер академиясынын астындагы «Коллоидный журнал» журналына некролог чыккандыгын кошумчалай кетсек ашыкча болбос.

Ал эми окумуштуу Үсөн Асановичке «Биз, Мамбетовдун замандаштары, бирге иштешкендер Мамбетовду өз мезгилинде баалай албай, илимдин кандидаты эле деп, некролог турмак, үй-бүлөсүнө гезит аркылуу көңүл айтып коюуга жарабаптырбыз! Бүгүн, анын 80 жылдыгын белгилеп жатып, маркумдан кечирим сурап, өзүбүз жазбасак дагы, жок дегенде мындан 40 жыл мурда, Москвада академиктердин колу коюлуп жарык көргөн некрологдун фотокөчүрмөсү менен кыргызстандыктарды тааныштырып коелу!» дегенине эле Мамбетовдун айылдаштарынын атынан баш ийип, таазим кылабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×