Добавить статью
4:09, 10 октября 2012 65337

Ысык-Атанын ысык суусу, салкын жели жана учур чагы

Ысык-Ата курортуна алгач барган адам сөссүз таасирленет. Кууш капчыгайдын дал ортосунда орун алган алакандай жердеги касиет эмне деген түпөйүлдүүлүк экендиги бара-бара күн кечирип жашай баштаганда даана билине баштайт. Бир учурда каңгырап бош калган курортко болсо соңку жылдары дарылануучулар жана эс алуучулар жабалакташып келишүүдө. Демек дагы бир ирээт атактуу дарылоочу жайдын жагдайлары тууралуу ички өңүтүнөн кеп кылсак.

Түпкүрдөн бери карай бир шиңгил

Ысык-Ата дарылоо курортунун директору Алчын Осмонгазиев мырза менен баарлашуудан улам Ысык-Атанын кечээки тарыхы 1891-жылга туура келсе, түпкүсү биздин доордун ll кылымга такалаарын эшиттик. Көрсө мындагы ысык суулар ошол доорлордо эле бар экендиги адамдарга белгилүү болгон экен. Ал эми кийинчерээк же археологдордун аныктамасына таянсак, Xll кылым ченде жаралган бир пайгамбар Будданын элеси дал курорттун чыгыш тарабындагы үйдөй таштын түптүз бетине чегилип сакталып калгандыгы, азыркы Ысык-Ата курортунун анык касиеттүүлүгүн билдирет. Ошентип байыртадан дарылыгы менен жергиликтүү элге жана Азияга белгилүү болгон капчыгайга орустун саякатчы-окумуштуулары алгач 1875-жылы маалыматтарды жаза башташкан экен. Натыйжада 1880-жылы суунун алгачкы химиялык анализи алынып, 1891-жылы Орусиянын «Кызыл Чырым» коому тарабынан эң алгачкы курулуш (КСЭ, «Кыргыз жергеси) курулат. Ал эми А.Осмонгазиев мырза берген маалымат боюнча 27 жылдан кийин же болбосо 1918-жылы ушул эле «Кызыл Чырым» коому аркылуу дагы эки жатакана жана 12 тайпа (ванна) салынат. Ошону менен 1931-жылга чейин курорт ушул кейпте эле сакталып, 1931-1939-жылдарда кулачын кенен жаят. Сегиз жылда алты жатакана, бир кабаттуу бейтепкана, ашкана, «Арашан» аталыштагы 16 орундуу тайпалар ишке берилет. Согуш маалында курорт жарадар жоокерлерди дарылоочу жай катары кызмат кылат. 1957-жылга чейин курорт маал-маалы менен иштеп, андан бери жылдык мезгилге өтөт. Чейрек кылым аралыгында же 1982-жылга чейин үч кабаттуу жатакана, үч кабаттуу бейтепкана, эки кабаттуу ысык суу ( 20 орундуу) жана баткак (14 орундуу) тайпалар салынат. Маданият үйү, китепкана, спорттук жана бир нече дарылоочу кеңселер ишке киргизилет.

Эгемендиктин эн тамгалары

Кыргызстан Эгемендик алганга чейин атагы ыраматылык «союзга» маалым болгон кайран курорт убактылуу каңгырап бош калган абалга кириптерленет. «Мисалы, 1994-жылы бир да адам келбептир», - дейт Алчын мырза ошол учурларды эстеп. Мында эң башкысы имараттар таланбай сакталып калгандыгы чоң утуш, чоң жетишкендик болгон. Биздин улуу муундагы дарыгерлер ошондо эч жакка кетпей, кароолчу болушуптур. Болбосо бир нерсени талкалоодон эч качан кайра тартпаган биздин эл санаторийдин мыгына чейин ташып кетишмек. Андай шартта курорт азыр кандай абалда болот эле, эч ким айта албайт». Мындай пикирге курортто узак жыл иштеген дарыгерлер толук кошулушат. Ал учурларды дарыгер Турат Мурдалиев мындайча эскерет.

- 1994-жылы курорт толук жабылды. Эч ким жок. 1995-жылы май айында айрым адамдардан суроо түшкөндө кайра ачылды. Дарыгерлер, эмчи айымдар, а түгүл кароолчулар да кетип калышты. Кетпегенибиз 8 айдан ашык кароолчу болуп ушул жерде калдык. Кетпегендерде эртеңки күнү курорт кайрадан өмүр сүрөт деген бекем ишенич болду да. Тээ байыртадан бери адамдардын ар кыл дарттарына, айрыкча сөөк-муун, нерв, кыймыл-таяныч ооруларга табылгыс даба болгон минерал суулар эч качан пайдаланылбай калбайт да. Ошондуктан курорту кайтардык. Келечек чындык ушундай болду. Бара-бара дарылансам дегендер кайрадан кайдасың «Ысык-Ата».

Учурдагы ургаалдар

Дарылоочу жай негизинен 250 орунга эсептелген. Бирок жайкысын 400гө жакын адам келерлиги эшитилди. Анткени курорттун айланасындагы үйлөрдүн кыйласы ижарага берилет. Натыйжада нак акчага күндөп ал үйлөрдү ээлегендер дагы кадырэсе дарылануудан өтө алышат. Бул жерден өлкөнүн бардык булуң-бурчунан келген ар кыл курактагы адамдарды кезиктрүүгө болот. А түгүл коңшу мамлекетерден ат арытып келгендер да четтен чыгат. Айтор мындай карасаң курортко бутту сунуп, чалкалап эс алууга келгендер жок сыяктуу. Эртең мененки тамактануудан кийин эле бир даарынын ысык суулуу ваннага, экинчилеринин баткакка, айрымдарынын башка айталы укалоого, же төрт камералуу ваннага, дене тарбия тарапка ж.б. дарылануучу жайларга карай шашылганы шашылган. Ошентип негизи түшкө чейин эки, түштөн кийин эки процедуралардан тер чачып алып анан эс алууга өтмөй.

«Мен быйыл үчүнчү жолу келип жатам. Өзүм союз убагында эле Орусиянын Владивосток шаарына эмгектенгени кеткем. Мындай дарылоочу курорт бизде гана Кыргызстанда бар деп эсептеймин», дейт Абдулаким Мумбаев мырза. Ал эми нарындык Садык Токторов аксакал жубайы менен быйыл он биринчи жолу келгендигин маалымдады. Бишкек шаарынын тургуну Марат Чыныев башкалардан айырмаланып 20 күн дарылангандыгын билдирди.

«Өтө кооз, кудай берген касиеттүү жер экен. Суулары, баткагы, токко кактоо, физкультура, негизи баарысы пайда гана алып келди. Шаркыратмасына адам суктанып, моокум канбайт», деп пикирин айтат М.Чыныев мырза.

«Биздеги эң башкы баалуулук бул - табыгый дарылоонун күчтүүлүгү. Ошондуктан азыркы тапта башкы көңүлдү тамактанууга буруп жатабыз. Алдыда арбын иштер бар. Демек жаратылыш фактор менен жаңы аппараттарды шайкеш келтирүү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө», - деди курорт жетекчиси Алчын Осмонгазиев.

Пикирлер, сунуштар, ойлор

«Кайда барсаң мамайдын көрү» деп бир акылман айткан экен. Кеп чынынан бузулбайт, курорт эл аралык абалга жетишиши үчүн бир кыйла татаал жолду басуу керектиги байкалат. Мында биринчи жагдай эмгек жамаатка тиешелүүдөй. Азыноолак байкоо салганда кызматкерлер арасында кандайдыр тирешүү, кыргыздын көрө албастыгы, топторго ич ара бөлүнүшү, эмгек акыга нааразычылыктар байкалат.

«14 жылдан бери иштеймин, кичи техникалык кызматта. Айлыктарды болсо өздөрү көбөйтүп алышты, биздики анча көбөйгөн жок. Анысы аз келгенсип 2-3 айда беришет. Мисалы мен 3600 сом алам. Эмгегибизге «вредност» деп кошпойт. Айла жок иштеп жатабыз. Дагы жакшы кийинки убакта азык-түлүк алып жатабыз. Мурда аны да беришчү эмес», дейт өз ысымын айтуудан караманча каршы болгон кызматкер айым. Мындай пикирлерди башкалар да билдиришти.

Туура кадрлар жагында кыйынчылыктар бар. Бирок көйгөйлөр акырындык менен чечилип жатат. Чынында бизде базар баасында, айрым учурларда андан да төмөн бааларда азык-түлүктөрдү эмгек акы ордуна, өздөрүнүн ыктыярдуулуктарына жараша берип жатабыз. Ага ыраазы болгондор көп» деп жооп кылган А.Осмонгазиев экинчи көңүл буруучу көрүнүш катары курорттогу бассейндин менчиктешип кеткендигин кеп кылды. Көрсө кандайдыр каражат түшкөн бассейн менчик колдо экен.

«Учурунда бассейн «Мээрим-Булагы» деп атыгып, менчикке берилген экен. Азыр ал жерде эч кандай медициналык абал көзөмөлгө алынбайт. Биз соттошуп да кайра кайтара албай жатабыз. Негизи бассейн курортко караш керек эле»,-дейт деректир мырза. Оштон келген окумуштуу Нуркамил Мадалиев курортто маркетингдик ыкманы кеңири жайылтуу сунушун келтирди.

«Менин Ысык-Атага экинчи жолу келишим. Мисалы мен кошуна эжеден угуп, анан маалымат алып келгем. Эмне үчүн курорт тууралуу атайын буклеттер чыгарылбайт. Айтор рекламалоо чынында өтө төмөн экен. Экинчиси биз го өзбүз, сырттан келгендерге тескери таасир этиши мүмкүн, мындагы маданияттуу тейлөөнүн терс жактары. Алсак, айрым кызматкерлердин орой мамилелери, акча үчүн эле жанталашуу, суроолорго тескери жооптор», - деп сунушун айтты Н.Мадалиев.

Чынында кеңседе бирге жаткан Марат экөөбүз бир күнү да шахмат ойной албадык. Ар күнү ар кандай кино жана концерт берилгенден башка дарыланууда жүргөн 10 күн аралыгында бир дагы маданий иш-чара болгондугун эшите албадык. Демек, атактуу курорт кайрадан анык эларалык абалга чыгышы үчүн бир келген дарылануучуларды дарылоо менен бирге эстен кеткис кылгандай эс алдыруу шарттарын түзүүлөрү абзел деген ниетти билдире кетмекчибиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
84816

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
67432

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
107770

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
73088

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
75417

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
80844

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
115446

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
197576

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
141950

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
131444

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×