Добавить статью
9:53, 1 ноября 2012 37687

Жети-Өгүз курортунун күнгөйү менен тескейи

Жергебизде кайталангыс көркөм сулуулугу, ажайып кооздугу менен аңыз болуп айтылып келген керемет жерлерибиз абдан эле көп. Алардын бири - айтылуу Жети-Өгүз курорту. Табигаты да, өзгөчө касиетке ээ экендиги баарыбызга маалым. Бир күндө миң кубулуп, бирде дыбыратып жамгыр жааса, бирде күн чайыттай ачык болуп, таза аба менен карагай-арчанын буруксуган жыты адамды бир башкача сезимге бөлөйт.

Курорт өткөн кылымдын отузунчу жылдарында Кызыл Жарым Ай коому тарабынан изилденип, окумуштуулар айрым дарт-илдеттерди дарылоого касиети бар табигый радон булактары, таза абасы ушул аймакка курорт катары пайдаланууга мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен. Албетте, курортту курорт деңгээлине жеткирген радон ысык булактары экени талашсыз. Бул булактардын химиялык курамы өтө бай, организмге оң таасирин тийгизе турган элементтердин көпчүлүгү бар, ошондой эле касиети боюнча мурдагы Советтер Союзунун курамындагы даңазалуу Белокуриха, Цхалтубо, Пятигорск курортторунун ысык булактарынан кем калышпайт. Радон суусун ванна, душ аркылуу алгандан кийин ал тери аркылуу бүт организмге тарайт, анын натыйжасында адамдын иммунитети жогорулайт.

Учурда курортко келүүчү эс алуучулардын саны арбын. Ал түгүл курорттун дартка шыпаа даңазасын арзышып чет элдик эс алуучулар да келишет. Бирок, тилекке каршы чет өлкөлүк эс алуучулар бул курорт-саноторийдин тейлеген сервисине канааттанбай кайтышат. Анткени мында курорттун талабына ылайык сервис тургай инфраструктура да жок экенин баамдадык. Курорт босогосун аттаганда эле ээн-жайкын жайылып жүргөн уй, жылкы, эшектерди көрбөй койбойсуз. Курорт аймагы өзүнчө курчалып коюлган эмес . Себеби бул курортко ден соолугун чыңаганы келген эс алуучу, бул малдын заңынан жугуштуу оорулар жугуп калабы деген ойго кептелиши мүмкүн.Курортко келүүчү жол четине ага кандай баруу керектигин көрсөтүүчү тактачалар жана жарнама иретиндеги банерлер илинип коюлган эмес.

Мындан тышкары, эс алуучулар машиналарын токтотуп коюучу парковка да жок экен.

Санаторийдин мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин баамдаган чет өлкөдөн келген туристтин кейип айтканын мисалга келтирсем ашыкча болбос. “Ушундай табигый табияты кооз жерди эч жерден жолуктурганым жок,- дейт ал жерибиздин сулуулугуна тамшанып,- бул санаторийге заманбап ыңгайлуулуктар түзүлсө, жаман эмес киреше алуунун булагы болмок” .Чет элден келген эс алуучунун сөзүндө,албетте калет жок.. Санаторийде эс алуучулар үчүн ыңгайлуу медициналык жана дарт даректөөчү (диагностикалык) кызматтар көрсөтүлсө, ошону менен бирге алар үчүн жигердүү эс алуу жагы уюштурул өркүндүү ыңгайына бап келээр эле . Атап айтканда: теннис, ат менен сейилдөө, эртең мененки көнүгүүлөрдү таза абада жасоо жана башка ушул сыяктуу иш чараларды уюштурулса чет өлкөлүк эмей, жергиликтүү эс алуучулардын да саны көбөймөк. Чет өлкөдөн келген эс алуучулар, негизинен табияты кооз жерлерди абдан баалашат. Санаторийде бир катар имараттардын маданий –иш чара өткөрүлүүчү, жайкы концерттик иш-чараларды уюштуруучу жайлардын кароосуз калган, эскилиги жетип оңдоого муктаж сырткы кейп-кешпири кейиштүү абалда тургандыгы көңүл кейитет.

Санаторийдин жетекчилиги менен ден соолукту чыңдоочу жайдын сервиси, имараттарынын абалы, инфрастуктурасы жөнүндө маек куруп калдык. Анда “ эки жылдан бери санаторийдин башкы корпустарында бир нече люкс-номерлерди ачтык, эмеректерин жаңылап, имаратын администрация жайгашкан жерлерин оңдоого жетиштик”,- дейт саноторийдин директору Исакматов Айбек Исакматович.

Ошону менен бирге ал санаторийдин ишин жандандыруу, эс алуучулардын санын көбөйтүү, санаторий аймагын курчоо маселеси боюнча бир топ көйгөйлүү маселелер бар экендигин, тактап айтканда. саноторийдин жерге болгон укуктук жактан мыйзамы толук чечилбей, жерге болгон укукту каттоочу райондук мекемеден кызыл китеп алалбай жаткандыгын белгилеп, эгерде бул маселелер чечилсе Кыргызстан профсоюздар Федерациясы менен биргеликте келечекте ишке ашыра турган алдыда бир топ пландар бар экендигин белгиледи директор. Жети-Өгүз айыл округунун башчысы Нурлан Токтобекович Сатыбалдиев негизги тоскоолдук болуп, актыга кол койбой жаткандыгын өкүндүрбөй койбойт. Бул айыл округунун башчысынын актыга көшөрүп кол койбой жаткандыгынын себеби да бар болсо керек. Эс алуучулар айтымында, көп жылдардан бери саноторий аймагынын өздөштүрүлбөгөн жерлерге айыл округунун жетекчилигинин кызыкчылыгы артып, аны айыл тургундарынын жең ичинен жер тилкеси катары берүүнү туура деп эсептешет. Бул өңүттөн алганда бул жерлерди айыл тургундарына берүү архитектуралык жактан курулуш талаптарына ылайык келбейт. Себеби , курорт ичинде жеке үйлөрдүн салынуусу туура эмес. Эгерде саноторийдин аймагына тийиштүү өздөштүрүлбөгөн жерлер айыл округунун балансына өткөрүлүп берилсе, алар аймакты өнүктүрүүгө багытталган спорттук, же кымыз, саамал ичүүчү азыркы заман талабына ылайык бир чакан архитектуралык жактан кооз, ыңгайлуу имараттарды куруу иштеринин долбоорлорун башташса , менимче жаман болбос эле деп ойлойм.

Дагы бир белгилеп айта кетүүчү маанилүү нерсе - айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү өз жеринде жайгашкан айтылуу Көк -Жайыкты көздүн карегиндей карап, эртеңки муундарга жакшынакай абалда сактап, өткөрүп берсе дээр элем. Айрыкча жай мезгилинде дүйнөнүн төрт тарабынан келишкен миңдеген туристтердин маршруту да мына ушул айтылуу Көк –Жайык аркылуу өтүп, алар бир же эки күн өргүп, токтошуп , жайлоонун бир башкача ажайып кооздугуна абдан суктанып кетишет. Асман тиреген пирамида сымал тоолордо өскөн карагайлар көз жоосун алып, ар бир эс алуучуну кайдыгер калтырбайт.

Көк –Жайык жайлоосуна барчу жолдон баштап,ал жайлоонун өзүндөгү табигый кооз жерлерге болгон адамдардын экологиялык маданиятсыздыгы, табигатка болгон мамилелери адамдын зээниң кейитет. Көл тегерегинен же башка жерлерден келген эс алуучулар кой союшуп, казан асып, карагай-арчаларды сындырып от жагышат, эс алып кеткенден кийинки көрүнүштү көзөмөлдөгөн жан жоктой. Себеби,алардан кийин жеп –ичкен тамак-аш калдыктарын таштаган бойдон кетишет экен.

Ал эми мурунку учурдагы Көк-Жайыктын көрүнүшүн билген-көргөн адамдар айтуусунда, азыркы учурда көздүн жоосун алып гүлдөп өскөн түркүн-түстүү гүлдөр түп-тамырынан жок болгон. “ Малдын тили жебейт, буту жейт” деп элибизде абалтадан айтылгандай көздүн жоосун алган көк шиберлерди мал туягы тебелеп, жарактан чыгаруу менен аралап жүрүшөт. Бул жааттан алганда Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын, Жети –Өгүз райондук жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү архитектура кызматы тарабынан талапка жооп берген тийиштүү иштер алынып барылбай жаткандыгы өкүндүрөт.

Макала соңунда курорт жетекчилерине, Кыргызстан профсоюздар федерациясына элибиздин энчисине жаралган,элдин дөөлөтү болгон табияты көздү талдырган мындай кооз жерде жайгашкан санаторий-курортунда заманбап ыйгайлуулуктарды түзүшсө, ден- соолугун чыңаган эс алуучулардын санын көбөйтүп, рынок экономикасына шайкеш келген, мезгил талап кылган мыкты менеджер, сарэсеп салган чарбачыл болушса деп атуулдук мамилемди билдиргим келет. Ошону менен бирге эле ата-бабаларыбыз мурас катары бизге калтырып кеткен мындай сейрек кездешүүчү кооз табияты бар жерлерге кыянатчылык менен мамиле жасоого толук бөгөт коюу боюнча иш-аракет механизмдери Өкмөттүк деңгээлде чечилсе дегим келет...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-08-2012
Коррупция - өлкө бюджетинин душманы
38080

10-05-2011
Мажбурлоочу эмгек же адамдарды эркинен тышкары  сатуу
55641

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×