Добавить статью
3:36, 16 ноября 2012 80115

«Калкка кеңеш» галстукчандарга эмне деп кайрылат?

1 триллион 200 миллиард сом эмне болду?

Эгемендик алганына 21 жыл толгон Кыргызстан мамлекети өз башынан эки курдай ынкылапты өткөрүп, негизинен төрт ирээт бийликти жаңыртты. Акаевдин саясатын жетер жерине чейин сындап, бийликке келген Бакиев андан кем калган жок. Аны кууп чыккан элдин аркасы менен келген утурумдук өкмөт жана өткөөл мезгилдеги эл башчысы Роза Отунбаева кыска аралыкта эптеп тынчтыкты сактаганга жетишти. Бүткүл эл тарабынан шайланып келген жаңы парламенттик бийлик телчиге албай, тушалып басып жатса, президенттин анык саясаты көзгө көрүнбөй бүлбүлдөйт. Ал эми өкмөт болсо байпак алмаштырылгандай жыл айланбай жаңыртылып, өлкөнүн эптеп кыштан чыгуусунун айласын тапканга арга издөөдө. Ал ортодо Ташиев мырза таш муштуму менен Жогорку Кеңешти ала коём деп опурулуп, учурдагы бийликтин бет пардасынын чыныгы жүзүнүн бир жак бетин алжайтып ачып салды.

Дал ошол 3-октябрдагы окуядан кийин калк арасында учурдагы бардык жогорку бийликтерге болгон «ишенимдин оту» сууй түштү. Натыйжада коомчулукта Жогорку Кеңешти кайра шайлоо, эгерде президент Алмазбек Атамбаев жыл аягына жана келерки жылдын алгачкы чейрегинде чейин иштиктүү аракеттерди жасабаса, анда төртүнчү президентке дагы ишенбөөчүлүк көргөзүү керек деген пикирлер келип чыгууда. Ошол эле маалда эл арасынан куралган курама жыйындар топтору бийликке ишеним артып, аларга ар кандай сунуштарды, кайрылууларды жолдоп, жогору жактагы галстукчандар көңүл бурса, маани беришсе, негизи мамлекетибиз саясый жактан бийлиги турукташып, кыргыз элибиз бакубат, тынчтыкта, байгер жашашса деп ниет кылышууда. Алардын бири Нарын облусунда уюшулган жети коомдук кеңештердин башын бириктирген «Калкка Жардам» аттуу бирикме. Ал бирикменин атынан Нарын облусунун Ардактуу атуулу ардагер Токтобек Керимбаев бизге келип жолугуп төмөндөгүдөй кайрылуусун жасады.

«Биз ойлорубузду, сунуштарыбызды жогорку жактарга, атап айтканда, президентке жана өкмөткө жазып жатабыз. Анткени, эмне үчүн өлкө экономикалык жактан өнүгө албай жатат жеген суроо келип чыгууда. Мунун негизги себептери экөө эле.

Биринчиси, биздин өлкөнүн орточо бир жылдагы чогулткан бюджети 60 миллиард сом болсо, 20 жылда 1 триллион 200 миллиард сом тапкан экенбиз. Ушул каражаттын 20 пайызын «Эл чарбасын» өнүктүрүү корун түзүп, ага чегерсек 240 миллиард сом же болбосо, 5 миллиард 300 миллион доллар болмок экен. Тилекке каршы, кайра-кайра шайланган Жогорку Кеңеш паракорлукту күчөтүп, акчаларды майдалап кокту колотторго бөлүп чачып жок кылышты. Демек 2013-жылдан баштап бюджеттин 20 пайызын атайын «Эл чарбаны» өнүктүрүү коруна чегерүү керек.

Экинчиси, жогорудагыдай мүмкүнчүлүктү түзүү же болбосо бюджеттин 20 пайызын атайын корго топтоо үчүн салык системасын өркүндөтүү жана эбегейсиз чыгымдарды азайтуу гана зарыл.

Салык боюнча ишкерлерден, ишканалардан кирешеден алынуучу салыктарды жоюу сунушун айтып жатабыз. Анткени азыр эч ким так пайданы көрсөтпөйт, атайылап чыгымдарын көбөйтүп жазышат. Ошондуктан жалпы кирешесинен салык алуу беренени киргизүү керек. Ал эми бюджеттин 35 пайыздан ашыгы башкаруу органдарына жумшалууда. Эмне үчүн мындай? Мисалы биз 5 миллион адамбыз. Алардын 2 миллиону окуучулар, студенттер. 600 миңдейи кары-картаңдар демек пенсионерлер. 900 миңге жакыны күчкө жарактуулар же болбосо өз алдынча иштеген фермер, ишкер адамдар. Болгону 300 миңдей адам эл чарба тармактарында мамлекеттик жумушта иштешет. Аларды 200 миңге жакын мамлекеттик аппаратта иштеген чиновниктер башкарышат экен. Ошол эле учурда күчкө жарактуу 700 миңдей адам жөлөк каражат алышууда. Калган жарандар сыртта иштеп жүрүшөт. Демек мамлекеттик чиновниктерди 40 пайызга кыскаруу бизге аба менен суудай зарыл болууда. 10 миң сомдон ашык пенсия алган адам иштесе анын 50 пайызын азайтуу керек жана пенсиянын жогорку көлөмүн 30 миң сомдон ашырбоону айтып жатабыз. Себеби 150 миң сомго чейин пенсия алгандар бар. Алар мурда жакшы кызматтарда иштеп, турмуш абалдарында өксүгү жоктор болуп саналышат. +лкөнүн армиясы 12 миң, ички иштер органдарында 5 миң адам болсо, жүздөгөн Генаралдардын пайдасы барбы. Ошону менен катар «мамлекеттик кеңешчи», «Эмгек сиңирген» деген наамдар ыксыз көбөйүп бара жатат. Аларга кошумча акча төлөө тыйылышы зарыл. Биздин бул сунушубуз аткарылууга жата турган эле нерселер. Айтор мамлекеттик бийлик ырааттуу иштеп,турмушун оң жолго салгандай болушу абзел

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
79605

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
64012

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
101478

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
69383

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
71473

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
77263

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
109929

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
186797

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
134554

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
125022

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×