Добавить статью
9:08, 14 декабря 2012 53202

Кажыбас кайраткер

Мен эми жетимиш жаштын туу чокусуна чыкканымда, кээде артыма кылчая калам. Көз ирмегиче өктөм өмүр өткөн экен. Не көрдүм, не билдим дейм. Ошо узак кан жолду элестеп, кинокадр көргөндөй болом. Жападан жалгыз бир караан келаткандай сезилет. Ал мага окшошпу дейм. А жол бою, ак жолтойго да, кара жолтойго да көп эле кезиксем керек. Эми ойлосом, мага кезиккен ошо ак жолтойдун бири – чындык эле чындык деп чыркырап жүргөн, азыркы Акыйкатчы Турсунбек Акун уулу болду.

Ал кез - 1990 – 91 – күүлүү жылдар эле. Союз кулап, Кыргызстаныбыз жаңы эле эгемендүү өлкө болдук деп, ой – тообуз дуулдап жаткан убак эле. КДК деп аталган жаңы уюмду уюштуруп, алгачкы демөөрчүлөрү бүт коомчулукту ойготуп, саясаттык, укуктук, эркиндик, теңдик деген ураандын добулбасын дүңгүрөтө кагып, мени да аябай кубантканын эстесем, 20 жылдай учкул мезгил өткөн экен. Ошондо, Турсунбек мырза, укук коргоочу топтун жетекчиси болуп, «Кыргызфильм» киностудиясына барып, менин арызым боюнча, кино-мафия менен акыйнек айтыша кеткен болчу.

- «Ой, бу Апылов киночу көп жыл бою, Бишкек, Алматы тургай, тээ Москванын архивдерине дейре барып, 30-жылдарда атылып кеткен алгачкы кыргыз интеллигенттери жөнүндө көлөмдүү тарыхый документалдык фильм тартуу үчүн чоң сценарий жазган экен, эмне үчүн жолтоо кылып жатасыңар?» - деп КДКнын атынан атайы токтом жазышып, киностудиянын директору тургай, ошо кездеги президент Акаевге, премьер Исановго карата кайрылуу кат жолдогон эле.

Кино-мафияны жашыруун жетектеген «кара күчтөр», тарыхый фильмди мага тарттырмак тургай, дирекция, редколлегия кол коюп, расмий түрдө бекитилген менин 95 беттен турган режиссердук сценарийим менен толгон – токой документтерин уурдап кеткен болчу.

Эми мезгилдин мерчемдүү антына сары эсеп салып, ары-бери карасак, ошо КДКны жетектегендерден ушу Турсунбек мырза гана, укуктун түркүгүн бекем кармап, а түгүл, республикабыздын Омбудсмен институтун башкарып калганына баарыбыз күбө болдук.

Омбудсмен деген укук коргоочу эркиндик уюм, мисалы, Швецияда 1890- жылдары түзүлсө, ошол эле 1895-жылы Францияда «Cinematographie» деп аталган азыркы аудио-визуалдык коммуникацияны камтыган, дүйнөлүк маданияттын өтө зор алкагын айланткан кино системасы да кошо чыккан экен.

Ал эми Турсунбек Акыйкатчынын тарыхый таржымалы эл-журтка али белигилүү боло элек. Биз да Турсунбек мырза менен кез-кез кезигип калсак да, ал канча ирет кыйчалыш капаска кабылып, кансырап калганын көрбөй-билбей жүрсөк керек. А түгүл коомубуздун ызы-чуу агымы менен канчалаган тагдырлар талкаланып, агылып кетип жатканын ким көрдү, ким билди?

- Акыйкатчы болуу азап-тозок, - дейт Турсунбек укукчу, - 18 жолу камалдым. Жөн эле «пикет», «митинг» уюштурду, Акаевди сынады деп 5 күн же 15 күн капаска түшсөм, 3 жолу мени уурдады. Бир дагы укук коргоочу мындай каргышка туш келбестир. Чеченстанга барып, 12 ирет өлүмдөн калдым. Мени «супер-боевик» деп коюшчу. Баткан жергесине бардым. Сакалчандар менен сүйлөштүм. Пакистанга бардым. Канча жолу камалдым. Баарыдан да, мен үчүн, үй-бүлөм үчүн болгон эң негизги трагедиям – Акаевдердин шылуундары мени уурдап кеткени болду. Элге ыракмат! Укук коргоочулар, эл аралык коомчулук мени жактап чыгышып, аман калдым. Жүрөгүм таза экен. Ошондуктан мен Акыйкатчы болуп, укуктук саясатты жетектеп келатам…

Ал эми, мен сыяктуу кыргыз интеллигентинин драма – трагедиясы жөнүндө айтыла турган узак баян, 10 – сериялык кино тартууга даяр «сценарий» болор эле. «Парадокс» деген сөз коомчулукта дайыма айтылып келатат. Себеби – 30 - жылдарда ак жеринен атылган алгачкы кыргыз интеллигенттеринин, кайсы күнөөсү үчүн «эл душмандары» деп кара көө жаап, ит аткандай мыкаачылык менен кайсап-кайсап, жок кылгандыгын, «парадокс» деген сөз менен да түшүндүрө албайбыз. Ал эми чын-чынына келгенде, биринчи кыргыз интеллигенттери, а деп совет бийлиги орногондо, анын бүт алгачкы курулуштарын курган мамлекеттик ишмерлер эле. Аларды кандай айла-амал менен, бейкүнөө болсо да, көзүн тазалап, жер жексен кылганын, эми эч ким аныктап, айтып бере албастыр.

Андан бери 75 жыл өтсө да, укук коргоочулар, «демократия», «адам укуктары-эркиндиктери» деген мыйзам Кыргызстандык жана Эл аралык заң-закүндөр менен корголсун деп, ар бир жаран «кара күчтөргө» кабылбасын деп, жылдан жылга көп иш-чараларды аткарып келаткандыгына карабастан, биз айтар элек, 30-жылдардагы репрессиялык зордук-зомбулуктар…жылма-жылма түрдө дагы да уланууда. Антакени, биз террордун курмандыгы болуп келатабыз да!

Быйылкы 2012-жылдын 27-30 август күндөрүндө, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) 10 жылдыгына карата Эл аралык чоң жыйын болгондо, Турсунбек Акун ачыктан – ачык айтты: «Азыркы учурда коомчулук ичинде укук коргоо органдарына карата элдин ишеними төмөн бойдон калууда. Тилекке каршы, бул кашкайган чындык. Бийлик органдарына карата ишеним эми араң, кайра жанданып келүүдө. Ошол үчүн Акыйкатчы институтуна элдин ишеними азырынча бар. Мына ушул ишенимди жоготуп албаш үчүн биз колдон келген аракеттерди көрүп жатабыз. Канча оор болсо да, кетирилген кемчиликтерге карабастан, өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташууну туура жолго кое алдык. Бийлик менен иштешүүнүн татаал жолун өздөштүрүүгө жетиштик. Кыргызстандын Акыйкатчы институту – адамдардын укуктарын коргоо багытындагы негизги таяныч экенине жетише алдык!».

Биздин чуулгандуу коомубуз – чытырман түнт токой. Эки буттуу, эки көздүү «күнкарамалар» мени жөөлөшөт да, кош аяктуу «тикенек, чалкандар» уулуу ушагы мени өлөрчө чага берет. Шагыраган дарактар мени тегеректеп, ары-бери чарк айланат. Мени аңдып, бөгүп жаткан «камандарды», «кашабаңдарды», «чөөлөрдү» көрүп, бутум үзүлгөнчө качам. Ал эми «саясий буюртмалар» тик учактар менен зуулдап, «демократия», «адам укуктары», «конституция» деген бак-дарактарды коркутуп, уруп-согуп, күч көрсөтүп жатканын көрүп келатам…

Ал эми чыркыраган чындык менен мени 5 ирет жиндиканага тыкканда, саясий буюртманын курмандыгы болгондугумду дароо түшүнө албасам керек. Же мен киши өлтүргөн мыкаачы болбосом, же наркотик, же курал-жарак саткан желмогуз болбосом, же совет бийлигине каршы көтөрүлүш уюштурбасам, неге мени, соттун чечими жок, урук-туугандарымдын макулудугун албай, арыз жазсак эле, кол-бутумду толгоп, кара күчкө салып, псих-түрмөгө тыга берди дейм да? Бу шумдук зордук-зомбулукту 30-жылдардагы террордук акты десек, чындык чыркырап чыгар.

Не дегенде, мен кинохроникер катары кан – какшап, жазып-айтып келатам: 50-60-жылдарда али көзү тирүү кыргыздын кайталанбас залкарлары – Акиев, Болобалаев, үсөнбаев, Орозов, Ыбрай Туманов сыяктуу ири чоң жылдыздары не себептен «Кинолетопись» үчүн киного тартылбай калган. Айып-собол: ким күнөөлүү? Албетте, 50-60-жылдарда республикалык бийликти кош колдоп башкарып турушкан «чочойгон чоңдор» күнөөлүү. Ошо 70-жылдан бери биз акыркы залкарларды киного тартып, жогорку бийликке катуу сын айтып, саясий-маданий кемчиликтерин кайталап көрсөтүп келатам. Ошол себептен, балакеттен балакетке кабылып, жалгыз калдым…

1963- жылы Москвадагы ВГИК деген киноинститутту бүтүп келип, ушу 2012-жылга дейре, «кыргыз элинин маданий мурасы» деген чоң кино - проект менен келечек үчүн, жандуу кино-тарых үчүн, элдин акыркы залкарларын киного тартып, ак эмгек аткарып келатсам, мени неге куугунтукка алат дейм? Биз кино-архивге өткөргөн 50 000 метрдей биз тарткан кино-ленталарыбыз – 100 жыл өтсө да, киноматографтын техникалык-эстетикалык сыйкырдуу касиети менен эчак өткөн окуяларды, инсандарды кайра «жандантып, сүйлөтүп, ырдатып» көрсөтө берет.

Саясий буюртмалардын күчү, кайра кайтпайт экен. 1983-жылы чоң манасчы Шаабай Азиз уулун киного тартып жатканда, күтпөгөн жерден каракчы сүрмө топторду мага тукуруп сабатып, милициянын шумпайлыгы менен мени биринчи жолу жиндиканага тыккан эле. Андан бери 30 жылдай «кара күн, кара түн» өттү. Мен бүт укуктарымдан, укум-тукум, үй-бүлөмдөн айрылып, коколой башым калганын… Акыйкатчы уюмдун укукчулары билбесе керек. Эгерде, ишим ак жолтой болуп, укук коргоочулар, Апылов-Дүйшембиевдердин 75-80-жылдык көйгөйлөрү тарыхый маселелерин кылдаттык менен иликтеп чыгышса, анда алар өзүнүн көргөн көзүнө, уккан кулагына анча ишене бербес эле. Мудагы бийликтерин «караңгы» архивдеринде катылып жаткан биздин ак-кара тарыхый тагдырыбыз жөнүндөгү «кара документтерди» аңтарып тастыктаса, анда көп-көп «кара так фактылар» ачыкка чыгар эле. Андай шумурай-шумдукту мезгил көрсөтөр...

Акыйкатчы Турсунбек мырза так айткандай, Омбудсмен институту – өздүк укуктарын – эркиндиктерин коргой албай жүрүшкөн «күнөөсүз бейкүнөөлөр» үчүн … акырыкы таянычы болор. Ылайым эле укуктук жана закүндүк вазыйпабыз ишке ашсын деп, ак эткенден, так этип жүрөбүз!

Кыргызстандын азыркы улук жетекчилерине карата «Ачык кат» жазган 18 академиктер, профессорлор жана адабиятчылар, ушу тапта коомчулугубузда болуп жаткан өтө көйгөйлүү жагдайлар жөнүндө тынчсызданып таамай-так көрсөтүшкөн экен: «Анан калса, социалдык тепкичтин бийик секисине абийирсиз, уят-сыйытсыз дардаңпоздор секирип чыгып, түз жүргөн таланттуу окумуштуулар тышта калууда… Биздин коомдогу аксакалдарды, айрыкча ардагерлерди шакаба чегүү тенденциясы ашынып баратканы байкалат… Дүйнөдө бир да өлкө буга жол бербеши бышык… Дал ушундан улам элибиздин эң сонун улуттук салттарынан айрылып, тактап айтканда, улууларды урматтоону унутуп баратат…» (Де-Факто, 10-бет, 13.09.2012-ж.)

Бу жобо бизге да тикеден тике тийешелүү. Не дегенде, «кара күчтөр» жогорку бийликтер менен кыргыз интеллигенттеринин ортосуна от тутантып, бизди кара көө менен шыбап жаманаттап, коомго жаман таасир кылууда. Мисалы, мени 1995-жылдан бери өкмөттүк болгон КТРК, «Кыргыз туусу», «Эркин тоо», «Слово Кыргызстана» деген расмий гезиттерге жолотпой, ошондой эле эркин басылмаларга да бизге карата жол тосуп, чыр-чатак чыгарып, чыгармаларыбызды чыгарбай, бууп, душмандык кылып келатат. Бул да толгон-токой «кокуй-алат» маселелер. Укук коргоочулар буга да катуу чара көрүшү керек. Ал эми мен бу жөнүндө жазып да, айтып да келатам.

Айта берсе арман көп дегендей, ушу тапта, мени аябай кыйнап жаткан – чоң көйгөйлүү маселем – 2006-жылы, «Кыргызфильм» киностудиясынын Көркөмдүк редколлегисынын чечими менен уруксат берген, чоң автордук документалдык фильмим, 7 жылдан бери, киномафиянын көрө албастык, каракчылыктын туткуну болуп келатат. Биз тартып даярдаган бир нече видео-кассеталарыбыз менен ДВД-дискеттерибизди, киночулук документтерибизди уурдап, сыйпап, жоготуп жатышат. Тилекке каршы, мен, «алы жетпеген – акыретчил» дегендей, укук коргоочулардын «тез жардамына» муктаж болгондугумду дагы бир ирет айта кетейин.

«Акыйкатчыга арноо сөз» деген ырымды Турсунбек мырзанын кажыбас кайратына багыштап, дагы да жакшылыктан күдөр үзбөй, өтө татаал, ары опурталдуу укук коргоо аракеттери ишке ашып, республикабыздын эли үчүн ак кызматы арта берсин демекчимин.

.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×