Добавить статью
11:30, 14 декабря 2012 28591

Маданияттагы маданиятсыздык

Маданияттагы маданиятсыздык же министрдин чалагайым, чаласабат, майнапсыз иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын премьер-министри Ж.Сатыбалдиевге кулак кагыш  

Чалагайымдык

Жакынкы күндөрү эле маданият чөйрөсүндө коомчулукту дүрбөткөн бир катар жагымсыз окуялар болуп кетти. Ал басма сөздөргө, интернет-сайттарга байма-бай жарыяланып, телерадиолордон айтылды. Сөз Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин орунсуз, осол иштери жөнүндө эле. Ушундан улам коомчулук, айрыкча маданий чөйрөдөгүлөр дегеле министрлик жетекчиликке жарыбай койду го деп аргасыздан баш чайкашып, айрымдары (эл артисти, таланттуу композитор М.Бегалиев ж.б.) министрди отставкага кетсин деп жер сабашууда.

Чындыгында эле эгемендүүлүк мезгилинде, айрыкча апрель окуяларынан кийин маданият министрлиги ушул тармактын ишин жөнгө салып кете турган иш-билги, жөндөмдүү, такшалган жетекчиге туш болбой, иши арыбады, жарыбады. Улуттук маданияттын гүлдөгөн доору өткөн кылым менен кошо кеткенсийт, азыр анын эпкини, андан калган мурастар менен күн көрүп жатканы эч кимге жашыруун деле эмес. Театрлар, музейлер, китепканалар жана башка маданий жайлар баары совет мезгилинде курулгандар. Азыр болсо ошолорду күтө албай, жөндүү иштеткенге маданият министрлигинин шайы келбей жаткан кез.

Мейли, жаӊысын курууга, эскисин оӊдоого чамалары жетпесин, ал эми жөндүү иш алып бара алышпагандыгын эмне менен түшүндүрүшөр экен.

Кыргыз улуттук консерваториясы маданият-искусство үчүн өнөр ээлерин даярдоочу жана тарбиялоочу бирден бир окуу жайы. Жакында ушул консерваториянын тегерегинде коомчулукту дүрбөлөӊгө, бушайманга салган көрүнүш болуп кетти. Маданият жана туризм министри И.Жунусов Кыргыз Улуттук консерваториясынын чыгармачыл жамааты менен кеӊешпей, пикирлерин укпай, окуу жайына таланттуу композитор К.Молдобасановдун ысымын ыйгаруу жөнүндө коллегиянын чечимин даярдап, анын негизинде өкмөттүн токтому кабыл алынды.

Мындай сырттан тон бычуулукка, коллективдин пикирин алдын-ала сурабай бүтүм чыгарылганына окуу жайдын белгилүү, атактуу профессор-окутуучулары, эл артисттери, маданий ишмерлери нааразы болушту.

Эгер министр И.Жунусов окуу жайына залкар инсандын атын ыйгаруу маселесин өз ырааты менен чечсе мынчалык ызы-чуу болбойт эле, дешет алар.

Улуттук консерваторияда И.Жунусовго окшоп эптеп үн созо чыйылдап, ыйынып-ыкчынып ырдагандар эмес, профессионал музыканын ээлери, таланттуу композиторлор, эл артисттери жана башка өнөрлүүлөр иштешет. Алар көп жылдык эмгеги менен улуттук консерваториянын калыптанышына, өнүгүшүнө, бүгүнкү абалына келишине татыктуу салымын кошушкандар.

Ошондуктан окуу жайына кимдин ысымы берилерин алар менен кеӊешүүнү талап кылууга толук акылары бар эле. Бирок, министр И.Жунусовдун чала кайымдыгы, текебер мамилеси көпчүлүктүн көӊүлүн тебелеп-тепсеп кетти.

Окуу жайынын өкүлдөрү көптөгөн кайрылууларында эгер маселе алдын ала консерваториянын жамаатынын кароосуна коюлуп, чечилсе мындай ызы-чуу болбостугун баса белгилешүүдө. Ошондон улам бир мекемеге ысым ыйгаруу маселесин жөндөп, ызы-чуусуз чече албаган адам министрликке татыксыз деген орундуу ой-пикирлер чыгат да. Баарынан да чала кайым министр бул аракети менен Кыргыз Республикасынын премьер-министрин жана кыргыз өкмөтүн уятка, ыӊгайсыз абалга калтырды. Эгер бул иш мыйзамды, мамлекеттик маанидеги объектилерди атоо жана кайра атоо жөнүндөгү жоболорду так сактоо менен жүргүзүлсө мындай дүрбөлөӊ салган, кыргыз өкмөтүн уятка калтырган иш болмок эмес.

Чаласабатсыздык

Дегеле министр И.Жунусовдун маданият тармагын жандандырууга жана кайра жаратууга багытталган иштиктүү аракети бир жыл ичинде байкалбады да, көрүнбөдү. Аш-тойлордо эле кур чечендик кылбаса, жарытылуу, алымдуу иши жок.

Маданиятты-искусствону жаратуучулар-жазуучулар, композиторлор, сүрөтчүлөр, киночулар жана башка өнөр ээлери аларга кам көрүү, колдоо көрсөтүү өтүнүчтөрү менен өкмөт алмашкан сайын кайрыла беришип, чарчап да, тилдери тешилип да бүтүштү. Ушул ишти алып баруу тапшырылган Маданият министрлигинин тармакты жандандыруу жаатында так аракеттери, белгилеген, кабыл алган иш-чаралары же программалары да жок. Баса бир жыйында министр И.Жунусовдун маданиятты өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп жатабыз деп ооз көптүрө айтканы бар. Бирок, жакында өзү да окубаган, эч ким менен талкуулабаган стратегиясын Министрликтин сайтына шардана кылып, коомчулукка дагы бир жолу шерменде болду. «24.kg» интернет сайты «2020-жылга чейин Маданият чөйрөсүн өнүктүрүүнүн стратегиясын» 2006-жылкы Санкт-Петербург шаарынын маданиятын өнүктүрүү документинен сөзмө-сөз көчүрүп, плагиаттык кылганын далилдүү кашкайта көрсөтүп берди. Көрсө маданияттын билимсиз, чаласабат эрлеринин чамасы документтеги «Санкт-Петербург» деген сөздү «Кыргыз Республикасы» деген сөзгө алмаштырууга гана жеткен тура. Кабарчынын суроосуна министрдин орун басары андан кабарсыз экендигин, статс-катчы жооп берерин, анысы бөлүм башчысына шылтаптыр. Мына маданияттын эӊ чоӊ мекемесиндеги иштин абалы. Эгер министр чала сабат болбосо, өзү таанышып, коллегия салып талкуулап, анан коомчулуктун кароосуна алып чыкпайбы. Ким карамак, окумак эле, эптеп стратегия деп бетке кармансак болду да деп, жеӊил желпи мамиле жасалганы көрүнүп турат. Көрсө министрликте стратегия, программа деген маанилүү документтерди түзүүгө, даярдоого дараметтүү, билимдүү бир да киши жок окшобойбу. Туура министрдин дарамети кол тамга койгонго жетерин баарыбыз жакшы билебиз, бирок өкмөттүк документ болгондон кийин бирөөлөрдү жалдап болсо да жаздырса болмок.

Мына ушундай чала сабатсыздыгы менен министр И.Жунусов Кыргыз Республикасынын өкмөтүн жана министрликти экинчи жолу уятка, оӊтойсуз абалга калтырды. Ушуларды көрүп-билип туруп өкмөт жетекчилери министрдин ишине татыкуу баасын бербегендиги таӊ калтырат.

Майнапсыздык

Министр И.Жунусов ушул жылдын 4-декабрында үчүнчү жолу өкмөттү уятка калтырды. Бир жыл ичинде маданий чөйрөнү өнүктүрүү боюнча негиздүү программаны, иш-аракетти сунуш кыла алган да, ырааттуу, ойлонулуштурулган иш алып бара алган да жок. Улуттук китепканада Жогорку Кеӊештин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны болуп, анда китепкана иши боюнча маселе каралды. Ага көптөгөн журналисттер, мен да катыштым. Ошондо комитеттин төрагасы, депутат К.Осмоналиев өз сөзүндө акыркы жылдары Маданият министрлигинин коллегиясында же жыйындарында китепкана иши боюнча бир да маселе каралбагандыгын, талкууланбагандыгы өтө кейүү менен белгиледи.

Ошол жыйында республикада китепканалардын материалдык-техникалык базалары өтө начар абалда экендиги, китеп фондулары толукталбай жаткандыгы, бул тармактагы абалды оӊдоодо министрликтин жарытылуу аракети жоктугун баса белгилешти. Абалдан чыгуу үчүн министрлик эмне иш жүргүзүп жатат деген суроого, министрдин орун басары ооз ача албай, стратегия иштелип жатат деп жооп беримиш этти. Комитет жыйынында Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин бул жааттагы иши начар экендиги баса белгиленген чечим да кабыл алынды.

Мындан мурда да 2012-жылдын май айында Жогорку Кеңештин ошол эле Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитети Ош шаарында көчмө жыйынын өткөрүп, анда «Музейлер жана музей фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптары аткарылышы каралып, мында дагы «Маданият жана туризм министрлигинин иши жетишээрлик эмес» - деп табылган. Себеби, «Сулайман –Тоо» музей-комплексинин тегерениндеги чырлуу маселелер министрлик тарабынан ушул күнгө чейин чечилбей келүүдө.

Мына Жогорку Кеӊештин маданият боюнча комитети, кадыр-барктуу депутаттар эки мыйзамдын аткарылышы боюнча министрлик майнапсыз иш алып бара жаткандыгын көзгө чукуп көрсөтүштү.

Ушундан улам министрлик маданият тармагын сүрөй турган мекеме эмес, штаттагы кызматкерлерге айлык тараткан гана ишканага айланып калды дегендер да жок эмес. Чынында эле ушундай абалга келип калганын атактуу өнөр ээлери ачык эле үмүттөрүн үзө айтып жүрүшөт.

Айтор маданият жаатындагы министрликтин, анын жетекчиси И.Жунусовдун майнапсыз, чала кайым, сабатсыз иштери жөнүндө азын-оолак кеп ушул. Айта берсе сөз түгөнбөчүдөй.

Айтор бүгүнкү күндө И.Жунусовдун маданият тармагын кайра жандандырууга, өнүктүрүүгө жетекчилик жөндөмү, дарамети, иш тажрыйбасы жетишсиз экендиги даана билинди.

Эмки кеп, «ар бир министрдин ишине жыл жыйынтыгы боюнча татыктуу баа берилет, начар иштегендери менен кош айтышат» деп убаданы катуу берген премьер-министр Ж.Сатыбалдиевде калды. Же «Ата Журттан» вице-премьер болуп келип, президенттин колтугуна, КСДП партиясынын койнуна кире качкандар «А.Атамбаевдин эркеси-биттин серкеси» болуп жүрө береби? Андай болсо «Кыргызстанды оңдойбуз» дебей эле «Кыргызстанды ойрон кылабыз»- деп ачыгын эле айтпайлыбы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×