Добавить статью
12:19, 19 декабря 2012 60784

Кайрылуу

КР ЖК депутаты У.Аманбаеванын “КР мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө демилгесинен улам жалпы коомчулукка кайрылуу

Мамлекеттик тил – мамлекеттүүлүктүн башкы белгилеринин бири катары мыйзамдуу таанылган, белгилүү бир өлкө аймагында бүткүл расмий жана бейрасмий деңгээлдеги мамлекеттик, коомдук иштер милдеттүү түрдө жүргүзүлүүчү, калкынын басымдуу бөлүгүнүн эне тили жана пикир алышуунун каражаты катары турмуштун бардык чөйрөлөрүндө пайдаланылган негизги тил болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу жана анын кадыр-баркын көтөрүү багытында көрүлгөн даректүү чаралар коомубузда кыргыз тилине болгон жылуу маанай түзүп, мамлекеттик мекеме-уюмдарда, окуу жайларда жана коомдук сектордо мамлекеттик тилди үйрөнүү, иш кагаздарын орус тили менен катар кыргыз тилинде да жүргүзүү аракеттер жүрүүдө. Буга коомчулук, өзгөчө мамлекеттик чиновниктер, кызматкерлер, ал тургай катардагы эле жарандар арасында кыргыз тилин үйрөнүүнү мамлекеттик тескөө эмес, турмуштук зарылчылык катары кабылдоо, ага артыкчылык берүү аракет-түшүнүктөрү келип чыккандыгын да далил катары белгилесе болот.

Бирок аталган иш-аракеттер, кадам сайын тоскоолдукка тушугуп, “өз өлкөбүздө өз тилибизде сүйлөп, өз тилибизде иш алып баралы” деген турмуштук зарылчылыктан келип чыккан мыйзамдуу чакырыктар, болуп келгендей эле “тили буруулар” тарабынан саясаттын куралына айланып, “орус тилисиз оңуп кетээрибиз күмөн, бул Россия менен болгон дипломатиялык мамилебизди бузат”, “мамлекеттик тил маселесин көтөрүү - мамлекеттеги улуттар аралык ажырымга алып келет” дегенчелик эч бир логикага сыйбаган дооматтардын арты суюлчудай эмес. А чынында, мамлекеттик тил – бир мамлекетте жашаган улуттардын башын бириктирген улуттук идеологиянын өзөгү экени “КР этностук саясат концепциясында” да айтылган. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев өзүнүн президенттик кызматына расмий киришкен учурдан тартып, мамлекеттик тилди өнүктүрүү керектигин, ал үчүн ал тилде сүйлөп, иштешибиз зарылдыгын белгилеп келет. Мамлекет башчынын мамлекеттик тилге болгон оң мамилесин байкамаксан болуп, ага жеке кызыкчылыктан же бирөөлөрдүн тукуруусунан улам каршылык көрсөтүү акыры жалпы элге, мамлекетке каршы иш жасоого барабар деп эсептейбиз.

Ошондой эле мамлекеттик тил маселесин көтөргөндөргө “улутчул” деген жарлыкты жармаштыруу өнөкөткө айланды. Улутчулдукту – улутун, анын тилин, маданий баалуулуктарын, тарыхын сыйлаган мекенчил жаран деп эле түшүнүү оң. “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө” да ушундай чечмелөө берилген. Залкар жазуучу Ч.Айтматов киргизип кеткен маңкурт түшүнүгүн карап көрсөк, анын эң эле башкы белгиси – өз эне тилин жана өз элинин тарыхын билбөө. Кыргыз аалымы С.Жигитов “кыргызга орусча айтпасаң түшүнбөйт” деп күйүп бышкандай, казак окумуштуусу В.У. Махпиров жазгандай: «Манкуртами не рождаются – ими становятся. Ими становятся тогда, когда затмевается историческая память, когда отрывается человек от исторических корней своих, от культуры своего народа, когда забывает свой родной язык».

Улуттун уюткусу – улуттук тил экенин, тил болбой туруп, улуттук аң-сезим болбосун жана патриот болууга мүмкүн эместигин, анткени, патриотизм – ал Улуттун тилин жана кызыкчылыгын коргоо, анын сыймыгын көтөрүүчү иштерди жасоо болуп саналарын жана акырында, улуттук аң-сезим калыптанбай туруп, Улут жаралбастыгын билимдүү адамдардын баары эле биле беришпейт шекилдүү (же билсе да билмексен). Совет мезгилинде биздин мамлекет башчыларыбыздын эң башкы катачылыгы – ал Элибиздин улутчулдук касиетин жок кылып, тил менен улуттук баалуулуктарга көңүлкош мамиле кылганында болду. Натыйжада өз элинин тили жана тарыхы менен иши жок, маңыроо, манкурт муундар өсүп чыкты. Бүгүн бир эл «экиге» («кыргыз» жана «киргиз» болуп) бөлүнүп, алардын азабын өзүбүз тартып жатабыз. Ал эми Совет бийлигинин учурунда Элибизди башкаргандар: «Ал кезде мезгил ошондой эле» деп актанышууда. Эгер «ошол мезгилде» бизден башка да «он төрт республика» жашаганын, бирок алардын тилинин деңгээли биздин тилдин деңгээлине түшпөгөндүгүн эске алсак, анда баарына «мезгил» эмес, ошол мезгилде Элибиздин башында туруп, «улутсуздук идеологиясын» жүргүзгөн жетекчилер күнөөлүү экени өзүнөн өзү түшүнүктүү болот.

Азыр да кыргыз тилин өнүктүрүүгө дал ошол жетекчилер жана алар тарбиялап өстүргөн киргиздер тоскоол болууда. Интелегенция, тилибиздин жок болуп баратканын көрүп туруп анын тагдырына кайдыгер мамиле жасоодо. Бул анын «шалтурук» катмарга айланып калганын, экинчиден, чыныгы уюшкан Улуттук интеллигенция жоктугун көрсөтөт.

Жогорудагылардан улам, У.Аманбаева, К.Абдиев өңдүү эл өкүлдөрүнүн жүйөөлүү сунуштарын, мыйзам долбоорлорун атайылап саясатка айлантып, улут аралык ажырымга тукуруу түбү – улутка, улуттун, мамлекеттин келечегине карасанатайлык кылуу деп билебиз жана “КР мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүнү депутаттарыбыздын колдоп коюусун жана жалпы коомчулуктун атуулдук үн катуусун өтүнөбүз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×