Добавить статью
9:09, 31 декабря 2012 20105

Тарбиялык саатты окутуунун зарылдыгы барбы?

Агай, жазып эле жатасыз, жазып эле жатасыз, деги сиздин жазгандарынызды министр окуйбу? Бир жыйынтык чыгабы?– деп Алтынбек суроолуу карады.

Күтүлбөгөн суроого күтүлбөгөн жооп узаттым.

- Мен министр окусун үчүн жазып жатканым жок. Мен 44 жылдык тажрыйбама таянып жүздөгөн макала жаздым. Андан бери ондогон министр алмашты. Алардын окуш-окубашы мени кызыктырбайт. Ар бир макаланын артынан текшерүү, маселе көтөрүүчү мезгил СССР кулаганда кошо кулаган. Мен мугалимдер үчүн жазам. Өлкөбүздөгү 70 минден ашык мугалимдин жетимиши,же жети жүзү окуса, демек ошончо адамдын ой-пикирине ээ болом. Бул мен үчүн ийгилик. Гезит-журналдардын эн көп окурманы болгон мугалимдер да гезит окубай калбадыбы. Окуганы да, ой-пикир айтышпайт, гезит отурган жеринде кала берет.

- Туурабы?

- Туура, - деди Алтынбек аргасыз жылмайып.

Коомдун өнүгүп-өсүшү коомдук пикирди да өзгөртүп жатат. Кечээги чындык бүгүн жалган, кечээги мыйзам бүгүн туура эмес заманда жашап жатабыз. Мына, мен бүгүн ушунча жылдан бери иштеп, окутуп, талап кылып, мыкты тарбиялык саат болду, - деп көкөлөтүп келсем, бүгүн ошол тарбиялык сааттардын окутулушуна кайчы пикир айткым келип жатат.

- Тарбиялык сааттардын окутулушуна кайчы пикирдесизби?

- Ооба.

- Кызык… эмне үчүн?

- Анда кунт коюп уга тур, - дедим да, жомогумду баштадым…

Көрсө, тарбиянын негизи үйдө берилет экен. Бала эс тарткандан баштап, үй-бүлөлүк тарбиянын улуу мектебинен өтөт экен. Ошондуктан өзү тарбияланып жаткан 4-5 жаштагы бала да өзүнүн инисин тарбияга чакырганына сарасеп салып көрөлү.

Улуусу кичүүсүн тартипке чакырып:

- Кы-кы ташта, мурдунду аарчы, ылайды кармаба, колун кыкый болот, апа урушат, сен жакшы кызсын го, тиги куурчагынды ойнот,- деп суранат. Бала болгону менен эжесинин сөзүн угат же дагы бир нерсени талап кылат.

Ошентип акыл толот, адеп карманат. Улуулардан үлгү алып чоноёт.

Анан бакчага барат. Бакчадан ыр үйрөнөт, тамактануу эрежелерин, тазалыкты, саламдашууну жана башкаларды үйрөнөт.

Мектеп эшигин аттагандан баштап, ондогон мугалимдердин тарбиясына кабылат.Ар бир предметтин мугалими ар бир сабагында тарбиялык жагдайларга басым жасап, окуучулардын ан-сезимине куюп келет.

Мугалим сабагына түн терметип план-конспект жазат. Сабактын үч максатынын бири тарбиялык максат. Мугалим өтүлүүчү темада кандай тарбиялык мааниси бар экенин ийне жибине чейин талдап, балдарга берилүүчү суроолорунан бери, жоопторунан бери жазып коет. Анан сабак өткөндө, планда көрсөтүлгөн үч максатка жетүүгө басым жасайт. Сабакка катышкандар да анализ берген учурда,үч максаттын аткарылышына өзгөчө көнүл бөлүшөт. Демек, окутуу менен тарбиялоо ажырагыс биримдикте каралат. Ошого карабастан ар бир класста «тарбиялык саат» деген сабак атайын жадыбалга карап коюлуп өткөрүлөт.

Ошондон улам: Жумасына бир жолу тарбия саатын өтүү менен окуучуларды тарбиялоо мүмкүнбү? Анда ар бир сабакта тарбиялык максатты койбой эле койбойлубу? «Адеп» сабагы тарбия бербейби? – деген сыяктуу суроолорго капталабыз.

КРнын билим берүү жана илим министрлиги кабыл алган «Базистик окуу жылында» «Тарбиялык саат» сабак катары окуу планына киргизилген эмес. Базистик планда берилген окуу жүктөмүнөн ашыкча сабактарды киргизүүгө мүмкүн эместиги да жазылып коюлган.

М: 7-класста окуу жүктөмү жумасына 30 саат болсо, тарбиялык саат менен 31 саат болуп жатпайбы.

Демек, мектептер бекитилген базистик планды бузуп жатат десек болобу?

Тарбиялык саат үчүн программа түзүлүп, план-конспект жазылып, завучтун текшерүүсүнөн өтүп, анан сабак өтүлөт. Бирок, табелге киргизилип, акы төлөнбөйт. Эмне үчүн? Буга мугалимдер тан калбайт, талап да кылбайт. А, министрлик эмне үчүн акы төлөнбөгөнүн түшүндүрүп да койбойт. Бул тан каларлык эле иш. Эми алардын жообу бизге дайын, аны коомдук пикир туулса айтарбыз.

Эгерде биз тарбиялык саат аркылуу балдарды тарбиялай алсак анда эмне үчүн класстык чогулуштарды, ата-энелер чогулушун, линейкаларды, кечелерди, жолугушууларды, даталуу күндөрдү белгилөөнү, ата-энелер үчүн ачык эшик күндөрүн өткөрүп, күндөлүктөрүн күн сайын текшерип жүрөбүз? Эмне үчүн социалдык педагог,психолог, медициналык кызматкер кармайбыз? Эмне үчүн тарбиясы оор балдар менен иштейбиз? Эмне үчүн кыздар кенешин түзөбүз? Балдар жана өспүрүмдөр уюму тарбиядан башка эмне иш кылат? Бул аты аталган уюмдар, советтер, иш-чаралар тарбиялык иш эмеспи, өтүлгөн сабактарыбыз тарбия бербейби?-деген суроо туулат. Менин оюмча мектеп өзү –тарбиялык мекеме. Мектепте окуу өзү – тарбия. Мугалимдин сүйлөгөн сөзү, жүрүш-турушу, мектептин бирдиктүү талабы өзү – улуу тарбия.

Программалардын кагылышы эмеспи…

Талашып-тартышып жүрүп, мектеп программасына «Адеп» сабагы киргизилди. Программасы чыгып, китеби чыкпай да жүрдүк. Эми калыпка түшө баштады окшойт десек, быйыл интеграциялап дагы ашмалтайын чыгардык.

Эр болсон окутуп ал, - дегенсип, «Экономикага киришүү», «Адам жана коом», «Адеп» сабактарын бириктирип бир мугалим манызын чагып окутуп жатат.

1-класстан 11-класска чейин «Адеп» сабагы өзүнүн программасы менен окуучуларды адептүүлүккө тарбиялоо максатын көздөйт.

Ал эми «Манастын жети осуяты» мектептеги тарбиялык иштердин багытын гана аныктайт. Ушул жети багыт боюнча мектептин тарбиялык планы түзүлөт. Ушул эле жети багыт боюнча класс жетекчилер класстык тарбиялык планын түзүшөт да, жума сайын бир сааттан тарбиялык сааттарды өтүшөт. Кызык жери, ушул кезге чейин 1-класстан 11-класска чейин биз атаган жети программа жок. Темасы эле болсо, «космос» жөнүндө да сабак бере алчу мугалимдер (ар бир класстын класс жетекчилери) ар кимиси өзү билгендей программа түзүп, иштеп келет. Аны мектеп жетекчилиги бекитип берип, күчүнө киргизет. Мектепте баланы тарбиялоо демократиясы ушинтип өнүгүп жатат десек болот. Ким кандай план түзүп, кандай сабак өтсө, өз эрки. Мындан ашык демократия барбы? Ар кимдики өзүнө туура, бир мектеп менен экинчисиники окшошпойт. Окшош болсо, демек, бири-биринен жылдан-жылга көчүрүп алышат,- десениз жанылышпайсыз. Анткени, программасыз түзүлгөн план кайдан окшошсун.

Байкадынызбы, «Адепчи» мугалимдер өзүнүн программасы менен адепке тарбиялап жатышса, тарбиялык саат аркылуу класс жетекчи өзү билген тарбияны берип жатат тура, - деген бүтүмгө келсек болчудай.

Анда мектептеги «Балдар жана өспүрүмдөр уюму» эмне тарбия берип жатат? Уставында жазылган менен галстук такпаган бул уюмдун иши жөнүндө окурмандар өздөрү ойлорун толуктап алар деген ойдобуз.

Көрдүнүзбү окурман, мектепте канчалаган тарбиялык иштер жүргүзүлөт, күн сайын жүздөгөн сабак өтүлөт, ал аркылуу тарбия берилет, ага алымсынбай «Адеп» сабагын киргиздик, ал да жетишпей тарбиялык саат окутулат. Балким башка сабактардай эле тарбиялык иштерди да интеграциялап «Адеп» сабагына кошуп койсо болбойбу?

Акысыз тарбиянын акыбети ушулбу?

Мейли, «Адеп» сабагын деле окутуп жатабыз, «Тарбиялык саатын» деле өтүп жатабыз, сабакка деле атайын максат коюп тарбиялап жатабыз. Балдар жана өспүрүмдөр уюму деле иштеп жатат. Мектепти президенттик башкарууга өткөрүп койдук эле алар дагы өзүн-өзү башкарып жатышат, кыздар совети иштеп жатат, мезгил-мезгили менен болсо да ИИБнүн өкүлдөрү келип лекция окуган болуп, тактама алып кетип жүрөт.

Онолуп кеттиби? Жок. Баш аламан тарбиянын кесепети менен мектептерде дагы эле рекетчилик, мушташ, муунуп өлүү, сабактан качуу, жаатташуу, мугалимдерди соткага тартып алып, интернетке берүү, түнкү клубдарга баруу, мугалим эмес, ата-энесинин тилин албай, директор эмес, министрдин буйругуна баш ийбей, кош-коштоп машина минип акыркы конгуроону өткөрүү улантылып жатпайбы? Буга эмне дейбиз. Колду куушуруп отура беребизби?

«Адеп» сабагын окутуп, тарбия саатын окутуп жатып жетишкен ийгилигибизби, кемчилигибизби? Балким, бизди билим менен тарбиялоону бирдиктүү алып барууга багыттай турган балдарды окутуп тарбиялоонун кайра жаралуу доору күтүп жаткандыр. Анда ага багыт алсак кантет?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×