Добавить статью
3:49, 15 января 2013 129935

Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак

Нарын районунун аймагынын түпкүрдөгү тоо арасында эки кыштак бар. Ал экөөнүн аралыгы бир чакырымдай. Жергиликтүү эл анын бирин Орук Там, экинчисин Тамды-Суу деп аташат. Бирок жалпысынан экөө тең эле жана ошол өрөөн бүтүндөй Орук Там деп эсептелет. Нарын шаарынан 85 жана 220 чакырым алыстыкта орун алган, Кичи Нарын суусунун жогорку алабында жайгашкан өрөөндөгү 50гө жакын түтүн калк ички өңүттөн алып караганда Кыргыз мамлекетинин эгемендигинин шыбагасынан куру калып тиричилик кылышууда. Эмне үчүн андай экен? –деп айрым бийлик чиновниктери кабактарын карыш салышы да, эч кайгырбай аларга сооп болот дегендери да болушу мүмкүн. Көрсө ошондой жагдай бар экен.

Орук-Там десе Алсейитовдор, Алсейитовдор десе Орук-Там

Орук-Тамга калк кайсы жылдардан тарта туруктуу отурукташа баштаганы белгисиз. Бир катар жарандар өткөн кылымдын башталышында эле кышкысын мал кыштатуу үчүн ушул өрөөндү ата-бабалар мекендегендигин кеп кылышат. Соңку 10 жылдан бери Орук-Там айылынын айыл башчысы болуп иштеп келе жаткан Канатбек Абышкаев бабасы Алсейит 1922-жылы Орук-Тамга келип жашай баштагандыгын, кийин чоң атасы Кудайберген (эл оозунда Абышка) Алсейитов өмүр бою ошол жерде жашап жана эмгектенип өткөндүгүн өз ара сүйлөшүүдө айтып берди. Чындыгында кечээки доордо Абышка Алсейитов андагы Тянь-Шань (азыркы Нарын району) районундагы Жданов атындагы жамааттык чарбанын Орук-Там боюнча комплекстүү бригадири болуп өтө узак жыл үзүрлүү жана натыйжалуу иштеп, акыры карылыкка моюн сунуп, 80 жаштан ашык өмүр сүрүп дүйнөдөн кайткандыгы белгилүү. Анда өрөөндө эки чарбанын төрт түлүк малы асыралып, ыңгайлуу бардык кокту-колоттор жана аталган эки айылда туруктуу жашаган адамдар болгон. 1990-жылы жарыкка чыккан «Кыргыз жергеси» энциклопедия китепте 1986-жылда Орук-Тамда 548 адам жашагандыгы белгиленген. Бирок тилекке каршы ошол маалыматта:-«кыштак 1956-жылы негизделген. Район борбору Нарын шаарынан 130 чакырым жайгашкан»,- деген туура эмес сандар келтирилген экен ( «Кыргыз жергеси, экциклопедия, 222-бет). Натыйжада анда Орук-Там өрөөнүндө төрт түлүк малды жылдын төрт мезгилинде асыраган малчылардын, түзөңдөрдөгү талааларды айдап сепкен баба-дыйкан жана механизаторлордун, жайлата маңдай терин төгүп талааларда иштеген колхозчулардын бирден бир укук коргоочусу да, сактоочусу да, социалдык жана маданий лидери да, ар кандай ыкмалар менен иштеткен (мисалы алдап, сөгүп ж.б.) бригадири да, айтор Абышка аксакал өрөөндүн бирден бир чечүүчү мүдөөсү болгондугун аны билгендер ар дайым эстеп кеп кылышат.

-Мен райондук ооруканага башкы дарыгер болуп дайындалып иштей баштадым. Жумушка байланыштуу Орук-Тамга келип, ФАПтын абалы, элдин саламаттыгы боюнча тиешелүү иштерди жасап кайра кеткем. Бир аз күндөн кийин эле райондук бийликтен –эмне үчүн Орук-Тамга барбайсың. Ал жакта элдин ден соолугун ким карайт,-деген сөз уксам болобу. Мен Орук-Тамга эки-үч күн мурда барып келгендигимди, дары-дармектер жеткирилгендигин айтсам, район жетекчиси –Эй, ал жерде Абышка деген киши бар. Ошол айтып жатат, доктурлар барбы, иштейби, элге келеби деп. Ошондуктан сага айтым жатам,-деди. Андан кийин Орук-Тамга барганда биринчи ФАПка эмес, Абышка акеге барып, учурашып, келдик деп, а кишинин сөзүн угуп, анан башка жумуштарды кылып калдым,-дейт Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун деректири Данияр Жумаев. Мындай көрүнүш Абышка аксакал тирүү кезде бардык тармакта болуп келген экен. Анкени ал киши көйгөйлөрдү элден жыйнап тиешелүү жактарга учурунда жеткирип турган.

Бейиштин төрү жана өрөөндүн көйгөйлөрү

Мурунку өткөн доорлордо «кайран эл» Кичи Нарын капчыгайы менен боорлор, тик жалама таштуу беттер аркылуу жалгыз аяк жол салышып, малды кеч күздө ошол жол менен Орук-Тамга айдашчу тура.Жолдун татаалдыгынан тик жардуу бир борчук тарыхый «Келин Тайгак» деген аталышка кириптер болгон. Дал ошол жаламалуу кыраңчадан эки тараптан келе жаткан кайнага менен келин бетме-бет кездешип, кыргыздын улуу салтын карманган келин шашылыш абалда бир тууган кайнагага жол бошотуу үчүн ат тизгинин өр таянта бурган учурда, ат артка кайрылам деп өтө тар жолдон туягы тайып, натыйжада бир нече ондогон метр төмөн жакта агып жаткан сууга чейин ат жана келин экөө тең кулап түшүшөт. Кийин-кийин эле аталган капчыгай аркылуу унаа жолу салынып, мезгилге жараша кышкы убактан башка маалда карым-катнаш дээрлик 3 эсе аралыкты кыскарткан. Жол негизинен декабрь-апрель айларында жабык болот. Азыркы тапта түпкүрдөгү 50 түтүн эл үчүн жол кызматкерлери кышкысын ар дайым кардан капчыгайды тазалап турганга чамалары өтө эле чак. Демек айрым бир учурда Долонго кар арбын жааганда жолду бир нече саатка чейин күрөй албаган бүгүнкү мамлекеттин экономикасы, тээ-тээтиги Орук-Тамга баруучу капчыгай жолун качан, кайсы жылы кышкысын ар дайым тазалап тураарлыгы белгисиздикдин мейкинде калкып турганы турган. Бирок Нарын шаарында кардын калыңдыгы маселен 5 см болсо, Эки-Нарын айылына барганда кар болжолу 25 см болот. Капчыгайды өрдөп бирде өр тартып өйдөлөп, кайра ылдыйлап, акыры Кичи Нарын суусун төрт жолу кесип өткөндөн кийин, унаа жолу кайрадан жогорулап барып, өрөөнгө чыгат. Анда барган адамды Сары-Күңгөй деген коктудан тарта капкара өрөөн тосуп алат. Декабрь айынын башында Нарында башталган кадимки суукту «биз бейиштин» төрү катары сыпаттаган Орук-Тамга барганда көрө алган жокпуз. Ошентсе да алыскы аймактын айтаарлык көйгөйлөрү бар болуп чыкты.

Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев райондук бир катар тейлөө, тартип коргоо органдардын жетекчилери менен 7-декабрь күнү Орук-Тамга барды. Тилекке каршы акимдин убактысы чектелип, ал кайра Нарын шаарына чакырык менен кайтууга аргасыз болду. Ошентип акимге эл толук суроолорун бере албай калышты. Жыйын мектептин алдында өткөндүктөн ары-бери карап баам салып турганбы, айтор РИИБ жетекчиси Асан Кенжебаев волейбол оюунунун айрык торунун ордуна жаңы тор жана бир топ алып бере тургандыгын, карышкырларды атууга ок-дарыны дагы камсыздоого катуу убада кылды. Калктын болсо чыныгы пикирлери качан эл аралаганда айтыла баштады.

-Биздин кыштак Нарын шаарынан 85 чакырым алыстыкта орун алган. Эми кар калың жааганда капчыгай жолу жабылып Кара-Кужур аркылуу 220 чакырым аркылуу каттап калабыз. Айылыбызда 20 түтүн, тегерек четтеги малчылар менен жалпысы 28 түтүн эл жашайт. 7-8 жылдан бери таптакыр байланыш жок. Мурда райакимчилик аркылуу рация менен сүйлөшүп турчубуз. АРИС аркылуу спутник антенналар коюлган. Бирок бир айдан бери КТР тартчу аппарат өрттөнүп кетти. Радио болсо тартпайт. Ушинтип айыл өлкө боюнча учурунда маалымат алуудан ажырады»,-дейт Орук-Там кыштагынын айыл башчысы Канатбек Абышкаев мырза. Ал эми айыл тургуну Кенжебек Акиловдун айтымында байланыш үчүн зарыл болгондор ат менен 2 саат жол жүрүп, «Битель Дөбө» деп эл ат койгон чокуга барып сүйлөшүп келишет экен. Кыштакта болсо быйыл 5 келин төрөп жана учурда бир келиндин боюнда бар экендигин кыштактын эмканасынын жетекчиси Ызаткүл Турдалиева билдирди. Жергиликтүү элдин айтымдарында болсо негизинен келиндер үйлөрүнөн эле төрөшөт.

-Биз эми ай күнүнө жакындаган келиндерди ичкери жактардагы туугандарыңарга барып тургула деп эле кеңеш беребиз. Айрымдарынын шарттары жок болуп калат. Мурда эмканага караштуу УАЗ унаабыз бар болчу. Ал эбак эскирип жарабай калган. Биз болсо батыш-чыгыш тараптагы малчыларга чейин жалпы узундугу 38 чакырым аралыкты ат менен кыдырып турабыз,-дейт Ы.Турдалиева айым. Ал эми Орук-Тамдан 2 чакырым аралыкта орун алган Жалгыз-Колот деген кыштоодо жашап жаткан 74 жаштагы карыя Ниязбек Жанеков доктурлар кыдырбайт деген кинесин билдирди.

Айыл тургуну Орозобек Жумалиев 6-7 жыл мурда айылга 4 суу чорго салынгандыгын, бирок 3 жылдан бери суу алуучу жайдын башы тоңуп калды деген кептен кийин суу чыкпай калгандыгын, Таалайкүл аттуу келин болсо Кичи Нарын суусунан суу алам деп өткөн кыш мезгилинде сууга агып каза болгондугун үшкүрүк менен кеп кылды.

-Негизи кыш деле бизде катаал болот. Айрыкча февраль, март айларындагы шамалдан эл капкара болуп, мал арыктай түшөт,-деп сөзгө кошулат айыл башчы Канатбек мырза.

Бешинчи бир көйгөй эмчи эжекелердин эмгек акыларын Нарын шаарынан банктан алгандыгы болуп чыкты.

-Мен 0,5 ставка менен иштеймин. Айлыгым 5 миң сом. Айлыкты Нарынга барганда банктан алабыз. Ал үчүн барып келгенге жайкысын 500, кышкысын 1000 сом кетет,-дейт эмчи айым Светлана Субакожоева. Ал эми калган иштегендердин эмгек акылары жана кары чарба акчалар почта жана айыл өкмөт аркылуу жеткирилип турат экен.

Алтынчы айгай, бул электр кубатынын алсыздыгы. Жарым сааттай убакыт сүйлөшүүдө дагы өрөөндөгү экинчи кыштак атыккан Тамды-Суу айылынын башчысы Алмаз Аалиевдин жубайы чай кайнатып келе алган жок.

-Дагы жакшы быйыл ТП алмаштырылды. Ошондон кийинкиси ушул. Болбосо чай бир саатта дагы кайначу эмес деген А.Аалиев мырза ушул кыштакта жана тегерек четте жалпысы 17 түтүн конуш бар экендигин белгилеп, үй-бүлөсү менен «Кыргыз Туусу», «Кут-Билим», «Теңир-Тоо» гезиттерине жазылып окуурун да шарданалады.

Жетинчи, бирок эң башкы жагдай элдин ичкери жактар менен карым-катнашы. Эки кыштакта 8 жеңил унаа бар. Алар ар дайым эле таксилик кызматты аткара бербейт. Ал үчүн Нарын шаарына же айылдарга баруучу 4 киши чыгышы керек. Кайып каскагынан 4 адам бир учурда топтолсо, алардын кайра үйлөрүнө кайтышы баарына байланыштуу. Маселен эки жүргүнчүнүн жумушу бир күндө, экинчисиники эки күндө, үчүнчүсүнүкү балким 4 күндө бүтсө, анда калган 3 жүргүнчү дагы 4 күндү күтүүгө туура келет. Себеби атайын айдаган таксист алып баргандарды кайра алып келүүгө милдеткер. Болбосо зарыл ишиңе карап бир адамбы, эки адамбы же бир үй-бүлөбү бир унааны жайкысын 2 миң, кышкысын 4 миң сомго жалдоого кириптер болот.

«Сталин берген байталды, Хрушев келип кайта алды

Биздин муун ушундай учкул сөздү эшитип чоңойдук. Бирок бала кезде эч качан минтип айтчу эмеспиз. Анкени ушул уйкаш сүйлөмдөрдү айта коём деп Кадыракун аттуу тууганыбыз 20 жылга соттолук кеткен экен. Кеп чынында, андагы ири империялык мамлекет 50-жылдарда айылдык калкты кошумча тирдик кылуу үчүн түтүнгө бирден кара мал тартуулайт. Бирок жаңы келген хрушевдик бийлик ага бөгөт коёт. Оруктамдыктардыкы купуя ушул сымал. Айырмасы албетте Сталин же Хрушевдики эмес, СССР менен Кыргыз Республикасыныкы.

Ыраматылык союз заманында деле өзгөчө аймактарда эмгектенген жарандарга өзгөчө эмгек акы төлөнчү. Биз билгенден эң жогорулатылган маяна Сибирь аймактарында иштегендерге берилчү. Кыргызстандын Ак-Сай, Арпа, Чоң-Алай, Ак-Шыйрак сыяктуу жерлерин дал Сибирге теңөө жараяны көтөрүлүп тургандыгы чындык. Бирок Сибир болбосо дагы 40-80 пайыздык үстөк эмгек акы төлөөлөр киргизилген. Орук-Там 40 пайыздын сабына кошулган. Анда Орук-Тамда ким болбосун, кандай жумушта иштебесин бардыгы тапкан эмгегине карата кошумча 40 пайыз акы алышаар эле. Жергиликтүү тургун катары бир билгеним менин эле бир тууган таякем ушул төлөм үчүн Орук-Тамга көчүп кетишип, бир нече жыл колхозчу болуп иштеп келишкен. Алардын башкы максаты арбыныраак акча таап, ичкеридеги айылына там, короо-жай салуу болгон.

Декабрь айында Орук-Тамга барып ушул ырыскыны Эгемен кыргыз мамлекети кан буугандай тыйып салгандыгын эшиттик. Башталгыч класстын мугалими Нургүл Мамбеткулова 16 саат менен иштеп 7 миң сом эмгек акы алса, 24 жылдан бери Орук-Тамда жашаган, мектептин физика мугалими Айнура Маатова 14 саат сабак берендиги үчүн 8 миң сом, мектептин кенже техникалык кызматкери болуп 15 жылдан бери иштеп келе жаткан Кенжегүл Сатылганова 2,5 миң сом маяна алаарын айтышты. Ал эми айыл башчылардын айлыктары 3800-4000 сом экен. Алар ыңгайлуулукта орун алган Нарын шаарында иштегендер менен ошол оруктамдыктар бирдей шартта үстөк акы төлөм алгандыгын эч нерсе деп айта алышкан жок.

-Айла канча мамлекет берген акчаны алабыз да. Бербей койсо деле эмне кылат элек,- дейт баё бир кызматкер. Кеп чынынан бузулбайт, -нарындыктарга Нарында жашагандыгы үчүн эле орден, медаль берсе болот,- деп шыпшынып калабыз. Ал эми алыскы анык тоонун арасында тиричилик кылган оруктамдыктарга мамлекет Нарын шаарындагыдай 50 пайыздык коэффициент төлөм төлөгөндүгүн эмне деп айтууга болот.

Орук-Тамдан кайтып келгенден соң, алыскы аймак катары оруктамдыктар эмне үчүн Нарын шаарындай жана ичкери айрым айылдардай шартта эле үстөк төлөм менен маяна алат деген жалпы суроо менен райондук дагы, облустук дагы бийлик адамдарына жолугуп, тыңгылыктуу жооп ала албадык. Андан соң Нарын райондук социалдык жактан өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Динара Тулеева айымдын кеңсесине кирдик.

-Оруктамдыктарды кантип өнүктүрүп жатасыз? Алгачкы собол ушундайча берилди.

-Өнүктүрүү Тулеевага тиешелүү эмес,- деп жооп кылды Д.Тулеева айым.

-Сиз кызыгып Орук-Там боюнча маселе көтөрдүңүзбү? Ал жакта канча адам жөлөк каражат алат? Эмне үчүн Орук-Тамда райондук коэффициент 50 гана пайыз? Суроолорго жетекчи айым кайра-кайра шыңгыратуу аркылуу кызматкерлерине тапшырма тагып жатып Орук-Там боюнча 18 жашка чейинки бир мүмкүнчүлүгү чектелген адам 4,5 миң сом, 1-топтогу бала кезинен майып 2 жаран дагы 4,5 миң сомдон жана аз камсыз болгон эки үй-бүлө биригип айына 5735 сом акча алышаарын, КРнын +кмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы томтомунун негизинде Орук-Там 1,50 коэффициентке туура келерлиги тууралуу маалыматтарды алдырып келди. 15 жыл социалдык коргоо системасында иштеп, анын 5 жылын райондо жетекчиликти аткарып келе жаткан Д.Тулеева айым калган суроолорду жоопсуз калтырды. Акыры интернеттерди аңтарып, облустук китепкананын «Токтом» борборунан аталган документ колго тийди.

«КРнын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашап жана иштеген жарандарды мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралуу» КРнын өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнунда токулган токтому боюнча Ак-Сай, Арпа өрөөнүндөгү калктуу конуштарга 1,75тен 1,95ке чейинки коэффициент, Ак-Талаа районунан Кара-Булак, Орто-Сырт (Ак-Бейит), Жумгал районунан Кара-Кече, Нарын районунан Жер-Көчкү конуштарга 1,70 жана Нарын районунан Лахол, Туура-Суу, Кең-Саз, Ат-Башы районунан Беш-Белчир, Босого конуштарга 1,60 коэффициент чектелгендиги белгилүү болду. Мындай шыбага негедир Орук-Тамга буюрбаптыр. Эгерде Орук-Тамдын союз доорунда 1,40 коэффициент менен алыскы элдүү конуш катары эсептелгенин эске алсак, анда ал жердеги мамлекеттик колдоо автоматтык түрдө 1,90 болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш болмок.

Дагы бир маселе байланыш боюнча абалды талдоо үчүн тиешелүү тармакка баш бакканга туура келди.

-Союз убагында Орук-Тамга рацияны Айыл чарба министрлиги койгон. Ошондо алар Нарын жана министрлик менен күнүнө белгиленген убакытта сүйлөшүп турушчу. Ал аппарат болсо эскирип жарабай калган, -дейт аталган райондо узак жыл байланыш тармагын жетектеп иштеп келген Замир Асаналиев мырза.

-Бул маселени бизге эмес «Кыргызтелекомго» айткыла. Биздин күчүбүз жетпейт. Анан жоопту жетекчи берет,-деп мостойду «Кыргызтелеком» ААКнын Нарын филиалынын башкы деректиринин орун басары Жыргалбек Базаров. Акыры филиалдын башкы деректири Карыбек Төлгөевге жолугуп, а кишиден долбоор аркылуу грант алуу жагы жана спутник тарелкалар менен байланыш түзүү жолдору изделип жаткандыгы тууралуу маалымат алдык.

Ошентип биз 8-декабрь күнү Орук-Тамдан Нарынга Кичи Капчыгай өрөөнү аркылуу 85 чакырым жол басып кайтып келдик. Бизден кийин туура бир аптадан соң ал жол жабылды. Эми оруктамдыктар Нарынга качан капчыгай ичинде кар эрип жок болгуча (балким апрелби, майбы же июнбу) Кара-Кужур аркылуу 220 чакырым жол жүрүп катташат.

Орук-Там сандардын тили менен

Кыштактагы Абышка Алсеитов атындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Мырзагүл Асанова берген маалымат боюнча мектепте 31 окуучу окуйт. Же болбосо 5-жана 9-класстарда бештен, 6-7-класстарда төрттөн, 3-класста 3, калган класстарда экиден окуучу бар. 10-11-класстарда окуучулар жок. Аларга 16 мугалим билим тарбия беришет. Мугалимдердин тогузу жогорку, төртөө бүтпөгөн жогорку, үчөө атайын орто билимдүүлөр. Мен мектепке барганымда сыртта 5-класстын окуучулары физкультура сабагын күтүп жатышыптыр. Окуучулар олтуруп алышып, «бузук телефон» ойноп жаткандыктарын бир ооздон билдиришти.

*Жашоочулардын жыйырмасы пенсионерлер

*Кыштакта 1 ЮМЗ, 1 МТЗ-80, 1 ДТ-75 трактор, 1 ГАЗ-53, 1 ЗИЛ-130 жана 8 жеңил унаа бар.

*Кыштактагы 15 орунду жатак мектеп 2 жыл мурда жоюлуп кеткен. Орук-Тамдын айланасындагы малчылардын балдары сабакка ат, эшек жана жөө келип окушат.

*Орук-Тамдан батышы 20, чыгышы 18 чакырым жерге чейин малчылар кышташат.

* Орук-Тамда бир уйу, бир жылкысы жок үй-бүлөлөр да бар. Байлары болсо миңдеген кой-эчкини, жүздөгөн жылкы жана топоздорду айдашат.

* Арактын арзаны 100, тамеки 25, кумшекер 60 сомдон.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
76487

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
61969

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
97790

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
67203

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
69016

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
75219

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
106462

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
180465

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
120719

16-11-2012
«Калкка кеңеш» галстукчандарга эмне деп кайрылат?
78184

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×