Добавить статью
9:22, 28 января 2013 54228

АРИСтин арымдуу кадамдары

«Таза суу» долбоору кандайча АРИСтин карамагына өткөн?

СССР державасы кулап, анын курамындагы Кыргыз Республикасы дагы өз алдынчалыкка ээ болгондон бери көп тармакта көйгөйлөр жаралып келгени жашыруун эмес. Ал көйгөйлөрдүн маанилүүсү – алыскы айыл аймактарындагы таза суу маселеси болуп келет. Советтер союзунун маалында курулган суу түтүктөрү оңдоп-түзөө иштери болбогондуктан жедеп эскирип, агынды суу менен келген кирлер суу түтүктөрүнүн ичин толтуруп, натыйжада көптөгөн айылдар таза суу ичпей калгандарына бир топ жыл болуп калды. Эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы он жылдыгыбыздын аяк ченинен тарта эле массалык маалымат каражаттары алыскы айылдардагы жашоочулардын таза сууга болгон муктаждыктарын чагылдырып келгени менен бийлик тарабынан тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес эле. Бирок, 2002-жылдан тарта Суу-чарба мамлекеттик комитетинин алдындагы айылдык суу чарба департаменти «Таза суу» маселеси менен иш алып бара баштаган. Тактап айтканда «Таза суу» долбоорунун биринчи фазасы башталган. 2009-жылдан тарта айылдык суу чарба департаментинин алдындагы долбоорлорду реализациялоо бөлүмү аталган долбоордун экинчи фазасын ишке киргизген. Бул долбоорду каржылоочу донорлор – Бүткүл дүйнөүк банк менен Азия өнүктүрүү банкы болгон. Ошентип, «Таза суу» долбоорунун экинчи фазасын ишке киргизген мамлекеттик аткаруучу орган – айылдык суу-чарба департаменти сууга өтө муктаж айылдарга таза суу жеткирүү иштерин баштаган. Бир нече айылдарга суу жеткизүү иштерин аяктагандары менен, жарым жыл, бир жылдын тегерегинде эле ал айылдарда кайрадан эле суу маселесинде көйгөйлөр жарала баштаган. Тактап айтканда, долбоорду ишке ашырып жаткан аткаруучу органдын иши жакшы жыйынтык берген эмес. Жасалган иштердин сапаты начар болуп, натыйжада донорлордун бири Азия өнүктүрүү банкы аткаруучу органдын ишине нааразычылыгын билдирип, каржылоо ишин токтоткон. Ошондо бул долбоор үчүн каралган Азия өнүктүрүү банкында бүгүнкү күнгө чейин 20 миллион доллар тоңдурулуп турат. Иштин натыйжалуулугун арттыруу үчүн 2011-жылдын 25-апрелинде бул долбоорду реализациялоо милдети өкмөттүн буйругу менен Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентсвосунун (АРИС) карамагына өткөрүлүп берген. Бирок, аталган Агенттиктин кызматкерлеринин айтуусунда, алар бул долбоорду ишке киргизүүнү 2011-жылдын 21-июнунан тарта колго алышкан.

Арыктан суу ташыбай, үйдүн ичинен суу алабыз

«Таза суу» долбоору АРИСтин карамагына өткөн эки жылга жетпеген убакытта өлкөбүздүн бир нече айыл аймактарында таза суу көйгөйү чечилип, жергиликтүү тургундардын кубанычына чек жок болуп отурат. Үстүбүздөгү жылдын 24-январында башталган эки күндүк пресс-турдун жүрүшүндө Ысык-Көл облусуна караштуу тогуз айыл аймагында болуп, айыл өкмөттөрүнүн жетекчиликтеринин, жергиликтүү тургундардын кубанычтарына ортоктош болуп кайттык. Бүгүнкү күндө АРИС өзүнүн колуна алган бул тогуз айылдын төртөөндө таза сууну айыл ичине киргизүү иштери толугу менен аягына чыккан. Калган бешөөндө дагы негизги жумуштар аягына чыгып, бүгүн-эртең айыл тургундарын кубанычка бөлөгөнү турган экен.

Экинчи фазанын, тактап айтканда, мурунку аткаруучу органдын жасаган иштерин текшерүүгө алганда 26 көйгөйлүү долбоор катталган. Алардын бири Оргочор айылына кошумча акча каражаты бөлүнүп, АРИСтин аракети менен кайрадан жасалган. Оргочор айылдык аймагынын башчысы, ошол эле учурда ичүүчү суу менен калкты камсыздоо айылдык коомунун төрагасы Дайырбек Айтманбетовдун айтымында, мурда айылдын өйдөрөөк жайгашкан аймактарына суунун жетиши көйгөй жаратып келсе, эми АРИСтин жардамы менен суу айылдын бардык аймактарына бирдей жете турган болуп жасалды. Азыркы күндө айыл ичине толугу менен суу бериле элек. Анча-мынча монтаждоо иштери аягына чыккандан кийин жалпы эсепте Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынын 4560 жашоочусу толугу менен суу менен камсыз болмокчу. Ал эми Желе-Дөбө айылынын элине жаңы жылдын алдында, 2012-жылдын 31-декабрында толугу менен таза суу жеткирилген. Бул долбоордун өзгөчөлүгү айыл аймактарына сууну жердин үстүнөн (дарыялардан эмес), жердин астындагы таза суудан алып жеткизгендигинде. Ар бир айылдарда атайын кудук (скважина) казылып, андан насос аркылуу сордурулуп, атайын орнотулган эки суу сактагычта (резервуар) суу топтолот. Ал эки суу сактагычтын бирөөсүндө суу азайса, экинчиси айылга суу бере баштайт. Ал эми азайган суу сактагычка автоматтуу түрдө кудуктан насостун жардамы менен суу тартылып топтоло берет. Бул жерде көп жумушчу күчүнүн деле кереги жок. Бардык иш автоматташтырылгандыгына байланыштуу суу сактагычта суу азайса, насос автоматтуу түрдө ишке кирет, суу толгондо автоматтуу түрдө токтойт. Булардын бардыгын бир гана кызматкер көзөмөлгө алып турат. Суу суу сактагычка барганга чейин хлоротордук станция аркылуу өтөт. Ал жерден суудагы зыяндуу микроэлементтер жок кылынат. Бул боюнча айылдын дарыгери, Фельдшердик-акушердик пунктун (ФАП) жетекчиси Салтанат Суранова да өз оюн билдирди. Буга чейин Желе-Дөбө айылынын жашоочулары сууну арыктардан, коңшу айылдардан ташып келип ичип жүргөндөрүнө байланыштуу, беш жашка чейинки балдарда ичөткөк, сарык өңдүү оорулары көп болчу дейт. Ал эми таза суунун келгенине аз гана убакыт болгондуктан, ал оорулардын саны кескин азая тургандыгын убакыт көрсөтөрүн билдирди. Эки суу сактагычта биригип, 100 куб суу топтолуп турат. Бул суу айыл тургундарына эки күнгө кенен жетет. Сууну топтоо электр энергиясынын күчү менен жасалат. Ошондо айыл элине 100 куб суу эки күнгө жетсе, АРИСтин адистеринин айтымында электр энергиясы үчүн болжол менен айына 650 сом коротулат. Желе-Дөбө айылынын айрым тургундары өз каалоолоруна жараша суну үйлөрүнүн ичине да киргизип алышкан. Мисалы, аталган айылдын тургуну, мугалимдик кесипти аркалаган Кадырбек Сооронбаев суу түтүгүн үйүнүн ичине чейин тартып киргизип, учурда ысык суу жана муздак суу менен камсыз болуп отурат. Бул иштердин бардыгын АРИС өз колуна алып, үй ичине суу киргизип, ысык суу менен да камсыз болууну каалаган тургундардын үйүнө атайын суу жылытуучу «аристондорду» коюп беришкен. Ал үчүн ар бир түтүн 10-15 миң сомдун тегерегинде гана акча төлөшөт. Аны дагы алдын ала эмес, ай сайын бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар.

Желе-Дөбө айыл аймагына караштуу Жети-Өгүз айылында бүгүнкү күндө дагы таза суу маселеси чоң көйгөй экендигин айылдык аймактын башчысы Нурлан Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, Жети-Өгүз айылында союздун маалында курулган, тактап айтканда 47 жыл мурунку суу түтүктөрү жедеп эскирип, иштен чыгып калганына көп болгон. Азыркы күндө айылдын эли сууну арыктан алып ичишет. Ал эми арыктагы суу кээде ылайланып агып, анын кесепетинен айылдын жашоочуларынын денсоолугуна коркунуч алып келүүдө. «Бул айылдагы көйгөй боюнча мен өкмөткө да кайрылгам. Азырынча жооп боло элек. АРИСтин системасына кирип, Жети-Өгүз айылын дагы таза суу менен камсыз кылып алсак жакшы болот эле» дейт айыл аймагынын башчысы. Желе-Дөбө айылынын суу системасын жасап чыгуу долбооруна 22 миллион 801 миң сом бөлүнгөн. Анын 22 миллион 456 миң сому гана бардык ишти аягына чыгарууга жеткенин АРИСтин кызматкерлери билдирди. Ошондо 350 миң сом үнөмдөлгөн экен. Баарынан дагы долбоордо каралбаган кошумча жумуштар дагы ушул эле 22 миллион 456 миң сомдун ичинде жасалган. Маселен, ошол айылдын аймагына тиешелүү төрт көчө оңдолуп-түзөлгөн. «Буга чейин айылыбыздын эки көчөсү 1959-жылы курулган түтүкчө аркылуу сууну Жети-Өгүз дарыясынан алып турчу. Суунун сапаты санитардык-гигеналык нормаларга туура келчү эмес. Азыркы күндө 1400 адамдын үйүндө муздак суу гана эмес, сапаты эң жакшы ысык суу дагы бар. Суунун сапаты мыкты экендигин райондук санитардык-эпидемиологиялык станция аныктаган» дейт «Желе-Дөбө» ичүүчү суу менен калкты камсыз кылуу айылдык коомунун башчысы Каныбек Дыйканов.

Нормадан аз каражат менен кантип сапаттуу ишти жасоого болот?

Пресс-турдун жүрүшүндө тогуз айылдын таза суу долбооруна бөлүнгөн акча каражатынын айрым айылдарында үнөмдүү пайдалангандыгына күбө болдук. Маселен, Желе-Дөбө айылында 350 миң сом, Ырдык айыл аймагынын Балтабай айылында 453 миң сом үнөмдөлгөн. Биздин өлкөдө өнөкөткө айланган маселе – кандай иш башталбасын ага бөлүнгөн акча жетпей кала тургандыгы белгилүү эле. Эмне себептен ушунча акча каражаты артып калууда деген суроого АРИСтин башкы инженери Бекмамат Дөөлөтбаев: «Бардык иш аракеттери өзүнүн нугу менен, пландуу жасалганынан улам акча каражаттары дагы үнөмдүү пайдаланылып жатат. Маселен, көпчүлүк жабдуулар бир жерден алынып, бир убакытта тиешелүү аймака жеткирилет. Ага жараша иш дагы өз нугунан чыкпай, токтоп калбастан жүрүп турат. Ал эми ишти баштоону кечеңдетип отура берүүдөн, айрым жабдуулардын баасы дагы көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан бардык ишти план менен жасоо керек» деп жооп берди.

Ошентип бүгүнкү күндө АРИСтин жардамы менен Ак-Кочкор айылында долбоордун 80 пайызга жакын жумушу аяктап, үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында айылдын жашоочуларын толугу менен суу менен камсыз кылышмакчы. Бул айылда 321 түтүн бар. Долбоорго ылайык, суу түтүктөрү көчөлөргө эмес, ар бир үйдүн короосуна киргизилет. Бүгүнкү күндө айылга бөлүнгөн 26 миллион 789 миң сомдун 18 миллион 200 миңге жакыны жумшалган. Мурда айылдын эли арыктан суу алып келип келсе, эми 136 метр терңдикте казылган кудуктун суусунан ичишет. Балтабай айылы болсо жаңы жылдын алдында таза суу менен толук камсыз болушкан. Азырынча суу түтүктөрү көчөлөрдө жайгашкан. Августь айынын аягына чейин ар бир үйдүн короосуна киргизип берүүнү пландаштырып жатышат. Андан соң көчөлөрдөгү колонкалар жабылат.

Жети-Өгүз айыл аймагына караштуу Чырак айылына дагы жаңы жылдын алдында суу толугу менен киргизилген. Айылда жалпысынан 320 түтүн бар. Аталган айылдын «Чырак Таза суу» ичүүчү суу менен калкты камсыздоо айылдык коомунун жетекчиси Имаш Базарбаевдин айтымында, айыл тургундары суну канча колдонсо ошончо акча төлөшөт. Башкача айтканда, суунун бир тоннасы 10 сом менен өлчөнгөн. Ал эми айрым аймактарда 20 сом менен да өлчөнөт. Баанын мындай ар түрдүүлүгү ошол айылдын элинин санына жараша боло тургандыгын Имаш Базарбаев билдирди. «Биз айылыбызды суу менен үзгүлтүксүз камсыздап турушубуз үчүн айына 18 миң сом чогултушубуз керек. Бул акча коомдо иштеген төрт кызматкердин айлык акысына жана электр энегриясынын акчасын төлөгөнгө жетет» дейт Имаш ага. Аталган айылда дагы каалоолоруна жараша үйдүн ичине чейин ысык жана муздак сууларды киргизип беришкен. Ар бир үйгө аристон коюлган. Ага кеткен бардык чыгымдар долбоордун ичинде камтылган. 26 көйгөйлүү долбоорлордун бири болгон Кереге-Таш айыл аймагынын Ново-Константиновка (Жергез) айылынын жашоочулары дагы таза суу көйгөйүнөн кутулушкан. Мурунку аткаруучу орган тарабынан коюлган колонкалардын 35и иштебей калган. Ага байланыштуу айылдын эли сууну арыктардан алып пайдаланып келишкен. «Кереге-Таш» айыл аймагынын башчысынын орун басары Бакыт Рыскелдиевдин айтымында, аларга караштуу беш айылдын бирөөндө гана таза суу көйгөйү чечиле элек. Ал – Пионер айылы. Баарынан таңкалычтуусу, бул айылдын тарыхында айыл ичине суу түтүктөрү кирген мезгил болбоптурс. Калган Сары-Камыш, Жергез, Кереге-Таш, Кайырма-Арык айылдарында суу түтүктөрү бар. АРИСтин жардамы менен таза сууга ээ болгон айылдарда ысык суу дагы, муздак суу дагы үйлөрдүн ичинде агып турат. Ысык-Көл районунун Кашат айылында да аталган долбоор өз ишин жасап келет. Азырынча долбоор аягына чыга элек. Темир айылына болсо суу жакындан бери берилле баштаган. Корумду айылынын жашоочулары дагы жакындан бери таза суу менен тиричиликтерин өткөрө баштаган.

АРИС өткөргөн «Таза суу» боюнча тендердик долбоордун өзөгөчөлүктөрү

Эң биринчи эле суу түтүктөрүнүн, жабдыктарынын сапаттары өтө жогору сапатта экендигин баса белгилей кетүүбүз керек. Бардык жабдыктарга үч жылга чейинки кепилдик берилет. Бардык иштер жасалып бүткөндөн кийин дагы аны аткарган куруучу компаниялар тарабынан иштин сапатына бир жыл кепилдик каралган. Суу түтүктөрү (труба) мурункудай темирден эмес, полиэтиленден жасалган. Ошондо темир түтүктөрдүн иштөө мөнөтү 20-30 жыл болсо, полиэтилен түтүктөрүнүн иштөө мөөнөтү 50 жылдан 70 жылга чейин созулат. Суу жер үстүнөн эмес, жердин алдынан алынат. Суу бардык зыяндуу элементтер тазалангандан кийин гана пайдаланууга жөнөтүлөт. Суу акысы керектөөчүлөрдүн керектөөсүнө жараша төлөнөт. Ар бир үйгө өзүнчө эсептегичтер коюлган.

Бактылуу балалык үчүн курулган балдар бакчасы

АРИСтин «КДКИ-2» долбоорунун негизинде Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында заманбап балдар бакчасы жаңы гана курулуп бүткөн. Балдар бакчасы 100 балага ылайык курулган. Ысык-Көл райондук кеңешинин депутаты Гүлнара Мамбеталиеванын айтымында аталган айылда балдар бакчасы союз ыдырап кеткенден бери иштебей келген. Ал эми имаратынын абалы жыл өткөн сайын начарлап отуруп, кандайдыр бир жолдор менен менчиктештирилип кеткен экен. Бирок, жеригилктүү бийликтин өкүлдөрү, райондук кеңештин депутаттарынын кийлигишүүсү менен кайрадан мамлекетке өткөрүлүп берилген. Жаңы балдар бакчасын куру долбооруна жалпысынан 23 миллион сом каралган. Анын 3,75 пайызын айыл өкмөтү көтөргөн. 2012-жылдын июнь айында башталган курулуш иштери Жаңы-Жылдын алдында аяктап, айыл тургундарын кубанычка бөлөр тургандагы кези. Жаңы курулган имараттын дубалдары, шыбы (потолок) жана полу дагы жылууланган. Айнек-терезелери пластиктен. Андыктан сырттан эч кандай суук ичке кирбейт, ичтен эч кандай жылуулук сыртка чыкпайт. Ал эми бөлмөлөрдүн ичиндеги абанын тазалыгын камсыз кылып туруучу атайын аба вентиляциясы бар. Балдарга тамак-аш жасоочу ашкана дагы заманбап сапат менен салынган. Кир жуучу жайы дагы өзүнчө салынган. Алардан тышкары мөмө –жемиштерди бузулуудан сактап туруучу атайын бөлмө дагы бар. «Биздин айылда жалпысынан 370 түтүн бар. Балдар бакчасына кезекте тургандардын саны 350гө жетет. Тилекке каршы бул жаңы балдар бакчасы 100 гана бала үчүн ылайыкташкан. Ошондуктан биз биринчи кезекте өтө муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарын кабыл алабыз. Азыркы күндө балдар бакчасына 4 тарбиячы, 4 бала багуучу (нянька) жана бир жетекчи алууну пландаштырып жатабыз. Бардыгы конкурстук негизге кызматка алынат» дейт Айыл аймагынын башчысы Д. Иманалиев.

Соңку сөз

Таза суу маселесин колго алган АРИС эки жылга жетпеген убакытта бир нече айылдарды таза суу менен камсыз кылууга жетишти. Бирок, дагы деле айылдык аймактардын 60 пайызы таза сууга өтө муктаж. Андыктан аталган Агенттиктин ишине ийгилик каалап, бүтүндөй өлкөбүздү таза суу маселесинен арылтса экен деп туралы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×