Добавить статью
5:46, 1 февраля 2013 100651

А.Бекназаровго жооп

Автор: К.Сапаров

Революциянын «бульдозеру» Азимбек Бекназаровго жооп

2005-жылдагы март ыңкылабы, 2010-жылдагы апрель революциясынын «бульдозеру» атыккан Азимбек Анаркулович Бекназаров «Алиби» гезитинин 25-январда чыккан санында президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу катын жолдоптур. Биз ал катка унчукпайт элек, бирок, анда биздин гезит да аталгандыгына байланыштуу пикирибизди билдирип коюуну эп көрдүк.

Азике «чү» дегенде эле: «Урматтуу президент! Акыркы үч жуманын ичинде мага каршы абдан даярдалган, этаптуу маалымат согушу жарыяланды. Экинчи этапта «Айбат» гезити аркылуу баягы эле Акаев, Бакиев доорунан бери көргөзүлүп келген сен билген үйүмдү, коңшулардын үйүнүн эшигинде турган машиналарды кошо тартып «Бекназаровдуку» кылышты» деп мунун «заказчиги» катары Атамбаевди атаптыр.

Жообубузду баштаардан мурда бир маанилүү жагдайды такташтырып алсак. Азимбек Анаркуловичтин баш айланткан байлыгынын бир бучкагын сүрөттөрү менен кошо жарыялаганыбыз чын. Эгер аны жалган десе, «Алибиге» арызданып барбай, бизге келсе анын үнүн угуп, аргументи болсо гезитибизге жарыялап бермекбиз. Буга мыйзам деле жол берет. Бул биринчиси.

Экинчиден, биз ал макаланы асмандан алып баскан жокпуз. өткөн жыл соңунда «Кыргызстан патриоттор» кыймылынын төрагасы, өзүн жаңы муундагы оппозиционер санаган Назарбек Нышанов профсоюздар уюмунун кеңсесинде жеке эле А.Бекназаровдун эмес, Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев, өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров сыяктуу оппозиционерлердин үй-мүлкүн сүрөтү менен коомчулукка сунуштаган. Биз ошол Нышановдун маалыматына таянып, ысымы аталган лөктөрдүн байлыгын четинен сүрөтү менен кошо жарыялап келатабыз. Ошон үчүн, күнөөнүү бизден издебестен, эгер караандай жалган десе Назарбек Нышановду сотко бербейби? өзүнүн актыгын «Алиби» аркылуу эмес, сот аркылуу далилдесе куп жарашмак.

Ушул жерден бир кыстырма, урматтуу Азимбек Анаркулович, уулуңуз Руслан Бекназаров апрель революциясынан кийин «Lexus GХ 470» үлгүсүндөгү, Е3005С мамлекеттик номурлуу унааны минип жүргөнүн элдин баары көргөн. «Бекназаровдун уулу экинчи Максимдин жолоюна түштү» деп гезиттер чуулдата баштагандан кийин гана В7498АЕ номурлуу Тойота машинесин мине баштаганын танасызбы? Же сиз айткандай, Руслан «коңшулардын үйүнүн эшигинде токтоп турган» машинелерди айдап жүрдү беле? Актангандын да чеги болушу керек го акыры…

«үчүнчү этапта «Фабула», «Агым» ж.б.лар Бекназаровдун «Швейцарияда үйү бар», «Нур-Суфра» кафе Бекназаровдуку, Ата түрк паркында 2 участогу ж.б.у.с. баягы эле эски жомокторду «ырдаптыр» дептирсиз. Эгер эсиңизден чыкса «Нур-Суфра» кафеси, Ата түрк сейилбагындагы эки участогуңуз боюнча Назарбек Нышанов айтканын дагы бир жолу кайталап коелу. Ал эми сиз айткандай Швейцариядагы эмес, «Бекназаровдун Швецияда үйү бар» деген маалымат сиздин жердешиңиз, экс-«ак жолчу» депутат Бегалы Наргозуевге караштуу Kyrgyztoday.kg сайтына чыккан. Аталган сайт бул маалыматты: “2010-жылы Азимбек Бекназаров Швециянын Стокгольм шаарынан 1 миллион 200 миң еврого 5 комнаталуу квартира сатып алган. Дареги Остермальм көчөсү, 127 В, кв. 45 Е. Бул үйдө учурда Бекназаровдун кичүү уулу жашайт” деп сүрөтү менен кошо бекемдеп жар салган. Бегалы Молдогозуевич силер менен чогуу оппозицияда жүргөндөй болгон. Ошон үчүн, “Швециядагы үйдүн” таржымалын жана бул маалыматтын “заказчиги” ким экенин Бегалы мырзадан сурап алсаңыз жетиштүү болор. Ошон үчүн, бизди Атамбаевдин “курама кулаалы” атаганыңыз чындыкка таптакыр жакындабасын эсиңизге салалы.

Мынча болду сиздин президентке жолдогон катыңызда жана бизге сүйкөнүп өткөн “кинелериңизге” кенен токтололу. “Элдик Кайрат” аталыштагы коомдук бирикменин өкүлдөрү маалымат жыйынында апрель революциясынан кийин Ак үйдөн табылган 16 млн. сомду “бажарып” койгонуңузду айтып чыгышты. Эртеңки күнү: “Жалган эле, жалган” деп жер сабабашыңыз үчүн “Элдик Кайраттын” мүчөсү Медетбек Мамбеткуловдун маалымат жыйынында айткан сөзүн эч өзгөртүүсүз сунуштайлы. “2010-жылдын 7-апрель окуясында биз дагы Ак үйдүнталанып-тонолуп кетишине каршы туруп, бир топ аракеттерди жасаганбыз. Ак үйдүн ичиндеги өрттөрдү өчүрүп, мародерлордун каалга-терезелерди сындыруусуна, мүлктөрдү тоноосуна жол берген эмеспиз. Ошол күнү биз Ак үйдүн биринчи кабатындагы сейфинен өтө чоң суммадагы акча каражатын таап, аны бир күн кечке кайтарганбыз. Адегенде финансы министрлигинен жана улуттук банктан өкүлдөр келгенде, ишеним артпай бербей койгон элек. Анан алар ошол учурдагы Башкы прокурор Азимбек Бекназаровду ээрчитип келишкен. Андан соң Финансы министрлигинен, Улуттук банктан, Убактылуу өкмөттүн атынан Азимбек Бекназаров, шаардык прокуратурадан жана биздин бирикменин өкүлдөрү бириккен атайын комиссия түзүлүп, акчалар эсептелип, Азимбек Бекназаровдун «16 миллион сомду алдым» деген түшүнүк каты менен берилген болчу. Акча каражатынын 11 миллиону кыргыз сому менен, калгандары чет элдик валюталар менен эле. Бүгүнкү күндө биз ошол акчалардын кайда кеткенин билгибиз келет. Себеби, башка коомдук бирикмелер: «Силер ошол 16 миллион сомду бөлүп алгансыңар» деп айыптап келишет. Биз менен сүйлөшкүлөрү дагы келбей калды» дейт ал.

16 млн. сомдун таржымалына байланыштуу: “Ооба, акчалар 2010-жылдын 10-апрелинде табылган. Ошко 5 млн., Жалал-Абадка 5 млн. сом, бардыгы 10 млн. сомду убактылуу өкмөттүн 13-апрелдеги чечими менен Балбак Түлөбаев деген адам мага берген” деп Азике мойнуна алгансыйт. Кайра эле: “Ал эмне деген акча, кайдан таптыңар, менин ишим бар эле? Ошко бериле турган 5 млн. сомду кетерде генерал Исаковго расписка менен, 5 млн. сомду Жалал-Абадка жардамчым С.Четимбаевге берип кеттим” деп теңирден тескери сүйлөптүр. Азимбек мырзанын генерал Исмаил Исаковго расписка менен 5 млн. сомду калтырып кеткенине ишенели десек, ошол эле “Алибиде” Исаков эмес, К.Айтенов аттуу жарандын 5 млн. сомду алганы тууралуу жазган “распискеси” сүрөтү менен басылыптыр. Бекназаровдун кеби ушул жерден эки ача чыгып аткан жокпу?

Анын үстүнө, 29-январда «Элдик Кайраттын» өкүлү Улан Соодонбеков маалымат жыйынын өткөрүп, Бекназаровдун кезектеги калпын ашкереледи. Ал Азимбек мырзанын 10 млн. сомду Ош менен Жалал-Абадка эмес, туугандарына жана жакындарына таркатып бергенин тастыктоочу документтер бар экенин жар салды. «Бекназаров 10 млн. сомду жакындарына, туугандарына таркатып жиберген. Мисалы, жакын тууганы Кадыркул өмүрбеков, адвокаты Сартбай Жайчыбеков жана Исраил Шергазиевге 2 млн. 300 миң сом, Жакын тууганы, Каракөл шаарынын экс-мэри Жолдошбек Алиевге 200 миң сом, досу Самидин Белековго 500 миң сом, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асановго 1 млн. сом, уулу Руслан Бекназаровдун досу Эрмат Төрөмаматовго 1 млн. сом, Исмаил Исаковдун досу Канат Айтеновго 5 млн. сом берген. Мунун баарын кошкондо 10 млн. сом чыгат. Бирок, калган акчалар кайда житкени түшүнүксүз?» деген суроону Соодонбеков кабыргасынан коет.

Албетте, Улан Соодонбековдун, дегеле “Элдик Кайраттын” 16 млн. сомго байланыштуу койгон кинесине биз эмес, тийиштүү органдар баасын берет. Бул маселени башкы прокуратура иликтөөгө алды. Ошондо Бекназаровдун канчалык “апакай” экенине күбө болобуз го...

“Алибидеги” катыңызда банктан алынган 1 млн. доллар тууралуу да кеп козгоптурсуз. Ырас, бул боюнча кезинде маалымат бергенсиз, кимге канча акча таркатканыңызды да айткансыз. Мисалы, Жалал-Абаддын ошол кездеги губернатору Бектур Асанов “Азаттык” радиосуна курган маегинде: «Тополоң күчөп жатканда, 13-май болуш керек эле, ошол убакта курс ушундай болчу, бизге 4 миллион 5 миң сом алып келген (А. Бекназаров). Ошол убакта бизде башка каражат жок эле. Кошумча элдик кошуун, сырттан келген милиция кызматкерлеринин жата турган жерлери, күйүүчү май деген сыяктуу тармактарга берилген. Биз пайдаланган каражаттар тууралуу так, ар бир сомуна чейин отчет бергенбиз» деп сизден 100 миң доллар алганын тастыктаганы менен, Четимбаев аркылуу “берип” жиберген 5 млн. сом тууралуу ооз ачкан эмес.

Кайрылуу катыңызда 1 млн. доллар Бакиевчилердин май айындагы контрчабуулуна каршы жумшалганын, андан башка сокур тыйын да бөлүнбөгөнүн баса белгилепсиз. Бирок, убактылуу өкмөттүн мүчөсү өмүрбек Текебаев 20 миң долларды июнь коогалаңынан кийин Жалал-Абадка жеткирип бергенине не дейсиз?

Сиздин образыңызды: “Алгач сүйлөп алат, анан гана ойлонот” деп сүрөттөсө ишенбейт элек, бирок, “Алибидеги” “шедевриңизден” кийин мындай аныктамага ишенип калдык

Ушул жерден макалабызды токтотолу. Биз Азикеге окшоп майдаланбай, олуттууларына гана токтолдук. Эгер буга да “моюн толгогусу” келсе, анда жаш балача “Алибиге” арызданбай, бизге келсе эшигибиз дайым ачык. Бизди жөн жерден каралагандын ордуна конкреттүү аргументтерин ортого жайса “аный” дебейбиз. Биз да анын дарегине айтылган “укмуштардын” чын-бышыгына жеткенге кызыкдарбыз. Балким, буга жогоруда белгилегендей, башкы прокуратура чекит коер...

Урматым менен

“Айбат” гезитинин башкы редактору Каныбек САПАРОВ

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-01-2013
К.Сапаров: Бабырбек агабыз көрүнгөн кесиптешине асылганын токтотуп, «эси барда этегин жапканы» оң

 

103333

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×