Добавить статью
6:06, 14 февраля 2013 50117

Кадр тандоодогу калпыстыктар, же адамдар кылган кызматы менен бааланса

Жакында теледен залкар комузчу өлбөс, өчпөс күүлөрдү жараткан Кара Молдо Орозовдун 130 жылдык маарекесин көрүп калдым (кайталоо болсо керек). Жакшы уюштурушуптур. Көлдүн жээги, катышуучулардын көптүгү күндүн ысыгынан тоскон, же жаан жаап жиберсе калкалана турган чатырча ж.б. ыңгайлуу шаттар көрүлүптүр. Бирок сөз алып сүйлөгөн атка минерлердин экөөсүнөн бөлөгүнүн айткан-дегендери, сүйлөө маданияты, манералары, жугумдуулугу Кара Молдо Орозовдун күүлөрүнө окшоп, көңүлүңдү дароо сергитип, “Баракелде” дедирбей т.а. бутага тийбей кайпып жатты.

Ыйгарым өкүл Асанакунов мырза жалаң көлдөн чыккан чыгармачыл адамдарды санап жатып алды. Кара Молдо Орозов өзү көлдүк, Корумду айылынан болгону менен чыгарган күүлөрү жалпы кыргыз эли үчүн бирдей да. Ал эми борборго келип, ал чүйлүк болобу, таластык болобу, оштук болобу ырчы-чоорчу, комузчулар менен чогу иштешип,кыргыз маданиятын көтөрүүдө биргелешип иш жүргүзүшкөн. Демек, чыгармачыл адамдарды санап келгенде өрөөн-өрөөнгө бөлбөй чогу айткан жакшы болот да.

Ал эми Мамытов Токон Жогорку Кеңештин атынан куттуктап жатам деп, көкүрөгүн дөңгөлөктөй кылбай, себеби, спикер же анын орун басары болбогондон кийин, Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен Сиздерди куттуктап жатам десе, жөнөкөйлүгү бар экендигинен кабар бермек.

Премьер-министрдин социалдык, маданий агартуу иштери боюнча орун басары К.Талиева айым сөз сүйлөдү. Ал айым мындай иш чаралардан көп көрүнбөй анын ордуна өзүнүн тагылган иши болсо да (экономика маселелери) Т.Сарпашев мырза той-топурларга, мааракелерге, эстелик ачылган жерлерге барып, жада калса ал Кара-Суу шаарындагы даараткананын полу түшүп кеткенде ал жерде болуп, “изилдөө” иштерин жүргүзүп жүргөнүн теледен көргөм. Таирбек Сарпашевди студент кезинен тааныйм. “Учкун” концеринде иштеп турганда ал студент болчу. Жаштыгына карабай ошондо эле эл үчүн кызмат кылып, бир ишти чечип берүүну суранып келген активдүү балдардан көрүнгөн ошондо.

Бирок илгери А.Акаевдин эл менен иштөө үчүн кадрларды тандоодо, тарбиялоодо минтип айтканын укканым бар, Баланчаевди жаш болсо да бир районго акимдикке дайындап, аны тарбиялап жатабыз дегенин. Өзүңүздөр калыс болгулачы, 40-50 миңге жакын жашаган калкы бар районго тарбиячыны жибериш керек беле, же жогоруда А.Акаевдин айтканындай жасаш керек беле?

Менин оюмча Т.Сарпашев мырзаны кызмат боюнча чоңойткулары келишсе, райондон баштап, анан облуска, же бир тармакта иштетип барып анан министрлер кабинетинин башчысынын орун басарлыгына алып барганда, Тайырбек мырзанын өзү үчүн деле жеңил болмок.

Министрлердин арасынан К.Султанов да жогоруда айтылгандай жолду басып өткөн эмес. Ошондуктан бул министрликте иштин өзөгүн түзгөн маселелер чечилбей, күндөлүк майда барат жумуштарга убакыттарын кетирип жаткандай сезилет.

К.Талиева айым той-пойлорго көп аралашпай, өзүнө тагылган т.а. медицина, билим берүү, илим, социалдык ж.б. тармактардын иштеринин майын чыгарып атпасын деген ой кылт этет экен. Бирок андай аракеттер деле сезилбейт. Анткени сөөм болсо да ал тармактардагы жумуштардын алга жылуу кадамынан байкалмак. К.Талиева айым бөлүмдөрү менен жогоруда айтылган тармактардын күңгөй –тескейин жакшылап изилдеп, талдап анан барып министрлер кабинетинин отурумунун талкуусуна койгонун укпаптырбыз. Эгерде массалык-маалымат каражаттары ооздоруна талкан куюп алышып унчукпай койгон күндө да, аты аталган ар кандай министрликтердин, уюмдардын күндөлүк иш алып баруусунун жакшы жолго коюлуп баратканынан байкалып калмак.

Жогоруда эстелик ачылган жерлерге Т.Сарпашев мырзанын барып жүргөнүнөн кеп салдык эле. Кеп азыр башкада. Чоңдор ушул маселеге көп маани бербей келе жатат деген ойдомун. Эстелик атагы таш жарган, эл арасында кадыр баркы өткөн, эл-жерге эмгеги сиңген адамдарга тургузулушу аксиомага айланышы керек эле. А бизде андай болбой жатат десем болот. Жакында 1937-38-жылдары Кыргызстанда ЦК КП(Б)нын 1-секретары болуп, сегиз ай эле иштеген М.К.Аммосовго эстелик коюлду. Ушул эстелик эле шаарга жетпей турду беле? Буга карата жанагы эки баатырыбыздын колдоруна саат тагынгандыктарында кандай сыр жатат? Түшүнбөдүм? Бул айкелдин туура эмес орноп калышынын себептери боюнча мэрия, же министрлер кабинети үн чыгарар. Эстеликтин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө М.К.Аммосовдун кызы: “Атам кыргыздарга уйгур, кыргыз алфавиттерин киргизген жана төрт самолёт алып келген деди.

Илгери мындай маселелер, жана окуу жайларынын, театрлардын имараттарын куруу иши планга киргизилип, ар бир республикада такталып, Москвада бекип, ага карата акча бөлүнүп, анан барып бүтүрүү жагы катуу көзөмөлгө алынган.

Өткөн бир учурдагы совминдин төрагасы болгон А.Сүйөркуловдун 100 жылдык мааракеси жакын арада жакшы уюшкандык менен өттү. Буга талаш жок. Бирок Ош-Бишкек жолунун салынышын ж.б. борбордогу көрүнүктүү маданий очоктордун, илим, билим берүү жайларынын ачылышын Сүйөркуловго энчилеп коюшту.

Дагы кайталайм, өткөн заманда эмне салынат, эмне ачылат, ишке киргизилет, алар тууралуу мындайча айтканда ала жазда изилденип беш жылдык планга киргизилип, анан барып бүтүрүү жагы кыймылга келчү. Ал кезде бардык жасала турган иштерди, демилгени партия бир топ баскычы менен көзөмөлгө алып турган. Алардын колдоосунан кийин гана иш башталган. Ошол себептен “ала кушту” атынан чакырганыбыз туура го дейм.

Жакында мурдагы советтик, партиялык кызматкер, эски (БУ) депутат, дипломат Качкеев Рыспектин мемуарын кокусунан окуп калдым. Бул экинчи китеби. Биринчиси “Арбактар сүйлөйт” деген ат менен чыккан. Рыспек Омоевич дагы чыгармасында “мен депутат болгондо, мен дипломат болгондо, мен муну, тигини бүтүргөм” деп эле, төшүн кага бериптир. Депутат, дипломат маселелерди чечиш үчүн өзүндө бийлик, каражат болбогондон кийин тиешелүү жерлерге кайрылат да. Оңтою келгенде ал маселе чечилип калышы мүмкүн, тармактардагы адистердин катышуусу менен. Ошондуктан мен эле, мен дей бербей, лексиконунда биз деген сөздү да ала жүргөнү жакшы го деп ойлойм. Анын үстүнө депутат, дипломат айлыкка иштейт да. Р. Качкеев экинчи китебине элдин элегинен өтпөгөн “Арбактар сүйлөйт” китебинен бир топ материалдарды киргизип коюптур. Биринчи китебин жазууда Р.Качкеевдин бир гана ой тилеги болгон. Китебинен көп акча түшүрүп Чолпон Ата олуянын коюлган жери деп Чоң-Сары-Ойго, көлгө эс алуу жайын салуу, пайдалануу. Азыркы депутат Ж.Жолдошеванын көлгө Курманжан датканын атын сатып, Чоң-Сары-Ой айылынан жер алып, соода түйүнүн куруу Р.Качкеевдин ойлогон оюна дал келип жатканын карачы, капырай!

Азыркы учурда кээ бир атка минерлер: мен ойлойм кадрлар бардыгын чечет деп айтып калышчу болду.Бул таамай айтылган ойго ар кимдин автор болушуна кенедей да акылары жок. Мунун ээси бир гана адам болгон ал -И.В.Сталин. Керек учурда ушул адамдын айтканындай деп барып, анан кепти уласак туура болот.

Эми айта турган ойду аяктап баратканда эң негизги айтарым Президент А.Атамбаев кыргыз мамлекетинин мындан ары өнүгүшүнүн жолдорун чечүүнү элдин талкуусуна алып чыкты. Бул жакшы жышаан. Бир жыл унчукпай койгонунан кабатыр боло баштадык эле. Эми бул иштерди турмушка ашырууда негизги ачкыч баягы эле кадрлар болмокчу.

Премьер-министрдин тегерегиндеги кадрлардын анча-мынчасын айтып өттүк. Ал эми президентти курчап тургандардан Фарид Ниязовду айтсам ал бир кезде “Акыл” концернин башкарган. “Комсомольская правда” ж.б. маалымат кызматтарында иштеген. Асмандап кетпеген жөнөкөй адам. Элдин татар улутунан экен дегени туура эмес. Кадимки эле телерадионунун атактуу диктору болгон Аблезим Ниязовдун баласы. Шамиль Атахановду да бөлөк улуттан дешет. Жок андай деш туура болбойт. Атасы көп жылдар бою Ички иштер министринин орун басары болуп иштеген, Майлуу-Суу тараптан, уруусу - жедигер. Илгери кинодо иштеп жүргөндө ыраматылык Төлөмүш Океев тамашага чалып айтып калар эле: “Кыргыз менен татардын ортосунан төрөлгөн балдар акылдуу болот. Ал эми орус менен кыргыздан чыккан балдар алкаш болуп калышат”. Кандай болгондо да алыс кандан жаралган балдар “Курама темир курч болот” деп айтмакчы тың чыгышат. Ошол себептен кыргыздар ортодон беш ата өткөндөн кийин ганга кыз берип, бала үйлөнтүшкөн.

Президенттин кадр тандоодогу азыркы кадамдары туура жолдо баратат деп ойлойм. Буга бир мисал Э.Ибраимованы Эсеп-палатасына алып барганы эң туура болду. Мындай таза кызмат өтөгөндөрдү күндүз чырак менен да издеп таба албайсың. Бир гана түшүнүксүз жагдай билим десе, билими бар, тажырыйба десе анысы да жетиштүү, тапшырылган иштерине чыгармачылык менен караган Дүйшөбаев Кенештин ишке тартылбай жаткандыгы.

Жыйынтыктап айтканда Президент коюп жаткан тапшырмаларды чечүүдө дагы эле айтам негизги ролду кадрлар ойнойт. Ошондуктан аткаруу иштерине дайыма эле кайсы бир партиянын катарынан эмес, нравалуу, моралдык жактан таза, элдин иши дегенде ичкен ашын таштаган кадрлар аз-аздан болсо да жегич-ичкич, мамлекеттин чөнтөгүн өзүнүкү менен алмаштырып алгандарды чекесинен сүрүп чыгарат деген ой менен макаламды бүтүрөмүн.

Сайдин Исаков

КР эмгек сиңирген ишмер

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-04-2013
Бүгүнкү жыргал үчүн эртеңкини курмандыкка чалбайлы
70113

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×