Добавить статью
10:44, 15 февраля 2013 58007

Мамлекеттик тил -Кыргызстандын келечеги болууга тийиш

Ата Журттун эне тили,

Аралашсын турмушка.

Желбиреген желегиндей,

Жетсин колу жылдызга.

Эсенгул Ибраев

«Эртең тилим жоголоору чын болсо, анда жакшы бүгүн өлүп калганым”- деген керемет ыр саптарын Авар акыны Расул Гамзатов аткандай ар бир улуттун тили алардын түпкүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн сактоочу негизги курал. Тил жоголсо, улут бирге жок болоору анык.

Ааламдагы глобалдашуунун арышы арткан сайын дүйнөдөгү майда тилдер жок боло баштаганы маалым. Мындай жоголуу коркунучунда турган тилди асырап калуу, сактап калуу максатында ЮНЕСКО Эл аралык уюму 1999-жылы 21-февралды эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгилеген. Ал күн ушул күнгө чейин өз деңгээлинде белгиленип келе жатат. ЮНЕСКО уюмунун иликтөөсүнө караганда дүйнөдө 6 миң 500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен. Ал тилдердин арасында кыргыз тили да майда тилдерге кирип, жоголуу коркунучу жаралган. Ар бир эл өз тагдырына өзү ээ, өзү жаратат. Чындыгында эне тилибизге узак жылдар бою жакшы мамиле болбой келгени баарыбызга маалым. Союз таркаганда биз сыяктуу 15 республика өз алдынчалуулукка, мамлекеттүүлүккө жеткен. Ошону менен бирге өнүгүп-өсүштү. Болгондо да өз мамлекетинде улуттук тилин толук колдонуу менен жетишишти. А биз бир топ жылдан бери тагыраак атканда 1989-жылы мамлекеттик тил мыйзамын кабылдаган 24 жылдан бери бөлөк (орус) тилди жандап, өз тилибизди өгөйлөп, мамлекетибизде толук колдонбогонубуз өкүндүрүп келет. Улуттук тилибиздин бүгүнкүсүнө, келечегине жооп беребиз. Эң негизгиси эгемендүү мамлекеттин өсүп-өнүгүүсү анда жашаган калктын сабатына, кайратына көз каранды. Кыргызстандын 72% калкы мамлекеттик тилде сүйлөөрү такталган маалымат. Анда эмне үчүн биз мамлекетте толук түрдө иш кагаздарды кыргыз тилинде жүргүзүүдө кыйынчылык жаралып келет? Кептин баары «киргиздерибизде». Киргиздердин көпчүлүгү чоң кызматтарда олтуруп алып, улуттук намыстарын колго алалбагандыгында болууда. Анысы аз келгенсип, «киргиздердин» оюнда кыргыз тилинде сүйлөгөн адамдар артта калгандык, башка тилде сүйлөгөндөрдү жетишкендик катары кабыл алып калышкан. Бул чоң адашкандык.

Биздин кайдыгерлигибизди, айкөлдүгүбүздү Кыргызстанда жашаган башка этностор өз кызыкчылыктарына пайдаланууда. Ансыз да биздин мамлекетте башка тилдерге болгон бир да кысым жок. Баарыбызга белгилүү өзбек, тажик, орус тилдүү мектептер, бала бакчалар бар жана аталган улуттардын тилинде окуу куралдары да камсыздалган. Макул бул улуттар Кыргызстанда өз улутунун тилин, нарк-насилин унутпай уланта берсин, бирок Кыргызстан мамлекетинде жашап жаткандан кийин кыргыз тилин кадырлоону негизги милдети катары билүүсү шарт эле.

Канткен күндө да эне тилибизге жаңыча мамиле кылуу милдетин сезип, качан гана кыргыз тилине мамлекеттик статус берүү жөнүндө атайын Мыйзам кабыл алынышы менен кыргыз тили турмуштун баардык чөйрөлөрүндө колдонуу, кенен пайдалануу, тилди мыйзам алкагында коргоо, атайын майрамдык белгилөөлөр өз натыйжаларын бере баштады. Бир убакта мамлекеттеги көрнөк жарнактар расмий тилде жазылып, мекемелерде иш кагаздар толугу менен расмий тилде жүргүзүлсө, учурда КРнын Президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын аткарган иштери натыйжа берип, жогорудагы эки маселе чечилип бардык мекемелердин иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүп келет. Бул ишке мактануу менен токтолбой, тилди өнүктүрүүнүн, толук кандуу колдонуунун артында талыкпаган зор эмгектерди аткаруу алдыбыздагы ири максаттарыбыз.

Биз руханий маданиятыбызды өстүрөбүз, кыргыз тилин колдонуу чөйрөсүн кеңейтебиз, тилибизди өнүктүрөбүз деп жатабыз, баарын башынан демекчи алгач бала бакчалардан улуттук тилге басым жасоону өстүрүү зарыл. Кийин билим берүү мектептеринде аны жогорку деңгээлде улантуу, жогорку жана орто окуу жайларда окутууну да кыргыз тилинде жүргүзүүнү ишке ашыруу талап. Ошону менен бирге коомчулукту калыптандыруу үчүн биринчилерден болуп телерадио берүүлөр, гезит-журналдар бардыгы кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керек. Кыргыз тилиндеги окуу китептеринин мазмунуна карап көбөйтүп, котормо иштерин тереңдетүү абзел.

Кыргыз элинин бир эле ата журту бар. Ал улуттук тили бар алакандай Кыргызстаныбыз. Ушул мамлекетте өз тилибизди өстүрө турган да, өлтүрө турган да өзүбүз болгондон кийин, өз тилибизге өзгөчө мамиле кылышыбыз керек. Улуттук тилибизге кайдыгерчилик менен карап отура берсек, жоголуу коркунучундагы тилдердин катарында жата беребиз. Эч убакта тил жалгыз өлбөйт, улутту кошо ала кетет. Ушуну унутпашыбыз зарыл. Тилдин беделин көтөрүү, коргоо, даңазалоо, колдонуу ар бир атуулдун, жалпы коомчулуктун милдети.

«Кыргыз тили кыйыр жолду баскан тил, зор тарыхты өз ичине каткан тил», демекчи улутубуздун карт тарыхы, кайталангыс наркы, салты, санжырасы, тектүүлүгү, рух дүйнөсү, чалкыган маданияты так ушул улуттук тилибиз менен сакталып, даңазаланып жатпайбы. Касиеттүү кыргыз тилибиздин көрөңгөсү, уюткусу болуп кыргыз эли жашап турганда тилибиз эч качан жоголбосун. Дүйнөлүк тилдер менен тең талаша өнүгүп, келечек урпактарына да кызмат кылсын.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×