Добавить статью
4:03, 5 марта 2013 46086

Мыйзамды сыйлабагандар, кызматтарын кантип сыйлайт?

Кыргыз өлкөсүндө Негизги Баш мыйзам же болбосо Конституция кабыл алынып, иштеп жатат. Ага ылайык бийлик бутактары жана алардын иш-милдеттери, ыйгарым укуктары бөлүштүрүлгөн. Айтор президент кандай иштейт, Жогорку Кеңеш эмне кылат, сот бийлиги жана аткаруучу орган, өкмөт неге жоопкер деген мыйзам беренелеринин негизинде соңку үч жылга жакын убакыттан бери Ала Тоо аймагы парламенттик-президенттик башкарууда ат тизгинин силкип келе жатат. Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу алкагында кээ бир мыйзамсыздыктар орун алып, олуттуу катачылыктар кетирилип жаткандыгы боюнча Нарын облустук юстиция башкармалыгынын башкаруучусу облустук деңгээлде өткөрүлгөн жыйында маалымдалды. Көрсө, жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү салыктар, ар кандай тарифтер, коммуналдык төлөмдөр, чектөөлөр, жерди ижарага берүү же сатуу жана башка жергиликтүү маселелер боюнча бардык кабыл алган токтомдору, жер-жерлерде ЖМКларга жарыяланып, облусдардагы юстиция башкармалыктарына тапшырылып, Юстиция министрлиги жүргүзгөн мамлекеттик реестрге киргизилгенден кийин гана юридикалык жактан күчкө ээ болот экен. Ошондой эле, шаар-райондук, облустук деңгээлдеги мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик юридикалык жактар, юстиция башкармалыгынан мыйзамдын талабы боюнча мамлекеттик каттоодон жана кайра каттоодон өтүп туруулары талап кылынат. Нарын дубаны боюнча кеп кылганда, Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн Нарын облустагы атайын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты, бир канча айыл өкмөттөрү жана жергиликтүү кеңештер гана мыйзамдуу иштеп жаткан экен. Ал эми райондук акимчиликтер жана көптөгөн айыл өкмөттөрү жана жергиликтүү кеңештер мамлекеттик каттоодон жана кайра каттоодон өтүшпөй мыйзамды бузуу менен иштеп жатышкандыгы боюнча түшүндүрмө дагы берилди. Натыйжада, жакында мыйзамды бузган жетекчилерге жана кызмат адамдарына айыптар салына баштаарына, ошондой эле жыл ичинде мыйзам-актылардын талаптарын бузган чээнден чыккандарын сот чечими аркылуу кызматтан бошотулуштарына мыйзам жол бере тургандыгы айтылды. Ошол эле учурда айыл аймактардын айрым айыл өкмөттөрү аталыштарын ар кандай сандырактыкта атап жаткандыктары дагы баса белгиленди. Ушундан улам Нарын облустук юстиция башкармалыгынын башкаруучусу Маматаир Кармышаков мырзага жолугуп, бир катар суроолорго жооп алдык.

- Маматаир мырза! Оболу юридикалык жактарды каттоо тууралуу маалымат бере кетсеңиз. Анткени өңгөдөн дагы райондук акимчиликтер катталбай эле иштеп жаткандыктары жөнүндө айтып чыктыңыз.

- Туура, мурдагы каттоого тишелүү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик бийлик органдары каттоого жатчу эмес. Ал эми, 2009-жылдын апрел айынан жаңы мыйзам күчүнө кирип, мурдагы мыйзамга чечмелөө жөнүндөгү мыйзам күчүндө калган, бирок негизги мамлекеттик каттоого тиешелүү мыйзам күчүн жоготкон. 2012-жылдын март айынан тарта биздин башкармалыктын адистери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, райондук акимчиликтерге, айыл өкмөттөрдүн башчыларына, кеңештердин төрагаларына тынымсыз жолдомо каттар жазылды. Анткен себеби КР жарандык кодексинин 86-беренесине жана «юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү» мыйзамынын 1-беренесине ылайык кээ бир юридикалык жактарды кошпогондо, менчиктин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан бардык юридикалык жактар юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. Демек катталып, күбөлүк алгандан кийин гана юридикалык жак катары түзүлдү деп эсептелет жана жүргүзгөн ишмердиги мыйзамдуу болот. Ал эми бизде акыбал кандай? Маселен облустук мамлекеттик администрациянын ордуна былтыркы жылы анын укугун улантуучу болуп, КРнын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү бекитилип дайындалды жана өкүлдүн аппараты түзүлдү. Бул аппарат жобосунда каралгандай юридикалык жак катары мыйзамга ылайык биздин башкармалыктан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлүп, күбөлүк алып мыйзамдуу иштеп жатат. Ал эми райондук мамлекеттик администрациялар бүгүнкү күнгө карата Юстиция министрлиги жүргүзгөн маалымат базасында каттоодо жок. Көрсө алар 1992-жылдын август-октябрь айларында стат органдарынан катталган бойдон жүрүшкөндүгү аныкталды.

- Бирок райондук мамлекеттик администрациялардын аталышы ошол жылдардан бери өзгөрө элек да.

- Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга тиешелүү мыйзам 1991-жылда кабыл алынган, андан бери ал мыйзам, ар кандай өзгөртүүлөр-толуктоолор менен 4 жолу жаңы редакцияларда кабыл алынган. Мыйзам боюнча юридикалык жактарга тиешелүү ченемдик укуктук актыларында (ЧУА) жана уюштуруу документтеринде өзгөрүүлөр болгон учурларда мамлекеттик кайра каттоодон өтүп туруулары керек. Мисалы, 2011-жылдын 14-июль күнү «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө»(ЖМА), эртеси күнү «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдары кабыл алынган. Ошол ЖМА мыйзамынын 8-беренесинде ЖМА юридикалык жак болуп санаалары көрсөтүлгөн. Ал мыйзамга болсо көптөгөн өзгөртүү, толуктоолор киргизилген. Бирок бир дагы райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери тарабынан кайра каттоодон өтүү боюнча чаралар көрүлө элек.

- Ал эми айыл өкмөттөрдө, кеңештерде катталуу жараяны кандай акыбалда?

- Ал органдарда дагы олуттуу мыйзам бузуулар орун алып келүүдө. Биздин башкармалык тарабынан укуктук жардам катары айыл өкмөттөрүнүн жоболорун, кеңештердин регламенттери жана жергиликтүү жамааттардын уставдары иштелип чыгып, ар бир акимге райондун аймагында таркатуу жана көзөмөл жүргүзүү боюнча берген сунушубуз тиешелүү деңгээлде аткарылбай калды. 2012-жыл ичинде жана 2013-жылдын 13-февралына карата, облус боюнча 14 айылдык кеңеш жана 15 айыл өкмөтү гана кайрадан мамлекеттик каттоодон өтүшкөн. Калгандары же болбосо 49 айылдык кеңеш жана 48 айыл өкмөтү каттоодон же кайра каттоодон өткөрүлө элек. Мындан сырткары болгону 10 жергиликтүү жамааттардын уставдары (ЖЖУ) юстиция башкармалыгына тапшырылып, мамлекеттик реестрге киргизилип, юридикалык күчкө ээ болду. Натыйжада, Нарын шаарын кошкондо дагы 54 ЖЖУ ставдары башкармалыкка тапшырыла элек. Дагы бир белгилеп кетүүчү маселенин бири, бул аталыштарды ар кандай жаза бергенибиз тууралуу болмокчу. Мыйзам боюнча өлкөбүздө администрациялык аймактык түзүлүш, облус, район, шаар жана айыл аймагы деген аталыштагы бирдиктерге бөлүнөт. А биздин башкармалыкка келип түшкөн атайын үлгүдөгү (фирмалык бланк) баракчалардын башына жазылганга назар салсак, «Ат- Башинский айильный окружной кеңеш», «сельский округ Ак-Муз», «Сары-Ойского айыльного округа» деген аталыштарды окуп жатабыз. А акыркы жаңы мыйзам боюнча бир гана «айыл амагы» деген сөз колдонулушу керек. А түгүл мыйзамдын орусчасында дагы «округ» деген аталыштагы сөз жок.

- Жергиликтүү кеңештердин чыгарган токтомдору боюнча дагы токтоло кетсеңиз?

- Дагы бир эң орчундуу маселе болгон, бул жергиликтүү кеңештердин ЧУАлары тууралуу айта кетсем, биздин башкармалыкка 2012-жыл ичинде облус боюнча 61 токтом тапшырылып, анын 51 министрликке жөнөтүлүп, мамлекеттик реестрге киргизилип юридикалык күчкө ээ болду. 10 токтом болсо жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланбагындыгы үчүн кайра кайтарылды. Бул маселе боюнча дагы мыйзамдын талабы жергиликтүү кеңештер, айыл өкмөттөрү тарабынан аткарылбай жатат. Биздин облуста эле эмес жалпы республикабыз боюнча, ЖМКда жарыяланбаган жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген жергиликтүү кеңештердин токтомдору мыйзамсыз болуп эсептелет. Өзүбүздүн облустагы жергиликтүү кеңештердин токтомдорун мисалга алсак, эгерде ар бир кеңеш бир жылда орточо 20-50 токтом кабыл алса, анда облус боюнча алардын саны болжол менен 3 миңден ашат. Демек алардын ичинен жогоруда айтылган юридикалык күчкө кирген 51 гана токтом же 3%ы мыйзамдуу, калгандары мыйзамсыз колдонулуп жатат дегендикти билдирет. Мисал келтирип кетсем: ЖМКда жарыяланбаган, юстиция башкармалыгына тапшырылбаган, мамлекеттик реестрге кирбеген, акимдердин талапкерлигин бекитип, премьер-министрге дайындоого сунуштаган райондук кеңештердин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жана жаргиликтүү кеңештердин төрагаларын шайлаган сессиянын токтомдору юридикалык жактан күчкө ээ болбойт. 2012-жыл ичинде облус боюнча бир гана Ак-Талаа районунун Терек айылдык кеңешинин төрагасы жана айыл өкмөтүнүн башчысы шайланган токтом ЖМКда жарыяланып, башкармалыкка тапшырылып мамлекеттик реестрге кирген, калган шайлоолор боюнча токтомдор бүгүнкү күнгө чейин башкармалыкка тапшырыла элек.

- Чынында бийлик органы катталбаса, айыл аймагы деген сөз каалагандай жазылса, токтомдор мыйзамсыз колдонулуп жатса, аларга карата кандайдыр чара көрүү вазыйпасы барбы же мыйзамсыздык ушинтип эле орун ала береби?

- Албетте бар. Юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон же мыйзамда каралган учурларда кайра каттоодон өтпөй жүргөн юридикалык жактардын жетекчилерине миң сом айып салуу каралган, ал эми, мыйзамдар, президенттин жарлыктары, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин токтомдору кызмат адамдары тарабынан аткарылбаса 10 миң сом айып салуу жагы каралган. Эгерде жыл ичинде кызмат адамдары мыйзам-актылардын талаптарын экинчи жолу бузса, же эки жолу мыйзам-актылардын талаптарын аткарбай койсо, аны соттун чечими менен эле кызматтан бошотконго мыйзам жол берет. Маселен, биз тараптан 2012- жылы 6 кызмат жетекчи адамдарга айыптар салынып, мамлекеттин пайдасына 50 миң сом өндүрүлдү. Анын төртөө айыл өкмөттөрдүн башчылары, экөө мекеме жетекчилери. Мындан Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Касымбек Бакирдинов биз менен соттошууга чейин барды. Ал райондук сотто утулган. Мындан ары да облустун аймагындагы, мыйзам-актылардын талаптарын аткарбаган же бузган айыл өкмөттөрүнүн башчыларына жана жергеликтүү кеңештердин төрагаларына, бийлик органдарынын жетекчилерине жана башка тиешелүү жооптуу кызмат адамдарына карата администрациялык укук бузуулар боюнча тиешелүү чараларды көрүү күчөтүлөт жана айыптар салына бермекчи. Бирок жогоруда кеп кылган мыйзам бузуулар бир гана биздин облуста эмес жалпы республика боюнча тиешелүү деңгээлде аткарылбай жаткандыгын белгилеп кетким келет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
149664

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
75063

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
74065

23-09-2014
Жергиликтүү бюджет жамаатка тиешелүү
71991

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
102600

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
67415

24-01-2014
Оро албаган орок тандайт
46884

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
61042

29-11-2013
Жамиланын талаасы
62355

28-11-2013
Калымбүбүнүн карааны
35295

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×