Добавить статью
8:26, 5 марта 2013 48597

Фалес жана суу философиясы

Суу жөнүндө маселенин проблемаларын чечүү, анын коомдогу орду жөнүндө түшүнүктү талкуулоо б.з.ч. кылымдарда эле эң алгачкы философтор, окумуштуулар ар түрдүү пикирлерди, сунуштарды айтып келишкен. Маселен б.з.ч. 585- жылдарда эле байыркы грек философу Фалес СУУну дүйнө түзүмүнүн башкы фактору катары карап, суусуз жашоодо жаратылыш да, өсүмдүктөр дүйнөсү да жок деген көз карашын айтып, биринчи жолу СУУнун философиясын аныктоого аракет жасаган.

Сууну дүйнө тааным катары карап, анын кадыр-баркы жөнүндөгү терең, ар тараптан анализдеген философиялык көз карашты өзүбүздүн эле Барпы менен Жеңижок акындардын көз карашын айтуу менен суунун кадыр-баркын терең аңдап билүүгө, аны кадырлай жана сактай билүүгө чакырык катары айтылган «Аккан суу», «Суу» деген узак айтылган санат-насыят ырлары бүгүнкү күнү да жаңырык болуп коңгуроодой кагылып турбайбы. Же болбосо Сузак районунун Жийде айылынан чыккан акын Тайырбек Сатыбалдиевдин «Суу жөнүндө терме”(«Ала-Тоо” журналы) деген көлөмдүү поэмасынын негизги идеясы суунун кадырын сактоо керек деп жар чакырганы кокусунан эмес.

Ошондой болсо да бүгүнкү күнү биз «Суу» деген маселеге кандай мамиле кылып жатабыз?- деген суроо сөзсүз пайда болуп жатпайбы. Азыркы мезгилде Суу жана анын ресурстары мамлекеттин менчигине айланып, биз сууга акча (налог катары) төлөп келүүдөбүз. Бирок ошол төлөнгөн налог (суу салыгы) кандай абалда? Эмне үчүн биз сууга акча төлөп жатабыз?- деген түшүнүк, жалпы эл алдында, мамлекет алдында глобалдуу маселеге айланып жатат.

Чындыгында сууга эмне үчүн төлөйбүз? – Бул суроо азыр ар кимибизди ойлонтушу керек. Эмне үчүн? – Эмне биз, болгондо да тоолуу өлкөдө сууга жасаган мамиле зарыл беле? – Эмне үчүн мамлекет булл суроого жооп табууга зарыл болуп олтурганыбызды жалпы эл билет болду бекен?

Мындан беш жыл мурда Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Германиялык окумуштуу, биология илимдеринин доктору, Нобель сыйлыгынын лауреаты Михайлов (орус фамилияда, себеби мындан 200 жыл мурда ата-бабасы Германияда туруп калган экен ) өз сөзүндө ал көп жылдардан бери дүйнөлүк алкакта мөңгүлөр проблемасын изилдеп жүргөнүн айтып, изилдөөлөрдүн болжолуна караганда Кыргызстанда катмардык суулар (прессированная вода) дагы 20-25жылдан кийин жер суулары азайып ( мөңгүнүн азайышынан улам ) чоң проблемага айланары айтылган эле.

Чындыгында эле Кыргызстанда таза сууну пайдалануу проблемасы начар абалда. Сууга салык төлөп жатабыз деп көптөгөн адамдар сууга жакшы мамиле кылбай, анын коромжуга (потерия) учурашына жол беришип, суунун сакталышына маани бербей жатышат.

Караңыз: Азыр Кыргызстандын аймагында:

1. Аянт суугаруу (орточо) 1 гектарга , 1 жылга -400сом

2. Чорго суусуна ( киши башына) - 20-30 сом

3. Ичүүчү сууга (орточо) бир ай - 120 сом

Ал эми бир жылда 1 гектарга 400 сомду сууга төлөп - 40миңден 60миң сомго чейин киреше алууга кубанган дыйкан кээде суу үчүн 400 сом акча төлөп койгонго ичи ачышат. Ал эми 1 үйдө бир күндө кеминде 30-40 литр суу пайдаланып, айына (ар бир адамга) 20 сомдон акча төлөп койгонго ичи ачышат.

Менимче мамлекет өзүнүн 1995-жылы кабыл алынган «Суу жөнүндө» мыйзамга түзөтүү киргизип, суу төлөмүнүн көлөмүн көбөйтүү зарыл. Ал эми 1 үйдө 5 адам болсо аларга бир күндө 30-40литр суу керектелет. Ал эми биз суу үчүн канча сом төлөп жатабыз? Бул маселени да Кыргыз Өкмөтү, жогорку Кеңеш маселе катары кайра карап чыгуусу зарыл.

Ошол эле мезгилде көптөгөн жерлерде сууга болгон мамилеге Кыргыз Өкмөтү да, министирлик менен Айыл Өкмөттөрү көп жагынан күнөөлүү иштерди жасап жатат. Маселен Жалал-Абад шаарынын көптөгөн көчөлөрүндө, турак жайларда калкты таза суу менен камсыз кылуу начар абалда. Көптөгөн жерлерде суу түтүктөрү Каррозияга да, Эррозияга да учурап, жер алдында суу түтүктөрү жарылып, керектен чыгып, суу жер алдында коромжуга учурап жатат. Маселен 1970-жылдарда шаарга караштуу Тайгараев атындагы айыл Өкмөтүнүн аймагындагы 700 түтүн калкка 18 км жерге суу түтүктөрү жаткырылган эле. Мына 40 жылдан бери бул жердеги суу түтүктөрү алмаштырыла элек. Чорголор талкаланган. Натыйжада калкка сапатсыз суу берилип жатат. Натыйжада таза суунун жоктугунан ар түрдүү ооруулар көбөйдү.

1012-жылы эле Кыргызстанда Генатий ооруусу 2 эсеге көбөйгөн. Ичеги-карын ооруулары менен 1 жылда 9364 адам врачка кайрылган. Мектептерди таза суу менен камсыз кылуу иши начар.

Демек биз эмне үчүн суу үчүн төлөйбүз?- Бул маселени шаардык жана райондук «Вода канал» ишканалары, «Арис» коомдук уюму тарабынан камсыз кылган. «Таза суу», «ОССО», « АО» ишканалары, райондук акимдери бул багытта туруктуу түрдө иш алып баруулары зарыл.

Суу – бул экономика

Суу – бул дүйнөнүн жашарып турушу

Бул аксиома эмес, бул – күндөлүк реалдуу социалдык көрүнүш экендигин ар бирибиз унутпашыбыз керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×