Добавить статью
6:37, 13 марта 2013 57632

Итти эхинококкоз ылаңынан сактагыла, ал силердин ден соолугуңарга керек!

Үйдөгү иттерди жылына төрт жолу эхинококкоздон сактоо үчүн дары бериш керек, ошондо алар өзүнүн ээсине да, башкаларга да коркунучу жок болот.

Эхинококкоз – жаныбарларга да, адамга да жугуучу оору. Бирок адамдарга көбүнчө ылаңдаган иттен жугат.

Адамда көбүнчө боору жана өпкөсү бузулат – аларда катуу челдин ичиндеги ыйлаакча түрүндөгү кисталар пайда болот, аларды хирург гана операция жолу менен алып сала алат.

Адам бул мите оору менен оорубашы үчүн жөнөкөй эле эрежелерди аткарыш керек. Биринчиси, итти дегельминтизациялаш керек же жаныбарлардын организмин гельминт курттардан тазалаш үчүн жылына төрт жолу дары бериш керек. Жергиликтүү ветеринар буга сөзсүз жардамдашат.

Экинчиси, жеке гигиенаны сактоо зарыл: жаныбарларды кармагандан, дааратканага баргандан кийин колду самындап жууш керек, жашылчаларды жана жемиштерди жээрден мурда суу менен жакшылап чайкаш керек.

Үчүнчүсү, эң негизгиси, айыл чарба жаныбарларынын ичеги, карын, боор, өпкөсүн итке бербеш керек. Айылда жашаган адамдар малды өздөрү сойгондо боорундагы же өпкөсүндөгү ыйлаакчаларды көрүп, аны жегенге жараксыз экен деп өзүнүн итине беришет же иттер жесин деп ыргытып салышат. Алар мунун адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунучтуу экенин түшүнүшпөйт: ооруга чалдыккан ички органдары жеген жаныбарлар оорунун ар кандай мите курттарын көбөйтүп өстүрүүчү кийинки звено болуп калышат

(1-сүрөт. “Эхинококктун өсүү цикли”). Алар жетилгенден кийин муунга бөлүнөт да иттин заңы менен кошо сырткы чөйрөгө чыгат. Бир муунда эхинококктун 800гө чейин жумурткасы болушу мүмкүн, бир курт 2-6 муундан турат, ал эми бир иттин ичинде 100гө чейин курт болушу ыктымал. Ошентип, бир ит эхинококктун жарым миллион жумурткасын чыгарышы мүмкүн, алар анын заңынан чыгып, 15-20 см аралыкка чейин сойлоп барышы мүмкүн! Ылаңдаган жаныбарлар адамга да, жаныбарларга да коркунучтуу, анткени анын бүткүл денесинде жүндөрүнүн арасында (2-сүрөт. Иттин денесинде эхинококктун жумурткаларынын жайгашуусу жана саны), тумшугунда жана буттарында, заңында эхинококктун көзгө көрүнбөгөн жумурткалары болот. Адам ит менен ойногондо же кармаганда ал жумурткаларды жугузуп алышы жана ооруп калуу тобокелдиги бар. Эхинококктун жумурткалары буюмдарга, чөпкө, жашылчаларга жабышат, сууларга кирип кетет, андан кой-эчкилер, уйлар жугузушат... Ошентип бул коркунуч нечен эселеп көбөйөт. Ал эми адамдар жаңы союлган уйдун же койдун оорулуу органдарын санитардык нормаларды сактабастан ыргытып салган же итине берген учурлар бардык жерде болуп жатат! Адам өзү ушундай жагымсыз түзүлгөн шарттын себепкери жана курмандыгы болуп калууда.

Эхинококкоз көп жылдар бою билинбей жүрө берет. Ал эми белгилери билине баштагандан кийин операция жасамайынча айыкпайт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин маалыматтары боюнча, эхинококкоз жуккан адамдардын саны жыл сайын көбөйүп, аларды өтө көп социалдык зыянга дуушарлантып жатат. Жыл сайын операция жасалган оорулуулардын саны 1000 ге жакын. Ал эми кайрадан да операция жасатууга кайрылып жаткандардын көбөйүп баратканы эхинококкоз боюнча эпидемиологиялык абалдын начар экенин билдирет. Ушул департаментинин паразитолог врачы Жумагүл Усубалиеванын айтуусу боюнча, ооруканага жаткырылганда пациенттер көп акча коротушат. Аны төмөндөгү таблицадан көрүүгө болот.

10-14 күндүк дарылоо курсу

Анализдер

Дары препараттар

Операция (расмий эмес маалымат)

Химиотерапия:

28 таблетка х 120 сом х 3 курс

1740 сом

300 сом

4000-5000 сом

5000-6000 сом

10080 сом

Жыйынтыгында дарылоого 25 миң сомдой акча кетет. Ал эми дары алууга мүмкүндүгү жоктор кырсыкка дуушар болушат. Кээ бирлер операциядан кийин деле жакшы боло албай, өмүр бою майып болуп калган учурлар бар. Врачтар ооруну эртелеп аныкташ үчүн бир жылда жок дегенде бир жолу УЗИден, рентгенден, ИФАдан өтүүнү сунуш кылышат. А.Дүйшеев атындагы ветеринария илимий изилдөө институтунун паразитология лабораториясынын башчысы Талгат Турсуновдун айтуусу боюнча, мал чарбасындагы экономикалык чыгымдар да абдан көп. Мисалы, эхинококкоз менен ылаңдаган кой жүндү 9,5%, уй - сүттү 7%, мал - этти 8,1% аз берет, алардын ич майы 18,5%, боору 84%, өпкөсү 76,1% азайып кетет. Эхинококкоздуу 100 тубар койдон 13 козу аз алынат, анын 8и биринчи айда эле өлүп калат.

Азыркы учурда Кыргызстанда иттерге дегельминтизация жасалып жатат. Бул ишти жеке ветеринарлар “Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү” долбоорунун жардамы менен аткарышат. Бул кызматка акы төлөнөт, бирок кымбат эмес, таблеткасы болсо бекер.

Дегельминтизация процессинин өзүнчө эрежеси бар. Ит таблетканы жутуп алгандан кийин 3 күн бою байлоодо турушу керек. Иттин заңын темир идишке чогултуп, 10% хлор акиташы менен зыянсыздоо зарыл, андан кийин короодогу дааратканага салып, же өрттөгөндөн кийин көөмп жок кылыш керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×