Добавить статью
5:21, 30 апреля 2013 71632

Таластан алган таасирлер (экинчи макала)

Таластын эки дөө-шаасы

Кыргызстандагы өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жана Эл аралык жеке ишкердик борбор аркылуу каржыланып жаткан «Кыргызстанда экономикалык маселелерди түшүнүүнү күчөтүү» долбоору алкагында Талас облусундагы бир катар ишканалар менен жеринде таанышууга зор мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алардын арасынан эки негизги тармакты бөлүп көрсөткүбүз келди.

Биринчиси, бул Талас облусунда сүт заводдордун сакталып жана өркүндөтүлүп жаткандыгы. Алынган маалыматтар боюнча учурда облуста жалпысы сүттү кайра иштетүүчү 8 завод бар. Мындан «Талас-Сүт» жабык акционердик коому ири сүт заводдордун бири.

«Союз убагында Талас облусунда 2 гана сүт завод бар эле. Анын бири ушул 1965-жылы ишке кирген биздин завод. 1992-жылы менчиктештирилип, акциянын 49 пайызы мамлекетте калтырылган. 2003-жылдан бери ЖАК катары иштеп келе жатабыз. Учурда 82 акционер бар», - деп так маалыматтарды келтирген, эмгектик кызматынын дээрлик 40 жылга жакын мезгилин ушул заводго арнаган ишкана жетекчиси Мырзакан Давлеталиев мырза берилген суроолордун бирөөнө гана жооп кайтарган жок.

«Мен чыгарылган сүт азыктарынын бааларын айтпаймын. «Коммерциялык секрет» деген бар. Маселен, Казакстан чек араны жапты деп олтуруп алгандан эмне пайда. Мисалы биз 17 түрдөгү азыктарды чыгарабыз. Кеткен чыгымдар үчүн азыктарга сом эле кошобуз. А алып сатарлар дароо 45 сомго кымбат саткандарын билип, бааны айтуудан баш тарттык. Натыйжада өзүбүз кардар издеп сатканга жетишүүбиз керек. Ошондуктан азыр складда сары май, сыр деген жок. Сапаттуу азык жерде калбайт. Ушундан улам «Талас-Сүттүн» продукциялары Ош, Баткенге чейин сатылып жатат», - деди М.Давлеталиев аксакал.

Жабалактаган кабарчы-журналисттердин соболдоруна берилген жооптордон, ишкана өткөн жылы 112 миллион сомдук сүт азыктарын өндүрүп чыгаргандыгын, иштеп жатышкан 75 адамдын 15и орус улутунун өкүлдөрү экендигин, учурда завод 30 тоннага чейин сүттү кабыл алып жаткандыгын, эгер сүт өндүрүү көп болсо, завод күнүнө 60 тонна сүттү иштеткенге мүмкүнчүлүгү бар экендигин, союз маалындагы атайын сүт тартуучу ГАЗ үлгүсүндөгү 8 жана азыркы маалдагы 3 Мерседес унаалары менен сүттөр чогултулуп тураарын, салык, социалдык корго ишкананын бересеси жоктугун маалымат катары алдык. Бирок быйылкы жылдын биринчи чейрегиндеги болжолдонгон пландагы 36,1 миң сомдук азык өндүрүүнү завод 29,7 миң сомго же божомолду 82,2 пайызга аткарып калган экен.

«Биринчи кварталда бизге 170 тонна сүт аз түштү. Анын расмий себептери да бар. Мисалы, уйлар союз убагындагыдай сенаж, силос дегенди жебей калды. Таласта жайыттар начарлоодо. Экинчиден, сүт өндүрүү боюнча берилген эсептер дал келбей жатат. Үчүнчүдөн, сүттү өндүрүүнүн өздүк наркы өсүп жатат. Дагы жакшы мамлекет бизден кошумча нарк жана пайдадан түшкөн салыкты алып салды. Ошондо дагы рентабелдүүлүк 6 пайыз болууда», - дейт жагдайга көз карашын билдирген ишкана жетекчиси.

Таластагы сүт заводдордун дагы бири Кара-Буура районунун ордо айылы Кызыл-Адырдагы «Арашан» ачык акционердик коому. 41 жылдан бери иштеп келе жаткан береги ишкананы учурда Чабан Туралиев жетектөөдө. Күнүнө 12 тонна сүттү кайра иштеткен «Арашан» ААКда 52 адам иштеп жатыптыр.

«Казакстанга сүт азыктарын киргизбөө чынында кыйынчылыкты жаратты. Себеби чыгарылган азыктарыбыз коңшу мамлекетке кетчү. Экинчи көйгөй электр энергиянын кымбаттыгы болууда. Мисалы жылына 300 миң сомдой акча электрге төлөнүп жатат», - дейт Ч.Туралиев мырза.

Ал эми жергиликтүү тургундарда сүт заводдор жөнүндө пикирлер ар башка.

Өзүн Сакен деп тааныштырган Кызыл-Адыр айыл тургуну заводдун сүттүн литрин 13 сомдон алгандыгын арзан десе, Талас районунун тургуну болоорлугун айткан Таалайбек сары майдын, сырдын, кургак сүттүн наркы кымбат деп белгиледи.

«Бизде жеке кызыкчылык өйдө туруп жатат. Мисалы, алып сатарлар элден сүттү 20 сомдон сатып алышып, аны алып барып Таразга кымбат сатышат. Эгер завод 20 дебейин 17-18 сомдон алса, ырас болот эле да элге дагы, мамлекетке дагы» ,- дейт Сакен эже.

Бул кишинин кебинен кийин Талас менен Нарын облустарын салыштырууга аргасыз болдук. Эгерде Талас облусунда 8 сүт завод иштеп жаткан болсо, Нарын облусунда биз билгенден кечээки доордогу бардык сүт заводдор талканып жок болгон. Өткөн жылы гана Ат-Башы айылына ыраматылык Муктар Өмүракуновдун көзү тирүү кезинде башталган кичи сүт завод «Замандаш» партиясы тарабынан ишке кирген.

Талас облустук өкүлчүлүгү таркаткан маалыматка караганда, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде облус боюнча 14,4 миң тонна сүт өндүрүлгөн. Сүттөн калып идишке куюлганы 48,4 тонна каймак жана сүт азыктары, 68,2 тонна жуурулган май, 160,8 тонна катуу түрдөгү сырлар чыгарылган. Ал эми Нарын облустук статистика башкармалыгынан алынган маалымат боюнча облуста январь-март айларында 18, 4 миң тонна сүт өндүрүлгөн. Бирок стат органында дагы, облустук өкүлчүлүктө дагы облуста канча тонна сары май, сыр же быштак алынгандыгы тууралуу маалымат жок болуп чыкты.

Талас облусундагы экинчи шаанилүү ишкана, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы «Жамгыр» деген жерде ишмердүүлүк кылып жаткан “Vertex Gold Company” (Вертекс) аттуу Казакстандык компаниясы. Тек, алтын кен чыккан жер Чаткалда болгону менен карым-катнаш, компаниянын орун алышы, ишмердиги таластыктар менен биргеликте болот экен. Тилекке каршы кен чыккан жерге аба ырайынын шартынан улам бара албай калсак, экинчи көңүл кубантпаган нерсе ишкананын жетекчисинин жоктугу болду. Ошентсе дагы деректирдин орун басары Бектур Мамбеткулов «Мен эч кимге маалымат бере элек болчумун», - деп тайсалдап жатып, акыры Таластын башкы көчөсүнүн боюнан алынын келишинче жооп бергенге далалат кылды.

«Биздин компания ушул жерден (Кызыл-Адыр айылына жакын жер) 70 чакырым алыстыкта орун алган. 2010-жылдан баштап алтын ылгап келе жатабыз. 1 тонна казылган топурактан 4,36 грамм алтын алынат. Биз мамлекет кылбаган иштерди жасап жатабыз. Мисалы Кара-Буура районундагы бардык 23 айылга жардам көрсөтүү боюнча Меморандум бар. Ошонун негизинде районго 18 миллион сомдук колдоо көрсөтүлдү. Анын 4 миллион сому жолдорду оңдоого жумшалды. Чаткал районундагы бардык мектептерди компьютерлештирүү жүрүп жатат. Биздин ишибизди эл болсо туура түшүүнүп эле жатышат. Бирок артык баш текшерүүлөр көбөйдү. Айтор иштегенге мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан азыр иштебей турабыз. Башка сөз айта албаймын», - деди Б.Мамбеткулов. Натыйжада уюштуруучулар тарабынан таркатылган маалымдамага көз жүгүртүүгө туура келди.

Талас жана Жалал-Абад облустары чектешкен Кара-Буура ашуусуна жакын жерде орун алган «Жамгыр» алтын кен чыккан аймакта 2003-жылдан тарта геологиялык чалгындоо жумуштары, ал эми 2009-жылдан тарта казуу иштери башталган экен. Алгачкы иргелген кендин калдыктары Казакстандын Балхашына жөнөтүлүп, андан алтын афинашталып, кайрадан Кыргызстанга алынып келинет жана КРнын мыйзамдарына ылайык ачык соодага чыгарылат. 2011-2012-жылдарда Вертекс республикалык бюджетке 14,7 миллион, Социалдык коргоо 34, 4 миллион, жергиликтүү бюджетке 309,8 миң сом төлөгөн. Компанияда иштеген 300 адамдын 292си жергиликтүү тургундар жана алардын орточо айлык маянасы 25 миң сом. Өткөн эки жылда ишкана социалдык программанын негизинде Талас облусуна 30 миллион, Жалал-Абад облусуна 10 миллион сом колдоо көрсөткөн. Ал эми жетимдерге, майыптарга, жардамга муктаж жарандарга 2010-жылдан бери 3 миллион доллар бөлгөн. Үч жыл аралыгында компания 562,054 кг таза алтын өндүргөн. Ал эми ал жерде болжолдуу түрдө 1200 кг алтын бар деп изилденген.

Бирок мындай маалыматка мамлекеттик тийиштүү тармактар ынанбаган шекилдүү. Жыйынтыгында 2013-жылдын башынан бери Вертекс «күтүү» ыргагында иштеп калган. Же болбосо казылып алынган кен кайра иштетүүгө чыгарылбай токтотулууда. Анкени компаниянын ишмердүүлүгү иликтөөгө алынууда. Маселен, КРнын мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын деректири Осмонбек Артыкбаев 2013-жылдын 22-январь күнү Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде Вертекс Голд компаниясына берилген №2635 АЕ лизенциясын токтотуу тууралуу билдирүү менен чыккан. Жагдай боюнча Талас облусу боюнча өкмөттүн ыйггарым укуктуу өкүлү мындай деди.

«Негизи Кумтөрдүн таасири тийип жатат. Ошондуктан элде кен байлыктарды казуу боюнча түшүнүктөр ар башка. Бирок башкысы бардык иш мыйзамдуу болушу керек. Лизенцияларды мыйзамдуу алышып, анан мыйзамдуу иштегендей болушу зарыл», - дейт өкүл Койсун Курманалиева.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
158757

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
79578

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
77738

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
108599

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
70768

24-01-2014
Оро албаган орок тандайт
49726

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
63999

29-11-2013
Жамиланын талаасы
65815

28-11-2013
Калымбүбүнүн карааны
37245

21-11-2013
КИЖКны жеңүүчү ким?
28439

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×