Добавить статью
11:15, 13 мая 2013 105420

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын айланасындагы абал туурасында

Бүгүнкү күндө бир гана Кыргызстан эмес, дүйнөлүк алкакта дин маселеси, айрыкча Ислам дининин айланасында өтө олуттуу талаш-тартыштар болуп, диндин коомдогу орду же болбосо жалпы адамзатка тийгизген таасири, мамлекет менен дин ортосундагы мамиле орчундуу факторго айланганы жашыруун эмес. Атап айтсак, Кыргыз мамлекетинин жалпы жараандарынын 80% көп бөлүгү карманган Ислам дини (салттуу болгон Ханафий мазхабынын) өлкөбүздүн коопсуздугу, стабилдүүлүгү үчүн болгон ролу айрыкча зор.

Айрыкча үй-бүлөөлүк башкарууга чекит койгон апрель окуяларынан кийин КМДБнын айланасындагы абал курчуп, мамлекеттик бийлик системасындагы өзгөрүү КМДБнын вертикалдуу бийлик бутагынын өзгөрүүсүнө дуущар кылып, монархиялык, авторитардык башкарууга чекит коюп, жалпы өлкөбүздүн мусулмандарынын жүзү болгон КМДБдагы көп жылдардан бери күтүлүп жаткан реформалардын башаты болгонго өбөлгө болуусу шарт эле. Тилекке каршы, жалпы  мусулман коому изги үмүт тилек менен күткөн жаӊылануулар ойдогудай болбой бүгүнкү күнү КМДБга болгон ишеним дагы да төмөндөп кетти.

2010 –жылдын апрелинен баштап Кыргызстан мусулмандарынын жалпы жүзү болгон муфтийлик орун көк бөрү сыяктуу талашка түшүп, 5 муфтий алмашканы менен деӊиздеги күтүүсүз цунами сыяктуу ойку-кайкы абал 4 миллиондон ашуун мусулмандардын тынчын алып, мамлекетибиздеги башкаруу системасындагы абал күзгү сыяктуу КМДБнын айланасында чыӊалып, детонатор сыяктуу жарылуу абалында тургандыгы жашыруун деле болбой калды.

Азыркы учурда  КМДБ  «Таблиг жамааты» жана айрым чет өлкөлүк  диний фонддордун идеологиялык жактан да материалдык жактан да таасири күч болгон жаматтардын өз ара талаш аренасына айланып калды. Анткени алар легалдуу иш жүргүзүү диний башкармалык аркылуу болоорун жакшы билишет. Албетте бул абал бир эле күндө пайда болгон жок. Ал бир топ жыл ичинде  калыптанды.

Бүгүнкү күнгө чейин диний жамаатташууну тартиптештирүү, аларга бирдей мамиле кылуунун системасы иштелип чыккан жок. Эгерде мындай абал уланып кете берсе Ислам динин легалдуу тутунган түрдүү аталыштагы жамааттар аркылуу («Таблиги жамаат»,«салафийлер»,«нурчулар», «сулайманчылар» ) кылымдардан бери ата-бабабыз карманып келген Орто Азиянын салты эске алынган «Ханафий» мазхабыбызга таасирин тийгизип мусулман коомчулугунда бөлүнүү, чыр чатак мындан да күчөп кетиши мүмкүн. Андыктан «Ахли сүннөт вал жамаат» жолун жана мазхабды бекем карманган белдүү аксакал дин аалымдарыбыздын айланасында эл көрсүн үчүн эмес иш жүзүндө топтолуп, мыкты диний башкаруу системасын мамлекеттик идеология алкагында бекемдөө кажет.

Диний туруктуулукту - мамлекеттик органдар менен тыгыз иштешкен Жараткандын колдоосунда күчтүү жана адилеттүү Дин башкармалыгы гана сактап бере алат. Ал үчүн муфтийдин бул багытта  элди ишендире алган ачык  позициясы, өзүнүн оозунан чыккан стратегиялык платформасы болушу керек эле. Эӊ оболу диний жетекчинин максаты тунук, сөзгө туруктуулугу бекем, коомго ачык, жашоосу жөнөкөй материалдык эмес руханий байлыкка көп ыктаган инсан болгондо гана эл ишеними артат.

Учурдагы диний кырдаалдын опурталдуулугу, айрым агымдардын радикалдуу ишмердүүлүгү өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө доо кетирүүчү факторлордун бирине айланып калды. Мындан чыгуунун бир жолу катары тез арада тийешелүү мамлекеттик органдар менен Уламалар Кенешинин мүчөлөрү КМДБнын ишин, айрыкча акчалай киреше чыгашасын ачык айкындыкка жана талапка ылайык системалуулукка салуу боюнча кескин чечимдерди кабыл алышы абадай зарыл болуп турат.

Андыктан, журт атасы, ажобуз КМДБдагы абалды өз көзөмөлүнө алып, мамлекет менен тыгыз алакада болгон бекем диний башкаруу системасы орнотулуусуна көӊүл бурса деген пикирлер коомчулукта бышып турат. Ансыз эртеӊ кеч болуп, ядролук реакция сыяктуу мусулман коомчулугуна жайылып кетүү коркунучу бар экендигин көз жаздымда калтырбоо кажет. Ал эми эртеӊ кеч болуп акыретте жана келечек муундарыбыздын алдында күнөөгө батып калбайбыз деп эч ким кепилдик бере албайт.

Ош жана Баткен облусунун мурдагы

казысы, теол.и.д.                                Ниязалы ажы Арипов

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×