Добавить статью
7:21, 27 июня 2013 55437

Улуттун кызыкчылыгын коргогон ыкчам чаралар

Биздин кереметүү Кыргыз жергебизге эгемендүүлүк жарыя болгонуна жыйырма үч жыл болсо дагы улут кызыкчылыгын коргой турган, колдой турган, орчундуу маселелер ушул убака чейин чечиле элек.

Ал кайсыл көйгөйлүү маселелер? Эмнеге ушул убака чейин каралбай, эгерде каралып жатса эмнеге ушул убака чейин чечилбей келатат? Кандай шартта жана кандай жолдор менин бул көйгөйлүү маселелерди улуттун кызыкчылыгын эске алып чече алабыз? Мына ушул суроолорго жооп берүүнүн алдында учурдагы Өлкөбүздүн саясый абалын кыскача талдап, мамлекеттик башкаруудагы негизги тармактарга көңүл буруп, анан ага баа берсек ар бир көйгөйлүү маселе өзү эле оркойуп көрүнүп калат.

Улутту коргоо маселеси.

Кыргызстанда эгемендүүлүк кайра жаралгандан бери биздин аскерлер жаңы, заманбап аскердик техника менен камсыз болгон жок. Бизге шыбага катары СССР таркаганда Кыргызстандын аймагында калып калган калдык аскердик техниканы ушул күнгө чейин колдонуп келе жатабыз. Бул аскердик техника моралдык жактан да, иштетүү мөөнөтү жагынан да толугу менен эскирген. Капыстан башка өлкө бизге кол салам десе, душмандардын бомбалачуу учактарын тосуп, атып, же колго түшүрүп кондурчуу бир да тик учакыбыз (истребитель), жок. Танктар менен БТРлер качан эле эскирип жүрбөй калганына кечеги 2010-жылы Ош менен Жалал-Абадта кыргыз жеринде кыргыз улутун утурумчул бийлик коргой албай калганда, толук күбөө болдук. Он аскердик техниканын бирөө же экөө жүрүп, алар да жарым жолдо бузулуп калып жатты. Сузактын Топурак белинде ондогон жарандарыбыз ачык эле чак түштө атылып өлүп, барымтага алынып жатканда, бир заманбап аскердик вертолет же тик учак болсо, же бузулбай жүргөн танк же БТР болсо заматта ал улутчул кылмышкерлерди жок кылып же колго түшүрсө болот беле? Албетте болмок. Канча адамдын жанын сактап калмакпыз. Кудум ушундай эле окуялар Ош жана Кара-Сууда болгон. Кыскача айтканда 2010-жылы кереметүү Кыргыз жеринде, Кыргыз Өлкөсүндө, Кыргыз улутун Кыргыз бийлиги, Кыргызстандын аскери сактап, коргоп алганга кудурети жетпеди. Ал тургай мамлекетибизден айрылып калуу коркунучу ачык айкын белгилүү болгондо, кыргыз элим көтөрүлүп, улуттук сезими ойгонуп, бийлик жокто жапа чеккен элине калканч болуп,элин да, Өлкөсүн да сактап калды. Улутуңа, Өлкөңө күйгөн Улуу Кыргыз элим сага миң мертебе ыракмат, терең ийилип таазим этем. Анткени 2010-жыл улут үчүн, өзгөчө Кыргыз бийлиги үчүн өтө зор сабак. Албетте, Кыргыз бийлиги мындан жыйынтык чыгарып, тийешелүү чараларды көрүш керек эле. Бирок алигиче жыйынтык чыгарып, улутту коргоо маселесин оң жолго сала элек. Азыркы учурда он миңге жетпеген аскерибиз бар. Капилет душман басып кирсе ушул он миң аскерибиз элибизди же жерибизди коргоп бере алабы? Жөнөкөй эле салыштырмалуу мислал. Бизге алыстагы мамлекет кол салса империалистик саясат алып барган, АКШ, Кытай же Орусия кол салышы мүмкүн. Кошуна Кытайдан тышкары Орусия менен АКШнын кол салуусу күмөн. Демек жакынкы эле чек аралаш кошуналар калып жатат. Башкасын койуп Өзбекстанды кана алалычы. Аскери биздикинен он эсе көп, заманбап аскердик техника менен камсыздалган. Ал тургай 2000- жылдан бери, кантип, канча убакта Токтогул ГЭСин басып алабыз деп аскердик машыгуу кылып, даярданып жатышат. Күндө, же күн алыс чек арабызда аркандай чатактарды атайылап уйуштурушат. Кечеги Баткенде Кыргызстандын аймагына куралчан кирип, биздин жараныбыз Бакытбек Тагаевти кыргыздын үйүнө чейин кууп кирип, тепкилеп уруп, анан ит аткандай атып кеткени, Чек-арачы кызматкерибизди машинасы менен тебелетип качып кеткени, Кыргызстандын аскеринин колунан эмне келет экен, көрөлүчү, каршылык кылганга кудурети келеби же жокпу деп сынап атканы. Ал тургай, былтыр Каримовтун Астанада жар салып, Кыргызстанга муштум кезегени, чек арабыздын ушул убака чейин такталбаганы, Өзбекстан Кыргызстандын босогосундагы Хан Абад шаарына ири танк дивизясын алып келип, күчтөндүрүп кармап турганы, Нарын дарыясына курабыз деген ГЭСтерге толук каршы чыгып жатканы, Ош, Жала-Абад, Баткен облустарына караштуу биздин жерлерди, анын ичинен нефт, газ өндүрүүчү жерлерибизди кайтарып бербей атканы согуш илеби келип калганын айгинелейт.

Эң аянычтуу жана келечекте улутка орду толгус зыян алып келчүүсү бул жерибиздин көз-көрүнө тарый баштаганы. Кошуна мамлекеттердин чек ара толук такталбаганынан пайдаланып күн сайын улам сойлоп, бирде арыгын чаап, бирде жайытын кеңейтип, бирде чекара постун же жолун жылдырып ыйык жерибизди тартып алып жатканы.Балким АКШнын аскер базасы Кыргызстанда жайгашканы азырынча аларды сестендирип жатат. А бирок, 2014 -жыл эртең эле келет. Ушундай акыбал башка түшсө Кыргызстан коргонууга даярбы. Албетте азыр даяр эмес.

Ооба, азыркы бийликтин кайбир өкүлдөрү мага каяша жооп узатышат. “Бизде Оруссиянын аскери бар, биз КМШ, ШКУ, ЖККУнун мүчөсүбүз, ЖККУнун жетекчиси 1миллиард доллар акча берем деди, Орусия менен бул уюмдун мүчөлөрү Кыргызстанга жардам берет, элибизди жерибизди коргоп калат”,- деп. Эң оболу жадыбалдай жаттап, эч убакта эстен чыгарбасак, Кыргыз жерин Кыргыз эли кана коргой алат, ал эми жогоруда аталган уюмдардын көпчүлүгүнө ошол эле Өзбекстан да мүчө, демек капилет согуш башталса, башкалар кийлигишпестик саясат жасайт, ал эми Оруссия бул империялистик саясат жасаган мамлекет, ал ар дайым өз кызыкчылыгын биринчи оорунга коет. Эчким азыр кепилдик бере албайт эки кылым мурда Оруссия менен Кытай кыргыз элин жери менен кошо Тянь-Шянь тоо кыркасынан наржагы меники бер жагы сеники деп бөлүп алгандай, Өзбекстан менен Оруссия да ич ара сүйлөшүп, кызыкчылыктары төп келсе, Кыргыз четке кагылып калышы мүмкүн. Жөн жерден Оруссиянын белгилүү саясатчыларынын бири Өлкөбүздү жоебуз да бөлүп алабыз деп ачык эле сунуш киргизсе, экинчиси ыйык берметибиз Ысык-Көлдү Оруссиянын карамагына алыш керек деп кыйкырып чыгып атышкан жок.

Эгер аскерибиз элибизди коргой албаса, чек арачылар улам улам чет элдик куралчан баскынчыларды киргизип элибизди аттырып, же барымтага алдырып жатса, ыйык жерибизге күндө сойлоп кирип, кемирип ээлеп атса, аскердик заманбап куралыбыз же техникабыз жок болсо, согуш коркунучу босогобузду аттап турса, эмне кылышыбыз керек? Кыргызстанда бир эле жол бар. Тарыхыбызга таянып, Улуу кыргыз элине ишенип, чек арага жакын жайгашкан бардык айылдарда жашаган, аскер кызматын өтөгөн, куралды колдоно билген, эр азаматтарыбызга мамлекет бекер курал жана ок- дары таркатып бериш керек. Албетте, куралды бергенде апрель окуясындай уюшулган кылмышкерлерге, же аты жөнү, дареги жок адамга таркаткан болбойт. Ар бир куралдын атын, номерин, ар бир эр-азаматтын аскердик билетин каттап, кол койдуруп, “Өлкөмдүн душманына кана куралды колдоном”,- деп ант бергизип, таркатыш керек. Мындай ыкчам чараны бийлик бүгүн жасабасаңар эртең кечигебиз. Азыр да кеч калдык, качанкыга чейин чыдайбыз. Элдин чыдамы чексиз эмес. Баткенде, Аксы, Ала-Бука, Сузак, Кара-Суудагы чек арадагы каргашалуу окуялар бийликтин кудретсиздигин ачык айкын көрсөттү. Демек чек арабызды элдин өкүлү болгон эр – азаматтарыбыз чек-ара кызматкерлери менен бирге кайтарыш керек.

Улуттук тышкы саясат.

Эгемендүүлүк кайра жаралгандан бери Кыргызстан бир канча мамлекеттке элчилик ачып, ондогон эл аралык уюмдарга мүчө болду.

Ар бир элчи жана эл аралык уюмдардагы биздин өкүлдөр Кыргызстандын бийлигинин расмий же расмий эмес сапарларын уюштурганга жардам берип тосуп, узаткандан башка негизги иши, бул Кыргызстан мамлекетин ар бир мамлекетте жана эл аралык уюмда татыктуу өкүл болуп ошол жактагы ар бир Кыргыз жаранынын укугун жана кызыкчылыгын толук кандуу коргоп алганга бардык күч аракетин, мүмкүнчүлүгүн жумшап, биздин жарандарыбыз чет жерде мусапыр болбой, Кыргыз мамлекети бар жана ал ар дайым коргоп калат деген толук ишеним болуш керек. Элчилерибиз жарандарыбыздын укугун коргоо жаатында жеткиликтүү иш алып барып жатабы? Албетте жетишсиз. Ондогон өлкөлөрдө, жүздөгөн кыргыздар Кыргызстанга келе албай, чет элдик менен баш кошуп, ажырашып, же баласын ала албай, же мүлкүн бөлө албай, абакта отурганы Кыргызстанга которула албай, барымтага калып документин алдырып чет элден чыга албай жүрүшөт. Бир эле Түштүк Кореяда Кыргыздын жап жаш беш жүздөй келиндери ажырашып алып балдарына сагалап, укугу тебеленип, кайтып келе албай жүрөт. Ушундай эле акыбал Кытай, Пакистан, Ооганыстан, Иран, Ирак, АКШ, Араб жана Европа өлкөлөрүндө көп.

Элчиликтин негизги милдеттери болуп Кыргызстанга кирем деген чет элдик жаранга виза ачып берип консулдук кызмат көрсөтүү. Көрүнгөндү Кыргызстанга жөнөтө бербей, Кыргыз улутуна, жерине зыян келтирбеген, пайда алып келе турган, кыргыздан Кыргызстанда жумуш талашпаган, бирок Кыргызга жумуш таап берген, жаманга эмес жакшыга үйрөткөн, адептүү, дин менен ата-бабабыздан калган каада –салтыбызды, үрп-адатыбызды бузбаган чет-элдике уруксат берилиши абзел. Аталган эрежелер чет-элдиктерге виза берүүдө сакталып жатабы? Албетте сакталган жок. Азыркы бийлик тетири басып ондогон мамлекеттерге ылгабай туруп визасыз киргенге уруксат берип жатат. Бир жагынан жакшы экен деп ойлойсун Кыргызстан ачык, инвестор менен туристер көп келет деп. Бирок бул өтө чоң жаңылыштык.

Биринчиден инвестор менен турист келгиси келсе эч кандай визага да консулдук жыйымдын наркына да карабай келе берет. Буларга инвестиция кылганга жана эс алып, кыдырып, кезгенге ыңгайлуу шарт түзүш керек.

Экинчиден визаны алып салганда ар бир мамлекетке этияттык менен ылгап уруксат бериш керек. Мисалы кошуна Кытайга эч качан, эч кандай шартта визасыз киргенге уруксат берген болбойт. Анткени ушул күндө, Кытайдан расмий чекараны өтүп кирип, анан виза мөөнөтү бүтсө да, Кыргызстандан чыкпай жашап атканы миндеп , а балким он миңдеп саналат. Ал эми расмий эмес контрабанда жолу менен контейнерлерле товар болуп Кыргызстанга киргендердин таптакыр эсеби жок. Азыр Кыргыз бийлиги канча кытай Кыргызстанда мыйзам бузуп жашап жатканын так айта албайт. Бул жаатта бийлик ыкчам чара көрбөсө, ашып кетсе беш-он жылдан кийин кытайлар Кыргызстанда ондогон шаар салып “Сhina toun”дарын куруп, он миллиондогон кытай басып кетет.

Анткени мыйзамсыз тышкы мигранттарды кармап, камап, жазалап, кайра өз өлкөсүнө кайтарган Кыргызстанда мамлекеттик кызмат жок. Тез арада миграция полициасын ачыш абзел да мыйзамсыз жашаган чет элдиктерди анын ичинен эң биринчиден кытайларды, пакистандыктарды, индустарды, иран жана оогандыктарды өз өлкөлөрүнө узатышыбыз керек.

Үчүнчүдөн, азыркы бийлик визасыз көп өлкөгө уруксат берип салып, ар бир чет элдеги Кыргызстандын элчиликтеринин консулдук жыйымдарынын куру жалак калтырып, элчиликтер толук кандуу каржылоосуз калды.

Мунусу аз келгенсип, азыркы бийлик ондогон өлкөдөн акча жок деген шылтоо менен ыйгарымдуу элчилерди мөөнөтүнөн мурда чакырып алды. Эл аралык карым-катнаш тартибинде мөөнөтүнөн мурда элчини ошол өлкө менен мамилени бузгусу келгенде, же мамлекет аралык пикир келишпестик жаралганда чакыртып алат. Эмне, биздин бийлик он-он беш элчинин айлыгын төлөгөнгө кудурети жетпей калганбы? Эсиңерден чыкпасын элчи кыргыз мамлекетинин, демек кыргыз элинин өкүлү. Ал Президенттин, Парламенттин же Өкмөттүн өкүлү эмес каалганда чакырып алып, анан каалган убака чейин дайындабай койгудай. Же азыркы бийлик ондон ашык мамлекет менен мамилесин бузгусу келип жатабы? Же элчини койуп башкадан үнөмдөсө болбойбу?

Ушул суроолорго жооп издеп жатып, аргасыз кооптуу ой туулат. Азыркы бийлик атайылап Кыргыз улутунун тышкы саясатын аксатып, өлкөнүн элчилерин бара-бара жойуп, кыргыздын үнүн расмий түрдɵ чет жакта, эл аралык уюмдарда өчүргүсү келип жаткан жокпу? Ансыз деле начар акыбалдабыз, анан өлгөнгө көмгөн болуп, элчилерибиз жок башка мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан саясый, жада калса моралдык колдоо таппасак, эртең Кыргыздарды башка Өлкө басып алса Курдистандай үнү жок, сөзү жок жойулуп кетпейли.

Тез арада визасыз киргенге уруксат берген өлкөлөрдүн санын кыскартып, чакыртылып алган элчилердин ордуна жаңы элчи дайындоо абзел.

Тышкы саясаттын өтө орчундуу көйгөйү, бул азыркы иштеп жаткан Конституция күчүнө киргенден бери, тактап айтканда 2010-жылдын июль айынан бери Президент же Өкмөт тараптан кол койулган жана Парламент аркылуу жактырылган эл аралык келишимдер. Конституциянын 97- беренесинин негизинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган , күчүнө кирбеген эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу Жогорку соттун Конституциялык палатасы корутунду берет.

Бул бийлик Конституция күчүнө киргенине үч жыл өтсө да Конституцялык палатанын курамын толук түзгөн жок. Демек Бул маанилүү мамлекеттик саясый сот органы иштебей жаткандан кийин, 2010-жылдын июль айынан бери кол койулуп, андан соң Парламент аркылуу расмий жактырылса да бул эл аралык келишимдер, азыртан эле Конституцияга каршы, демек алар мыйзам күчүнө ээ эмес. Анткени, Парламент кароосуна алганга чейин Конституциялык палата расмий корутунду бериш керек эле. Андай корутундусу жок эл аралык келишимди Парламент караганга укугу жок. Демек биздин улуттун тышкы саясатын, болгондо да расмий келишимдер менен бекилүүчү тышкы саясатты бул бийлик атайылап, билип туруп жокко чыгарып жатабы? Эртең бул келишимдер иштебей калганда каршы отуруп, кошо кол койгон башка Өлкөнүн Президент, Премьерлерине эмне деп жооп берет. Мурунку келишимди бузуп алдык, билбей калдык, кечирип койгула дагы колгойуп бериңиз, деп жалдырап суранышабы? Ошондой эле жол менен иш бүтүп калса жакшы болбойбу. Ар бир келишим татаал. алдын ала сүйлөшүүлөрдү, ар кандай деңгээлдеги макулдашууларды талап кылат. Иштеп баштаган келишимдерчи? Мисалы, Камбар-Ата ГЭСи боюнча Оруссия менен канча жылдар бою макулдашып араң бир бүтүмгө келгенбиз? Эми ишке киришкенде келишим жокко чыгарылып Кыргызстан шерменде болобузго.

Эмнеге эле бардык соотор иштеп анан үч жылдан бери Конституциялык палата иштебей калат? Балким мыйзамсыз утурумчул өкмөттүн Декреттери жокко чыгарылат деп чочугандан чойуп жатабы? Никесиз кош бойлуу болуп, анан курсак чоңойгон сайын коркон кызга окшобой тез арада Конституциялык Палатаны иштетиш керек.Түбөлүк чойо албайсыңар? Бир күнү Конституциялык Палата иштей баштайт, анан канчалык кеч караса, улутка ошончолук зыяны чоң болот. Анткени келишимдер көбөйгөн сайын, демек мыйзамсыз иш аракеттер да көбөйөт.

Улуттук билим берүү саясаты.

Кыргыз Республикасында эгемендүүлүгүбүз кайра жаралгандан кийин, элибиз күткөн, улуттун кызыкчылыгын көздөгөн, билим берүү саясаты ишке ашпай жатат.

Биринчиден, шаарларда, өзгөчө борборубуз Бишкекте, саналуу кана кыргыз бакча жана кыргыз мектеп бар. Аянычтуусу орус, англис, немис, түрк жана башка тилдеги бакчадан жана мектептен айрымаланып, кыргызча бакча менен кыргызча мектебинде тарбия жана билим берүү сапаты начар. Ошондуктан, кыргыз бакчага жана кыргыз мектепке баласын кыргыз бергиси келбейт, аргасыз орусча жана башка тилдеги бакчага жана мектепке балдарын беришет.

Кудум ушундай эле начар акыбалында, ар бир кыргыз айылындагы кыргыз мектептер жана бакчалар. Анткени, тарбиячылар менен мугалимдер жетишсиз, такшалган адистер аз, окуу куралдар менен начар камсыз болгон, тарбиялоо жана окутуу методдору эскиче.

Дегеле, Кыргыз Өлкөсүндө башка тилдеги мектептердин болгону туурабы? Эмне себептен коңшулаш мамлекеттер эгемендүүлүк алары менен билим берүү тармагын толугу менен улуттук кылып, башка тилдеги мектептерди жоюп салган? Анткени, билим берүү тармагы бул абдан маанилүү мамлекеттик идеялогиялык саясат. Наристени “а” деген тамганы тааныткандан баштап, ар бир мамлекет ар бир окуучуга өлкөнүн негизги баалулуктары менен тааныштырат, эне тилин, мекенин, жаратылышын, жер-суусун сүйгөнгө үйрөтөт. Ал эми өспүрүмдү мекенчил кылып тарбиялаш үчүн, өлкөнүн гимнин, байрагын, гербин тааныштырып, мекенине кызмат кылган, улуту ыйык туткан, тарыхий инсандардын осуяттарын, калтырган эмгектерин окутат. Албетте ар бир өлкө өз окуучусуна, ким өлкөнүн президенти экенин, же падышасы экенин, байма бай баяндап, толук билим берет. А биздин ыйык Кыргызстан деген өлкөбүздө бул тармакта эмне болуп жатат? Мисалы, өзбек мектебиндеги окуу куралдардын баары Өзбекистандан басылып, өзбек өлкөсүнүн окуу программасы бекитилген китептерди окушат. Бул окуу китептеринде толугу менен өзбек мамлекетинин идеяологиялык саясаты жазылган. Мисалы, ушул күнгө чейин, кыргыз мамлекетиндеги өзбек мектептерде, өзбек этносундагы окуучулар биздин президентибиз Каримов, мекенибиз (ана-ватаныбыз) Өзбекистан деп окуп жатышат. Кудум ушундай акыбалда орус, түрк жана башка тилдеги мектептер. Демек, кыргыз мамлекети өлкөнүн каражаты менен башка этностогу окуучуларды бала-бакчадан баштап он биринчи классты бүткөнчө, башка мамлекеттин жаранын жана башка мамлекеттин патриотун тарбиялап жана окутуп жатат. Ушундай тарбия алып окуган бала кыргыз өлкөсүнө, кыргыз жерине күйөбү, кыргыз элин сүйөбү? Албетте жок. А биз, Конституциябыз боюнча унитардык мамлекетбиз. Унитардык дегенибиз, биздин өлкөдө башка этностук принцип менен же тилин, динин жана башка ишеним кызыкчылыгын көздөгөн автономия же башка башка түрдөгү мамлекеттик түзүлүш жаралганга жол берилбейт. Анда эмнеге кыргыз өлкөсү жан талашып 23 жылдан бери башка тилде окутуп, баша тилде тарбиялап жатабыз? Бул көрүнүш, өз колубуз менен, өз улутуубузга душмандын үрөөнүн сээп, аны бапэстеп багып чоңойтконго барабар. Ойлонгулачы, башка тилде сүйлөтсөк, башка мамлекетти сүй деп үйрөтсөк, ошол бала бизге эл болуп береби? Ушундай бөлүнүп, өгөйлөнүп, бөтөнсүн деп, өзгөчө белгиленип, жээрилип тарбияланган бала кыргыз улуту менен эриш-аркак ынтымакта жашай алабы? Албетте, жок! Бул билим берүү саясатын кескиндүү түрдө өзгөртүп, өзбек, орус жана башка тилдеги бала-бакчаларды жана мектептердин билим сапатын жоготпой, баардыгын кыргыз мектеби деп атап, негизги окуу предметтерин сөзсүз түрдө кыргыз тилинде окутуш керек. Ал эми, өзбек, орус, түрк, англис тилин үйрөнгүсү келгендер, ошол эле мектептерде тиешэлүү тилдерин терең деңгелде окуганга мүмкүнчүлүк бериш керек. Мисалы, азыркы өзбек мектептеринде Кыргыз тарыхы, Кыргыз адабияты, Алгебра, Физика, Химия, Биология жана башка негизги сабактар кыргыз тилинде өтүү абзел.

Тил, ар бир улуттун негизги уңгусу, тамыры, башаты, булагы. Тилиңи жоготсоң, улутуңду жоготоруң шексиз. Демек, Кыргыз мамлекетинин билим берүү саясатынын негизги куралы,- бул кыргызстандагы баардык этносторду жана өзгөчө Кыргызча билбеген кыргыздарды, сөзсүз түрдө кыргызча эркин сүйлөгөндү, окуганды жана жазганды үйрөтүү.

Билим берүү саясатында өзгөчө көйгөйлүү оорунду Кыргызстандагы күн санап өсүп келеткан диний медреселер жана башка дин окуу жайлары ээлейт. Биздин билим берүү тармагы медреселерде кандай программа менен, кандай методика менен, кайсыл сабактарды, кантип окутуп жатканы жөнүндө түшүнүгү да, маалыматы да жок. Бул медреселерде балким шахидтерди, радикалдуу ислам аскерлерин, же эл аралык болочок террористтердин идеялогиясына мол суугарылган окуучуларды тарбиялап жаткандыр. Канткени менен, бул тармакта, ушул күнгө чейин улуттук билим берүү саясаты ишке аша элек. Өзгөчө өзбек, тажик жана Кавказдан келген этностордун бирге жашаган айылдарындагы медреселер кооптондурат. Бул айылдагы медреселерде балдар кыздарын үч-төрт жашынан намаз окутуп, тамга тааныбасада Куранды жаттатып, караңгы мусулмандар өсүп өнүгүп жатканы жашыруун сыр эмес.

Кыргыз өкмөтү, өзгөчө билим берүү министрлиги, ар бир медресеге, окуу жай катары лицензия береердин алдында, улуттун кызыкчылыгын көздөгөн окуу программасын бекитип, ошол медреселерде маал-маалы менен кабарлап же кабарлабай текшерип, мамлекеттик билим берүү саясатын ишке ашырыш керек.

Ушунай эле айанычтуу көйгөйлөр менен жогорку окуу жайлары өмүр сүрүүдө. Сапатынан саны көп окуу жайларын кыскартып мамлекеттин талабына жараша кесиптерге окутуу абзел. Жогорку билимдүү диплому менен кыргыз жараны базарларда “тачка” сүйрөп жүргөнү эчкимге азыр жаңылык эмес.

Кош жарандык жана миграция саясаты.

Кыргыз мигранттары жөнүндө, жана алардын чечилбеген маселелери тууралуу кыскача негизги сунуштар. 2007- жылдан бери кыргыздарга кош жарандык алганга Конституциябыз уруксат берген. Эмне себептен мындай кадамга бардык. Анткени Кыргыз улуту 2000 жылдан ашык малекеттик тарыхы бар Улуу эл, бир замандары малекеттүүлүгүн жоготуп алып, 1990-жылы эгемендүүлүгү кайра жаралса да, андан он жети жыл өткөндөндөн кийин кана дүйнө жүзүндөгү кыргыздарга жар сала алдык. “ООО кимде-кимиң кыргыз болсоң, билип ал, Кыргыз Республикасы бүт дүйнөдөгү кыргыздардын укугун, эркиндигин жана жеке кызыкчылыгын коргойт. Сөзүбүз эки болбос үчүн Кыргыз Республикасы өз баш мыйзамына кимде- ким кыргыз болсо, ал Кыргыз Республикасынын жараны деп таанылды.”

Бул жарыя кечээ эгемендик алгандан кийин башка мамлекетке мигрант болуп кеткен кыргыздарга да, 1916- жылы үркөндө жер которуп кеткен кыргыздарга да, социалистик революция башталып, элин, малын, жерин, коргоп басмачы аталып, акыры жер которуп кеткен кыргыздарга да, кылымдар мурун Оруссия менен Кытай кыргыздардан бир ооз сурап койбой, ич ара сүйлөшүп кыргыз элин жери менен кошо Тянь-Шянь тоо кыркасынан ары жагында да бери жагындагы да кыргыздарга тийешелүү. Кош жарандыктын саясый мааниси ушундай, анткени дүйнөдө кыргыздардын эгемендүү жалгыз Кыргызстан деген Өлкөсү бар. Бул конституциялык декларация башка мыйзамдар менен бекемделип, кыргыздар үчүн ар кандай жеңил шарттар тузүлүш керек эле. Ал шарттар экономика, маданият, билим берүү, жана албетте саясый тармактарды камтыш керек болчу. Тилеке каршы 2010-жылкы Конституциянын 50-беренеси кыргыздарга кош жарандыка уруксат берип, 52-беренеде кош жарандуу кыргыздарга саясый мамлекеттик жана сот кызматын ээлөөгө тыйуу салды. Башка мыйзамдар менен, өзү кыргыз болуп туруп, бирок башка Өлкөнүн жараны болсо, Кыргызстанда мамлекеттик кызматкер боло албайт, саясый кызматка шайлана же дайындала албайт, турак жайга же үйдүн менчиги мыйзам аркылуу боло албайт деген чектөөлөр койулду. Бул кыргыздын кыргызга болгон душмандыгын тастыктап, далилдеген мыйзамдар. Биз келечекти карайлык, азыркы дүйнөлүк глобалдаштыруу процессинде көп улуттар жойулуп баратат. Он-он беш жылдын ичинде эле 3.5миллион кыргыздын 1 миллиондон ашыгы башка Өлкөгө кетип калышты. Булардын көпчүлгү башка жарандык алып жатышат. Демек Кыргызстанга кайтып келбейт. Бул муун келсе да, алардын балдары келбей калат. Ал эми кеткен кыргыздардын ордун ким толтуруп жатат? Албетте башка эл,- кытай, түрк, өзбек, индус жана башкалар.

Кыргыз улутунун кызыкчылыгын көздөй турган болсок биз ыкчам түрдө кыргызга чек койгон мыйзамдарды жокко чыгарып, кыргызды Кыргызстанга келгенге кызыкдар кылышыбыз керек. Мисалы кыргыз инвестор болсо башка инвестордон 2 эсе көп жеңилдик бериш керек. Кыргыз чет элден келип завод же фабрика куруп жумуш оорунун жаратса, кыргыздарга татыктуу айлык төлөп, сапаттуу буюм чыгарса же сапаттуу тейлөө уюштурса, анда ишканадан иштеп айлык алып жаткан, чыгарган бюумуна жараша салыштырмалуу 10,15,20 жылга чейин толук салыктан ишкананы бошотуу керек. Анткени бул ишкананын жумушчулары айлыгынан бюджетке да, соцфондко да ай сайын салык төлөмөк. Дегеле ушундай шартта эч жака качпаган, көтөрүп кетпеген улуттук экономиканын пайдубалын куруп алмакпыз. Улуттук өндүрүш болмоюнча экономикалык көзкарандылык ала албаганыбыз шексиз. Демек мындай кадамга коркпой барышыбыз керек.

Кош жарандуу кыргыздарга жалтанбай саясый укуктарды да ыйгарышыбыз керек. Көптү көргөн көп билет эмеспи. Эмнеге кыргыз болуп туруп депутат же Президент же министр боло албасын. Кыргыз эли шайласа жол беришибиз керек. Эрмен элинин тунгуч Президенти Левон тер Петросян Армениянын жараны эмес болчу. Бирок аны Президент кызматына эли шайлабадыбы. Ал бир мөөнөт Президент болуп, экинчи мөөнөткө шайлангандан баш тартып, бирок кийинки шайлоодо кайра талапкерлигин Президенттике койгон. Ар бир кыргыз өзү болбосо да балам чоңойсун деп тилейт. Демек, ушуга окшогон шарттарды мыйзам аркылуу түзүп берип, аны кынтыксыз аткарсак, чет жактагы кыргыздар Кыргызстандан биротоло кол үзүп кетпейт.

Биз, мындай ыкчам чараларды колдонбой кыргыз мигранттарына, же кош жарандуу кыргыздарга өгөй мамиле жасай берсек, тышка туруктуу кеткен кыргыз мигранттарынын саны күндөн күнгө өсө берет. Кыргызстанда жашаган башка этностордун демографиялык өсүүсүн да байкагыла келечекте кыргызстанда кыргыз эмес эле башка этностор көпчүлүктү түзүп калбасын.

Кыргызстанда эле шарт түзүп токтоп калбай Кыргыз бийлиги кайсыл мамлекетте кыргыздар чогуу жашап же жакын аралыкта жашаса (мисалы бир шаарда же бир райондо) ошол Өлкөнүн , район жана шаардын расмий бийлиги менен ынак мамиле жасап, кыргыздарга кыргызча окуганга, маданиятын, каада-салтын, үрп-адатын сактаганга, улуттук майрамдырын эркин майрамдаганга, ата салты менен той, аш берип, аза күтүп маркум узатканга шарт жасап беришке милдетүү.

Сот жана сот бийлигине тийешелүү маселе. Кыскача.

Азыркы бийлик 2010-жылкы Конституцияга таянып жаманбы, жакшыбы, адилетүүбү же адилетсизби эптеп Жогорку сотту алмаштырып, жергиликтүү соттор райондук сотторго чейин Кыргызстан боюнча жаңыланып бүттү. Бул соттор Конституциянын, мыйзамдар жана эрежелердин негизинде, азыркы расмий бийлик аркылуу калыптанды. Демек, бул бийлик өз колу менен тандаган, шайлаган же дайындаган сотторго ишенбегенге укугу жок, аргасыз ишенгенге мажбур. Андыктан, сот чыгарган ар бир чечим жана өкүм кынтыксыз кабыл алынып, эгерде мыйзамдуу күчүнө кирсе таласшыз кечиктирилбестен аткарылыш керек. Конституциянын 26- беренесинде күнөөсүздүктүн презумпциясы так жазылган. Эч ким мыйзамда каралган тартипте күнөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөлүү деп эсептелбейт. Бул сотадилетигинин негизги принциби. Бул принципти бузсак анда сот реформабыз бир тыйынга арзыбайт да татыбайт. Кыргызстанда сот реформасы деп жасалган аракеттердин баары текке кетет. Актап өкүм чыгарабы же каралап өкүм чыгарабы, ал өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин баш ийип кыңк этпей аткарышыбыз керек. Ошондуктан уюшулган коомдорду сотко тукуруп, соттордун үйлөрүнө чейин барып коркутуп, кордогону, мазактаганы эң биринчи кезекте азыркы биликтин ырайымсыз, ыплас жүзүн көрсөтүп жатат. Сотко кол көтөрүп, каяша сүйлөгөндү токтоткула. Эгерде сот чыгарган өкүмүнө кызыкдар болсо, же пара алганы далилденсе мыйзам негизинде иш козгоп, тергөө амалын жүргүзүп, анан соттко алардын тагдырын салып кериш керек. Башка жол жок. Бул соттор 16 жылга кесилип, киши өлтүргөн күнөөсү далилденип, дагы 8 жыл абакта отура турган уюшулган кылмыштуу топтун жетекчисин чыгарган жок да.

Аргымакты жаман деп бууданды кайдан табасың деген ата сөзүн унутпайлы. Сотту жамандап, кордоп, коркутуп, маскаралай берсек, адилет сот табылбай кыргыздын көзү чачырап калат.

Шайлоо көйгөйлөрү.

Утурумчул Өкмөт апрель окуясында каза болгондор менен коштошуу аземинде, аларды чын дүйнөгө узаттып жатып, таза иштейбиз, уурдабайбыз, жебейбиз, кыргыз улутунун кызыкчылыгын коргойбуз,-деп дүйнө жүзүнүн алдында ант беришкен. Бирок, ошол эле жылы таза шайлоо өткөзбөй, шайлоодон жеңген партияны, анын артынан ишенип ээрчип добуш берген жүз миңдеген шайлоочулардын укугун тебелеп, Парламентке жолотпой, берген антынан тайып, мурунку эле бийликтердин сасяый каталарын кайталады. Шайлоочулардын саясый укугу тебеленди, ошол замат кыргыз эли бул бийлике ишенбей, көңүлү калып, бийлике нааразылык туулуп, ушул күнгө чейин Өлкөбүздө саясый туруктуулук орной элек. Качан кыргыз эли тынчып, бийлике кайдигер болуп, өз оокаты менен алек болот? Качан кана бийлике эл ишенип, таза шайлоо өткөзүп, таза адамдар бийлике келип, улут үчүн таза иштегенде. Көп эле Европа, Азия , Америкадагы бийликтер кыргыз бийлигиндей эле, же бизден да начар иштейт. Бирок бул өлкөлөрдө элдин саясый укугу тепселенбейт, демек шайлоо таза өтөт. Ошондуктан шайлаган өкүлдөрүнө ишенип эл көчө демократиясын таштап өз түйшүгү менен алек. Биз дагы таза шайлоого барбасак, демократиянын негизги чынчыл шайлоо принциби бузулат. Автократияга, диктатурага же тиранияга эркин кыргыз эли жол бербейт. Демек, биз үчүн таза шайлоо кайра тартпас муктаждык.

Жогоруда талкуланган мамлекеттик башкаруу тармактарында, улуттун кызыкчылыгы эске алынбай, чыркыраган чындык мамлекеттик деңгелде айтылбай, жада калса улуттун кызыкчылыгына каршы, Кыргыз улутуна душмандык мамиле кылган кыргыз бийлигинин жүзүн көрдүк. Алдыда, талдала-сындала элек, экономика, каржы, салык, бажы тармактары, социалдык багыттагы маселелер, кадр-тандоо, койуу жана жаш кадрларды өстүрүү, окутуу, окуп келген кадрларга тийешелүү кызмат ордун табуу маселелери, парламенттин, аткаруу жана сот бийлигинин маселелери, укук коргоочу мамлектеттик кызматтардын көгөйлөрү, коррупция менен күрөшүү маселелери жана башка толгон токой улуттук маселелер айтылбай калды. Бирок, сынга алынган мамлекеттик башкаруу тармактарын талдаганыбызда, азыркы бийликтин негизинде өз милдетин Кыргыз улутунун кызыкчылыгына аткара албастыгы айгине болуп калды. Бул бийлик, кудуретсиз бийлик, анткени элдин ишеничине ээ эмес. Анткени чындыктан жана тазалыктан тайган. Демек, бул бийликти кетирип, улутка күйгөн, Өлкөсүн сүйгөн, таза жана кесипкөй инсандарыбызды Кыргыз бийлигине алып келебиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×