Добавить статью
5:43, 8 июля 2013 9758

Атантай Акбаровго мен «Кыргыз эл акыны» наамын бермекмин

Атантай агай менен Жогорку Кеңеште бирге иштеп калдым. Айнагүл Базарбаева үчөөбүз ара-чолодо жолугушуп чыгармачылыктагы акыркы жаңылыктарыбыз боюнча ой бөлүшө калчубуз.

Ошо кезде Айнагүлдүн «Жүрөгүмдүн ээсине» атуу китеби, Атантай агайдын «Тирүү мекен» китеби, менин «Кудайдан лицензия алгандар» аттуу ырлар жыйнагым чыккан. Бири-бирибизге чын жүрөктөн мактап айткан сөздөрдү кагаз бетине түшүргүм келди.

Атантай агайдын коомду тазартууга үндөгөн, кыргыз элин жаркын келечекке чакырган, адамдарды сүйүүнүн сүйкүм ааламына карай жетелеп күйүп-жанып жазган ырлары өзүнчө шедевр.

Сүрөтчү ат түрдүү боёкторун кылдат аралаштырып, жаңы түстөрдү ачып, кыл калеми менен жаңы чыгармасын жаратса, акын жүрөгүн канталатып, жан-дүйнөсүн оорутуп, миң толгонуп, жаңы ааламдын жаратып, ошол табылгасын ак баракка түшүргөнүн Атантай агайдын ар бир ырынан көрүүгө болот.

Кыргыз эли эки нерсени эң сонун аткарат, айталы, колунда жок болсо да, мейман келсе балдарынан каткан даамын дасторконго коюп, конокту урматтап тосот. Экинчиси, эгерде адам өлсө, ал кандай адам болбосун анын жакшы жагын айтып мактап, акыркы карасын сойсо да маркумду кастарлап көргө узатат.

А ага чейин адамдын жасаган жакшы иштерин көрбөйбүз. Ал түгүл эзели жылуу сөз айтпай колдон келишинче шыбап, мокотуп, келекелеп, шылдыңдап, көрө албай жүрүп көргө түртөбүз.

Мен коркпой – үркпөй эле, эгер колумдан келсе Атантай агайга «Кыргыз эл акыны» наамын бермекмин. Акындын сүйүү тууралуу кереметтүү саптарын окуганымда, адам акыл-эсинин кубаттуу күчүнө таң бербей коё албайсың. Азыркы «жегениң шоколад, көздөрүң каратат» – деген тажатма халтуралардан көрө теледе, радио-эфирде Атантай агайдын канчалаган обондуу ырлары жаңырса, хит болуп жанга рахат бербейт беле деп ойлойм.

Ар бир доор өзүнүн терең ойлуу, учкул сөздүү азаматтарын жаратат демекчи Атантай агай ой баккан, сөз баккан, кыргыз улутун, мамлекеттин эртеңин ойлогон азамат атуул.

Сөз кудуретин, анын ыйык касиетин жүрөк түпкүрүнөн сезген акын өткөөл мезгилде орошон ойлорду айтып, керек кезде жүрөк титиреткен терс көрүнүштөрдү житире сындап, «Адам асыл экенин, адам өзү сезе элек» деп сыздап, адамзатты асылнарк бийиктикке үндөп келатканын сезген, уккан, баалаган замандаштары өтө эле аз. Учурда эр ортону 50 жашка келсе да Атантай агайдын кайталангыс эмгектерин али баалана элек. Мен агайдын чыгармалары мамлекеттик сыйлыкка ээ болуп, макталып, урматталганын уга алганым жок.

Ушул жөнөкөй адам канчалаган сонун, ажайып эмгектерди жаратса да, милдет кылып кыйкырбай, жулунуп папке, үстөл талашпай эле, ызы-чуудан алыс болуп, өзүнүн кооз, адеми дүйнөсүн бузбай, таза ой, таза сезим, таза жүрөгү менен ыр жазып, дүйнөнү тазалап келе жаткандай туюлат.

Деги биз мыктыларды мыктыдай баалап-барктаган мезгил качан келет?.. Өткөөл мезгилдин курмандыгы болуп дагы канчалаган таланттар тирүүсүндө эмгеги бааланбай жайрайт?..

Аялуу ички жан дүйнөсү жаратылыш менен жан бирге, улуу табият менен жуурулушуп жашаган инсан катары гармониялуу өнүгүп, барга көппөй, жокко чөкпөй, байлык-бийликке кул болбой, калк эртеңин ойлоп, канагаттанып жашаган, дирилдеген жалбырактын дилин туюп, үшүгөн көгүчкөндүн муңун көзүнөн көрүп, «Шах-бектерди мен билем шайтан албайт, мен ар дайым алсыздар тараптамын» деп ар дайым эл тарабында турган, «Алакандай Ата-Журт калат менден, Пайгамбардын калгандай жайнамазы», деп атуулдук сезиминен жанбаган Атантай агайдай асыл адамдар качан бааланат?

Профессор Шевелевдин «Татыктуулар сыйланыштыбы жана сыйлангандар татыктуубу?», деген учкул сөзүн мисал келтирип кетким келет. Атантай агай, сиздин төшүңүз толтура орден болбосо да, өмүр баяныңызда узун сыйлыктардын тизмеси жазылбаса да «Атантай Акбаров» деген атты укканда асманы жарык боло түшкөн, сизди ар дайым ызааттап, сыйлап окуган окурмандарыңыз бар. Сиз окурмандардын жүрөгүндө жашайсыз, ырларыңыз поэзия сүйүүчүлөрдүн дилинде, обондуу ырларыңыз оболоп көңүлдөрдө жашайт. Демек, ар дайым барсыз, сатып алгыс, алмашкыс адамсыз. Чыныгы сый да, сыймык да ошол.

Ооба, биринчи акын эмес, адам болуш керек. Атантай агай мен байкагандан акчага талантын сатпайт, бийликке кошомат кылбайт мен билгенден, «техникалык» акын болуп калгандардын катарында жок. Кан-жанында тунук сүйүү жүгүрүп турган үчүн бул түбөлүк темада жазган анын ырлары да ар дайым окурмандын дилинде каларына, сүйүшкөндөр ушул мен эмесминби деп өздөрүн лирикалык мендин ордуна коёруна шек жок.

Атантай агай, мен көпчүлүк чыгармачыл адамдарды тоокканага камап койгон тооктордой элестетем. Алар тоокканадан эркин чыгып кете алышпайт, ээси чачып койгон жемди терип жеп коюп эле компоюп жүрүшөт. Алар эркин куштарды эске алышпайт. Айталы, бүркүттөр, булбулдар сыяктуу эркин шаңшып, эркин таңшып, өз жемин өздөрү таап жеп, жашоодо өз эркиндигинин ээси болгонду билишпейт. Андыктан сиздин эркиндигиңиз, эр жүрөктүк менен ыр жараткандыгыңыз баарынан өйдө. Бар болуңуз, агай! Сүйүүнүн, дүйнө-өмүрдүн кереметин ачып берген шедеврлерди дагы жаратыңыз. Айнагүл экөөбүз Кыргызстанда татыктуу акын сиз барсыз деп мактанып туралы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×