Добавить статью
9:55, 19 июля 2013 80109

Кочкорлуктар эми жумгалдыктардын жерин талашабы?
  

Учур маселеси

Эртең кеч болуп калбасын?

Бул макалада айтыла турган маселе биринчи эле жолу көтөрүлүп жаткан жок. Мурда да айтылган. Бирок маани бербегендиктенби, же жетекчилерибиздин мажестигиненби ушул күнгө чейин чечилбей келет. Бул Кочкор менен Жумгал районунун территориялык маселеси.

Тарыхка көз чаптырсак эки элдин ортосундагы ыр-чыр такай жер маселесинен чыгып келгенин танууга болбос. Эки эл эмес эки бир туугандын бири-бирине киришпей калган учуру да дал ушул жер маселесинен улам болуп келген. Ушу өзүбүздүн Чаек айылында эле аттуу-баштуу аксакалыбыз коңшусу менен бир карыш жерди талашып, кырды бычак болушуп, ит жебегенди жешип, биринин айыбын экинчиси чукуп, көпчүлүккө күлкү болушканын эсибизден чыгара элекпиз го...

Андан берилесек, учурда, Көк-Ой айылындагы ызы-чуу эмнени каңкуулап жатканына тереңирээк үңүлүп, ийри олтуруп, түз кеңешип, кандайдыр бир орток чечим чыгаруу керектигин убакыт, мезгил талап кылып турганын унутууга болобу. (Ушул азыр Көк-Ой айыл өкмөтүндө жер талашуу маселеси өтө курчуп турат) Бул бир эле Көк-Ой менен бүтүп калса да кудайга шүгүр дейли,эртең эгер калыс, туура, акыл-эстүү чечим чыкпаса Кызыл-Жылдыз, Чаек, Кайырма, тээ Кызартка чейин жетип, кызыл чеке болуп кетпесине ким кепилдик берет. Өз эл, өз жерибизде таасир бере албасак, кокус район аралык чуу көтөрүлсө биздин сөздү ким угат. Ошондуктан азырынча абал тынч болуп турганда күнүмдүк иш менен күл-ала боло бербей эртеңкиге да сары эсеп салганыбыз жөндүү болоорун эскертким келди.

Бая бейиши болгур СССР деген өлкөнүн карамагында турганыбызда чек ара деген сөздүн биз үчүн кыйыр да, түз да маанисинде эч мааниси жок эле да. Коңшу тажик, өзбек, казак эмес кең өлкөнүн кай бурчунда болсо да кайнатаңдын төрүндө жүргөнсүп, ээн эркин жүрчү элек го. Бирөөдөн сен деген сөздү укчу белек?. Эмичи, күнүгө ызы-чуу. Ит аткандай атып салуу, бар жообу чек араны буздуң дешип көшөрүп турушат. Карап көрсөң кечээ эле ошол чек ара делинип, экиге бөлүнгөн жерде, сен-мени жок, эки элдин малы бирге жайылып, балдары чүкөнү бирге ойноп, чикитти бирге чабышып, аксакалдары тигил өлкөнүкү, бул өлкөнүкү эмес баланча аканын чайканасынан аш демдетип, чай ичип, кепке кана баарлашып, ич ара маселелерди ошол жерден эле чечишип, ынтымак-ырашкерликте эле жашап жатышчу эле го. Мына мен өзүм дал ошондой шарттагы райондо көп жылдар иштеген адаммын. Ошол жердеги окуяларды газета-журналдардан окуп, телевизордон көргөн сайын каңырыгым түтөйт. Баягы эле эл, баягы эле жерлер, болгону өзүбүзчө ээн эркин (суверендүү) өлкө болгонубуз эле болбосо. Көрсө, мына ошол өзүбүзчө болуу дегендин өзүндө балээнин баары катылып жатканында экен...

Айтайын деген оюмду минтип алыстан баштаганымдын себеби бар. Анткени буга чейин да ушул маселени көтөрүп, майнап чыгара албай келем. Ар кимдин кесибине жараша, коомдогу ордуна карата жүгү болот эмеспи. Мына меники-журналист катары эл мүдөөсүн өз мүмкүнчүлүгүмө жараша басма сөз беттерине жарыялап, бийлик ээлерине жеткирүү, коомчулуктун пикирине таянуу деп түшүнөм. А бийлик ээлери, коомчулук колдогон, бул элдик мүдөөнү тийиштүү жерге маселе коюп аны чечүүсү зарыл. Бирок өткөндөгү бир жетекчибиз, жазып коюу жеңил, бирок чечүү маселесинин жол жобосун да жазсаңыз жакшы болот эле десе, дагы бирөөсү сиздин көтөргөн маселеңиз туура, ал үчүн райондун аттуу-баштуу адамдарынан турган комиссия түзүлүп, ошолор иш алып барышууда дегенинен аларга жолуксам, эч кандай комиссияга кирген эмесмин, ал маселени комиссия эмес жетекчилик чечиши керек да деп, кайра мага суроолуу тиктешти. Ошондо, ишенген кожом сен болсоң деп, көңүл калган жетекчиге экинчи сөз короткум келбей, районубуздун Жогорку Кеңештеги депутаты Д.Ниязалиева райондогу көйгөйлүү маселелерди чечүүгө атайын республиканын бир канча жетекчилерин, ЖКнын бир топ депутаттарын алып келип өткөргөн чоң жолугушууда атайын сөз алып ушул (Кочкор-Жумгал) маселесин чечүүсүн өтүнгөм. Ошондо облустук администрациянын губернаторунун орун басары чыгып, “Туура маселе экен, бул сыяктуу маселе бир эле Кочкор-Жумгалда эмес, Кочкор-Нарын, Нарын-Ат-Башы районунда да бар, муну тез арада чечебиз”-деп кеткен. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев жолугушуу бүткөндөн кийин атайын жолугуп “Сиз айткан маселени айыл чарба комитетине атайын маселе коюп көтөрөм”-деп убада берген. Ошондон бери тырнактын агындай иш бүткөн жок. Эми бул жолу жаңы жетекчилигибиздин эл үчүн иштейин деген аракетине ынанып кайрадан көтөрүп отурганым. Чек ара маселесине кыскача токтоло кетейин.

Жараткан кудай бу Кочкор менен Жумгал жерин жаратканда эле эч бир талаш-тартыш болбогондой жараткан тура. Эки аймакты Кызарт бели бөлүп турат. Анысы аз келгенсип Жумгал суусу ошол жерден баштап батышты карап акса, Кочкор суусу теңирден тетири чыгышты карай агат. Ата-бабалар жер каймактагандан бери ошол жерди чек кылып өмүрүн кечирип келишкен. Анан эле күнү кечээ өлкөбүздү Кочкордук адам башкарып турганда ага таасири күч эки чарбанын (Кочкордун Коммунизм менен Чолпон) совхозунун жетекчилери жайкысын Сөөк деген жайлоого караганда ушу турган Кызарт жайлоосунан бир аз жайыт бердирсеңиз бирин-экин короо койду багып, алыска чапкылабай козу-колоң алып келгенге ыңгайлуу болот эле дегенди жүйөө кылып, аксакалына өтүнүч кылганда, анын ишаараты менен биздикилер сиздерден айлансын деп Кызарттын белин эле эмес, шыйрагына чейин түшүрүп кол коюп беришиптир. Андан бери канча жыл өтсө да бул Кочкор өрөөнүнө карап кеткен жерлер анча деле таасирин тийгизбеген. Анын үстүнө СССР деген бир өлкө эмес белек. Качан гана өзүбүзчө өлкө болуп, ар кимибиз өз арбайыбызды согуп, анын үстүнө рынок деген ыркыраган заман келгенде, жол бойлото боз үй тигип, айран сүтүнөн бери сатуу башталганда, Кочкорлуктар күркүрөп Кызарттын ичин бүтүндөй базарга айлантканда гана, кокуй чек ара деген ушул тура деп көзүбүздү алайтып, попиросубузду буркуратып, калпыбызда ышкыртып олтуруп калдык. Кутурган итти чынжырлап байласаң да токтобочу Кызарттын туу белин жайнаган ашкана-базарга айлантты. Ыркыраган суугунан башка эч нерсеси жок жерде “коомдук тамак-аш” жасагандарды Кочкорлуктар Жумгалдыкы деп, Жумгалдыктар Кочкорлуктар деп эч көзөмөлсүз, ээн жердин бөрүсүндөй суроо-сопкутсуз, кымындай тазалыкты ойлонбой, күжүлдөп акча эле акча деп иштеп киришти. Ошол жердеги “Жумгал районуна кош келиңиздер” деген чоң арканы да элес алышпады. Биз да унчукпадык. Дале унчукпай келе жатабыз.

Акыры бир күн жетекчилер үндөбөсө, койсун өз жерибизге өзүбүз ээ бололу дегендер (Көк-Ойлуктардай) чыкса, мыйзам биз тарапта деп, Кочкорлуктар чыкса (анын бетин ары кылсын) өзбек менен Кыргызстандын чек арасы суу кечпей калбайбы? Катыным сокур жаным тынч деп, азырынча эч кандай кеп-сөз болбой жатса эле, дайым эле ошондой болот деген ойго алдануу, ага жетеленүүнүн арты чоң кайгыга алып келбейби. “Жерим үчүн жаным тартуу”- деген Сарыгулдай дагы бир мекенчил кантип чыкпасын.

Баса, Сарыгул тарыхына бир аз токтоло кетейин. (Ал жөнүндө да ушул эле газета бетинде айттым эле). Сарыгул аксакал Кызарттын кулуну болуптур. Бая Кызарт белин эптештирип алышкан соң кызый-кызый дегендей, Килемче жайлоосун деле алып койбойлубу дешип дагы комиссия түздүрө коюп, кошаматка кой сойгондор колдорун көкүрөгүнө коюп силерден айлансын деп, жайлоосун эле эмес жан шериктерин бергенге даяр бийликтин кулдарынын ар-намыссыз иш аракеттерин угуп, Сарыгул аке бастырып барса, бажак-бажак түшүп, башчынын айтканын бешке бажарышып, иштин ийгилигине байланбаган тай союп, казан боркулдап калган учур экен. Анын келгенин деле этибарга алышпай, чоң иш бүтүргөнсүгөн комиссиянын мүчөлөрүнүн өңдөрү кызарып, жоон орто кызып калган немелерге: -“Эй айланайындар бу не деген бетпактык. Ата-бабаларыбыз жайлаган жер го”-десе, -“Эй, дүмүрөйбөй жогол, иш бүткөн, маселе чечилген” дешип беркилер дөөгүрсүнөт. Ошондо Сарыгул аке: -“Ата-бабам жайлаган жайлоодон ажырап жашаган өмүрдүн так атасын урдум, андан көрө ушул жайлоодо өлүгүм калсын”деп, чылбырын мойнуна салып, атын курсакка тээп, сүйрөлүп жөнөйт. Эми эле көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй күркүрөп тургандар киши көрбөсүн деп туш-тушка качып жоголушат. Киши сүйрөгөн атты тосмолоп жүрүшүп кармашса, ажалы жок белем, кайран Сакем тирүү экен. Эптеп эс алдырышат. А баягы комиссия иштерин аягына чыгарышпай из жашырат. Ошентип бир Сарыгул акенин аракетинен Килемче Кочкор районуна өтпөй калыптыр. Сарыгул акедей “Элим”- деген дагы бир азамат “туугандар өз жерибизди неге тебелетебиз”-деп чакырык таштай электе жетекчилик иштей турган иш арбын. Ойлонгон жакшы. Эртең кеч болуп калбасын. Бул коркутуу же үркүтүү эмес. Эсиң барда этегиңди жап деген сөз. Ушундай абал тынч учурда, бир ымалага келүү бүгүнкү күндүн кечиктирилгис маселеси.

Эгерде дагы камырабай убакытты созо берсек өлкө жетекчилери көптөн бери кеп кылышып келе жаткан административдик аймактын биригүү же бөлүнүү маселеси (программа боюнча небак эле жүрмөк) башталып кетсе, анда бул маселе (биз көтөргөн) өзүнүн актуалдуулугун жоготоору бышык. Кайсы район жоголуп, кайсы районго биригээри али белгисиз болуп турган чакта маселени тактоо керек. Мисалы Кочкор Жумгал биригип калса (буга чейин да үч жолу биригип, үч жолу ажырашыппыс) “ой кайдагы чек маселесин айтып жатасыңар, бир район болуп калбадыкпы” дегендер четтен чыгаарына бөркүмдөй ишенем. Ошондо эле бул маселе чечилген болуп калса (тып-тынч) мен унчукпас элем. Бирок он жолу бириккен күндө да Жумгал Кочкор жери деген бөлүнүүнү эч ким, эч нерсе, эч кандай күч токтото албайт. Акыры, бул маселе оор кагылышууларга алып келгенче акыл эстүү, акылман чечимге өтө муктаж. “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” дегендей, бүгүнкү жай турмушка ынанып бул маселени тез арада колго албасак, эртеңки күн оор кайгыга айланып кетиши толук мүмкүн. “Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман” болбой, ортого облусту коюп, эки райондун эстүү-баштуулары чогулуп, бир муназатка келет деген ишеничте сөзүмдү аяктаймын.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×