Добавить статью
6:01, 24 июля 2013 64954

WIND программасы аркылуу ийгиликке карай

ПРООН менен өнөктөш болуп Эл аралык эмгекти уюштуруу уюму Ысык-Көл, Талас, жана Нарын облустарынын 127 алыскы айылындагы айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн жыргалчылыгын көтөрүүгө өз салымын кошушту.

Кыргызстан өзүнүн эгемендүүлүгүнө ээ болгон күндөн бери өткөн он жылдагыны бүгүнкү күн менен салыштыруу «оңой- олтоң», иш эмес. “Биз жакшы жашап калдыкпы же жаман жашап калдыкпы?” деген суроо да анчалык жеңил суроо эмес. Өзгөчө биздин республиканын алыскы айылдарындагы турмуш-тиричилик өтө кыйынчылык менен өзгөрүүлөргө дуушар болду.«Мына ошондуктан «WIND» программасынын көптөгөн катышуучуларынын пикири боюнча ушундай ийгиликтүү программа жөнүндө айтпай коюуга болбойт, бул программанын максаты» дыйкандардын коопсуз эмгек шарттарын түзүү жана саламаттыгын сактоо, алардын тажрыйбасын эске алуу менен эмгек практикасын жакшыртуу үчүн дыйкандарга эмгектин техника коопсуздугун, жана айыл чарбасындагы тобокелдиктерди талдоону үйрөтүү. «Биз айылдардын татаал көйгөйлөрүн чечүү жагын колго алган ар кандай үйрөтүүчү программалар менен долбоорлорго көнүп калганбыз», бул программа чет жактагы аймактын тургундарына түздөн-түз таасир эткендиги менен айырмаланат.

Бүткүл Республикада айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн оор кол эмгегин пайдалана тургандыгы, оор нерселерди көтөрүү, регламентациялоо болбогон иш күнү, катаал климаттык шарттар татаалдаштырган иш, төмөнкү сапаттагы жана жетишсиз сандагы негизги жана жүгүртмө каражаттар менен төмөнкү өндүрүмдүү жана майыптыкка учуратуу коркунучу бар болуп кала берүүдө, бул дыйкандардын экономикалык жана социалдык жыргалчылыгын начарлоо тобокелдиктеринин пайда болушуна алып келет. Эмгекти жана саламаттыкты сактоо боюнча билимдер менен ыкмалардын жоктугунан улам татаалдашкан у шарттарда «WIND»программасы боюнча окутуу фермерлер жана дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү үчүн жакшы мектеп, жана техника коопсуздугун өздөштүрүп алынган тажрыйбаны эске алуу менен тобокелдиктерди жана эмгек шарттарын баалай билүүнү иш жүзүндө үйрөнгөндүк болуп калды.

Тренингдердин катышуучулары өздөрүнүн чарбаларын жыйынтыктуу жүргүзө алышаарын сезип калышты. Албетте, баардыгы эле анчалык ойдогудай болгон жок, бирок уюштуруучулук, мобилизациялык көйгөйлүү маселелер программанын тренерлеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларынын биргелешкен иш-аракеттери менен чечилди.

Окутуунун аркасында фермерлер агохимикаттарды колдонуу жөнүндө маалымат алышты, анткени айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн коргоочу чараларды пайдалануу, пестициддерди сактоо жана пайдалануу боюнча ыкмалары жана билимдери жок экендиги жашыруун сыр эмес, химикаттар ашыкча өлчөмдөрдө пайдаланылууда. Көп учурда дыйкандар агрохимикаттарга сактоо үчүн атайын бөлүнгөн жайларды талап кылбай турган кадыресе заттар сыяктуу мамиле жасашат. Алар пестициддерди пайдаланууда атайын чүмбөттөрдү пайдаланышкан эмес, андан бешбетер «дарыны» канчалык көп чачсаң, ошончолук жакшы түшүм аласын деген пикир айтылып жүрөт. Тренингдер ушул ойдон чыгарылган нерсени жокко чыгарды, ал эми Нарын, Талас облустарында пестициддерди сактоо жана аларды туура пайдалануу процесстери күндөлүк турмушка сиңүүдө.

Мындан ары сөз боло турган окуя кайгылуу болсо да, программанын таасир этүү жана өткөн тренингдердин маанилүүлүгүнүн көз карашынан алганда үлгү болоорлук. Ысык-Көл облусунун тургуну Кадыркул Өзүбеков карьерде иштеп жатып курман болгон. «Эмгектин оор шарттары жана техника коопсуздугун сактабагандык үй-бүлөнү багуучудан айрылып калуусуна алып келген, ал эми иш берүүчү анын үй-бүлөсүнө 50 миң сом берүүнү зарыл» деп эсептеп, курман болгон жумушчунун өмүрүн ушундай суммага баалаган. Ушул кайгылуу окуяны тренингдин катышуучусу Жыпар Абылова айтып берген. Окутуу аяктагандан кийин тренерлер жана тренингдин катышуучулары иш берүүчү менен жолугушушкан жана мыйзамдын талабын эске алуу менен курман болгон адамдын үй-бүлөсүнүн компенсация укугун коргоп калышкан. Ушул окуяны дале текшерип чыгуу жараянында турат, бирок өз укуктарын же өз коңшуларынын, жакын адамдарынын укуктарын иш берүүчүнүн алдында коргоп калууга катышуу мүмкүнчүлүгүнүн далили эле «WIND» программасынын айылдыктарга жана жалпысынан коомго оң жана натыйжалуу таасир тийгизгенин айгинелеп турат, окутуунун алкагында программа тарабынан укуктарды коргоонун жол-жоболору жөнүндө маалыматтык материал берилген.

Алсак, Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Толобек А. куруучу боло туруп жер-агрардык реформасынын жүрүшүндө жер үлүшүн алган жана миңдеген айылдыктар сыяктуу эле дыйкан чарбасынын башчысы болуп, картошка, дан эгиндерин, тоют өсүмдүктөрүн өстүрө жана айыл чарба малдарын бага баштаган. Бирок каалаган материалдык молчулук келген эмес үй-бүлөө эрте жаздан кеч күзгө чейин иштеген, ал эми үй бүлөөлүк бюджеттин чыгаша бөлүгүн кирише бөлүгү жаба алган эмес, көп учурда зыян тартып иштеп калышкан. Тууган-туушкандары жана кошуналары айыл-чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө анын башкы кеңеш берүүчүлөрү болушкан, андан кийин айылга долбоорлор ( Айылдык кеңеш берчү кызматы, ПРООН жана башкалар) келип, өткөн жылы болсо айыл чарбасында эмгекти коргоо боюнча тренингдер өткөрүлдү.

Ошондо фермер турмуш жыргалчылыгын жакшыртуу үчүн айыл чарбасын жүргүзүү боюнча билимге гана ээ болбостон, ошондой эле эмгектин техника коопсуздугун сактоо, өзүнүн ден соолугу сыяктуу эле айыл чарба жаныбарларынын, кыртыштын, суунун тазалыгы үчүн да тобокелдиктерди аңдап билүү жана алдын алуу керек тура деп ойлонуп калган. Анын сөзүнө караганда: «өз максатына жетүү – талаптагыдай киреше алуу убакытты (ошонун ичинде эс алуу үчүн да) натыйжалуу пайдалануу үчүн соңку жылдарда мен сарптагандай бөлүнгөн мүлктү, техниканы дарылоого жана калыбына келтирүүгө көп сарптабай, тобокелдиктерди талдоо жана алар боюнча, күн мурунтан иш-чараларды тандап алуу керек». Төлөбек азыр өз чарбасында иче турган суунун көрөңгөсүн кармайт, ал жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү бруцеллезго кандын анализдерин тапшырышты, короо-жайга кирме жолдорду оңдошту жана короодогу канализациялык түтүктөрдүн казылган арыктарын түздөп коюшту, мал короонун эскирген устундарын алмаштырышты, ушуларга бардыгы болуп 20 миң сом сарпташты, ал тапкан пайдаларын салмактап көрүп, муну капкачан эле жасоо керек болучу деген жыйынтыкка келди. Өзүнүн эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча анын иши улантылууда, анткени тобокелдиктерди талдоо-бул ар дайым болуучу процесс.

Эреже катары дыйкан чарбаларындагы балдар кичинекей кезинен тартып ата-энелери менен бирге талаада жана мал чарбасында иштей башташат. Тамактануу жагынан көйгөйлүү маселелер чыгып жатат, тамак-аш эреже катары ар түрдүү болбойт, кээде өз убагында да болбой калат. Талас облусунда иштеген балдар WIND программасы аркалуу окутуудан өтүштү. Бул облус негизинен мында балдардын эмгегин пайдаланыша тургандыгы менен, иш берүүчүдөн кыска иш күнүн, кошумча тыныгууларды, иче турган таза суу менен камсыз кылууну (мурда арыктан ичишчү) жана өз убагында ысык тамактын берилишин талап кыла алышаарын билип алышты.

WIND программасы – бул айыл чарба өндүрүшүндө тобокелдиктерди, өмүр менен ден соолукка туулган коркунучтарды четтетүү, дыйкандардын жыргалчылыгын көтөрүү боюнча иретке салынган билимдерди жана практикалык тажрыйбанын берүүнүн жакшынакай мүмкүнчүлүгү. Тренингдердин катышуучулары өздөрүнүн күндөлүк турмушунда окутуунун натыйжасында алган билимдерин пайдаланышат, анын үстүнө алар өздөрү коопсуз эмгек менен саламаттыктын шарттарын камсыз кылуу боюнча маалымат менен тажрыйбаны жайылтуучулар, айыл чарба өндүрүшүн ийгиликтүү жүргүзүүнүн өрнөгү болуп эсептелишет..

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

26-07-2013
Карьерде иштеп каза болгон К.Өзүбековдун өмүрү 50 миң сомго бааланган
110808

26-07-2013
Карьерде иштеп каза болгон К.Өзүбековдун өмүрү 50 миң сомго бааланган
109460

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×