Добавить статью
8:13, 16 сентября 2013 41105

ШКУну бир тепкичке көтөрдүк

Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өткөн кезектеги саммити буга чейинкилерден бир топ жактары менен айырмалганын тана албайбыз. Адегенде эле Уюмга мүчө өлкөлөр толугу менен, ага кошулуп, байкоочу мамлекттер да ынтызарлана кызыкканын, дагы айтсак, саясий, чек ара чыр-чатактардын, пикир келишпестиктин айынан көптөн бери Кыргызстанга келбеген өзбек ажосу Ислам Каримовдун чын ниетинен маңдагы жарык келгенин белгилөөгө болот. Анын да себептери бар. Мында буга чейин байкалбай да, ачык айтылбай да келген бир жагдайды белгилеп кетүү керек. Мисалы, Бээжиндеги, Астанадагы, Москвадагы, Ташкендеги же башка борборлордо өтүп келе жаткан ШКУ саммиттеринде негизинен форумду өткөргөн мамлекеттердин тымызы да, ачык да басымы, үстөмдүгү сезилип турчу. Тагыраак айтканда, саммит ээси болгон ар бир өлкө алдыга өз көйгөйлөрүн коюп, ошонун тегерегинде кеп кылып, андан кийин гана жалпы уюмдун таламдарына, аткарылчу иштерине, келечек пландарына карап келишкени чын.

Буга далилдер да четинен табылат. Алсак, Кытайда өткөн саммиттер илгерки коммунисттик үгүт маанайында адегенде жалаң улуу коңшунун жалпы жетишкендерин, ийгиликтерин, аскердик кубатын даңазалоо менен башталып, анан сылык-сыпаа гана “мына, бизди көрүп- билип алгыла” дегендей, күн тартибине өтүп жатты го. Мунун өзү чынында мурдагыча алганда саясий үгүт-насыят, азыркыча айтканда саясий технология болуп саналат.

Эми, “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарыш”, же болбосо “конок - койдон жоош” дегендей, саммитти кандай уюштуруш анын ээлеринин өз эрки, а коноктор ошого ыраазы дейличи. Айталы дегенибиз, буга чейинки КМШ, ЕврАзЭС, Бажы бирлиги, ШКУ саммиттеринин чечимдеринин чала-була аткарылып келаткандыгынын, маанилүү документтер кагазда калып жатканынын бир себеби дал ушунда болуп жүрбөсүн? Анткени, биздин Борбор Азия чөлкөмүн улуу кошуна Кытай, алыскы АКШ, анан тарыхый дос Орусия ар кимиси өз таасирине алууга жан далбастап жатышканы жашыруун эмес. Ошол талаштын тамгасы ар бир жолугуш-кеңеште, саммитте берки жаңыдан эгемендик алган, бутуна чындап тура элек Кыргызстан сыяктуу жаш өлкөлөрдүн көкүрөгүнө басылып келатканын тана албайбыз.

Бул ирет, ШКУ мамлекеттеринин жетекчилеринин ар бир кебинен, жүргөн-турганын бир башкача маанай сезилип жатты. Бул маанай уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын расмий айтылган сөздөрүнөн байкалып турду. Маанайдын өзөгүн Орусия президенти Владимир Путиндин “саммитин Кыргызстанда өткөнү, өлкөгө жана анын президенти А.Атамбаевге аброй алып келди” дегени түздү десек жаңылбайбыз. Ага улай кандаш казак элбашчы Нурсултан Назарбаев Борбор Азия чөлкөмүндө көптөн бери чыр-чатак, тала-тартышты туудуруп келген суу маселесин бир туугандарча сүйлөшүп-келишип чечип алсак болот деди. Бирок, баарынан да келээр-келбеси арсар өзбек президенти Ислам Каримовдун кадимкидей сергек, чын ыкластанып учуп келип, өкмөт башчыбыз менен кол алышканы эки кошуна мамлекеттин ортосунда соңку мезгилде өчүп бараткан мамилелерди кайра тутанткандай болду. Тажрыйбалуу, сабырдуу карт саясатчы айткандай, “дүйнө коомдоштугунун көңүл чордонунда турган бүгүнкү саммитти кабыл алуу, аны өткөрүү чоң жоопкерчилик”. Боордош Өзбекстандын жетекчисинин бул айтканын карапайым жалпак тилге салсак, “Кыргызстан бул маанилүү саммитти үзгүлтүксүз, жакшы деңгээлде өткөрө алганы, жыйынтыгы жемиштүү болгону – өлкө жетекчилигинин жоопкер мамилесин билдирет” дегени. Демек, чөлкөмдө гана эмес, жалпы КМШ ичинде кийинки жылдары чыңалууну пайда кылган кыргыз-өзбек мамилелери ушуну менен оң жолго түштөөрүнө үмүттөнө берсек болчудай. Бул - Бишкек саммитинин дагы бир маанилүү ийгилиги.

Ал эми Кыргызстан үчүн улуу коңшу Кытай Эл Республикасынын жетекчиси Син Цзинпиндин расмий сапары, анын жүрүшүндө биздин өлкөгө чын ниетинен зор инвестициялар ыроолонгону өтө чоң маанидеги окуя болгону талашсыз. Албетте, кытай мамлекетинин берешендигинин өзүнчө себептери бар. Алар негизинен биздин өлкөнүн геосаясий маанилүү ордуна, кыргыз жетекчилигинин ар тарап менен иш билги теңата саясат жүргүзө алганына байланыштуу. Ырас, дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда турган кытай-кыргыз-өзбек темир жолу боюнча келишимге азырынча кол коюлбай калганы түркүн суроо жаратканы талашсыз. Бул жагдайда айрым маалымат каражаттары, мисалы, орусиялык “Росбалт” маалымат агенттиги адатынча тескери жоромол-дөдөмөлүн айтып чыкты. Сайттын айткандарына ишенсек, бул келишимдин Кытай тарап кийинкиге калтырыптыр да, анын башкы себеби Кыргызстандагы саясий чыр-чатактарга, туруксуз абалга барып такалат экен.

Шумдугуң куруп калсын! Калптын да чеги болот го? Дал ошол эле Орусиянын калыс караган башка маалымат каражаттары чын себебин айтып өтүшпөдүбү. Аталган темир жол чындыгында жалпы чөлкөмдөгү геосаясатта абдан көйгөй маселеге айланганып баратпайбы. Анткени, пикир келишпестиктер биринчиден, темир жолдун нугунун кеңдигинен (колеясынан) келип чыгып жатканы, мунун өзү Кытайдын Батышка, Перс булуңуна карай багытталган геостратегиялык саясатынын өзөгүн түзөөрүн саясат талдоочулар, серепчилер, эл аралык деңгээлде аттуу-баштуу саясатчыларга дейре айтып келишпедиби. Экинчиден, кытай тарап аталган темир жол, анан Түркмөнстан газына багытталган түтүк аркылуу эми Орусиянын Каспий, Урал, Чыгыш Сибирь аймактарынын коопсуздугуна шек келтирип жатканын орусиялык адистер, саясий серепчилер ачык айтып жатышат. Бишкек саммитинин алдында бул тууралуу маалымат каражаттарында макалалар, маектер жарык көрдөдүбү. Ошого улай Орусия жетекчилиги кытай темир жолунун Борбор Азия аркылуу курулушуна караманча карыш экендиги таккесе билдирилди. Кытай жетекчиси Син-Ципиндин Кыргызстанга сапарында темир жол келишимине кол коюлбаганын башкы жана бирден-бир себеби дал ушунда турат. Бирок, айкын бул фактыга көз жууп коюп, Кыргызстандын ички иштерине одоно кийлигишкен, биздеги окуяларды көбүртүп-жабырта калпы ышкырткан, биздин өлкөнү дайыма жаманатты кылгысы келген “Росбалт” ушул чагымчылдыгын койсо болот эле.

Эми мында майда-барат чагымчылдык чоң саясаттын тегерегинде боло турган нерсе. Дагы айтсак, төркүнү белгилүү дагы башка маалымат каражаттарында Бишкек саммити жыйынтыксыз аяктады деген келегей кептер да жүрүп кетти. Чынында ШКУнун Кыргызстанда өткөн саммити ага байкоочу катары катышып келген бир топ мамлекеттерди толук мүчө болуунун каалаган билдирүүлөрү менен коштолгонун ким танат? Ага касиеттүү кыргыз жеринин, жанда жок меймандос, мээрман элинин өзгөчө бир таасири тийгени да талашсыз. Биздеги ички саясий ыйкы-тыйкыларга карабастан эл аралык мындай чоң жыйынды татыктуу, майнаптуу өткөрө алганыбыз – өлкөнүн өнүккөнү, өнөгөлүү жагынан улам таанылып жатканы эмей эмне? Демек, Кыргызстан Шанхай Кызматташтык уюмун дагы бир тепкчике көтөрүп, аброюн арттырып койгондой болду.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×