Добавить статью
11:02, 21 ноября 2013 29216

КИЖКны жеңүүчү ким?

Негизи дүйнөдө Бүткүл Дүйнөлүк күн өтө сейрек белгиленет. Мындай датага жадагалса улуу 8-Март күнү дагы туура келбейт. Бирок дал чейрек кылымдан бери 1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк күн катары таанылып келет. Таанылганда да кандайдыр бир майрам же кесиптик күн катары эмес «Каршы күрөшүү» күн катары бааланат. Албетте сөз кишинин иммундук жетишсиздигинин козгогучу (КИЖК (ВИЧ) жана иммундук жетишсиздиктин кабылдоосу (СПИД) тууралуу бара жатат. Эмне үчүн соңку жылдарда дүйнөдөгү мамлекеттер менен катар биздин өлкөдө да береги дарт жөнүндө кыйла катуу кеп боло баштады.

Жер планетасындагы адамзаат жарандары өткөн кылымдын 80-жылдарына чейин кандайдыр беймараал күн кечирип келишкен. Бирок кийин бир дарт дүрбөлөңдү алып келет деп кайсы көзү ачык алдын ала айта алды экен. Көрсө карт тарыхка кайрылсак ХХ кылымдын башында эле Борбордук Батыш Африкада пайда болгон адамдардагы бир дарт дээрлик бир кылымга жакын мезгилде гана 1981-жылы 5-июнь күнү АКШда аныкталып олтурат. Ошентип алгач «Төрт-Г» деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келерлиги, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышаары айныгыз аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата «Каршы күрөш» күндү 7 жылдан кийин жарыялаган экен. Бирок тилекке каршы мүлдө мамлекеттер, окумуштуулар канчалык аталган оору боюнча канкакшабасын, ВИЧ/СПИД жайылууда.

Кеп төркүнүнө келсек, АКШдан 1981-жылы жай айында Гаити мамлекетинен келишкен жалаң эркек мейман жарандардан 5 учур далилденген. Дарт геройин колдонгон гемосексуал, гемофилик адамдардан байкалган (Төрт-Г). Натыйжада 1981-жылы алгачкы конференция өткөрүлүп, коңгуроо кагылган. Ал убактагы чек арасынан чымчык да учуп өтө алайт деп эсептелген СССР мамлекетинде 1985-жылы эле чет элдик жарандан КИЖКнын биринчи учуру катталган жана маалымат өтө жашыруун сыр катары айтылбаган. 1986-жылы болсо америкалык айым каза таап, ал иммундук жетишсиздиктен оо дүйнөгө кеткендиги белгилүү болгон. Натыйжада Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан СПИД боюнча глобалдык программа негизделген. Ал эми Бириккен Улуттар Уюму 1988-жылы (БУУ) 1-декабрды «Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү» күнү деп жарыялаган. Акыры БУУ 1996-жылы СПИДке каршы «Бириккен Программа» кабыл алган. Турмуштун кызык кездешүүсү дал ушул жылы Кыргызстанда КИЖК алып жүргөн эң биринчи учур катталган экен. Ошентип азыркы жагдай кандай абалда?

БУУнун Бириккен Программасынын баяндамасы боюнча 2009-жылы дүйнөдө 60 миллион адам аталган ооруга чалдыгып, 25 миллион киши каза болгон. 2008-жылы жер шарында 430 миң ымыркай иммундук жетишсиздик, демек СПИД менен төрөлгөн. Натыйжада 15 жашка чейинки КИЖК алып жүргөн балдар саны 2,1 миллионго жеткен.

17 жыл аралыгында Кыргызстанда 5 миңден ашуун жаран иммундук жетишсиздик козгогуч жана кабылдоо менен ооругандыгы айтылууда. Ал эми 2005-жылга чейин Теңир Тоо жергесинде бир дагы КИЖК же СПИД менен ооруган адам жок деп эсептелсе, быйылкы жылы алардын саны 57 адамды түзүп жатат. Алардын ичинен төртөө ушул дарттан каза болгондор.

Нарын облустук СПИДке каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Айнагүл Бексултанованын маалыматы боюнча 2013-жылы облуста жаңы 9 учур катталган. Бирок жыл сайын КИЖК дарты менен ооруган 10-12 адам кошулуп жатса, анда санаркоого негиз жок деп камаарабаганга болоор беле?

Жергиликтүү дарыгердин баамында бул сан эч кандай чындыкка туура келбейт.

-Бизде союздан калган жалган эсеп бермей көрүнүш бүгүнкү күнгө чейин сакталып келе жатат. Мисалы ал учурда кайсы бир чабан 180ден төл алса, бир саанчы бир уйдан 7 миң литр сүт саачу эмес беле. Тескерисинче болуп жаткан нерселерди жаап-жашыруу кыйынчылыкты жаратпаган. Бул оору болсо азыркы учурда айтылып жаткандан бери дегенде 10 эсе көп. Демек облусубузда миңге жакындаса, өлкөдө жүз миңге жакындады. Ошондуктан СПИДке каршы күрөшөбүз десек, эң башкысы ачык маалыматка жетишишибиз керек,-дейт ысымын айтуудан баш тарткан дарыгер. Дагы бир купуялуулугун сактаган медициналык окуу жайдын кызматкери СПИДке каршы ушул эле ноябрь айынын аягында жана декабрь айында окуучуларды жана дарыгерлерди кыйкыртып койбостон жыл бою маалымат берүүнү ыктуу деп санайт.

-Негизи бул айыкпаган оору наркотик саюнуудан жана жыныстык катнашуудан жугат. Демек кандын иммундук жетишсиздигинин кабылдоосу. Ал кан менен айланып жүрө берип, акыры организмди «кыргызча айтканда» чиритип бүтөт. Ушуну жаштары да, карысы да түшүнүшү зарыл. Ошондуктан мына каршы күрөшүп жатабыз деп бир жылда бир жолу көчө жүрүш, же диктант жаздыруу, же КВН өткөрүү менен эч качан оорунун санын кыскарта албайбыз. Менимче эч кур дебегенде эки айда бирден СПИД боюнча ар кандай жыйындарды, жүрүштөрдү, маалыматтык сынактарды өткөрүп, анан келип 1-декабрда жыйынтыгын чыгарсак болот да. Ошондо гана эл арасында жеңил ойлуулук азайып, жашоого болгон көз караш өзгөрүлөт эле,-дейт медициналык кызматкер.

Чындыгында соңку жылдарда Африка материгиндеги көп өлкөлөрдө КИЖКны алып жүргөн жарандар 67 пайызга жетип, ал мамлекеттерде адамдардын орточо жаш курагы, мисалы Ботсван деген өлкөдө 65 жаштан 35 жашка чейин төмөндөгөндүгүнө (БУУнун Бииккен Программасынын баяндамасы) биздин, Кыргызстан элинин терең маани бериши өтө зарыл.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
163061

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
81911

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
79345

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
111544

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
72808

24-01-2014
Оро албаган орок тандайт
51109

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
65404

29-11-2013
Жамиланын талаасы
67635

28-11-2013
Калымбүбүнүн карааны
38275

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
104184

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×