Добавить статью
5:30, 29 ноября 2013 68000

Жамиланын талаасы

Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл аймагындагы тепкедей Эпкин айылында мээнеткеч айым тиричилик кылып келет. 1999-жана асыресе 2007-жылга чейин аны жергиликтүү эл этибарга деле алышпаган. Тескерисинче 1996-жылы айыл аймактын кайра бөлүштүрүү коруна тиешелүү аянтынан 10 гектар жерди ижара алып, буудай айдай баштаганда далайлары ага мыйыгынан да күлүшкөн экен. Учурда болсо биз сөз кыла турган каарманыбыздын этегин мүлдө айыл аймактын эле эмес, коңшу айылдардын тургундары да кармаганга аргасыз болушууда. Анткени ал соңку жылдары «колунда талканы бар» сүйгүнчүктүү адамга айланган. Албетте мындай сый-урматка талыбаган эмгек, эркектерден кем калбаган кайрат-күч, кажыбаган каармандык аркылуу жеткендигин мезгил ырастап турган чагы.

Айылга сапар

Дал ички эл көчүү жараяны күчөп, ондогон айылдык тургундар топ-тобу менен элетти таштап шаарларга агылып жаткан чакта Жамила Тойчубекова тескерисинче, туулуп өскөн айылына сапар тартты. Кечээки ыраматылык «союз» заманында 1975-жылы соода техникумун аяктап, ал доордогу бирден бир ооматтуу дагы, барк-нарктуу дагы дүкөнчүлүк кызматта 21 жыл иштеп, акыры эмгек үзүрүн эгин эгип, дан өстүргөндөн неге көргүсү келди экен.

-Мен ушул Эпкин айылында туулуп өскөм. Турмуштун тагдырына байланыштуу үй-бүлө очогум бузулуп, эки балам менен жашап калдым. Элдин көбү айылдан качып, шаарларга кетип жатканда мен намыстанып айылга барып жер менен иштегим келди. Ошентип 1996-жылы чыгынып айылдан алгач 10 гектар жерди ижарага алып, ага буудай айдап өстүргөнгө кириштим, - дейт элеттик дыйкан айым Жамила эже. Чейрек кылым убакытка жакын мезгил соода тармагында эмгектенип, Чаек айылындагы бирден бир универсалдык дүкөндө башчылык кызматка чейин жетип иштеген каарманыбыздын болочок эмгек шыбагасын айылдан издегени көп адамдарды таңгалдырган экен. Чынында Эгемендик келгени далай жарандар ыгы болсо деле, болбосо деле алып сатууга киришип, базарчылык кыла башташкан эмес беле. Ал эми Жамила Тойчубекова жедеп каныккан, дал базар экономикасынын даяр адиси эле да. Бирок чыныгы эрк жана ички туюмдун кайраты акыры аны айылга алып келет.

-Алгач баарысын үрөндү, күйүүчү майларды сатып алууга туура келди. Эки бир тууганым мага кошулуп, жардам бере башташты. Анда азыркыдай насыялар арзан эмес болчу да. 40 миң сомду 36 пайыз менен алган болчумун. Кийинки жылы айдоо аянттарды көбөйтөйүн деген тилегим шыдыр эле орундалган жок. Айыл өкмөт жана көрө албаган туугандар тарабынан бут тосууларга тушуктум, - деп эскерип турду ал жылдарды Жамила эже.

Көрсө Жамила айым жер аянтын кеңейтип, 50 гектарга чейинки аянтка буудай айдап, айрым эркектер жасаганга дити барбаган үрөнчүлүк чарбаны уюштургусу келген тура.

- Чындыгын айтканда айыл өкмөт ишенген жок. «Аялдын колунан да үрөнчүлүк кооператив уюштуруу келмек беле. Жөн эле оокатын кылса болмок» дегендей мамиле ачык эле жасалды. Далай жердештерим табалоо менен карашса, кээ бирлери шылдың катары капталдан баам салышып сынап турушту. Айтор кыйналдык, чайналдык. А түгүл айдоо учурунда атайылап тракторлорун бербегендер да болду. Ал ан сайын мен атайын келгенден кийин деп чыйралдым. Айла кеткенде жогору жактарга район, облуска, ал гана эмес Айыл чарба министрлигине чейин кайрыла баштадым. үрөнчүлүк кооперативдин атын «Чынар» деп атап документтерин мыйзамдаштырдым. Андагы кыйынчылык өзүнчө кеп. Акыры түшүнгөн жетекчилердин жардамдары аркылуу 1999-жылы 50 гектар жерди ижарага алдым. Жерди алганыма райондогу айыл чарба департаменттен Шаршеев деген киши жардам кылды. Ошол кездеги губернатор Аскар Салымбековдун жардамы дагы тийип, а киши бергиле деп катка жооп кылган экен. Ошентип эки жыл дегенде көксөгөн жериме араң жеткем, - дейт каарманыбыз.

Шашпаган жетет муратка

Мынча аянтты толук кандуу иштетүү үчүн алдыда көз карандысыз айыл чарба шаймандарына ээ болуу зарылчылыгы турган эле. Ал чалкеш маселе кайрадан ири суммада насыяларды коркпостон алуу аркылуу гана чечилмек. Жамила эже ага барды. Ошол эле 1999-жылы 80 миң сомду насыяга алып Т-30 тракторлуу, өтө керектүү айыл чарба шаймандуу болду. Жер таман акы эмгекти жебей, Ж.Тойчубекова өстүргөн «Интенсивный» буудай сорту элге жайыла баштады. Бара-бара кооперативге ДТ-75 трактору кошулду. Ал эми 2007-жылы 2 миллион сомго «Нива» комбайнын алышты.

- Учурда бизде керектүү шаймандар соко, сеялка, тырмоо, чөп чапкыч, чөп таңгактоочу машиналар бар. Зарылчылыкка жараша кийинки жылдары буудай аянтын 20 гектарга эле айдап, 20 гектарына көп жылдык чөп бастырып, 10 гектарына арпа эгип жатабыз. Соңку 5 жылдан бери дан эгиндерден 20 центнерден кем эмес түшүм алуудабыз. Быйылкы жылы буудайда да, арпада да 24 центнерден айланды. Менин элге кылган жардамын үрөндөрдү жазында жарым баасында гана берем. Мисалы 200 кил үрөн алган адам күзүндө мага 100 кил буудай берет, - деп бизди таңгалдырды элеттик түпкүрдөгү даркан талаанын командири Жамила эже.

Кайрымдуулугу жана кайрылуусу

Жамила эже менен баарлашып, бу кишинин элге жарым баасында үрөн бергенден сырткары да кайрымдуулук иш-аракеттерин тыңдадык. Жыл бою 5 адамды, ал эми өнөктүк учурунда 10 адамды туруктуу иш менен камсыз кылган айылдык фермер айым Ж.Тойчубекова райондогу жетим балдар үйүнө буудайдан ар жылы жардам көрсөтүп, даталуу күндөрдө аймактагы тиешелүү адамдарга белектерин берүп турууну салтка айлантыптыр. +кмөт тарабынан жеңилдетилген насыялардын берилип жаткандыгын элге жасалган чоң жардам катары баалап, бирок ишти дагы алдыга илгерилетиш үчүн 10 пайыздык насыяларды жок дегенде 5 жылга берүүнү ыктуу деп эсептейт.

- Биз ар жылы 200 миң сомду комбайн үчүн төлөп жатабыз. Эгерде 2 миллион сомду 10 жылга албаганда анда комбайн ала алмак эмесмин. Ушундай чоң иш кылгандар үчүн насыя мөөнөтү 5 же 7 жылга чейин берилсе, мага окшогондорго абдан эле жакшы болоор эле,-деп кебин чокондоду Кыргыз жергесинин аялдарынан «Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасына Эмгек сиңирген кызматкер» наамына ээ болгон бирден бир дыйкан айым.

Айтмакчы, Түгөл-Сай айыл аймагына караштуу «Опытный» деп аталган айдоо жерди азыркы тапта жергиликтүү эл «Жамиланын талаасы» деп атай башташыптыр.

Эгерде сиз Жумгал районунун борбор айылы Чаекке бара жатсаңыз, Түгөл-Сай айылынан өткөндөн кийин чоң кара жол түндүк-батыш тарапка карай бурулуп, бир нече чакырымга чейин созулат. Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Максат Дунканаев дал ошол негизги унаа жолдун чыгыш тарабынан «Жамиланын талаасы» орун алгандыгын билдирди. Ал эми жакында болсо айыл чарба күнүнүн урматына өткөрүлгөн облустук алкактагы салтанат жыйында Жамила Тойчубековага "Нарын облусунун ардактуу атуулу" наамы берилди.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
163920

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
82367

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
79664

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
112098

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
73176

24-01-2014
Оро албаган орок тандайт
51398

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
65714

28-11-2013
Калымбүбүнүн карааны
38484

21-11-2013
КИЖКны жеңүүчү ким?
29356

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
104741

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×