Добавить статью
8:18, 20 января 2014 64000

Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор

Жыйын көйгөй

Күн сайын мерчемделген чогулуштар өлкөнүн бардык булуң-бурчунда болуп жатат. Албетте, кайсы бир жыйынсыз болочокко баам салып, эртеңки күнгө карай багыт алуу мүмкүн эмес. Ошол эле учурда өткөн чактагы жасалган жумуштарга да баа берүү вазыйпасы дал ушул жыйналыштарда айтылат.

Бирок, кеп төркүнү анын маани-маңызы боюнча бара жатат.

Кечээки доорлорго жашап өткөн улуу ойчул, көрөгөч муундарыбыз, алдын ала кылымдарда боло турган замандарды жөн жеринен ырдап кетишпесе керек. «Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор» деген саптарды улуу Казыбек казалчы (айрым маалыматтарда Арстанбектики деп айтылат) ушул 2000-жылдар үчүн айтканбы деп калчу болдук. Сөз чынынан бузулбайт демекчи, кийинки учурларда эч жыйынтыксыз чогулуштар жаандан кийинки козу карындай жайнап өткөрүлө баштады. А түгүл, расмий бийликтин коллегиялык жыйындарынын дагы, эл өкүлдөрдүн отурумдарынын дагы кабыл алынган токтомдору чечүүчү маанини аткармак түгүл, салыштырмалуу айтканда «даараткана кагаздарчалык» калк кызматын өтөй албаган кейпке түштү. Ошондо аргасыз кечээкини ойлоого маселен, райондук алкакты эле алсак, ыраматылык «союз» доорунда партиянын райкомунун катардагы пленумунун токтомдору ошол райондун аймагында толугу менен аткарылчу. Ал эми, обкомдун же республиканын бюросунун жыйындарын айтпай эле коёлу. Ал жыйындар азыркы замандын балдары үчүн «жомок». Албетте, береги доордо аша чабуулар, ашкере ыксыз кошуп жазуулар, курулай шаңдануучулуктар, көз боёмочулуктар сыяктуу терс көрүнүштөр орун алганы ырас. Бирок, болуп өткөн бюролордо эң башкысы жетекчи кызматтагы адамдарга тиешелүү жаза берилип, алды партиянын катарынан чыгарылганга чейин тартиптик чара көрүлчү. Демек, өткөрүлгөн жыйындан кандайдыр бир деңгээлде жыйынтык чыгарылчу. Азыркы тапта болсо жыйналыштар балдардын тили менен айтканда «жыргал». Облустуктагы, райондогу коллегиялык жыйындын токтомдору бир да кызматкерге «чымын конгондой» таасир калтырбайт. Кокусунан кимдир бирөө кызматтан түшсө, ал бир нече убакыттан кийин, алты айдан соң же болбосо бир жыл өткөндө соттун чечими, же жогору жактын амири менен «ат айланып казыгын табат» демекчи, мурунку конушуна кайрылып келет. Бирок, ага карабастан шагырап бир аптада бир нече жолу чогулуштардын байма-бай өтүп жатканы жаткан.

Эки эле далил.

«Ой, баягы эле токтом экен. – Эске алынсын; - Тапшырылсын; - Милдеттендирилсин деген. Биз эки-үч жылдан бери эле мерияга тапшырып, милдеттендирип келе жатабыз. Бирок, жыйынтык жок. Анда эмне кереги бар сессия чакырып», - деп жакында болгон Нарын шаардык кеңештин отурумунда депутат Автандил Молдосалиев бир силкинип алды.

Ал эми, облустук алкактагы жаш өспүрүмдөрдүн укук бузууларын алдын алууга арналган жыйында орто мектептин Кайрат аттуу окуучусу: «Элдин баарын чогултуп жыйналыш кылып жатасыздар. Бирок, эч жыйынтык чыкпайт. Бул эски система. Азыр биз китеп окубайбыз. Ким окумак эле китепти. Андан көрө веб сайт ачып ошол аркылуу балдарды тарбиялагыла. Азыр биз интернетке киребиз», - дейт.

Айтмакчы, ушул жыйында театрдын экинчи катарында орун алгандар өз ара кобурашып, каткырышып олтурушту да акырын бирден, экиден жылып сыртка чыгыш кетишти. Алар көрсө Кочкор районунан келген жарандар экен. Келгени кайсы да, кеткени кайсы?

Ал эми, эл аралык жана коомдук уюмдардын, министрликтердин, ведомстволордун канчалаган семинар-кеңешмелери жыйынтыгында бир тыйынга арзыбай өткөрүлгөндүн үстүндө өткөрүлүүдө. Демек, жыйналыш чакыруунун канчалык кажети бар? - деген собол жаралат.

Кеткен чыгымды өңчөйүнөн Нарын облусунун алкагындасары эсеп кылып көрсөк «тобо» келтирген сандар калкып чыкты. Облустун бир районуна аптасына эч кур дегенде эки жолу чогулуш өткөрүлсө, ага келүү үчүн ар бир айыл аймактан орточо 40 литр күйүүчү май зарпталат. Демек, 40 литр бензин үчүн 1 миң 500 сом керектелет. Жыйынга катышууга келген адамдардын ички керектөөсү орточо алганда 2 миң, 2 миң 500 сом болот.

Мисалы, Ат-Башы районунда 11 айыл аймак үчүучурду кеп кылбай эле коёлу.н апталык чыгымдоо 41 миң 250 сом, бир айда 165 миң сом. Облус боюнча ай ичиндеги жыйналышка райондор эле 950 миң, жыл ичинде 11,4 миллион сом коротот. Дагы ушунча акча каражатты облустук жыйындарга чакырууга кетет деп болжолдосок болот. Буга ар бир мекемелердин ички аралык жыйындарын, ар кандай иш-чараларды кошо бериңиз. Ал эми, облустардан Бишкекке күн сайын жыйындарга гана каттаган учурду кеп кылбай эле коёлу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
79580

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
101459

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
69360

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
71457

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
77250

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
109908

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
186756

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
134526

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
124992

16-11-2012
«Калкка кеңеш» галстукчандарга эмне деп кайрылат?
80099

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×