Добавить статью
12:37, 20 января 2014 119272

Парламенттеги жосунсуз жорукка интеллигенция тынчсызданууда

Депутаттардын оңдоп добуш берүүсүн талап кылабыз!

Калайык калкка, Мекендештерге, депутаттарга, саясатчыларга

кайрылуу

Урматтуу замандаштар!

Бул кайрылууга бизди мажбурлаган Жогорку Кеңештеги жосунсуз жорук болду. Анда «Кыргыз Республикасынын Жаза кодексине» түзөтүү киргизүү аркылуу коррупциянын кендирин кесүүгө багытталган мыйзам долбооруна 55 депутат каршы добуш берип, өлкөгө зыяны күчтүү кечиримсиз кылмыш кылган чыккынчылар, коррупционерлер, мамлекеттин булуң-бурчун отоп-бутап мүлжүп жиберген жооптуу кызматтагылар он жыл өткөнчө кылмышка тартылбай качып жүрө берсе, күнөөсүнөн арылат деген эски мыйзамдын сакталып калышын жактаган депутаттардын жосуну жаныбызды кашайтты! Бул долбоор өткөн жылдын этегинде Жогорку Кеңеште алгач талкууланганда, көпчүлүк жактырган болчу. Бирок ошондо эле айрым депутаттар жердешчиликке азгырылып, жаатташа калып, бул долбоор кабыл алынса «саясый куугунтукка жол ачылат» деген шекилдүү суу кечпеген шылтоо айткандарын да билебиз. Долбоорду жактаган ошондогу көпчүлүк 15-январдагы окууда, кайсы кара теке сүзүп, азчылык болуп калганына айраң-таңбыз. Чыккынчы да, коррупционер да, кызматында кыянат жосунга баргандар да оор кылмыш жасап салып, жоопко тартылбай жашырынып жүрө берип, беш-он жылдан кийин кутулуп баса берсе, акыйкаттыктын өлгөнү да! Мындай мыйзамды ким ойлоп тапса да, ким бекитсе да, алар башынан эле өз көмөчүнө күл тарткан эл душмандарынын көздөгөн көсүрү дээр элек. Ал көсүрдү сактап калуунун далбасын ургандар өз келечек тагдырын, ошондой эле, маселен, бүгүнкү күндө качып жүргөн бакиевчилердин, кой терисин жамынып азыркы бийликтин бучкагын чоюшкан аткаминер санаалаштарынын тагдырын ойлоп, «саясый куугунтук» деген логикага сыйбаган жок шылтоону кыйкырып чыккан кызыл кекиртек жалакорлор экени бештен белгилүү болду.

Он жылдан кийин күнөөгө тартылуудан кутулуп кетчү кылмышкерлердин бири да жашырынып жашаган он жыл ичинде ач-жылаңач, азап тарткан күндү башынан өткөрбөй, мамлекеттин казнасынан артынып кеткен акчага чет өлкөлөрдөн кымбат квартиралар сатып алып, атактуу курорттордо тайраңдап дооран сүргөн жыргалы үчүн акталышы керекпи?! Андайлар эртедир-кечтир жазасын алууга тийиш. Коррупцияга, кызматтагы кыянатчылыкка жол берчүлөр, өркүндөшүнө шарт түзчүлөр карапайым калк эмес, чоң кызматтагы мансапкорлор! Демек, күнөөсүздөрдү «саясый куугунтукка учурайт» деш шоона эшпеген беттырмарлык. Саясый беттырмаарлык! Ал эми беттырмаарлыкты мыйзамда сактап калуу – өлкө тагдырына атайлап жасаган кыянатчылык, президент А.Атамбаевдин, Башпрокурор А.Салянованын, деги эле коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзгөндөрдүн аракетин жылдырбай тушап салууну көздөгөн чидер экенин жалпы журт түшүндү. Депутаттардын оңдоп добуш берүүсүн талап кылабыз! Коррупционер деген шек менен кармалган, камалган байпагы манат атка минерлерди, тилинен чаң чыкканча, күнөөсүз наристедей актап, «коррупцияга каршы күрөш болбойле тандоо жолу менен айыптоо болуп жатат, башка партиядан эмне үчүн камалбайт» деген баягы эле беттырмаарчылыкты уккандан уялчу болдук. Устукан бөлүштүрчүдөй кеп да бул. Тигил, же бул партияда коррупционерлер, же коррупционерге шектүүлөр көп болуп жатса, демек, андагылар «издешпей табышкандар» болушу мүмкүн.

Дагы бир жагдай: кайсы бир депутаттын күнөөлүү–күнөөсүздүгүн тактоо максатында, ал депутатты кол тийбестигинен ажырата туруу зарылдыгын Жогорку Кеңештегилер колдобой, тергөөгө бөгөт коюп жүргөндөрү да коррупцияны коргоп, ага «кол тийбестик» шарт түзүп берүү далалаты. Тергөө ишине Жогорку Кеңештин кийлигишүүсү мыйзамсыз жосун!

Түбүбүзгө жетчү жут – коррупция экенин элибиз көрүп-билип турат. Аны билип, коррупциянын гүлдөп турушун ак эткенден–так эткен саясатчылардын да бар экени белгилүү. Тилекке каршы, кур намыска жеңдирип, андайларды жердешчилик, тууганчылык менен колдоп жибермей ит адатыбыз да жаныбызды кейитет.

Чыгармачылык, илимий интеллигенция үн катпайт деген дооматтар айтылып жүрөт. Анын чындыгы көп, танбайбыз. Бирок таптакыр эле дудук болуп калган жерибиз жок. Баарыбыз болбосок да, айрымдарыбыз радиодон, теледен, гезит аркылуу кадр тандоодогу, коррупцияга, тилибизге, адабият-маданиятыбызга, тарыхыбызга, диндеги ахывалга байланыштуу көйгөйлүү маселелерди айтып келатабыз. Бирок аларды окугандар да, уккандар да, айрыкча, бийлик тарабындагылардын ичинде болбойт көрүнөт. Жалгыздап айткан үнүбүз угулбаган соң, бу саам жалпыбыз кайрылуу жасап отурабыз.

Кайдыгер жашабай зыяндуу жорук-жосундарга каршы туруп, пайдалууларын колдоого алалы, замандаш! Кыргызстандын азабы – менин азабым, Кыргызстандын жыргалы – менин жыргалым! – деген чакырык менен эмгектенели демекчибиз!

Б.Жакиев, КР Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу; М.Мусаев, КР эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын ээси; А.Абдыкалыков, КР эл артисти; Ш.Дүйшеев, КР эл акыны; Н.Капаров, «Кыргызстан маданияты» гезитинин баш редактору, акын; Б.Аракеев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист; Ж.Соданбек, КР эл артисти; М.Байжиев, КР эл жазуучусу; Д.Маматканов, академик; М.Мамытов, академик; А.Абдылдаев, коомдук ишмер; А.Акматалиев, академик; К.Токтоналиев, профессор, ф.и.д.; О.Тогусаков, коррес.-мүчө, т.и.д., профессор; Ж.Жунушев, профессор, т.и.д., коррес.-мүчө; Д.Байтөбөтов, КР эл артисти; Т.Мамеев, КР эл акыны; М.Абакиров, КР эл жазуучусу. Ж.б...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×