Добавить статью
3:46, 24 января 2014 47846

Оро албаган орок тандайт

Кечээки өткөн заманда «Орто Азиянын кочегары» атыккан Ала-Тоо жергесин бүгүнкү күнү көмүр таңкыстыгы ныгыра басып турган чагы. Жыйынтыгында мүлдө кыбыр эткен кыймылдуу жаныбарлары дагы, кыймылсыз мүлктөрү дагы электрди жана бир аз катмары жаратылыш газын минип олтурган абалга кириптерленди. Натыйжада электр кубаты кыйла алсызданып, чыңалууга чыдабаган көмөк чордондор атылып кетүүдө. Акыры келип жылуулуктан жапа чеккендик калк катмарын кайрадан дүрбөлөңгө салууда. Арт жакка карай саал кылчайсак, туптуура бир кылым илгери, же болбосо 1913-жылы Ала-Тоодон казылган кара алтын Орто Азиянын 70%ын түзгөн экен. (Караңыз КСЭ: Кыргыз ССРи, 205-бет) Дал 100 жыл мурда республиканын аймагында 27 көмүр кесимдери болуп, анда эмгектенген 871 жумушчу жылына 50 миңден 100 миң тоннага чейин кара алтын казып алып турушкан. Мындай каармандык эмгек Улуу Ата Мекендик согуш учурунда дагы каржалып калбастан, тескерисинче күчтөнүп, Кыргыз Республикасынын калкы гана эмес, Орто Азияны жана Казакстандагы согуш өндүрүшүнүн белгилүү бөлүгүн отун менен камсыздашкан. Албетте, ушунча миңдеген тонна кара алтын азыркы шарттагыдай бир сузганда 5 тонна көмүрдү бир жүктөгөн экскваторсуз, карандай кол эмгек аркылуу аткарылган да. Ал эми, арадан кылым өтүп, бүткүл жер планетасындагы далай өлкөлөр болуп көрбөгөн өсүп өнүгүү жолунда күн кечириип жаткан чакта Эгемендикке ээ болгон Кыргызстандын элинин жону жылыбай турган учуру. Береги абал айрыкча кышы катаал аймактарга жашаган калктын катмарларына кыйла таасирин тийгизип, жону эле эмес бардык денеси сууктан муздаганы муздаган.

Кеп төркүнүнө келсек, эгемендик алгандан кийин жулунган ишкерлер эл арасынан суурулуп чыгып, кен байлыктарды басып алганга дилгирленишти. Алардын көз жаздымынан Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр коктулары да сыртта калган жок. Акыры ошол «кайран» тоо кыркасынын ар кайсы коктусуна унаа жолу салынып, казат деген ушул экен деп көмүр казчулар жазында көккө тойгон букадай эле жер чапчып киришти. Бирок, бара-бара баш аламандык, өзүм билемдик, бийликсиздик, жапайы иштермандык, кара өзгөйлүк, тирешүүчүлүк, таламайлык сыяктуу кырдаалдар көмүр казуу иштерин туңгуюкка алып барып такоодо. Мунун алгачкы аныктыгы 2013-2014-жылдагы кышкы өнөктүктө ачыкка чыкты. Бийлик болсо жыл өткөн сайын көмүр өндүрүү арбып бара жаткандыгын алакан чаап кабарлагандан эч тажабайт. Расмий маалыматтар боюнча 2000-жылы Нарын облусунда 206,5 миң тонна көмүр казылса, 2012-жылы 380 миң тонна өндүрүлгөн. Жакында Нарын облусунун жаңы жетекчиси Аманбай Кайыпов 2013-жылы мурунку жылдан дагы 32 миң тонна көп кара алтын казылгандыгын айтты.

«Былтыркы жылы 412 миң тонна көмүр казылып, мурунку жылдагыдан 32 миң тоннага көп өндүрүлдү. Туура, Кара-Кечеде тартип деген жок экен. Агыбы, карасыбы, сарысыбы баары тең эле каалагандай иштеп калыптыр. Салык деген түшпөйт. Кээ бир фирмалар кааласа көмүр казып, каалабаса акчага тойгондо казбай деле коюшат экен. Эмне үчүн элдин байлыгы элге пайдалуу болбойт. Ошондуктан мен өкмөткө маселе коюп, эки жерге видео көзөмөл жай орнотолу деп жатам», - дейт облус жетекчиси.

Бирок, декабрь айынын кап ортосунан январь айынын тең жарымына чейин Нарын шаарында көмүр тартыштыгы келип чыгып, жыйынтыгында бир тонна көмүрдүн орточо баасы 5 миң 300-5 миң 800 сомго чыгып, көп жылдык туруктуу баа наркы дароо 150-165%га кымбаттады. Ал эми, буга чейин Нарында көмүрдүн тоннасынын баасы 3 миң 500-4 миң сомдон эч качан ашкан эмес. Дал ушул маалда экинчи жагынан энергетика министрилиги кычап электр энергиясына лимит киргизүүгө далбастады. Андан соң, өкмөт башчысы өктөргөн селектрдик жыйында (16.01.2014-ж) «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги Кара-Кечеде тартип жоктугун, көмүргө кеткен унаалар апталап токтоп тургандыгын балп эттирди. Ал эми, жергиликтүү бийлик болсо оболу декабрь айында Кара-Кечедеги көмүр кесимдер убактылуу тазалоо жумуштарга байланыштуу токтогондугун, алар 25-декабрга карата көмүр каза башташаарын айтышкан болчу.

Бирок, январь айынын 15ине чейин Кара-Кечеде көмүр казыла электиги белгилүү болду. Демек, бир бийлик бирди айтса, экинчиси башканы кеп кылат. А эң өкүнүчтүүсү быйылкы жылы көмүр жүктөөдө тараптардын атышуусу келип чыкты.

Эмне кылуу керек? Түп орду менен газыбызды 1 долларга Орусияга саттык. Кумтөрдүн үлүшүн болсо 50%дан ашыра албай ЖК менен өкмөт кармашууда. Эми колдо турган көмүрүбүздү, болгондо да ачык асман алдында даяр турган, эбегейсиз чыгымды зарптабаган байлыгыбызды мындан 1 кылым мурдакы ата-бабаларыбызча каза албасак, анда Кара-Кечени жана бүтүндөй көмүр кесимдерди 1 юанга кытайларга бербейлиби. Алар бир тоннасын бир миң сомдон элге жеткирип бериши абзел.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
152851

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
76628

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
75338

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
104684

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
68712

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
62062

29-11-2013
Жамиланын талаасы
63624

28-11-2013
Калымбүбүнүн карааны
36060

21-11-2013
КИЖКны жеңүүчү ким?
27425

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
97950

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×