Добавить статью
8:19, 12 февраля 2014 52973

Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдун курулушуна жергиликтүү компаниялар тартылабы?

Жол чарбасы биздин экономикабызга түздөн-түз тиешеси бар чоң тармак. Ошондой эле жол биздин экономикабыздын күрөө тамыры. Ал эми жол курулуш иштери боюнча жергиликтүү компаниялардын башында турган, СССР учурунда билим алып, мол тажрыйба топтогон, мыкты кесипкөй адистер учурда чоң ресурс экедигин биз эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Андыктан айта кетчү нерсе, учурдагы министрлик тарабынан жергиликтүү компанияларга болгон өгөй мамиле биздин жолчуларыбызды өкүндүрүп келет. Себеби: тигил же бул жолдун курулушун ыйгарууда, дээрлик басымдуу көпчүлүгү чет элдик компанияларга ыйгарылып, биздин жергиликтүү компаниялар куру жалак калып жатышат. Анан эмне кылышат? Айла амалынын жогунан текейден арзан баага жалданып, иштөөгө аргасыз болушууда.

Сөзүбүз куру болбос үчүн, Бишкек-Ош жолунун 81-161 км «Самсунгтун» участогун жергиликтүү эле кыргыз фирмалары бүтүрүшкөнүн биз жакшы билебиз. Алар өздөрү бир гана асфальтын басуу менен чектелишкен. Анткени эң кымбаты асфальт басышты. Башкача айтканда «каймагы». Эмне, биздин жергиликтүү компаниялар асфальт баса албайт беле? Албетте баса алмак. Бирок, кеп каймагында болуп жатпайбы. Качанга чейин биздин министрлик «Өз агасын агалай албаган, киши агасын сагалайт» болуп, чет элдик компаниялар менен иш алып барат? Эмне, өзүбүздө мыкты, кесипкөй, жол адистиги боюнча акыл куржуну толо азаматтарыбыз азбы? Ички чарбалык жолдор эле эмес, эл аралык жогорку категориядагы жолдорду салганга техникалык даремети жете турган адистерибизден уучубуз куру эмес. Анан эмне үчүн аларга ишеним көрсөтүлбөйт? Эгерде чет элдиктерге көрсөтүлгөн ишеним жергиликтүү компанияларга көрсөтүлүп, көзөмөл күчөтүлсө, анда алар чет элдиктерден кем эмес иш аткарышмак. Мисалга, Бишкек-Гиоргиевка авто жолунун курулушун алсак, үч кыргыз фирмаларынан турган компания эле бүтүргөн. Ошол күндөн ушул күнгө чейин бузулбай этпей эле кызмат өтөп келе жатат. Жол министрлигинин тарыхында мындай мисалдар толтура. Маалымат ирээтинде дагы бир жагдайды айтсак, оңдоп-түздөө иштери боюнча КНР Кербен-Тегене, түрктөрдүн Базаркоргон-Арстанбап жолдору тилеке каршы ойдогудай жүргүзүлгөн эмес. Ошондой эле Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Ат-Башы участкасынын айланасындагы чуулгандуу окуялар башкы прокуратурага чейин жеткенин ММКлар далай жолу жазып чыкканы элибиздин эсинде. Эгерде ушундай эле иштерди ошолор колдонгон расценка менен жергиликтүү компаниялар алардан жакшыраак жасашмак. Ал эми Бишкектин 7 жаңы конушунда АРИС салдырган 21 км көчө жолдорун, ошол кездеги АРИСтин жетекчиси Элмира Ибраимова коркпой, үркпөй эле жергиликтүү компанияларга берип, жаңылбаптыр. Учурда мактоого арзып олтурат. Муну биз эле эмес массалык маалымыт каражаттары мактап жазып чыкканы эсибизде. «Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет», деген туура турбайбы. Демек, ишти ишенип берип, көзөмөлдү күчөтсөк, жергиликтүү жолчуларыбыз бизди уятка калтырбайт экен да. Ошондой эле жергиликтүү компанияларды ишке тартуу менен жаныдан ѳсүп келе жаткан жаш кадырларды тарбиялоо жагы колго алынса, кандай жакшы болмок. Эгерде келечек жаштардыкы экени чын болсо. Андыктан айтаарым, жогорудагы мен келтирген маалыматтарды эске алып, кеч болсо да ата-мекендик компанияларды өстүрүү максатында, аларды ишке тартууга мезгил келип жетти го деп ойлойм. Буга ылайык быйылкы 2014-жылга планга кирген Жалал-Абад-Маданият жолу менен Жалал-Абад-Казарман жолдорунун курулушуна жергиликтүү компаниялардын тартылышын жалпы коомчулугубуз күтүп жатышкандыгын керектүү жетекчилердин эсине сала кетүүнү туура көрдүк.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×