Добавить статью
5:31, 3 марта 2014 177073

Нарын жана Каракол шаарларынын негизделиши жөнүндө

Урматтуу Ысык-Көлдүк бир туугандар!

Ушул жылдын 11-февралында «Баракелде» маалымат булагынан Каракол шаарынын негизделгендигинин 145 жылдыгына байланыштуу маалыматтарды окуп кубанычка баттык. Бирок, Каракол шаары Орусия өкүлдөрү тарабынан 1869-жылы негизделген деген маалыматка түшүнбөдүк. Эмне үчүн Каракол шаары, Нарын ш. бир жылга кичүү болуп калды. Бул маалымат туурабы же тарыхчылардын маалыматы туурабы ошондуктан «талаштан тактык жаралат» деген улуу кыргыз кебине кайтып келүүнү туура көрдүм! Ысык-Көлдүк туугандарга Нарын менен Каракол шаарлары кандай жол менен негизделгендигиндиги боюнча нарындыктар тарабынан толукталып жазылып келе жаткан, кыска тарыхты сунуштап көрөлү. ХIХ-к. I-II-жарымына байланышкан Кыргызстандагы орчундуу тарыхый окуялардын баш себеби болуп, 1635-1758 ж.ж. чейин 100 жылдан ашык азыркы Кыргызстан жана ага жанаша жайгашкан аймактарды дээрлик басып турган Калмак хандыгына байланышкан тархый окуялар тыкыс байланыштуу. Мына ушул Калмак кыргынына чыдабаган 40 уруу кыргыздар Ала-Тоосун Боогачы баатыр башында турган чериктерге аманат катары таштап, азыркы Тажикстандын Куляб деген жерине чейин жер которууга мажбур болгондугу кызыктуу. Ошондон кыргыз-казак элинде «казак кайың сааганда-кыргыз кулябга кире качканда» деген макалы ошол кылымдан бери эки элдин тарыхын тактаган далилдердин бири катары айтылып келе жатат. Окумуштуулар белгилегендей 1757-1758-ж.ж. Кытай цин бийлиги Калмак хандыгын түп тамырынан бери кыйратып, тарыхта белгилегендей «миллиондон ашык калмактарды» кырып жоюп, кыргыздарга Ала-Тоосун бошотуп беришкен. Ошол Кулябда 100 жылдан ашык жашап сан жагынан көбөйүп калган кыргыздардын ошол уруулары алы-шайына жараша Ала-Тоосуна көчүп келүүсү менен, ХIХ к. болуп өткөн орчундуу тарыхый окуялар башталган. Кыргыздардын көчүп келүү процесси дагы кайгылуу болуп, бул ишчара 20-25-ж. созулуп алдуу күчтүү бугу уруусу көлдүн малжанга ылайыктуу тескей бетин, сарбагыш уруусу көлдүн күңгөй бетин, солтолор иле дайрасынын боюн, саяктар кетментөбөгө жайгашышкан болучу. Кээ бир оозеки тарых булактары жогорудагы уруулардын азыркы кездеги башка урууларга караганда сан жагынан көптүгүн, ушул окуялар менен дагы түшүндүрүп келет. Калмак хандыгынын ошол «катуудан касан-жумшактан күл» калган заманында кыргыз жеринде калган Боогачынын уулдары Карагул баатыр менен Онтогор хан жана анын уулдары Ногой менен Кончой кыраандар, Токтобай бий менен Тоймат-шер, Ырысбай менен Сазан баатырлар башында турган чериктер окумуштуу С.Аттокуров белгилегендей «кеси келсе колуна курал алып, калмактар менен карчылдашып турган» тарыхый окуялары азырынча окумуштуулар тарабынан тарых китептерине жазыла элек. Жүз жылдан ашуун калмактар менен катар жашап кээ бир учурларда салгылашып саны жагынан такыр эле асайып калган чериктердин баатыр уулдарын кыргыз тарыхына окумуштуулардын жаса албаган эки себеби бар. Биричиси: карачериктерден бөлүнүп калган башка кыргыз уруулары 100 жылдан ашуун бөтөн эл бөтөн жерде жашап келгендиктен окумуштуулардын толук билбегендиги, экинчиси: ошол тарыхты жазып келе жаткан окумуштуулардын арасындагы уруучул жана урукчулдук деген түшүнүк. Чериктердин калмак баскынчылары менен жалгыз калган далилдеринин бири окумуштуу С.Аттокуров белгилегендей кытайдын «Си-Юй-ту-чжи» маалыматында Кытайдын башчысы Чжао Хой башында турган кытай аскери 1759-ж. Тоймат-Шер (Юмат) башында турган чериктерге Чыгыш Түркестан, Ак-Сай, Арпа аймагынан жолуккандыгы кызыга турган окуя. Окумуштуу ж.б. тарых сүйүүчүлөр белгилегендей болжолу 1648-ж. тажик жергесине калмактардын чапкынына чыдабай кеткен кыргыз уруулары жогоруда белгилегендей 1774-1784-ж.ж. Ала-тоосуна көчүп келип жайгашкандан кийин, биз белгилеп кеткен ХIХ к. I-II жарымында жашаган Тайлак, Ажыбек, Турдуке, Карымшак, Зор-Калча, Боромбай, Балбай, Ормон, Төрөгелди, Адыл, үмөталы, Жангарач, Жантай башында турган кыргыз уруу башчыларынын арасындагы тарыхый окуялар байма-бай башталат. ХIХ к. I-II жарымында Нарындан Кашкар чебине чейин жашаган чериктердин калмактарга каршы жасаган эрдиктери, Ала-Тоосун таштап кетпегендиги калган 40 уруу кыргыз бийлери тарабынан калыс бааланып, Чериктердин бийлерине жамбаш менен каржилик кошо тартылып келсе, курултайларда алардын бийлери биринчилерден болуп сөз сүйлөп келишкен дейт. Тарыхта «Өөк барак» деген энчилүү ат менен белгилүү болгон бугунун беги Боромбай бабабыздын «Көл менен Нарын» боз үйдүн туурдугу менен кийизиндей жакынбыз деп таштап кеткен сөзү эске келип, Каракол м-н Нарын шаарларынын негизделгендиги жөнүндөгү тарыхка кайрылып көрөлү. 1843-ж. кыргыздар биринчи жолу хан шайлоо курултайын көлгө өткөрүп ага: бугудан Боронбайдын, кушчудан Бүргөнүн, чериктен Ажыбектин, сарбагыштан Ормондун кандидатууралары коюлат. Олуя Калыгулдун кебин жерге таштабаган Ажыбек баатыр хан көтөрүү курултайдын башчысы болуп шайланат. Буга көз салып турган Бүргө анда мен куралдаш досум Ажыбек менен биргемин деп курултайдын мүчөсү болот. Көп күндүк талашып-тартышуудан кийин Ажыбектин калыстыгы жеңип Ниязбек уулу Ормон кызыл тебетей кийет. Кыргыз тарыхы ошон үчүн: хан Боромбай, хан Бүргө, хан Ажыбек, хан Ормон деп атап калышкандыгы ошондон деп мен чебер санжырачы Ороз болуш кызы Калыйчадан уккан кабарым бар. Ошондуктан айтылуу акын Арыстанбек Буйлаш уулу:

Баатырлар кийген бариктен,

Бар шайманы келишкен.

Турдуке, Калча. Эшимбек,

Тулпарын байлап элирткен.

Катуу-Багыш, Кашкардан

Хан Ажыбек келиптир

Калың тууган чериктен деп ырга салганы жалпы кыргызга белгилүү. Мына ушул хан шайлоо курултайында куттуктоо сөз алган Эшкулу-олуя замандашы Ормонго карап: «хан тукумун кайырчы дейт-каадасын билбей эл башкарса эли журту айылчы дейт» кызыл тебетей кийдиңиз аксак менен тексекке бирдей болуңуз деген экен. Бирок, тарых белгилегендей Ормон Ниязбек уулу андай болбой олуя айткандай эл оордунан козголуп тентигиндиги чындык. Хан шайлоодогу окуялар көңүлүндө калган Боромбай окумуштуу Н.А.Аристов белгилегендей 1844-жылдын август айынан баштап жашыруун Омск шаарындагы орус төрөлөрү м-н байланыштарын күчөтүп кат жаза баштаган. Бул ж.б. бугулардын орустарга карата байланыштары 1854-ж. Ормон баштагандарга белгилүү болуп, көлдүн тескейин кошо ээлеймин деген максаты ишке ашпай «жалдуу барак» Ормон колго түшүп, Боромбай, Сарт аке ж-а саяк Алыбектин бүтүмү м-н Балбай тарабынан өлтүрүлгөн. Ормондун ашы м-н пишпекте камакта жаткан Төрөгелди баатырды күтүп калган сарбагыштар кол топтоого киришкен. Булар тууралуу кабардар болгон бугулар орустарга 1855-ж. 17.01. акыркы элчилерин жиберип, сарбагыштардын кыргынынан сактап калууну өтүнүшкөн. Бирок окумуштуулар белгилегендей бул эчилик көлгө жакшы кабар алып келген эмес. Ормон хандын «көлдү үч айланта чапсын деген» керээз кеби боюнча, 1855-ж. жайында Ысык-Көлдөгү сарбагыш, бугу, саяк чоң чабышы башталган. Чабыш өтө эле ырайымсыз болуп, белдүү кыргыз баатарлары көз жумуп, мал менен эл кырылып тарыхта белгиленгендей жолборс чапкан Балбай баатыр бир чапканда эле 200 ашык саяк уруусундагы кыргыздарды жок кылып койгон. Арадан сегиз жылдай убакыт өтүп көлдө болуп жаткан бир боолорунун чоң чабышы нарындык черик кыргыздарын тынчын алган. Бугу, сарбагыш, саяк арасында жокчулук менен ууру-бөрү көбөйгөн. 1863-ж. эрте жазда Нарындан-Кашка чебине чейинки зор аймакты ээлеп 6000 түтүн эли бар Турдуке баатыр менен хан Карымшак Ак-Сайдагы Көл-Төр деген жерге курултай уюштуруп Какшаалдан Чоңбагыш, Дөрбөлжүндөн Басыз, Курткадан чоросаяктар чакырылат. Курултайдын жыйынтыгы м-н Турдуке баатыр менен хан Карымшакка баш ийгендер Санк-Петербургда турган Орусия Падышасына кат жолдогон. Кат Ала-Тоо округунун генерал-губернатору А.Г.Колпаковский менен Батыш Сибир генерал-губернатору А.О.Дюгамельге жеткен. Дюгамельдин 23-апрелде Орус өкмөтүнүн Вице-канцлерине жазган катында чериктерди орустарга кошуп алуу маселеси оң чечилсе анда биздин таасирибиз Кашкар чебине чейинки бүткүл кыргыз урууларына таркайт, айрыкча сарбагыштар үчүн чериктер үлгү болушу мүмкүн деп баян кылышкан. Ошол эле жылдын 21-майында Санк-Петербургда турган кинязь Горчаков Турдуке менен Карымшак баштаган Нарындык каракыргыздардын өтүнүч каты Орус императору тарабынан колдоого алынгандыгын сүйүнчүлөп Дюгамельге телеграмма берген. 1863-ж. 13.10. Омск шаарына келген Батыш Сибир генерал-губернатору А.О.Дюгамель Нарындык кыргыздардын Орусияга кошулгандыгы жөнүндө Мамлекеттик иш чара өткөрөт. Бул иш чарага Орусиянын билимдүү адамдары, орусия армиясынын штабында кызмат кылган жогорку чиндеги кызматкелер жана кээ бир казак султандары катышкан. Иш чаранын аягында Кашкар чебинен Нарынга чейинки зор аймакты Кыргызстанга алып калгандыгы үчүн Орус өкмөтүнөн Турдуке баатыр Чоң Алтын медаль, 1-даражадагы баркыт чапан, хан Карымшак Чоң Күмүш медаль, 1-даражадагы нооту чепкен жана чериктердин дагы төрт чоң манаптары 1-даражадагы нооту чепкендер менен сыйланган. Тарыхый маалыматтарга таянсак 1864-жылдын 23-сентябрында Орусиядан генерал Мединский менен кытайдан комиссар Шаа башында турган эки мамлекеттин ишенимдүү адамдары Чугучак эл аралык келишими аркылуу Орус-Кытай чегин аныктап, азыркы Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Торугарт-Ашуусу эки мамлекеттин чек ара сызыгы болуп аныкталган. Ал эми ошол жылдын күз айынан баштап бул чек ара тилкеси орус-казак жүздүктөрү, миңдиктери тарабынан кайтаруусу улам-улам күчөтүлө баштаган. Ошентип кыргыз элинин биримдиги үчүн жан аябай кызмат кылган Турдуке м-н Карымшактын эли м-н жери экиге бөлүнгөн. Турдуке баатыр башында турган Торугарттан Кашкар чебине чейинки черик, чоңбагыштар а дегенде Кашкар ханы Жакыпбек-Бедөөлөт менен кийин бул бийлик кулаганда Кытай мамлекетине, ал эми Торугарттан Нарын-Долонго чейинки черик, басыз ж.б. майда кыргыз уруктары Орусия мамлекетине баш ийип калышкан. 1866-ж. Алма-Ата шаарында турган генерал-губернатор А.Г.Колпаковский Көк-Жон жайлоосунда турган хан Карымшакка келип, Торугарт-Ашуусуна чукул пограничник колхозу жайгашкан жерге «аскер чеби» менен «аскер бейтапкана» кура турганын билдирген. Карымшак хан башында турган Эшкулу, Баястан, Орус, Татыбек, Матай бийлер чептин атбашыга курула тургандыгына каршы чыгышкан. Карымшак ж.б. черик бийлеринин сунушун эске алынып, Орус төрөсү эртеси ээн турган Нарын дайрасынын боюна Карымшак болуп келип стратегиялык мааниге ээ ээн турган аймакты жактырган болучу. 1867-ж. Санк-Петербургдагы орус императору башында турган бийлик төбөлдөрү нарындык Карымшак хан башында турган чериктер тууралуу кабардар болуп, ошол кездеги кыргыздардын борбор шаары Токмокко «Черик болуштугун» түзүшкөн. Муну менен кыргызстанда саясий бийлик бекемдеп, башкаруунун административдик-аймактык органы түзүлгөн. Черик болуштугун башкарып турган Орус төрсөү А.Колпаковский менен хан Карымшакка кеминде турган Шабдан менен көлдө турган Чыныбай баатырлар дагы баш ийип турушкан. Натыйжада 1868-ж. азыркы Нарын ш. нак ортосунда жайгашкан №2025 чек ара аскер бөлүгү турган жерге “Нарын аскер чеби”, облустук оорукана турган жерге «Нарын аскер бейтапканасы» ал эми нарын дайрасына «Нарын аскер асма көпүрөөсү» курулуп Нарын шаары негизделген. Окумуштуулар Ө.Осмонов, Токторбек Өмүрбектегин, Тынчтыкбек Чоротегиндердин эмгектеринде 1868-жылы Нарын м-н Каракол аскер чептери курулуп бүтүп, бул аталыштагы шаарлар ушул жылы негизделгендигин эмгектеринде тастыкташкан. Нарындыктардын 1863-ж. орусияга кошулгандыгы ушул эле иш чаралар менен токтоп калбайт. Эң негизгиси Ормон хандын керээз кеби боюнча Ысык-Көлдө 1855-1870-ж.ж. чейин болуп жаткан бугу, сарбагыш, саяк чоң согушу орус аскерлеринин күчү менен бара-бара басылып, текес кыяс, кытайга чейин тентиген элдер черик Чыныбай баатыр бийликке келгени ысккөлгө толук көчүп келип, тынчтык өкүм сүргөн. Бул согушта мал менен жандын кырылгандыгы К.Ачикеевдин «Тилекмат» деген чыгармасында толук жазылган. Бул Ормон хандын кереез кеби боюнча болгон согушту «геноцид» деп атоого болобу же болбойбу деген эгемендүүлүктүн суроосу бар. Эмне үчүн хан башы м-н элдин биримдигин ойлобой ушундай кереез кеп таштаган. Муну чечмелөө керек. 2010-ж. 14.10. Кыргыз Туусу гезитиндеги «Геноцид Кыргызстанда болгон эмес» деген макала мындайча чечмеленген: «геноцид - бул белгилүү бир атайын топко, анын расасына, улутуна, этникалык тобуна, диний ишенимине жараша биротоло кырып жок кылууга аракет кылуу сыяктуу, адамзатка каршы эң оор кылмыштардын бир түрү». Ушул түшүнүк илимде жана дүйнөлүк практикада төмөнкү формаларда болоору такталган:

1. Белгилүү этникалык азчылыктын өкүлдөрүн максаттуу түрдө биротоло кырып жок кылууга багыталган массалык кыргын;

2. Белгилүү этникалык топ үчүн атайылап оор жашоо шарттарын түзүү аркылуу, алардын толугу же бөлүк-бөлүгү м-н биротоло жок болушуна, кырылышына максаттуу аракет кылуу деп көрсөткөн.

Негизи эле Нарындан Кашкарга чейинки мейкиндикти же тактап айтканда кесегинде Уйгур-Кыргыз, Кытай-Кыргыз чегин кайтарып келе жаткан Карагул баатыр менен Онтогор хандын, Тоймат шер м-н Сазан баатырлардын уулдары Ажыбек, Зор-Калча, Турдуке, Карымшак, Атамбек, Бошубек ж.б. улуу инсандардын тарых таржымалы тарыхчы окумуштуулар тарабынан совет жана азыркы эгемендүүлүк мезгилдеринде жазылбай дагы, такталбай дагы келе жатышы өтө эле өкүнүчтүү. 1863-1963-ж.ж. чейинки тархты кесегинде тактап жүргөн тарых илимдеринин кандидаты Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы Т.У.Усубалиев башында турган республиканын жетекчилиги жана тарых жаатында эмгек кылган ошол кездеги окумуштуулар «Кыргызстандын Россиянын курамына кошулгандыгынын 100 жылдыгы» боюнча Мамлекеттик иш чара өткөрүп, Кыргыз ССРи Ленин ордени менен сыйланган. Бул жана башка тарыхый маалыматтар азыркы эгемен Кыргыз тарыхында «Кыргызстан Россия империясынын жана ССРдин курамында» деген темада жазылбаганы чындык. Негизи эле 1863-ж. Нарындан-Кашкарга чейинки чериктер Россиянын курамына өз ыктыяры менен киргендигин кандай кылып тактап, тастыктап азыркы Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы бардык айыл-кыштактар, завод-фабрикалар, алган илим-билимибиз ж.б. толуп жаткан Кыргызстандын жетишкендигин Россиянын колдоосу менен болгондугун кыргыз тарыхына киргизиш керек. «Кыргызстан Россия империясынын жана ССРдин курамында» деген теманын башында 1785-жылы Атаке бий, 1855-жылы Боромбай бийдин жазган каттары алардын кыргыздарга карата аткарган эмгектери такталып жазылып, ал эми 1863-жылкы Турдуке менен Карымшактын эмгектеринин ичи чыкпай улуу инсан хан Карымшактан дайын жок. Буга эмне себеп, тарыхты толуктай турган маалыматтар абдан көп. Анда эмне үчүн Т.У.Усубалиев башында турган тарыхчылар 1785 жыл менен 1855-жылдагы маалыматтарды колдонуп «Кыргызстандын Россиянын курамына кошулгандыгынын 100 жылдыгы» деген мамлекеттик иш чара өткөргөн эмес же бул калыстык менен чынчылдыкты көздөгөн ошол кездеги окумуштуулар азыркылардай уруучул жана урукчул болгон эмеспи. Карт тарых мындай белгилейт: Куртка чебинин беги Мамыразык Турдуке менен хан Кармышактын көтөрүлүшүн басып туруу үчүн эки жыл боюу Анжиян бегинен 700 кошумча сарбас сурап турганга мажбур болуп турган деп окумуштуулар жазып келет. Биз анда Атаке менен Шабданды эмнеге баатыр дейбиз дагы черик Турдуке менен Карышакты бий деп аташыбыз керек. Мындай уруучул жана урукчул көрүнүштөр 2003-ж. Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык иш чарасында дагы чоң катачылыктар менен кайталанган. «Русская Америка» гезити «Двадцать два века: молодость древней земли» деген гезиттин 11-бетиндеги кыргыздардын таралышы боюнча тартылган бак-даракка окшош сүрөткө жазалган 40 уруунун арасында черик уруусун атайын эле кошпой коюшун эмне менен баалоого болот. Бул гезит убагында кайсыл гана өлкөгө тарабады дейсиз. Бул гезит менен Кыргыз Мамлекеттүүлүгү жана "Манас" элдик эпосу деген чыгармада бүт эле өздөрүнүн ата-тегин жазып сүрөттөрүн тартып мактанып алышкан. Негизи эле каракыргыз элинде өлкө башчы менен өлкөнүн окумуштуулары уруунун баласы эмес улуттун баласы болуш керек деген накыл кеби бар эмеспи! Кыргыз Мамлекеттүүлүгү жана «Манас» элдик эпосу деген чыгармага дагы бир жолу кайрыла турган болсок кесегинде 14 к. азыркы Кыргызстандын аймагын ж-а ага жанаша жайгашкан Ташкенден-Могол тоосуна чейин жерге ээлик кылып, Моголстан мамлекетин 1331-жылы Ата-Башы (Кошой-Коргон) шаарында туруп башкарып, айтылуу Аксак Темирдин 20 миң колунан Ала-Тоосун коргоп кармашып, 1390-жылы каза болгон Кыргыз башкаруучусу, эмир Баймурат хандан дайын жок. Мындай боло берсе анда жаш акын Аалы Туткучовдун казак туугандарга мактанган ырындагы биз кыргыздар «Моголстандын жапайы токой арыстандарыбыз» деген кебин жалганга чыгарабызбы. Негизи эле обу жок мактаныш менен сокур намыстан алыс болуш үчүн Ысык-Көлдүк туугандар эп көрсө (себеби бул облуста калыс окумуштуулар көп) Кыргызстандын Россиянын курамына ыктярдуу кошулгандыгы жана Каракол менен Нарын шаарынын 1868-жылы негизделгендиги боюнча Эл аралык илимий практикалык конференция облустун борбору Караколдо өткөрүлсө, нарындыктар дагы катышсак, бир кыйла кыргыз тарыхы такталып калат эле. Бир окумуштуубуз: Нарын менен Каракол 1867-жылы, бири 1868-жылы, бири минтип 1869-жылы негизделген деп элдин башын чаташтырып жатабыз. 2013-ж. 25.09. Нарын ш. негизделгендигинин 145 жылдыгы боюнча КР Өкмөтүнүн Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен С.Нааматов ат. НМУ биргелешип эл аралык илимий-практикалык конференция уюштуруп эмгек «Известия вузов» журналынын 2013-жылдагы №5 санына чаккан. Ал эми 17-сентябрда болсо Нарын шаарынын негизделгендигинин 145 жылдыгын өкүлчүлүктүн жана коомчулуктун күчү менен өткөрүп алдык. Биз ушундан пайдаланып Нарын шаарынын негизделгендигинин 145 жылдыгын өткөрүүдө чын ыкласынан колдоо көрсөткөн КР Жогорку Кеңешинин депутаты Карганбек Самаковго узун өмүр, ишине ийгилик каалап кетмекчибиз!!!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×