Добавить статью
12:27, 15 апреля 2014 49091

Келечек муун үчүн эне тилибизди сактап калалы!

Мамлекеттик тил мыйзамы 1989-жылы кабыл алынып, 2004-жылы кайрадан оңдолгону менен анын бир катар талаптары таптакыр аткарылбай келет. Анын бирден-бир себеби катары баш мыйзамдын өзүндө орун алган айрым мүчүлүштүктөр. Бул жерде мамлекеттик тилде же расмий тилде болушу мүмкүн деген сыяктуу арасаат абал тилдин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып келүүдө.

Мисалы, конституцияга кыргыз тилин, мамлекеттик тил деп, көкүрөк кага балпайтып жазып койгонубуз менен, артынан эле, орус тили официалдуу тил деп жазылып турат. Бул жөн гана, элди алдоо болуп эсептелет, анткени карапайым калкка түшүндүрүү үчүн, кыргыз тилин мамлекеттик тил, ал эми орус тилин официалдуу тил деп, жазып коюшканы болбосо, экөөнү эки башка термин менен атап, практика жүзүндө келгенде экөө тең тил да, мамлекеттик тил деген маанини туюндурат. Карапайым калкты ушунча алдап келишкени жетишет жана баш мыйзамдын орус тили официалдуу тил деген беренесин түп тамырынан бери алып салуу керек. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн чаралары коңшулаш Өзбекстан менен Казакстанда 90-жылдардын башында эле кабыл алынып, бала бакчасынан тарта, мамлекеттик кызматына чейинки бардык органдар, өз ишин эне тилдеринде гана жүргүзүшөт.

Кийин Тажикстан мамлекеттик тил боюнча мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, анын талаптарын бир топ катуулаткан. Мурдагы СССРдин карамагындагы мамлекеттердин ичинен бир гана Кыргызстан жалгыз орус тилине расмий макам ыйгарган жападан жалгыз өлкө. Эмне себептен Кыргызстан гана орус тилине, мындай макамды берип койгон? Конституцияга өзгөртүү киргизилип, мамлекеттик тил жалгыз гана кыргыз тили болушу керек. Бул башка улуттарды басмырлоого жатпайт, тескерисинче аларды мекенчилдикке чакыруу болуп эсептелет, аларды эч ким кыргыз тилинде гана сүйлөсүн деп басмырлабайт. Болгону мекеним Кыргызстан деп, бул жердин нанын жеп, абасын жутуп, суусун ичип жашап жаткандан кийин кыргыз тилин биле жүрүүсү абзел. Жер шарындагы 6 миллиарддан ашык эл болжол менен 6 миң тилде сүйлөйт.

XXI кылымдын аягына чейин учурдагы тилдердин 40% жоголуп кетиши ыктымал. Алардын арасында кыргыз тили дагы бар. «Кыргыз тили колдонуудан чыгып, башка тилдерге сиңип кетет», деген кооптонуунун жаралышына, биринчиден, өлкөбүздөгү экономикалык абал себепкер. Көпчүлүк кыргыздар акча таап, өзүн жана үй-бүлөсүн багыш үчүн Орусия, АКШ өңдүү өлкөлөргө кетип жатат. Ал жерлерде эл кайсы тилде сүйлөсө, барган кыргыздар дагы ошол тилде сүйлөөгө аргасыз. Экинчиден, Кыргызстанда туруп эле «киргизге» айланган кыргыздар бар. Бул да эне тилдин жоголуу коркунучун күчөтөт.

Изилдөөлөргө таянсак, тилдер көбүнчө эки тилдүү өлкөлөрдө жоголот. Үстөмдүк кылган тил мектептерде, теле тармагында жана соодада экинчи тилди кысып, акырындап сүрө баштайт. Кыргызстан дагы кош тилдүү мамлекет. Демек, кыргыз тили дагы коркунучтуу абалда. «Кыргыз тили жоголуп баратат», деген маалымат 2009-жылы эле Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясында көрсөтүлгөн. Анда «дүйнөдө жоголуп бара жаткан 50 тилдин ичине кыргыз тили кошо киргизилген. Андыктан, кылымдар бою ата-бабаларыбыз сактап келген эне тилибиздин учурдагы абалына кайдыгер карабай, келечек муун үчүн, эртеңки жаркын келечегибиз үчүн, баарыбыз бир болуп, эне тилибизди сактап калалы!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×