Добавить статью
10:41, 25 апреля 2014 286366

Жалал-Абаддагы укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы күрөшүүдөгү аракеттери

Акыркы мезгилдерде өлкөбүздө коррупцияга каршы күрөшүү багытында аракеттер көрүлүп, бир нече мамлекеттик кызматкерлер кылтакка илинип жаткандыгы эч кимге деле жашыруун эмес. Саясий жана системалык коррупцияны жоюу максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен укук коргоо органдары тарабынан коррупционер кызматкерлерге каршы чечкиндүү аракеттер жасалып жатат.Бул багытта КР Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы №26 Жарлыгы менен бекитилген КРнын Антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы кабыл алынса, уушул эле жылдын 8-августунда «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган. «Коррупция – көп учурда конкреттүү укук бузуулар түрүндө чагылдырылган социалдык көрүнүш» - деп мамлекеттик стратегияда жазылган. Ал эми мыйзамда: «Коррупция - бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым адамдар же топтор менен материалдык, кандай болбосун башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу» - деп баса көрсөтүлгөн. Чындыгында, коррупция коомубуздун бардык тармагын чырмоок чөптөй курчап алгандыктан, андан оңойчулук менен арылуу кыйынга турат. Кайсыл мамлекеттик органга барбасаң, сен бирдеме бермейинче маселең оң жагына чечилбейт. Ошол себептен, элибизде «Пара бербей, бара бер» - деген накыл сөз айтылып калган. Маселеңди акча же, белек-бечкек бербей туруп чечиш үчүн, бир барган эшигиңе тажаганга чейин сагалап барганда гана ал оң жагына жылышы мүмкүн. Буга чейин адамдын нерви жукарып, «тойдум байдын кызынан» - деп өзүнүн маселесин аягына чейин чечпестен, кол шилтеп басып кетүүгө да туура келет. Мындайды биз күнүмдүк жашоодо дале кездештирип келе жатабыз. Айыл өкмөттөн баштап, Ак үйгө чейин канчалаган арыздарды жазсаң да, жылдап маселең чечилбей, тажаткан учурлар көп кездешет. Акчаны берип да, маселеси чечилбей, документин кайрып ала албай жүргөн жарандар четтен чыгат. Себеби, мамлекеттик каттоо тармагында иштегендердин айрымдары коркпостон олчойгон сумманы алып, өздөрүнүн түзгөн схемасы менен мыйзамсыз иштерди бүтүрүп көнүп калышкан. Алар бул иштерди коркпой эле жасай берип, адатка айлантып алышкан. Коррупцияга каршы күрөшүүдө - жарандык коомдор, мамлекеттик органдар, ар бир жаран өздөрү да аракеттерди жасоосу керек. Ансыз бул багытта алгылыктуу жылыштар жана анын натыйжасы ийгиликтүү болооруна ишеним артуу кыйынчылыкты жаратышы мүмкүн. Айрым ЖМКда жазылган изилдөөлөргө таянсак, экономиканын 40 пайызга жакыны көмүскөдө жүрсө, бизнес чөйрөсүндөгүлөр айлык маянасынын 52 пайызын конверттер менен алышат. Кыргызстан ар жылы коррупциянын кесепетинен 700 млн. доллар (30 млрд. сомдон ашык) зыян тартса, бул өлкө бюджетинин 40 пайызын түзөт экен.

Өлкө башчысы А.Атамбаев өзү кызыктар болуп, коррупциянын тамырын кыркалы деп жарлыктарды чыгарып жаткандан кийин, бардык укук коргоо органдары  бул багытта өздөрүнүн иштерин жандандырып жатышат. Жалал-Абад облустук прокуратура, улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын коррупцияга каршы жасап жаткан иштерине көз чаптырып, алар боюнча окурмандарга маалымат берүүнү туура көрдүк.

«Баары эле берет, бирок айтпайт, бизде ошондой стеоротип бар» - облус прокурору

Мындай пикирин Жалал-Абад облусунун прокурору Кылычбек Токтогулов журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирген. Чындыгында бардык эле жарандар кайсы мекемеге кирбесин «чай ичип коюуңуз» - деп сурабаса да акча берет, же чайга чакыра тургандыгын баарыбыз жакшы билебиз. Антпесең, кийин кайрылганыңда сенин маселең толук чечилбей калышы мүмкүн…

«Системалуу коррупция – сот, укук коргоо тармагында болсо, андан кийинки орунда мамлекеттик каттоо турмагы турат. Буга: жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорт стол, нотариустар кирет. Кийинки орунда билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагын айтууга болот. Барганда эле сурайт, же өздөрү беришет. Жазалоонун жолун күчөтсөк гана коррупцияны ооздуктай алабыз. Реформанын максаты – ошол  системадагы коррупциянын элементтери жоюулушу керек, жумуштун эффективдүүлүгү жогорулашы зарыл. Бул жерде сөзсүз түрдө коомчулуктун жардамы керек. Баары эле берет, бирок айтпайт. Бизде ошондой стеоротип бар», - деген ачык оюн билдирди К.Токтогулов.

Жалал-Абад облуустук прокуратура органдары үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында КР Президентинин «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндөгү» жана «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгында, КР Коргоо кеңешинин «Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө» коюлган талаптарды ишке ашыруунун алкагында КР Башкы прокурорунун 8-р сандуу буйругун жетекчиликке алуу менен бир топ иш аракеттерди алып барышкан.

Жалал-Абад облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Аттокур уулунунун берген маалыматына караганда, текшерүү аракеттерин уюштурууда анын сапатына катуу көңүл буруу менен аталган багытта өзгөчө коррупциянын алдын алууга актуалдуу кылмыштарды жана чоң өлчөмдөгү зыянды аныктоого багытталган иш-аракеттер активдештирилген. «Аларга токтолуп кете турган болсок, аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан коррупциялык схемалар, мамлекеттик мүлктү сиңирип алуулар, жер мамилелериндеги коррупциялык иштер, мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз жок кылууларды аныктоого багытталган иш-чаралар көрүлдү», - дейт бөлүм башчы.

Облустук прокуратура органдарынын иш аракеттери укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү багытында координациялоого бурулуп, үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында 13 координациялык кеңешме өткөрүлгөн. Отчет мезгилине карата коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен бардыгы болуп 118 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуучулуктар боюнча 202 прокуордук актылар келтирилген.

«Административдик жана тартиптик укук бузуулар жөнүндө 46 өндүрүш козголуп, аны кароонун жыйынтыгы менен 36 кызмат адамы администрациялык жоопкерчиликке тартылган. Келтирилген прокурордук актылардын негизинде 63 кызмат адамы дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, 252 миң 827 сом мамлекетке келтирилген зыян өндүрүлгөн. Ал эми коррупциялык кылмыш иштерди аныктоо бонча жүргүзгөн ишмердүүлүктүн жыйынтыгы менен жалпысы болуп 62 кылмыш иши козголуп, мамлекетке келтирилген зыян 8 млн. 937 миң 957 сомду түздү. Тергөөнүн жыйынтыгы менен отчет мезгилине карата 15 кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлүп, мамлекетке келтирилген 602 миң 287 сом өндүрүлдү», - дейт А.Аттокур уулу.

Эң көп коррупцияга каршы кызматтык кылмыш иштери аткаруу бийлик органдарында 50 пайызды түзөт

Жалал-Абад облустук прокуратурасынан алынган маалыматка караганда, коррупциялык кылмыштарга талдоо жүргүзгөндө эң көп коррупцияга каршы кылмыш иштериинин субьектилери болуп аткаруу бийлик органдарында 49,7 пайыз, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 42,8 пайыз, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларында 7,1 пайызды түзөт. Ал эми мыйзам бузуучулуктарды мыйзамдардын түрлөрүнө бөлүп караганда, негизинен бюджет мыйзамдары - 57,6 пайыз, менчик жөнүндөгү мыйзамдары – 29,2 пайыз, жер мыйзамдары – 13,4 пайыз бузулат.

«Укуктук-ченемдик актылардагы коррупциогендик факторлорду аныктоо коррупциялык илдеттерди жоюунун бирден-бир эффективдүү багыты болгондугун эске алуу менен облустук прокуратура органдары тарабынан коррупцияга түрткү берген негизги себептер жана факторлорду аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органадарынын укуктук-ченемдик актылары ар бир айда прокурорлор тарабынан окулуп, андагы коррупциогендик факторлору экспертизадан өткөрүлүп, коррупциянын себептерин аныктоо боюнча алдын алуу жана профилактикалык иштери күчөтүлдү», - дейт облустук прокуратуранын бөлүм башчысы А. Аттокур уулу.

Бөлүм башчынын айтымында, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган укуктук-ченемдик актыларында коррупциогендик факторлордун болушун аныктоо багытында иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 7 мыйзамдарга карама-каршы келген жана коррупциогендик факторлорду камтыган ченемдик укуктук актыларга каршылык билдирүү келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен канааттандырылган.

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамдын аткаралышы боюнча отчеттук мезгилге карата облустук прокуратура органдары тарабынан 26 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында бир прокурордун каршылык билдирүүсү, 19 мыйзам талаптарынын бузулушун четтетүү жөнүндө сунуш келтирилип, прокурордун катышуусу менен 14 сунуш каралган. Ошондой эле, бир талап келтирилип, 4 администрациялык өндүрүш иши козголуп, келтирилген прокурордук актылардын негизинде 38 кызмат адамы тартиптик, ал эми 4 кызмат адамы административдик жазага кириптер болушуп, эки кылмыш иши козголгон. 

«Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталына карата «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө багытында жүргүзүлгөн текшерүүлөр 8ге өсүп, бул көрсөткүч жалпы текшерүүлөрдүн 22 пайызын камтыйт. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 27 акты киргизилип, 2 кылмыш иши козголгон. Кирешелерди жана мүлктү декларациялоо боюнча 16 текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында эки сунуш, 23 талап берилип, 13 кызмат адамына эскертүү жарыяланып, 36 укук бузуу жөнүндө администрациялык өндүрүш иши козголуп, 30 кызмат адамы администрациялык жоопкерчиликке кириптер болду», - дейт А.Аттокур уулу.

УКМКнын Жалал-Абад облусутук башкармалыгынын коррупцияга каршы кызматы тарабынан 11 кылмыш иши козголгон

УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Канжарбек Бокаевдин берген маалыматына караганда, аталган башкармалыктын коррупцияга каршы кызматы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында 48 арыз каралып, 11 кылмыш иши козголгон.

Текшерилген материалдардын негизинде мамлекетке келтиририлген 4 млн. 750 миң сомдук зыян аныкталган. Кылмыш иштеринин негизинде 475 миң 500 сомдук зыян мамлекетке кайтарылган.

«Мисал келтире турган болсок, Токтогул районунда 2006-жылдан 2012-жылга чейинки аралыкта «Токтогул районунун атайын фонду» тарабынан каржыланып, Каражыгач айылына «Самотечный водовод» (+зү агып келүүчү) долбоорун ишке ашырууда «Имарат-Каган» ЖЧК тарабынан аткарылган иш 1 млн. сомго жакын кошулуп жазылган. Бул материал сотко өткөүлүп, учурда аталган фирма мамлекетке келтирген зыянды толугу менен төлөп берген», - дейт К.Бокаев.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Жалал-Абад облустук ИИБнын кадрлар бөлүмүнүн кызматкерине карата КЖКнын 304,315,350-статьяларынын 1-бөлүмдөрү менен кылмыш иши козголгон. Аталган башкармалыктын кызматкери «КР Ички иштер кызматы жөнүндө» Мыйзамды жана тиешелүү органга ылайык кабыл алынган Жобону бузуу жолу менен мурда соттуулугу бар жаранды кызматка кабыл алган. Учурда бул иш боюнча оперативдик – тергөө иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, Кара-Көл шаардык социалдык фонд башкармалыгынын жетекчиси Р.Мамытованын үстүнөн 17-февралда КЖКнын «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кызматтык жасалмачылык» деген 304,315-статьяларыныын негизинде кылмыш иши козголгон. Р.Мамытова 2010-жылдан ушул кезге чейин жеке ишкерлерди социалдык милдеттүүү камсыздандыруу төлөмдөрүнөн куткарып коём деп, алардан чоң суммадагы акча каражаттарын алып турган. Өзүнүн алган акчасын кайтарбоо максатында ал ишкерлердин милдеттүү социалдык төлөмдөрүн жаап жашырган. Ишкерлер милдеттүү социалдык төлөмдөрүн эми төлөөдөн баш тартышып, ал акчаны шаардык соцфонддун жетекчиси алгандыгын айтып жатышат. Ошентип, малекетке түшө турган социалдык төлөмдөрдүн суммасы 1 млн. 200 миң сомду түзгөн. Азыркы кезде бул кылмышка байланыштуу тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

«Кыргызалтын» ААКна караштуу «Терек-Сай руднигинин» жетекчилиги тарабынан 2010-жылы жалган келишим түзүү жолу менен «Эримант» фирмасы аркылуу «Казакмыс Голд Кыргызстан» ишканасынан жол куруу үчүн 2 млн. 437 миң 123 сом алышкан. Муну менен мамлекеттик «Кыргызалтын» ишканасына чоң суммадагы зыян алып келишкен. Бул иш боюнча КЖКнын 221-166-171-статьялары менен 18-мартта кылмыш иши ачылган.

Мындан сырткары, коррупцияга каршы кызматы тарабынан жасалма акча жасагандар, жерди мыйзамсыз саткандар, жасалма паспорт алгандар, армиядан алып калуу үчүн жалган тактама бергендер, мыйзамсыз жеңилдетилген акча каражатын төлөгөндөр, электр энергиясын жасалма жол менен жоготууга учураткандар боюнча да тиешелүү жетекчилердин үстүнөн кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

«Ал эми өткөн жылы Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери 2011-2013-жылдар аралыгында мугалимдерге жана бала бакчаларда иштеген тарбиячыларга берилген акчаны эки эсеге көбөйтүшүп, ашыкча сумманы бөлүп жеп жүрүшкөн. Мунун кесепетинен мамлекетке 11 млн. 647 миң сомдук зыян алып келишкен. Сузак райондук сотунун чечими менен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтери 12 жылга, кассири 10 жылга эркинен ажыратылды. Билим берүү бөлүмүнүн башчысынын ден соолугуна байланыштуу анын иши өзүнчө соттук кароого бөлүндү», - деди К.Бокаев.

Майлуу-Суу шаардык мамлекеттик салык кызматынын инспектору А.Калбеков 50 миң сом пара менен кармалып, шаардык соттун чечими ага 4,5 млн. сомдук айып салынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар – бул айрым гана укук коргоо органдары тарабынан табылып, аныкталганы гана. Коррупцияга байланышкан иштердин көпчлүгү укук корго органдарына жетпей калып калышы да мүмкүн. Анын негизги себеби, бул биздин кыргызчылыгыбыз жана убагында бул маселеге өтө деле маани бербегендигибиз болуп саналат. Ар бирибиз коррупцияга каршы туруп, бүтүрө турган ишибизди мыйзамдын чегинде эч кандай тааныштыкка салбай, акча бербей чечсек, анда буга жетекчилер да, алып жүргөндөр көнүп, коомубуз бул оорудан өзү эле кутулуп кетмек. Тилекке каршы, жалпы коомчулук буга каршы тура албай, коррупциянын алдында алсыз болуп турабыз.

Акырында, баарыңыздарды коррупция деген ооруга каршы күрөшүүгө чакыруу менен мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө салым кошолу деген тилекти билдирип кетмекчибиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×