Добавить статью
10:22, 22 апреля 2014 111333

Мектеп парламентинин үчилтиги

Кыргызстанда туптуура үч жыл мурда «КРдагы балдардын улуттук, аймактык жана жергиликтүү деңгээлдердеги чечим чыгарууларга катышуусун жакшыртуу максатында мектеп парламенттерин бекемдөө ( мындан ары мектеп парламенти - МП) долбоору башат алган эле. 2011-жылдын 1-майынан башталган долбоор быйылкы жылдын апрель айынын эң соңку күнүндө чокондолууда. үч жыл, бир өңүттөн алып караганда узак убакыттай сезилет. Бирок, арадан өткөн 1096 күн кайсы бир маселени чечүү, аны жүзөгө ашыруу, айрыкча өсүп келе жаткан муунду калыптандыруу үчүн, болгондо да аларды жамааттардын алкагында кайсы бир чечимди кабыл алууга багыттоо көз ирмемчелик маал экендиги белгилүү. Ошентип, Европа Биримдиги жана Ага Хан кору аркылуу каржыланып, Ага Хан корунун демилгеси менен Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүктүрүүнү колдоо программасы (MSDSP KG) менен Билим берүү боюнча демилгелерди колдоо корунун (БДКК) биргелешкен аракеттери аркылуу жүзөгө ашырылып жаткан МП долбоору үч жылдык жолду басып өттү.

Өткөн чактын караандары

МП долбоорунун эң башкы максаты тоолуу аймактарда окуган балдардын жергиликтүү, аймактык жана улуттук деңгээлдерде чечим кабыл алуу жараяндарга натыйжалуу катышуу, өздөрүнүн жана жамааттарынын өнүгүүсүндө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп эсептелген экен. Натыйжада, өлкөдөгү тоолуу аймактардан Ош облусунун Чоң-Алай, Алай жана Кара-Кулжа, Нарын облусунун Нарын, Ат-Башы райондору, Нарын шаары пилоттук ыкмада тандалып, жыйынтыгында 177 орто мектепте иш аракеттер башталып, болочоктогу МП эмне экендигин дээрлик 62 миң окуучу үйрөнгөнгө жол салынган.

«Албетте, алгачкы сапар шыдыр эле кете койгон жок. Түшүндүрүү, ынандыруу, окуутуу ыкмалар кеңири пайдаланылды. Ал эми, окуучулар адеп сүйлөгөндөн эле тартынышчу. Бара-бара система түзүлүп, лидер окуучулар өсүп чыгышты», - деди долбоордун координатору Искендер Ысаков мырза.

Ошентип, бардыгы нөлдөн башталды. Оболу базалык изилдөө даярдалып, изилдөө анкеталык сурамжылоо, фокустук маек жана фокустук топтордо талкуулар менен коштолуп, атайын тестирлөө дагы колдонулат. Алгачкы жыйынтыкта эле бир катар кызыктуу далилдер пайда болгон. Маселен, суралган окуучулардын 54,4%ы (92 окуучу) чечимдерди кабыл алууга окуучулар катыша алаарын жана баарысы бир гана мектеп деңгээлиндеги чечимдерге аралаша алышаарын белгилешкен. Жергиликтүү жамааттык, аймактык жана улуттук деңгээлде чечим кабылдоого бир дагы окуучу белги койгон эмес экен. Ал эми, мугалимдер менен ата-энелердин пикирлери таптакыр башка өңүттө калкып чыккан. Эгерде, мугалимдердин 22,5%зы окуучулардын ой-пикирлери жамааттык деңгээлде эсепке алынат деп белгилешсе, ата-энелердин 42,2%зы балдардын ойлору жамааттык алкакта эске алынаарын көрсөтүшкөн. Экинчи таңгалыштуу теңме-тең карама-каршылыктуу жооптор балдардын укуктары жөнүндө билимдери тууралуу соболдо кездештирилген экен. Окуучулар өздөрүнүн укуктук билимдери жетиштүү эмес деп 71%зы жооп кылса, мугалимдердин 70%зы окуучулардын укуктук билимдери жетиштүү деп санаган. Ошону менен катар окуучулардын чечим чыгарууга катышуусу керек деген пикирди балдардын 88,8%зы, ал эми мугалимдердин 97,5%зы колдогон. Ушундай эле иш-аракеттер балдардын укуктары, бакубаттуулугу, алардын демилгелери, социалдык өнүктөштүгү, өз алдынча башкаруудагы ролдору тууралуу да анализденген.

Учур чактагы озуйпалар

Ошентип, жогоруда айтылгандай 2011-жылдын май айынан башталган МП долбоору 3 жыл ичинде негизинен 13 ишмердиктеги жыйынтыкты алып келген жолду басып өткөнгө жетишкен. Эң башкысы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, БДККнын жана MSDSP KGнин ортосунда өз ара кызматташуу туураулуу үч тараптуу Меморандум түзүлөт. МП кеңселери үчүн 20 ресурстук мектеп компьютердик жабдуулар менен камсыздалып, 628 мугалим менен 1 миң 256 окуучу окутулган. 30 ирээт чейректик жолугушуулар уюштурулуп, МПнын 4 форуму өткөрүлгөн. Эки облустун 40 окуучусу өз ара тажрыйба алмашуу сапарларда болушкан. МП боюнча атайын колдонмо китепче иштелип чыккан. Баса белгилөөчү башкы жагдай, МП долбоор алкагында жалпы суммасы 3 млн 170 миң сомду түзгөн 42 кичи гранттар каржыланган. Маселен, айрымдарын айта кетсек Чоң-Алай районунда 8 долбоор жактырылып, бир орто мектеп ашкана жабдуулары менен жабдылса, дагы бири музыкалык аспаптарга эгедерленишкен. Эки мектеп спорт шаймандарын алышса, дагы экөөсү керектүү техникаларды, бирөө түгүүчү машинага ээ болгон. Алай районунун Т.Отунчиев мектебине күнөскана курулса, райондогу башка мектептердин айрымдары маалымат борборлорго, чач тарач, өтүккана ачканга ээ болушкан. Ал эми, Нарын шаарындагы эки орто мектеп МП долбоору аркылуу облустук жатак мектеп лицейдеги томолой жана социалдык жетим балдар үчүн атайын эс алуу жана шахмат, шашки сыяктуу оюндарды ойноочу бөлмөлөрдү жасап беришсе, ушул шаардын төрт орто мектеби биригип, «Биз таза шаар үчүн» демилгесин көтөрүп чыгышкан. Жыйынтыгында шаарга жалпысы акыр-чикирлерди таштоочу 122 үкөкчөнү жасоого каражат бөлүнгөн. Анын дээрлик 30 үкөкчөсү апрель айынын ортосуна чейин тиешелүү жерлерге коюлганга жетишилген.

Болочокко божомол

Кеп чынынан бузулбайт, кыргыз эли эгемендик алгандан бери мамлекетибизге ар кандай долбоорлор аркылуу колдоолор кардай эле жаап келе жатат. 20 жылдан ашуун мезгилден бери канча долбоорлор келгендигин эч ким, эч бир уюм, а түгүл мамлекет өзү дагы айтып бере албай калды шекилдүү. Алардын бири албетте жаңыдан долбоорун жыйынтыктап жаткан, биз учкай кеп кылган МП долбоору. Ушунча аракет-берекет менен окуучулардын келечекке болгон умтулуусун, алардын жигердүүлүгүн арттырганга зор салым кошкон долбоор ушуну менен үйлөгөн чырактай жалп өчөбү, же өлкөнүн бардык аймактарын камтып, тамырлап, бутактары жайылабы деген собол күн тартибине коюлгандыгы кыйлаларды ар кандай ой-жоромолдоолорго түртүүдө. Алай районундагы Курманжан датка атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Тыныстан Темирлан уулу: «Бизге МП киргизилет дегенде башында коркконбуз. Кээ бирөөлөрүбүз бул эмне деген нерсе деп таңгалганбыз. Айрым балдар башында эле укканда жоопкерчиликтен кача башташты. Ошентип, биринчи жылы чынында сүйрөлдүк. Бара-бара өз укуктарыбызды биле баштадык. Ойлорубузду тартынбай айтканга үйрөндүк. Эң башкысы мектеп рэкетчилигин жойдук. Мурда МП кире электе чынында 100% рекэтчилик бар болчу. Азыр 100%дебейин 95%га жойдук», - деди аталган мектептин МП спикери Тыныстан. Ал 2011-жылдан тарта МПга депутаттыкка шайланып, өткөн жылдын октябрь айында аны депутаттар өздөрүнүн төрагалыгына ыраа көрүшкөн экен. «Биздин мектепте 5 депутат шайланышы керек болсо, алгачкы жылы 8 талапкер чыкканбыз. Анда мен 8-класста окучумун. Мектеп рекэтин жоюу жана айылдагы маданият үйүнө долбоор жазып микрофон алып берем деп балдарга айткам. Эми төрага болгондон бери окуучулар менен мугалимдердин ортосундагы чыр-чатактарды жоюу үчүн аракет кылып жатам. Бул оюма эки мугалим каршы чыгышты. Бирок, биз агай-эжейлерди угуп, алар болсо окуучуларды сыйлашы керек», - деди МП төрагасы. Бирок, мындай лидерлер башка МП уюштурулган мектептердин баарысында эле кездеше бербегендигин да белгилей кетмекчибиз. Ал эми, долбоорду ишке ашыргандар мындан ары ар бир МП бар мектептерде калыптанган жөрөлгөлөр ички биримдик аркылуу, жергиликтүү бийликтердин, айылдык кеңештердин колдоолору аркылуу улантыла турганын белгилешти. Бирок, бир гана Чоң-Алай районунун ордо айылы Даарат-Коргондо береги жөрөлгө мыйзамдуу түрдө кабылданганга күбө болдук. Бул айылдагы Саит Алайчы уулу атындагы орто мектепте айылдык кеңештин туруктуу курамынын жыйыны расмий өткөрүлүп, токтом токулду. Анда: «Мындан ары айыл аймактагы орто мектептерде МП иштери улантылсын, аларга колдоо көрсөтүү жагы айылдык кеңештен суралсын», - деген чечим чыгарышып, аны кароону айылдык кеңешке жөнөтүштү. Бул чечимди айылдык кеңештин төрагысы Данияр Молдоболотов, айыл өкмөт башчысы Касымбек Абдылдаев экөө тең колдошоорун билдиришти.

«Биздин айыл аймакта 7-8 коомдук уюм бар. Алардын бир катары иштей бергиле жана ар кандай иш-чараларга дайыма катышып тургула», - деген пикирин айтты К.Абдылдаев мырза.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
162735

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
79210

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
72641

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×