Добавить статью
5:59, 15 октября 2014 61271

Мамлекеттик тил жогорку окуу жайларда: абалы жана окутуунун зарылчылыгы

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда, анын ичинде И.Арабаев атындагы КМУда мамлекеттик тилде окутуунун абалы кандай? Окуу процессин толук түрдө мамлекеттик тилге которуунун зарылчылыгы барбы? Бул суроолорго жооп берүүдө ЖОЖдордогу мамлекеттик тилдин абалы азыркы кездеги кыргыз тилинин абалы менен тыгыз байланышканын унутууга болбойт.

Ушул кезде кыргыз тилинин өнүгүшүнөн өксүп, анын орус тилинин нугуна кирип, жакындашып, бурмаланып турушуна ЖОЖдордун да тийгигизген таасири бар. Кыргыз тилин сактап, өнүктүрүү үчүн, негизи, жогорку окуу жайларда сабак кыргыз тилинде өтүлүшү талап кылынат. Себеби, тил практика менен айрып алгыс байланышта. Тилди коомдук турмушта пайдаланганда, анда сүйлөгөндө, окуганда, жазганда гана сакталып, жашап, өнүгөөрү илимде кеңири белгилүү.

Кыргыз тилинде окуп, сүйлөп, иштебесек, анда эне тилге өнүгүү үчүн шарт болбойт.

Жогорку окуу жайлардын окуу процессине мамлекеттик тилде окутууну киргизүү, албетте, мамлекеттик тилге башкача мамиле кылууну, милдетти коюну, анын илимий негизде жогорку деңгээлге көтөрүлүшүн камсыз кылууну талап кылат.

Мамлекеттик тил жогорку илимий деңгээлде өнүгүшү үчүн атайын шарт керек. Мындай шарт жогорку окуу жайларда түзүлөт. Азыр көпчүлүк ЖОЖдордо негизги адистиктер мамлекеттик тилде эмес. Биздин И.Арабаев атындагы окуу жай борбордогу элдин духу-руху орногон, алыскы айылдардан келген жаштарга билим алууга, адам болууга жол ачкан маданияттын, илим-билимдин очогу. Башка ЖОЖдорго салыштырганда абал жакшы деп айтууга болот.

Мисалы, биология, химия сабактарына мугалим даярдоо мамлекеттик тилде жүргүзүлүүдө. Окуу процессин мамлекеттик тилге которуу боюнча жана башка аракеттер көрүлүүдө. Айта кете турган нерсе – мамлекеттик тилди өнүктүрүү орус тилин ылдыйлатуу деген маселе эмес. Азыркы мамлекеттик тил саясаты - эки тилдүүлүк – билинвизм – кыргыз тилин орусташууга алып келүүдө. Мындай саясат өзгөртүлүшү зарыл. Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил башкы орунда туруп, орус тили, англис, түрк, немец, араб, япон тилдери катар коюлушу, бирдей укукка ээ болушу шарт.

Мындай шартты ишке ашыруу, орусташуудан алыстап, жаңы муунга, маданиятка, тилге ар тараптуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жогоруда айткан билингвизм (эки тилдүулүк) саясаты мамлекеттик мыйзамдарда, мисалы Конституцияда ж.б. мыйзам актыларында бекитилген. Биздин Конституцияда дагы бир тилге расмий укук башка постсоветтик мамлекеттердин баш мыйзамында абдан сейрек учурайт. Тили-дили жакын Белоруссия сыяктуу бир же эки өлкөдө гана.

Бул жакшы белгилүү. Мындай саясат, албетте, практика жүзүндө ишке ашууда. Бардык массалык маданияттын түрлөрү (америкалык боевик, фильмдерден тартып) Кыргызстанга орус тилинде жетүүдө. Телекөрсөтүү республиканын аймагында негизинен эки тилде камтыйт. Англис, немец же япон тилиндеги ж.б. телеканалдар массалык түрдө көрсөтүлбөйт. Көпчүлүк элге жетпейт. Түркчө телеканал бар эле, аны эмнегедир алып коюшту. Бекеринен, кытай мамлекетинен келген бир тууган кыргыздар силер орусташып баратасыңар деп айтып жатышкан жок. Ар тараптуу өнүгүу үчүн, жалпы адамзатка тиешеси бар өнүккөн элдердин маданияты, тили-дили биздин республиканын эли, жаштары тарабынан өздөштүрүлүшү аба менен суудай зарыл. Орус тилинин дагы кыргыз маданияты, билиминде, экономикалык жактан өнүгүүсүндө өз орду бар. Бирок, бул тилди кыргыз тили менен катар коюп, азыркы учурда кыргыз тилин атам замандан бери келе жаткан өз нугунан чыгарып, касиетин кетирген абалга алып бара жатат.

Буга улай жана жогоруда берген сурооңузга дагы жооп кылып айта кете турган нерсе: Кыргыз мамлекеттик И.Арабаев атындагы университет атын алып жүргөн Ишенаалы Арабаев - кыргыз элинин билим берүү системасынын өнүгүү процессинин башатында турган, катаал учурда кыргыз улан-кыздарынын илим-билимдин жолуна чыгышына өбөлгө түзгөн. Ал жаңы доордун кыргызча окуу китептерин биринчи түзгөн автор гана эмес, окумуштуу, котормочу, журналист, элдик оозеки адабиятты жыйноочу, улуттук жаңы жазуунун негиз салуучусу катары да белгилүү. И.Арабаевдин араб, фарси, түрк, славян тилдериндеги адабияттарды токтоосуз окуп, шар сүйлөй, жаза билгендиги, чыгыш жана батыштын ири шаарларын кыдырып чыгып, далай билимдүүлөр менен жолугуп баарлашканы – тарыхый факт. Демек бул адам азыркы заман талап кылган жаңы муундагы адамдардын типологиясынын да башатында турат десек жаңылышпайбыз.

Өз кезегинде ИшенАалы Арабаев жолдоштору менен бирге абдан татаал шарттарга карабай элге билим берүүдө чоң башат ачкан. Алардын ишинин үзүрүн азыр кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнөн, илим-билимге колу жеткен жаштардын калың катмарынан көрүүгө болот. Мындай улуу жолдун учугун улап, илим-билимдин сапатын заманга жараша жаңы деңгээлге көтөрүү азыркы муундун милдети.

Азыркы учурда анын атын алып жүргөн Кыргыз мамлекеттик И.Арабаев атындагы университети дагы илимге, билим берүүгө, маданиятка өз салымын кошуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып иш алып барууда.

Биздин жогорку окуу жайда мамлекеттик тил боюнча сентябрь айында студенттердин массалык түрдө катышуусу менен конкреттүү иш-чаралар пландалган.

Кыргыз Республикасынын президентинин былтыр 2013-жылдын 1-июлундагы №155 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыгын ишке ашыруу максатында Билим берүү министрлигинин көрсөтмөсү менен И.Арабаев атындагы КМУда мамлекеттик тилди окутуунун курстарын ачуу иштери, Мамлекеттик тил күнүнө карай атайын жумалыктар каралып, анда атайын иш-чаралар планга коюлуп, өткөрүлүүдө. Азыр бул иш-чаралардын ж.б. жыйынтыгы чыгарылып жатат. КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институтунун кызматкерлери, студенттери мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча зор саамалыктарды көтөрүп, ишке ашырууда.

Мисалы, Бишкектеги ар бир калкты тейлеген транспорт-маршруткаларды мамлекеттик тил менен иш алып барууга чакыруу, нускамаларды таратуу, туура сүйлөө д.у.с иштерди жүргүзүп жатканы, мындай иш-чараларды кыргыз жарандары колдоого алып турганы көңүл жылытаарлык көрүнүш.

КМУнун түзүмдүк бөлүмдөрүн иш кагаздарын жүргүзүүнүн китептик жана электрондук варианттагы үлгүлөрү иштелип чыкты.

Университеттин билим берүүчү мекемелеринде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн жана кыргыз тилдүү студенттерди эне тилинде окутуунун абалын текшерүү, кыргыз тилинде окуу куралдарын, китептерди чыгаруу иштери колго алынууда.

Номенклатуралык иш кагаздарын мамлекеттик стандартка ылайык жүргүзүү максатында адистерди тартуу менен конференцияларды, курстарды, семинарларды, жолугушууларды уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Эне тилге байланыштуу университеттин түзүмдөрүндө белгилүү кыргыз жазуучулары, манасчылар, артисттер, режиссёрлор, окумуштуулар менен жолугушуу өткөрүлүп, кыргыз элинин каада-салттарын жаштардын улап кетишин камсыз кылуучу иш-чаралар уюштурулуп келет.

Биздин терең ишенимибизде, мамлекеттик тилди өнүктүрүү – анын студенттерге жогорку сапаттагы адистикке ээ болууга мүмкүндүк берүү, кыргыз тилдүү адистик чөйрөнү түзүү менен байланышкан. Ошондуктан, окуу жай Кыргызстандагы педагогикалык эң жакшы деген салттарды улап жаңы билим берүү технологияларынын алкагында иш жүргүзүү процессин, университетте окуган бардык студенттердин фундаменталдык билим алуу, практикалык тажрыйба топтоо иштерин мамлекеттик тилдин өнүктүрүү процесси менен айкалыштырууга аракет кылууда.

Азыркы күндөгү мамлекеттин абалына, каражат жагынан аксап турганына карабай илим-билимди көтөрүүнү мамлекеттик тилди өнүктүрүү менен айкалыштырып, коомдук интеллектуалдык-руханий деңгээлди жогорулатуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү жумшап аракет кылуу И.Арабаев университетин гана эмес, ар бир ЖОЖдун, ар бир окутуучунун тарыхый милдети.

Мамлекеттик тилдин өнүгүшү, албетте, анын илим-билим алууга, илимди өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү менен байланыштуу. Ушул багытта – мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча илимий жана билим берүү долбоорлорунун үстүндө иштөө, аларды сапаттуу даярдаганды билүү – азыркы кыргыз жогорку окуу жайлары үчүн абдан зарыл нерсе. Бул ишке студенттерди да азыртан тартуу керек. Алардын аспирант, окутуучулар менен бирдикте иштешип мамлекеттик тилдеги изилдөө илимий иштерин ийгиликтүү жүргүзүүсү али талапка жооп бербейт. Ошондуктан, университетте студенттерди илимий изилдөө иштерине аралаштырып, алардын жазган иштерин илимий журналдарда басып чыгарууга шарт түзүү иштери колго алынышы зарыл.

Университетте замандын шартына карай болгон тартыштыктарга карабастан илимий изилдөө иштери улантылууда. Мындай иштердин жыйынтыктары монография, окуу китептерин, педагогикалык усул-жол-жобо ж.б. басып чыгаруу аркылуу жарык көрүүдө. Кийинки кездерде алардын катарында кыргыз тилиндеги илимий иштер көбөйүүдө. Мисалы, өткөн бир жылдын ичинде окуу жайда 67 окуу китептери жана куралдары, 135 методикалык адабият басмадан чыкты. Университеттеги илимий журналдар бардык кыйынчылыктарга, каражаттын тартыштыгына чыгарылып келүүдө. Өткөн жылдын ичинде университетте 46 окуу-методикалык материал электрондук түрдө жарыяланды. Илимий журналдарды электрондук түрдө чыгарып Интернет аркылуу жарыялоо иши колго алына турган кез. Эгерде, өкмөттүк органдар көмөк көрсөтүп илимий иштердин мындай түрдө чыгып турушуна жол ачылса, анда электрондук түрдө чыккан илимий иштер расмий түрдө таанылып, автордук укук жөнүндө мыйзамга ылайыкталып, окутуучулар үчүн күтүлбөгөн бир жеңилдик алып келет жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө дагы шарт түзөт.

Бул маселе бардык жогорку окуу жайларда бар. Ушуга карай айтыла турган дагы бир жагдай, эмгек кылып жазган илимий иштерди басып чыгарууда каражат тартыш болгондуктан чыккан китеп-китепчелердин тиражы 100 даананын гана айланасында болууда.

Жаңы чыккан илимий иштерди сапатына жараша анализдеп, системага салып жыйнап жалпы республикалык жаңы илимий эмгектердин тизмесин - Фондун түзүү зарыл. Ошону менен катар басмадан чыккан илимий иштердин тиражына, сапатына, керектелишине гана көз салбастан мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү салымын дагы баалоо талапка ылайык көрүнүш.

Бүгүнкү күндө адамдын коомдо ийгиликтүү жашоосу анын илимий деңгээлине, акылынын өсүшүнө, кесибине байланыштуу болууда. Себеби келечектеги экономика билим менен интеллектуалдык өндүрүшкө, руханий маданиятка негизделип өнүгүп жатат.

Ошондуктан, окуу жайдын алдында турган азыркы максат андай экономиканы, жаңы коомду кыймылга келтире турган бийик руханий маданиятка ээ болгон жаны муунду тарбиялоо жана андай муундарга билим бере турган педагогдорду калыптандыруу.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси мына ушундай максат, шарттар менен, Кыргызстандагы билим берүүнүн түпкү маңызы менен, илим жолу менен байланышканын унутууга болбойт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×