Добавить статью
9:12, 10 ноября 2014 154661

Асылзаада, кеменгер Магрифа Рахимова

Педагогика илимдеринин доктору, профессор, РФ Психология жана социалдык илимдер академиясынын академиги, КР илимине эмгек сиңирген ишмер Магрифа Рахимованын 85 жылдык юбилейине карата

ЭСКЕРҮҮ

Адамды адам кылып кармап турган, адам сапатында сактап турган дагы акыл-эс тура. Бекеринен улуу жазуучу Чынгыз Айтматов: «Адамга эң кыйын нерсе, күнүгө адам болуу» деп айтып кетпесе керек. Бирок, адамга адам болуш үчүн бир гана акыл-эс аздык кылат. Акылга салгандардын көбү адашып, өз оюн таппай, оюн тапса короосун таппай, күндүзү «чырак менен издеп» канчасы жүрөт «байкуш» болуп. Аларга боору ооруп жаткандарды кээ бирөөлөр көрсө жактырбай, жектешет, «боорукер болуп кеткендигин кара» дешип келекелешет. Дагы деле акылга салып жатпайлыбы же жалганбы?

«Жакасы башканын жаны башка» дегендей канча баш болсо, ошончолук ой болот экен. Ошондой болсо дагы «ээрчиме ойлор» көп экендигине акыры ишенбей койбойсуң. Себеби сени ишендирет. Кантип, «заман бузулду, заман өзгөрдү, заман таарыды, адамдар бузулду», «ал убак башкача эле», «тигиндей эле, мындай эле» деген суу кечпеген шылтоолор. Анда кайра суроо бергиң келет: «Заман эмне болуп бузулду? Эмне, жаз келбей койдубу же кыш болбой койдубу?». Жок замандаш. Заман ошол бойдон эле турат. Кудай Таалаа жараткан жаратылыш өз огунда эле айланып, адамзатка дагы деле кызматын талбай кылып келе жатат. Адамдар кантип бузулду? Бузулган жок баягы эле жумуру баш, айры аяк, башы-көзү ордунда эле турат. Анда эмне болду? Биз, өзүбүз бузулдук, өзүбүздүн пейилибиз таарыды, ата-бабабыз кылымдардан бери бузбай сактап келе жаткан нарк-насилибизди унуттук, унутпасак дагы аткаруудан баш тартуудабыз.

«Көпчүлүккө көө сүртпө» деген улуу кыргыз эли. Эл жаман эмес, жаман дагы болгон эмес, эл ичинен чыккан өзүбүз жаманбыз. Өзүңдө болуп жаткан жамандыктын, аламааттын, кесепеттин баарын башкадан эмес өзүңдөн издесең табасың, таппасаң ааламды жектеп жүрүп өтүп кетесиң дагы, баягынын бири болуп, тарыхта атың эмес жытың дагы калбай өтүп кете бересиң.

«Жаман улут жок, жаман адамдар бар» деген көпчүлүктүн көөнүнө сиңип калган сөз бар эле. Көрсө, бул дагы туура эмес айтылган пикир деп айткым келет. Себеби, пенделик кылып «бул жаман, тигил жаман» дегениң менен ал бирөөгө бала, ата же эне, ал эми кимдир бирөөлөргө бир тууган, дос, ал – алар үчүн жаман эмес, жаман кыялдарын билсе дагы чыдашат же көтөргөндөн чарчап чалыгышпайт, айла кеткенде «ким жакшы бир тууганын же досун бермек эле» деп барга каниет кылганга үйрөнгөнбүз.

Бардыгына ким жагыптыр, дегеле баарына жагуу мүмкүнбү? Жок, мүмкүн эмес. Ал эмес, атасы баласын, энесин кызын же уул-кыз ата-энесин айныксыз жакшы көрүп, көңүлдөрүн оорутпай кадырлап жүрүшөт деп ким кепилдик бере алат. Кээде таң каласың, адамга күч-кубат берген, ырахат тартуулаган тамак-ашты дагы тандап ичип, кесирлик кылгандыгыбыз же жалганбы, ошентип адамдын табияты ушундай жаралган турбайбы.

Миң бир түрдүү адамдар болот. Алардын кебете-кепширлери, кам тамырларындагы агып жаткан кандарынын өңдөрү, айрым учурлардагы тагдырлары окшош болгону менен кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму, өзгөчө кыялы эч бир адамга окшошпой түркүн түрдүү жаралып турат экен. Бекеринен кыргыз элинде «Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр» же «сырын билбеген байталдын сыртынан чыкпагын» деп айтылбаса керек. Ал эми кулк-мүнөздү, кыялды оңдоп алууга болот, эгер каалоо болсо. Такыр эле чамгарактап көнбөй жаткандар «башка түшсө, байтал жорго болот» болуп калышы дагы толук мүмкүн.

Жогорудагы сөздөрдүн, баш-аягы жок ойлордун бардыгы адамдык сапаттан улам келип чыгып жатпайбы. «Жакшыга жакшылык кылсаң кайтат, кайтпаса айтат. Жаманга жакшылык кылсаң кайтпайт, кайтмак турсун айтпайт» дептир көөнө кыргыз. Ошону сыңары, асылзат, кеменгер Магрифа Рахимовнанын кылган жакшылыгына теңдүү жакшылык кылалбасам дагы жан дүйнөмдүн жылуу жана бекем жеринде сакталып жүргөн айтмактарымды окурмандар менен бөлүшүп кетким келди.

Өздөрү эле атак-даңктуу, даңазалуу, белгилүү адамдардын атын биз чыгара албайбыз. Тетирисинче, алар аркылуу биз көпчүлүккө, коомчулукка таанылабыз. Алар аркылуу аброй, кадыр-баркка жетишибиз мүмкүн. Муну тетири түшүнүп алгандар дагы жок эмес. Башкача айтканда, бир чакан топ гана аны эстеп калгандары унутта калтыргандай же жердештери гана уюштурулуп жаткан иш чараларга катышып, ал эми калгандарыбыз алыстан сын көз менен карап, сын айтып тура бермей өнөкөт пайда болгон сыяктуу. «Жакшынын атын жаман чыгара албайт» болбой, ынтымактын, биримдиктин үлгүсүн көрсөтүп, жакшы жагыбыздан таанылсак деген гана оюм.

Бирок менин айтайын деген оюм бул эмес, «айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле» дегендей сөз учуру келген жерде айтууга да, жазууга дагы туура келди. «Жамандыкты амандык жеңет» деп айтылгандай кандай гана нерсе болбосун, адамга амандык керек тура.

Эгер Алла Таллам, Магрифа Рахимовнанын өмүрүн ушул күнгө чейин узартып турганда, эже быйыл туптуура 85 жашка толмок экен. Аттигиң дейсиң, адамдын көзү көп нерсеге тойбойт, жашка тойбойт. Эженин көзү тирүү болгондо көөдөнгө толгон сөздөрдү өзүнө айтмакпыз, минтип компьютерди шыкалап, ойго батып олтурбай, арман дүйнө!

Анда, укканга узак болгону менен жаза келсең бир баракка жетпей калган азыраак аңгемеме көңүлүңүздөрдү бурайын.

2002-жылдын жай мезгили мөөнөтүн өтөп, күз мезгилине кезегин берген учур эле. Жайкы каникулга кеткенге чейин мектеп-лицейинде иштеп жүрүп, жумуштун шарты туура келбей, «кызмат которсомбу» деп далай жерден иш издеп, туз-насип буйрук экен Алмазбек Жакшылыковичтин арты менен бүгүнкү М.Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтуна туш келип, алгач, институттун чарба иштери боюнча менеджерлик кызматын аркалап иштеп калдым.

Мен жумушка кирген жылы институттун директору, профессор Гульдана Салморбековна экинчи жылы иштеп жатыптыр. Гульдана Салморбековнаны ал мезгилге чейин эле таануучумун. Себеби, улуттук университетте магистратурада лекция окуп, анын сабакка өтө катаал экендигин угуп, баарыбыз сабактан калбаганга тырышчуубуз. Лекцияны дагы эч бир эмоцияга алдырбай, бир демде, күлбөй, тамашага айландырбай, катуу өтчү. Магистранттар шыбырашып сүйлөшкөндөн чочулап, эженин өтө кам көрүлүп өстүрүлгөн тырмагын карап, калп айткан кишиге «тырмактар бири-бирине тийгенде учкун чыгып кеткендей» көрүп, тынч отурчу элек.

Жаңы чөйрө, жаңы жамаат менен таанышып иштөө кээ бир учурларда татаалдыкты жаратат. Себеби, жаңы жүз, бейтааныш эл менен иштегенде көп нерсеге кылдат мамиле кылбасаң, «эр чекишмейин бекишпейт» деп урушуп-чабышып кетишиң деле алыс эмес. Ошондуктан, мени сунуштаган Алмаз агай институтта иштеген бардык кесиптештерине сыртынан мүнөздөмө берип, ким эмнени жакшы көрөт, эмнени жаман көрөрүн аларга байкатпай мага гана айтып турду. Мындай агалык, улуулук, насаатчылык мамиле өз пайдасын бербей койгон жок.

Магрифа Рахимовна тууралуу маалыматты мен Алмаз агайдан угуп билдим. Улуу акын Калыктын келини экендигин билгенимде, менде түркүн суроолор, кызыгуулар пайда болду. Көп суроолорума жооп ала албай өзүмчө кыжырланам. Алыстан же институттун ичинен эже менен саламдашып, ал киши саламыма алик алып калса, аябай курсант болом. Ичимен томпоюп семиргенсип калам. Улуу инсандар менен жолугушуу, алар менен баарлашуу мен үчүн жомоктогудай сезилчү.

Мен 3-класска окуганга чейин мугалимдер тамак ичпейт, алардын бала-чакасы болбойт деп, аларды периштелер сыяктуу көрчүм. 3-класста окуп жүргөндө: «ишембилик болот, шыпыргы, күрөктөн башка тамак-аш, тооктун этинен тамак жасап келгиле» деп класс жетекчибиз Бати эже айтып калды. Класс жетекчинин сөзү мен үчүн «закон» эле. Ата-энем урушса дагы болбой, бир тоок сойдуруп, тамак жасатып, мектепке алып бардым. Мен сыяктуу беш-алты бала дагы тооктон тамак жасатып барышыптыр.

Бизге бөлүнгөн ишти жасап бүткөндөн кийин баарыбыз тамакка олтуруп калдык чогулуп, анан эле эжебиз башка кесиптештерин ээрчитип келип: «Менин балдарым жакшы тамак жасатып келиптир, келгиле» деп эле биз жайган дастарконго олтурушуп тамак ичип калышты. Алардын тамак ичкенин карап эле олтурдум, өзүм тамак жедимби же жокпу азыр эсимде жок. Бирок, атама айтып барып, тил уккам. Кийин көпкө чейин айтып шылдыңдап жүрдү. Анан кантейин, мугалимди мектептен гана көрсөм, үйүнө барбасам, ушундай туугандар.

Бул нерсеге токтолуп өткөнүмдүн себеби, азыр дагы улуу инсандарга, өнөр адамдарына өзгөчө мамиле жасайм жана жасагым келет.

Кара жаак, залкар талант Калык Акы уулун кимдер окубаган, кимдер билбеген. Анын чыгармаларын окуп, ырларын уксак, улуу Токтогул менен ата-баладай мамилесин, устатын даңазалаган Калыкчалык эч ким жок деп улуулардан угуп, таасирленип чоңойгонбуз. Анан эле ошол кишинин урпактары менен чогуу иштешип калсаң, кантип толкунданбай койбойсуң.

Чогулуштарда, жакшылыктарда, той-топурларда Магрифа Рахимовна дайым улуу залкарлардын атын атабай, алардын кылган иштерин айтпай сөз сүйлөчү эмес. Оозунан Калык, Алымкул, Осмонкул, Аалы жана башка залкарлардын аты түшчү эмес. Көрсө, Калык акын эжени келининдей эмес кызындай көрүп, тарбия-насаатын көп айтып, турмуш жолуна жетелеген тура. Ал эмес, эже өзү айтат: – «Ал кезде партиянын заманы эле. Чогулуштар көп болчу. Кээде ал чогулуштар 4-5 саатка созулуп, караңгы түнгө чейин кирип кетет. Чогулуш бүткөндөн кийин эшикке чыксам, атам турат мени күтүп. Бир жолу атам экөөбүз келе жатабыз. Чогулушта эмнелер болгонун мен айтып коем, ал сурап коет. Атам түз баспай жолдун бул жагына, тигил жагына чыгып, жолду узартып баратат. Сурагандан тартынып мен деле баратам ээрчип. Ошентип олтуруп үйгө жетип калыптырбыз. Үйгө жакындаганда эле, мен: «Ата, мен жолугумду салып алайын» дедим, атам болсо: «Салына гой, балам» деди. Анан, үйгө экөөбүз кирип кеттик. Үй кийимдерин кийип келип, чай ырастап дасторконго отургандан кийин, атам көпкө сүйлөбөй отурган. Бир маалда: «Балам, сен көпчүлүк менен иштейсиң, азыр заман башка, бүгүндөн баштап жоолук салынбай эле кой. Менин чечимим ушундай» – деди. Мен болсо иштин жагдайын эми гана түшүнүп, уялганымдан жерге кирип кетким келди. Апамдын карасам, атамды акшырая карап, бир нерсе айта турган болду эле, атам колун көтөрүп токтотуп койду. Өздөрүнчө калганда апам бир нерселерди айтып, көпкө убара болду. Тилин алып калчу атам беле. Катуу-катуу сүйлөп токтотуп койду. Мен куруйун, атамдын көзүнчө жалаң баш жүргөнүм аз келгенсип, аны күттүрүп коюп, жолугумду салган турбаймынбы. Ошондон баштап жолугу жок жумушка барып келгеним менен улуу-кичүүлөр үйгө келгенде баш кийимсиз жүргөнүм жок» деп баянын күлүп отуруп айтып берди эле.

Мен Арабаев университетине келгенде эже ал кездеги ректор, профессор А.Асанкановдун консультанты кызматында экен. Кабинети азыркы Жалпы бөлүм турган бөлмө эле. Анын эки жагын кароо милдети мага тагылгандыктан, келип кем-карчысын толуктап турчумун. Эженин эң жогорку сапаты кандай гана адам болбосун, ошонун деңгээлинде сүйлөшкөндү билген көрөгөчтүгүндө экен. Баарыбыз менен сүйлөшкөнгө убакыт табып, тамырыбызды тартып билип коер эле. Алгач өзү сүйлөп берип, андан соң маектешин сүйлөтүп көрүп, акырын жылмайып күлүп койчу. Ал жылмаюунун артында көп нерсе, көп сыр бардай сезилчү. Ошондуктанбы, эже көп колдонгон макалдар, сөздөр төмөнкүлөр эле: «Бир көргөнгө жан бермек», «Жердеги жетимдики», «Жамандыкка жакшылык эр адамдын белгиси», «Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык», «Кыргызымдан айланайын, кыргызымдан өндүм, өстүм, көгөрдүм, бутактадым-шактадым, уул-кыз күттүм, тууган күттүм, көптөгөн ийгиликтерге жеттим» деп бул макалдардын, сөздөрдүн ар бирине өзгөчө көңүл буруп, аларды өзү аткарып, башкаларды дагы аткарууга көп чакыраар эле.

Эркек адамдарды өйдө тутуп, дайым жогору өткөрүп, сөздү дагы аларга мурун берип, тамактын көбүн дагы аларга салдырып болгондон кийин гана аял кишилерге көңүлүн буруп: «Аял кишиден эр адам улук болот» дегенин нечен ирет уктум.

«Балам, иш иши менен, дасторкон тартиби менен» деп институттун коллективи чогулган сый-дасторкондордо мени дайыма төргө чыгарып, Гульдана Салморбековна экөөнүн ортосуна, ой-боюма карабай олтургузуп койчу. «Дасторкондун сый тамактары менен бизди тейлеп, өзүң дагы ичип-жеп тартынбай олтур» деп калаар эле. Дасторкон үстүндө түрдүү кептер козголуп калганда же эл бийлегени жөнөп калганда, мен жакка акырын бурулуп, эже тарыхчы дагы болгондуктанбы, тарыхый инсандарды, өзгөчө өнөр адамдарын, совет доорунда жашап өткөн залкарларды, замандаштарын кеп кылып өзүбүзчө аңгеме-маекке өтүп кетчүүбүз.

Айрыкча, менин мамлекеттик жана коомдук ишмер Абди Сүйөркуловдун тууганы болорумду билгенден кийин өзүнүн баласындай мамиле кылып: «Бүгүн кечинде же түштө келип тамак ичип кет. Мен жакшы тамак жасап койдум» деп үйүнө чакырчу. Ал учурда Салморбек ата дагы тирүү кези эле. Мен барып үйдүн коңгуроосун басканда, Салморбек ата келип өзү ачып үйгө киргизчү. Атанын ич кийимчен барып эшикти ачканын көрүп калган Магрифа Рахимовна: «Алда курган ай, балдар эми эмне дейт» десе, Салморбек ата: «Эмне, буларда жок бекен?» деп өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетет. «Бул ушинтет, атаңа көңүл бурба балам. Кел тамакка» деп күйпөлөктөп, дасторконду алеки заматта түркүн түстүү, даамдуу тамактарга толтуруп жиберчү. Тамакты мага куйганда дагы ырымдап: «Бул чыныга атаң тамак ичет. Атайын ырымдап куюп жатам. Атаң сыяктуу чоң кызматтарда иштеп, элдин батасын ал» деп, толтура тамак куят, аны мен, ушу кебетем менен кантип түгөтмөк элем, жарым-жартылай барып токтоп калганымды көрүп: «Балам, менде муну иче турган келиним же итим жок. Ичип түгөт. Эр жигитке эмне ушул дагы тамакпы?» деп шыкак бергенде ичип түгөтпөй көр, эр болсоң.

Өзү жалгыз иш бөлмөсүнө кирип отурганда кирип калсаң, ал-акыбалыңды шашпай баарын сурап болгондон кийин: «Балам, дүнүйөгө көп кызыкпа. Ал дүнүйөгө жеткениң менен аны алып кеткен эч ким болгон эмес. Чыныгы дүнүйө бул илим. Илим жаз, аны менен алпуруш. Ошол гана сени муратка жеткирет» деп дем берип, илимий ишимде бир нерсе жаратууга көп түрткү берген.

Окутуучулук иш тажрыйбамдын башталышына дагы эже себепчи болуп: «Гульдана, бул Октябрь баламдан мыкты лектор чыгат. Сабак беришиңер керек» деп айткан эле. «Жаман өзүн мактайт» болбоюн, ошондон бери окутуучулук тажрыйбамда аздыр-көптүр бир нерселерди жараткансып жүрөм.

Албетте, бир кичинекей макала аркылуу эле бардыгын айтып коюуга мүмкүн эмес. Бирок бул кадам эже жөнүндө кеңейтип жазууну, иликтеп изилдөөнү, диссертациялык иштерди аткарууну талап кылып жаткандыгын көрсөтүп койду.

Магрифа Рахимовна Сиз өлгөн жоксуз, эже өлгөн жок. Өлбөй турган эмгектерди, маданий мурастарды калтырып кеткенсиз. Алар элиңизге кызматын дагы деле кылууда. Салморбек ата экөөңүздөр тарбиялап өстүрүп кеткен, уул-кыздарыңыз, неберелериңиз Сиздердин жакшы атыңыздарды чыгарып жатышат. Айрыкча, уулуңуз Турусбек байке жана сыймыктуу кызыңыз, илимдин доктору, профессор, академик Гульдана Салморбековна Калык атабыздын 130 жылдык мааракесин Эл аралык деңгээлде өткөрүп, жогорку мартабаларга ээ болушту. Сиз баштаган жол, чийип кеткен чыйырлар уланып келе жатат...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×