Добавить статью
8:09, 20 ноября 2014 137117

Карт Нарын жана Казак хандыгы

Россия Федерациясынын президенти В.В.Путиндин Казахстан тууралуу: «У казахов не было государстенности» деген кебине ылайык «Эволюция мнения Назарбаева о казахской государстенности», «О казахской государстенности заговорил и Атамбаев» деген маалыматтар интернет булактарына жарыкка чыкты. Буга байланыштуу жалпы эле кыргыз, казак окурмандарында Казак хандыгынын 550 жылдыгын белгилөөгө кандай себептер бар деген суроо жок эмес. Буга бир эле жооп БУУнун Генералдык Ассамблеясы 2003-жылды «Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнө 2200 жыл» деп жарыялашы менен Кыргыз Республикасында өткөрүлгөн иш чара десек ашыкча болбойт. Дүйнө элинин көңүлүн бурган ошондогу иш чаранын өткөндүгүнө 11 жыл болуп кетсе дагы бир-боор казак коомчулугунун тарыхка болгон кызыгуусун жоготпой келе жатышы кызыгууну туудурат. 22 кылым мурда пайда болгон байыркы кыргыз мамлекети тууралуу «Кытай Геродоту» деп эсептелинген кытайдын белгилүү санжырачысы Сыма Цянь ошол алыскы мезгилдерде «Кыргыз княжествосу» формасындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бар экендиги жөнүндө метрикалык күбөлүк түзгөн. Бул ж.б. тарыхый булактар негиз болуп Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы дүйнөлүк эксперттер тарабынан тастыкталат.

Каракыргыз эли ошол мезгилден ушул эгемендик мезгилге чейин абдан оор да, татаал да, этносаясый процесстерди басып өткөнү сыймыктануу сезимин жаратат. Казак хандыгынын 550 жылдыгы боюнча А.Ш.Атамбаев "Азаттыкка" берген маегинде «тарыхта а дегенде Түрк, Уйгур, Кыргыз каганаттары андан кийин Алтын Ордо, кийин Россия империясы менен СССРдин» болгондугуна токтолот. Биз азырынча Түрк, Уйгур, Кыргыз каганаттары тууралуу карт тарыхты жайына кое туруп «Алтын Ордо» деген түшүнүккө кайрылалы. Себеби, Алтын Ордо менен казак элинин эле эмес, кыргыз элинин, анын ичинде Кыргызстанга «качан да болсо ишенич менен таянычтын туруктуу түркүгү болуп келген» Карт-Нарын менен Ата-Башы шаарын борбор кылып Моголстан мамлекетин башкарып турган Баймурт хандын улусунун түздөн түз тарыхый байланыштары бар экендиги көпчүлүккө жаңылык болуп эсептелет.

Совет жана азыркы Эгемендүүлүк мезгилде бул багытта көңүлдү толтура турган тарыхый баяндар, чындыкты жашырбай жазган тарых китептери жарык көрбөгөндүктөн бул ж.б. маалыматтар кызыгуу менен иликтөөнү талап кылат. Биз ушул ж.б. тарыхый байланыштарды тактоо үчүн 14к. теңиртоону мекен кылып турган улуу кол башчы Кылжыгач-Төрө уулу Баймурат хандын тарых-таржымалына маани берүүбүз зарыл. Ал тархый китеп фарс тилинде жазылып “Мажму-атут-товарих” деп аталып, китептин атын кыргыз окумуштуулары “Тарыхтардын жыйнагы”деп которушкан. Ушул эмгектин ичинде Карт Нарын менен Казак хандыгынын 550 жылдыгына байланыштуу чын тарыхты табууга болот. Аталган китептин бир нускасы РФ Санк-Петербург шаарында, экинчиси СССР ИА Азия элдери институтунун Ленинград бөлүмүндө, үчүнчүсү 1968-ж. окумуштуу Х.Карасаев, З.Мамытбековдорго тапшырылып КР УИА тил, адабият институтунун алдындагы кол жазма фондусуна берилген экен. Бирок ушул ж.б. окумуштуулардын тиши өтпөгөндүктөн аталган китеп 1968-1996-жж. чейин архивде жатып изилденмек турсун бети ачылбаптыр. 1996-ж. бул эмгекти Молдо Мамасабыр Досболов менен Омор Сооронов кыргызча которуп жалпы окурмандарга тартуулап “көбүртмө” менен “өрдөк” учмай кыргыз санжырасын ооздуктаганы кызыктуу. Ошондой болсо дагы “ичи тардык” деген кеп жеңип Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө түздөн-түз тийешеси бар Теңир-Тоолук тарыхый улуу инсан Баймурат хандын улусу менен Кашкардан Букар шаарына чейинки аймактарга күчтүү Карахан Мамлекетин курган Сатук Буура Кара каган тууралуу маалыматтар “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына” арналып 2002-жылы декабрь айында жарыкка чыккан “Русская Америка” гезити менен 2003-жылы жарыкка чыккан “Кыргыз Мамлекеттүүлүгү жана “Манас”элдик эпосу” деген эмгектерге жазмак турсун эскерилбептир. Буга эмне себеп болду экен.  Ошол биз сөз кылып жаткан 14-к. тарыхый окуяларды өзүнө камтыган “Мажму-атут-товарих” китебиндеги Кулжыгач-Төрөдөн Баймурат менен Оң хан. Ал эми ошол Баймураттын Ахмед менен Бекназарынан Бай-Чубак, Ак-Чубак, Молдо-Черик, Кара-Черик, Дубан-Черик, Мухамбет-Бек деген балдар тарайт деп турса. Ошол Оң хандын уулу Токтомуш мезгилинде Алтын Ордо хандыгын башкарып турат. Дагы бир кызыктуусу Баймурат хан бир баласына Ахмед деп ат койсо, анын бир небересинин аты Мухаммед-Бек деп аталып акыркы пайгамбарыбыз Мухаммед-Мустафанын ысымынын берилиши ал мамлекеттеги улуу инсандары мусулман динин тутуп келгендигин ырастайт. Балким ушул жогорудагы адам аттары менен байланышкан маалыматтарга азыркы уруучул жана урукчул тарых жаатында иштегендер кыянаттык кылып Кыргыз ханы тууралуу тарых китептери менен мектеп окуу программаларына киргизбей келе жатышы ошондон болуш керек. Минтип калың Казак өз тарыхын андан-мундан тактап жок жерден Астанага окшогон шаарларды куруп дүйнө элине теңелип жатса, каракыргыз урпактары 14 к. болгон ата-бабасынын тарыхына караөзгөйлүк кылып жашырып-жаап, улуттун баласы болгондун оордуна уруунун баласы болушуна эмне себеп. Ошол Кыргыз башкаруучусу, эмир Баймурат менен Алтын Ордо ханы Токтомуштун жер бөлүшкөнү кызыктуу. Анда, Ташкенден Волга дарыясына чейинки жерди Токтомуш, ал эми Ташкенден Могол тоосуна чейинки (азыркы кыргыз-казак ж.б.) аймактарды Баймурат ээлейт. Эң кызыктуусу ошол Токтомушка Манас кол башчы болуп турат. Балким ошол Манас башында тургандар Түп-Бээжиндеги Жолой менен Коңурбайдын Ордосуна кол салып Чоң-Казатты аяктап, андан кийин Москваны өрттөп даңазалагандыгы үчүн Токтомуш хан Манас атындагы шаар курдургандыр.

Мажму атут-товарихте Манас каңгайдын ханы Жолой менен согушуп жатып атасы Жакып менен кеңешип, Жалал-ад-динге кат жазып Карнасты жиберет. Жалал-ад-дин кат жазып, Ат-Башыдагы Баймурат ханга (Кан Кошойго) кабар берет. Баймурат шашлыш 12 миң колу менен Ак-Сайдан Манаска жардамга келип Жолой менен катуу кыргын болгону жазылат. Бул кабар эпостук эмес, 14к. тарыхый окуя катары сүрөттөлөт. Кызыктуусу бул окуялардын дээрлик көпчүлүгү азыркы Кыргызстандын территориясында болгодугу менен ырасталат. Ошол тарыхый эмгектерде Баймурат Манастын “муруту” болгон деп турат. Эгерде “сакалы” болгон десе анда Манастын атасы Жакып болмок. Демек, 1331-ж. Ата-Башы (Кошой-Коргон) шаары дүйнөлүк картага түшүрүлгөндө 40 уруу кыргыздар менен кошо кээ бир түрк тайпаларын ошол жерден башкарган Баймурат Манастын агасы эле болбостон 59 жашка толуп тургандыгы ырасталат. Демек, 2015-жылы Ата-Башы шаарына 684 жыл толо турган болсо, ал эми ушул жылы Казак хандыгынын 550 жылдыгы Астанада белгиленгени турат. Азыркы Нарын районунун Куйбышев жана Миңбулак айылдарын аралап аккан канаал өткөн замандан белекке калгандыктан жергиликтүүлөр Байчерик каналы деп аташат. Ал эми Нарын дайрасынын төрүндөгү ал улуу инсан жашаган жерди Баймуратчериктин-Тарбагатайы деп дагы атап жүрүшөт. Ошол улуу инсан Баймурат Улуу Жибек Соода Жолунун боюнда туруп Индия менен ички Кытайга тынымсыз өтүүчү эл аралык соодо кербендерди ашынган ууру-каракчыларга тоноттурбай көздөгөн жерине жеткиртип, алардан “туяк пул” алуу менен элин багып, Ала-Мышык тоосун байырлап турушу сыймыктанууну жаратат.

Евроазия тарыхы самаркандык Аксак Темир, нарындык Баймурат жана Алтын Ордолук Токтомуштун согуштук окуяларын мындайча чагылдырат. Темир-лаң кол башчыларын жыйнап, совет чакырып, Алтын Ордо ханы Токтомушка андан кийин Теңир-Тоо аймагында жашаган каракыргыздарга карата кол сала тургандыгын билдирет. Темирдин кеңешчилери, аскер башчылары Токтомушка жортуулга баргандан мурда Баймурат ханды биринчи талкалоону сунуш кылышат. 1337-1379-жж. Тимур Моголстанды басып алуу үчүн жортуул баштап бул жолу Боом капчыгайы менен Ат-Башынын айланасында Камар-ад-диндин аскерлерин талкалоого жетишет. Ал эми 1387-ж. Баймурат аксак Темирдин баскынчылыгына каршы Алтын Ордо башкаруучусу Токтомуш, Камар ад-дин менен союз түзүп, 20миң атчан аскерлери менен Анжиян, Сайрам, Ташкен аркылуу Темирдин Ферганадагы аскер күчтөрүнө кол салат. Бир нече күн бул шаарларды курчоого алып камалап, Самаркандан күч келгенде Баймурат олжолорун жана туткундарын алып Нарын-Атбашыга кайтып кетет. 1389-ж. Темир чоң олжо жана жаңы куралдарды алуу максатында Токтомушка каршы жортуул баштайт. 1390-ж. Аксак Темир менен анын уулу +мөр шейхтин бириккен 20 миң регулярдуу армиясы Баймурат хандын теңир-тоодо турган ордосуна кол салат. Бул согуш дүйнөдөгү согуштардан өтө кандуулугу жана ырайымсызыдыгы менен айырмаланат. Бул согушка көз салып турган дүйнө эли Баймураттын аскерлерине «моголстандын жапайы токой арыстандары» деген атак менен баа беришкен болучу. Бул атак ошол кездеги Нарындан Москвага чейинки элдерге дайын болот. Себеби: Москваны өрттөп даңазаланган Алтын Ордо ханы Токтомуш менен эмир Баймурат ага ининин балдары экендиги жогоруда эскерилди.

Ошол 14 к. таандык тарыхый инсандардан болгон Баймурат 1390-жылы, Самаркандык Аксак Темир 1405 жылы, Алтын Ордо ханы Токтомуш 1406-жылдары бу дүйнө менен коштошот. Ооба карт тарыхта толугу менен тактап оордуна коюуу бара-бара жолго салынат, ага азырынча кызуу кандуулук кылуу али эрте. Бирок, Президентибиз А.Ш.Атамбаевдин “И самом деле тот же Казахстан-прямой наследник Золотой Орды, об этом реально можно сказать без всякой скромности...”деген билдирүүсүн кубаттоого алып, Мажму-атут-товарихтеги тарыхый маалыматтар менен бул билдирүүнү толуктоо учур талабы. Демек: 1465-1847-жж. Казак хандыгын түптөгөн Жаныбек ж.б. инсандар о.э. каракыргыздарга кыянатчылык кылган Абылай менен Кененсарынын түп атасы кыргыз башкаруучусу Кулжыгач-Төрө жана анын уулдары Баймурат менен Токтомушка тиешеси толук бар экендиги карт тарыхта кашкайган чындык болуп көрүнүп турат.

Ошол эле учурда кыргыз окумуштуулары тарабынан берилген эмгектерде Баймурат моңолдор-черик урууларынын түп атасы делсе, Орток Түрк адабияты деген эмгек Баймураттын небереси Мухаммед-Бек менен Тагай бий болуш керек деп окутулуп келе жаткан Мухаммед-Кыргызды окшоштурса болот дейт. Ошондуктан бул ж.б. тарыхый маалыматтар менен тааныштыгы бар атактуу окумуштуу С.Аттокуровдун Кыргыз санжырасы деген эмгегинде “ошондой болсо дагы кыргыз тарыхында биринчи жолу тарыхчы, этнограф илимпоздун эмгеги жарыкка чыгып көптөгөн “көбүртмө” санжыралардын көзүн ачып, “өрдөк” учурмаларын өрт өчүргөндөй басат го деп ойлойбуз” деген бүтүмү чындык болуп саналат. Ушундай чындыкка чычалабай турган кыргыз, казак элдеринин тарыхый маалыматтары дүйнөлүк тарыхта арбын. Ошолордун бири кыргыз, казак жерин бир кылымдан ашык Калмак хандыгы басып турган окуя. Ошондон “казак кайың сааганда-кыргыз кулябга кире качканда”, “катуудан касан-жумшатан күл калган” деген тарыхый кыргыз макалдары өз күчүн жогото элек. Мына ушул өтө оор адам чыдабаган кыйынчылыктарга туруштук бере албаган бугу, саяк, солто, сарбагыш ж.б. уруулар Чыгыш Түркестан менен Ала-Тоосун Ашым бий уулу Боогачы башында турган Карагул баатыр менен Онтогор ханга аманат катары таштап өздөрү таажик жергесиндеги Кулябда 100 жылдан ашуун тынч жашап, 5-6 атага чейин көбөйүп келген. Ал эми Карагул баатыр менен Онтогор хандын эли ыгы келсе колуна курал алып Ала-Тоосун калмактардан коргоп кармашып жүрүп алардын саны 5-6 атага чейин асайганы суктанаарлык окуя.

Эмне себептен Кытай цинь бийлиги 1757-1758-жж. “миллиондон ашык калмактарды кырып жоюп” азыркы Кыргызстанды кыргыз элине бошотуп берген деген тарыхый маалыматтарды окумуштуулар азырынча чечмелей элек. Калмак бийлиги кулап окумуштуу А.Н.Бернштам белгилегендей 1759-ж. Тоймат-шер менен Сазан баатырлар Кут-Аалы (Ху-та-ли) башында турган элчилерин Түп-Бээжиндин өзүндөгү Пань-шань Цзинь цзи сарайындагы Кытай императоруна жиберет. Бүткүл кытайды каптап жаткан чечек оорусунан коркпой келген бул элчилерди император өзү кабыл алып Нань-юань деген жерден ызат көрсөтүп салт боюнча фейерверк (салют) аттыртып сый тамак уюштуртат. «Си-Юй-ту-чжи» боюнча Кытайдын кол башчысы 1759-жылы Юмат бий (Ногой кыраандын уулу Тоймат-шер) башчылык кылгын чериктерди чыгыш-батыш буруттардын ортосунан кезиктирип анын карамагында 200 түтүн эл болгон дейт. Мына ушул элчилердин эмгектери менен 1760-ж. Чыгыш Түркестанга тентип кеткен миң түтүн эл Ат-Башы-Нарынга көчүрүлүп келет. Калыс окумуштуу С.Аттокуров: чериктер 1748-1760-жж., 1916-1920-жж. качкан кайткан кыргыздарга жардам көрсөтүшүп аларды ачкачылыктан сактап калышкан дейт. Бул малыматтарга кошо турган дагы төмөндөгүдөй жагдайлар бар. Биринчиси 1877-ж. кытайдан качкан дунгандарды, 1855-1870-жж. ысык-көлдө болгон уруу-уруу чабыштарынан кийин 1880-ж. көлдү таштап жер которуп нарын-атбашыга келген, 1916-ж. Үркүндөн качкан кайткан кыргыздарды ж.о.э. 1920/30-жж. жокчулуктун айынан узак жол басып нарынга келген казактарды теңир-тоолуктар “черик жарма“ менен ачарчылыктан, ”чериктин тепме чокоюу” менен нарын-атбашынын кычыраган кышкы суугунан сактап калган. Нарындан Кашкарга чейинки кыргыздардын эл баккан эрдиктери 19к. дагы кайталанган.

Ч.Валихановдун тастыктоосунда 1840-ж. Нарындык Ажыбек, Зор-Калча, Турдуке, Карымшак башында турган чериктер Кокон хандыгына салык төлөөдөн баш тартат. Ошондо Куртка беги Мамыразык эки жыл бою бул көтөрүлүштү басып туруу үчүн Анжиян бегинен кошумча 700дөн сарбаз сурап турат. Ал эми Кененсары Касым уулунун 1846 жана 1847-жж. эки жолку кандуу чабуулу боюнча окумуштуу, тарыхчы К.Усенбаев: “Жолборс чапкан Төрөгелди баштаган жоокерлер Ажыбек баштаган чериктердин колдоосу алдында Ноорузбай-Төрөнүн жоокерлерине орчундуу кысым көрсөтүшкөн эле. Төрөгелди баатыр бир нече жолу жортуулчулардын курчоосунда калып, жалгыз өзү алар менен колго түшпөй салгылашып жатканда Ажыбек баштагандар жардамга келип аман алып калышса. Ушул эле сыяктуу Шерботону дагы куткарып алышкан”болучу дейт. Мына ушул согушка кыргыз бийлеринин чечими менен Кыргыздын ыйык туусун көтөрүп, башкы кол башчы, хан болуп шайланган Ажыбек анын замандаштары Зор-Калча, Атамбек, Эшкулу, Турдуке, Карымшак, Бошубек, Татыбек баатырлар кыргыз тарыхы китептеринен орун ала элек. Ошол Баймурат хандын урпактары Турдуке баатыр менен хан Карымшак 1863-ж. 13-октябрда Кашкар чебинен Долонго чейинки аймактарды Орусия империясынын башында турган Александр-IIге кошуп, Кыргыз журтунун бүтүндүгүн сактап элге-журтка эбегейсиз эмгек кылган. Муну менен 1864-ж. 23.09. Орусиядан генерал Виктор Мединский менен Кытайдан комиссар Ша башында тургандар Чугучак эл аралык протоколу менен азыркы Нарын облусунун Атбашы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Торугарт-Ашуусунан Орусия-Кытай чек ара сызыгын аныкташат. Бул иш-чаранын аягы менен 1855-1870-жж. “Ормондун өлүмү” боюнча Ысык-Көлдө болуп жаткан кандуу согуш Орус аскерлери алып келген замбректердин күчү менен басылып, 1867-ж. Санкт-Петербургдун маакулдугу менен кыргыздардын борбор шаары Токмокко “Черик болуштугу” ачылып, кыргыз жерине саясий бийликти бекемдөө жана башкаруунун административдик-аймактык органдары түзүлөт.

Натыйжада 1868-ж. Нарын менен Каракол шаарлары негизделет. Демек, кеминдик Шабдан, чаектик Байзак, атбашылык Чоко, нарындык Касымалы, көлдүк Чыныбай, каракочкорлук Карыпбайлар генерал-губернатор А.Г.Колпаковский менен хан Карымшактын Токмок шаарындагы “черик болуштугуна” баш ийип, болуштук кызматтарга тургандыгы кашкайган чындык. Ошондуктан 1300-1863-жж. чейинки тарыхый окуяларды башынан кечирген жалпы каракыргыз эли черик жоокерлеринин эрдиги менен эс акылын эстеринен чыгарбай 19к. экинчи жарымына чейинки болуп келген курултайларда черик уруусунун чоң манаптарына биринчилерден болуп сөз берип, аларга жамбаш менен каржилик кошо тартылып келген деген окумуштуулардын бүтүмү чындык болуп эсептелет. Ал эми 1863-жылы Кыргызстанды Орусияга кошкон нарындыктардын көзөмөдүгү менен, жалпы журтубузга 1918-жылы Кеңеш өкмөтү бийликке келип, 1924-жылы РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз АО түзүлүп, 1991-жылы 31-августа Кыргыз ССРи эгемен Кыргыз Республикасы болгондугу талашсыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×