Добавить статью
6:54, 28 ноября 2014 39812

Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары...

Министрдин үлгүсү...

Белгилүү болгондой быйыл мамлекетибиз сыймыктанган жогорку окуу жайлардын бири Кыргыз улуттук консерваториясынын 20 жылдыгы. Мына ушул мааракелүү салтанат жыл башынан бери консерваториянын жетекчилиги тарабынан ар кандай иш-чаралар менен белгиленип келет. Мындан он күн мурун, консерватория кезектеги чоң иш чарасын ийгиликтүү өткөрдү. Айтсак: консерваторияда Роосиянын атагы ааламга кеткен чыгаан пианисти, 82 жаштагы Димитрий Башкиров үч күн бою каалаоочулардын баарына мастер класс өткөрүп, анын жыйынтыктоочу бөлүгү 17-октябрда (түрк тилдүү мамлекеттериндеги абройлуу уюмдардын бири болгон “Түрксойдун” колдоосу менен) түрк өлкөлөрүнүн аты алыска кеткен композиторлордун катышуусундагы чоң программадагы жалаң классикалык жанрдагы концерти менен коштолду. Андай дөө-шаалардын шедевр чыгармалары ойнолгон ал концерт чынында түшүнгөн кишиге мыкты болду. Бирок азыркы заманда классиканы көптөр “кыйкылдак, чыйкылдак” деп узакка чыдап уга албайт эмеспи. Ошондуктан, Маданият министрлиги классикалык музыканы илгеркидей жайылтуу жана уктуруу, ага баа берүү сыяктуу иштерди колго алса, коомчулук үчүн жакшы болгудай.

Канткен менен жан дүйнөнү эргиткен классиканын жаратуучулары атактуу Башкиров баштаган түрк өлкөлөрүнүн мен деген композиторлору Кыргызстанга келип, консерваториянын мааракесине катышып жатышы өзүнчө бир тарыхый окуя болуп калары эч шексиз. Бирок ушундай иш-чаранын башында биринчи кезекте Маданият министри турушу керек эле. Тилекке каршы, министр Султан Раев болсо, ар дайым андай иштердин алдында эмес, тескерисинче артында жүрөт. Себеби, анын бар болгон дарамети, тапкан табияты ошондой. Бул сөзгө далил катары буларды айтсак жетиштүү болоор:17-октябрь күнү кечки саат 5ке белгиленген ал иш чараны унутуп калганбы, же кабинетинде Рахман Разыковду “кидайт” кылгандай, дагы бирөөнү “кидайт” кылып олтурганбы, же жөн гана тоготпостук кылдыбы, айтор концерт орто жарымдап калганда, келди шашкан киши болуп. Ага чейин “Түрксойдун” башчысы баштаган аттуу-баштуу адамдар маалкаткан министрди жарым саат күтүп, келбеген соң концертти башташкан болчу.

Жаман болсо да, кыйын болсо да, иши кылып “илибой ” бийликтин тилин таап “ити чөп жеп” жаткан министр эмеспи, демек кечиккенин анча чоң ката көрбөйлүчү, бирок анын министр катары ушундай маанилүү маселелерге кылган кызыктай мамилесин сынга алып коюу ашыкча болбос. Ошентип, кечигип келип, сөз сүйлөй албай калган Раев чындап эле түшүнгөндөрдү түркүн ойго салып ойнолуп жаткан классиканы эл катары берүүлүү менен угуп отургансып түр көрсөткөндөй болду, бирок анысы канча аракет кылса да эч окшошподу. 4-5 номур ойногончо улутунуп, уйкусурап олтурду да, бир кезде түшүнөн чочуган немедей эшикке чыга качып, кайдадыр урган бойдон кетти. Муну байкагандар “ак уруп” кеткенин, же чындап зарыл иши чыгып калганын түшүнбөй баш чайкап кала беришти. Бирок кызыгы арадан бир саат өткөндөн кийин, министр концерттен кийинки кафедеги сый тамакка элден биринчи жетип келгенин байкадык. Көрсө, Кыргызстандын эң башкы маданияттуу адамы маанилүү иш – чараларга караганда, майы чыккан мантыны, кыя кесилген казы-карта, чучукту өлгүдөй жакшы көрөт окшобойбу. Туура да, анан кайдагы бир каңкылдак классикалык музыка Султан мырзага аш болуп курсагын тойгузмак беле, түшүнсө бир жөн. Түшүнбөгөндөн кийин, билекти түрүнүп сый тамакты, ал жерде өзүнө карата айтылган кошоматка кой сойгондордун сонун сөзүн күтүш керек да, сыпаа түр көрсөтүп. Мына сага, министрдин үлгүсү...

“Түрксойдун” сыйлыгы жеп-ичкендер үчүн берилеби?

Эң кызык көрүнүш концерттин аягында болду. Музыканттарга көрүчүүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабуусунан кийин сахнага “Түрксойдун” төрагасы Касеинов Дүйшөн (атактуу скрипач, убагында Казакстандын консерваториясынын ректору жана Маданият министри болгон адам) уюмдун атынан жарлык окуп кирди. Ага ылайык “Түрксойдун” абройлуу деп эсептелген сыйлыгы менен консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев, дрижёр Эрнис Асаналиев жана дагы бир опера ырчысы сыйланды. Эл бул сыйлыкты алгандарга кол чаап, колдоп турушту эле, аңгыча сахнага Болот Осмонов да чакырылып, “Түрксой” башчысы жаркыраган медалды анын да төшүнө тагып, колуна күбөлүгүн кармата салды. Муну көрүп турган залдагылардын көбү эмес, Осмоновду жакшы билгендер гана баш чайкап, жерге бир түкүрүнүп алдык. Көрсө укмуш уюм, аброюу бийик деген “Түрксойюң” деле түбү жакшы иштеди кылбайт турбайбы. “Кайсыл жерде акча жана укук көп болсо, ошол жерде мафия, ошол жерде интрига, ошол жерде көчүк чукмай, ошол жерде акча жемей сыяктуу көрүнүштөрү көп болот деген сөздүн эч бир калети жок экен. Чындыгында туптуура айтылыптыр, бул сөзгө азыр акылдуунун акылдуусу да эч кандай түзөтүү да кошумча киргизе албайт.

Эми миллиондорду жеп алып, эмдигиче жоопко тартылбай жүргөн бул адамдын бейнеси тууралуу беш ооз сөз.

Чөнтөкк ө кеткен 5 миллион...

Гезитибиздин өткөн санында жарыяланган бул макаладан кийин мен тааныган бир топ адамдар ар кандай кептерди айтышты. Ал кептердин арасында мени кызыктырганы: “сенин каарманың, Боот Осмоновго “Түрксой” уюму өзүнүн 15 жылдык мааракесинде да абройлуу сыйлыгын берген” деген кеп болду. Бул кеп канчалык деңгээлде чындык экенин билбейм. Бирок неси болсо да бекер жерден айтылбаса керек. Бул кеп азырынча бүдөмүк боло турсун, алдыда тактап аларбыз. Эгер чындап эле беш жыл мурун сыйлык берсе, эми кайрадан берип жаткан “Түрксой” түбү менен бузулган түрү суук уюм окшобойбу. Же: “ Осмонов сыяктуулардын оозун ушинтип сыйлык менен басып турбасак, биздин да коррупциябызды чукуп чыкпасын, балээ басып” деп сактанып жаткандагы кебетесиби? Кыскасы, бул жерде бир мандем бар. Негизи эле, жалпы байкаган Түрк маданиятын түрк тилдүү өлкөлөргө таратабыз, аны менен түрк элдеринин жан дүйнөсүн байытабыз деген бул уюм өз вазийпасын так атарка албай жаткан сындуу. Бул маселе дагы, өзүнчө иликтөөгө ала турган ири тема окшойт.

Эми миллиондорду жеп алып, эмдигиче жоопко тартылбай жүргөн бул адамдын бейнеси тууралуу беш ооз сөз.

Эске салсак, Болот Осмонов деген Бакиевдин үй-бүл өлүк бийлигинин тушунда маданият ч өйр өсүнд өгү аткаминерлердин бири болчу. Тагырагы, 2007-2010-жылдары Опера жана балет театрынын директору болгон. Ошол кезде, театрды о ңдоого мамлекеттик бюджеттен 20 миллион сом б өлүнүп, аны Осмонов өзү каалагандай пайдаланганын кийин Эсепт ө ө палатасы казып чыгып, жыйынтыгында Осмоновдун мойнуна 2,5 миллион сом илинип, кылмыш козголгон болчу. Чынында бул сумма биринчи текшерилгенде 6 миллиондон 8 млн. сомго чейин жеткен экен, бирок экинчи жолу текшергенде кандайдыр бир себептер менен ушинтип үч-т өрт эсеге азайып кеткен. Каражат кандай сарпталганы тууралуу бир аз кененирээк токтололу. Ошентип, капиталдык о ңдоо иштерин ошол кездеги министр Султан Раевдин кол баласына айлаган бир гана “Элайтик” ЖЧКсы жүргүзг өн. Мындай айтканда, бул фирма театр өтк өзг өн тендердин баарында те ң же ңүүчү болуп табыла берген. Кимдин аркасы менен? Албетте, Султан мырзанын. аркасы менен... Алгач, “Элайтикке” 2007-жылы 149, 6 ми ң сом которулса, натыйжада: 714, 5 ми ң сомдун ишин бүтүрг өн.

2008-жылы 10496, 8 ми ң сом которулса, натыйжада: 7789,3 ми ң сомдун ишин бүтүргөн.

2009-жылы 3990, 7 ми ң сом которулса, натыйжада: 7636,1 сомдун ишин аткарган.

2010- жылы 5750, 5 ми ң сом которулган, ж.б.

Бул колдоо менен которулган миллиондорду министрге таянган “Элайтик” театрга каалагандай о ңдоо иштерин жүргүзг өн, катуу айтканда өзд өрү кандай кааласа, ошондой “чампалаган”. Сапаты начар, кемчилиги к өп иштерине карабастан 2011-жылы бул отко күйб өг өн, сууга ч өкп өг өн “Элайтикке” театр карыз болуп калгандыгы үчүн 2492, 8 сом которуп берген. Кимдин буйругу менен? Ошол кездеги министр Раевдинби, же кийинки министр Нурлан Шакиевдинби, же дагы бир тили менен жер шыпырган министр Ибрагим Жунусовдун буйругу менен котрулганбы? Балким, революциядан кийинки театрдын директору Саламатов Тимур мырза ткотруп жүрбөсүн. Бирок Саламатов андай чоң маселени чече албайт эле, үстүндө акча дегенде мекенин, керек болсо өзүн да сата турганга даяр министрлер турганда...

Кылмыш ишин, терг ө өсүн мурунку Каржы полициясы, азыркы Экономикалык кылмыштарга каршы күр өшүү кызматы жүргүзүп жаткан. Бирок ушул күнг ө чейин кабар жок. Кыязы, унутулуп деле калды, же кыскарып кеткен окшобойбу.

Ошентип опера театрын о ңкосунан сайган Осмонов 2010-жылы революциядан кызматтан алынган. Бирок ал театрга барганча, тактап айтканда 1995-жылдардан бери Чүй камералык оркестринде бери к өрк өм жетекчи жана директор болуп келген эски жумушун кайрадан өзүн ө кайтарып алган. Анын амалк өйлүгүн кара ңыз: 2007-жыл театрга директор болуп дайындаларда жакын таанышын өзүнүн ордуна койдурат, кайра (2010-жылы) театрдан кумга си ңген миллиондордун айынан куулары менен, Чүй оркестрин башкарып жаткан баягы таанышынан “договор” бүттү дегенсип, аны кызматтан кетирет да, кайра өзү бүгүнкү күнг ө чейин директор жана к өрк өм жетекчи болуп, ал жакты да каалагандай калчап жаткан кези.

“Осмоновду каматам, соттотом” деген “Түрксой”...

Осмоновдун коррупциялык иши муну менен эле чектелбейт. Экинчиси мындай: 2009-жылы жогоруда с өз болгон “Түрксой” уюму У. Гаджибекованын “Кёр Оглы” операсын Кыргызстанда коюу үчүн биздин Опера жана балет театрына 100 ми ң доллар б өл өт. Өзүн- өзү билген, өтүгүн т өрг ө илген Болот Осмонов ал акчаны каалагандай калчаган. Натыйжада 100 ми ң доллардын 50 ми ң долларга жакынынын дайыны чыкпай калган. Бул киши 100 ми ң долларга театрдын кассасына койбой, өзүнүн ч өнт өгүн ө салып алганбы, айтор спектаклди коюуга жасаган декорация, сүр өт ж.б. толгон-токой иштери үчүн бардык кызматкерлерге эмгек акыны театрдын кассасынан эмес, өзүнүн ч өнт өгүн өн берип турган. Мисалы, театр сүр өтчүсү М. Шарафудинов өз эмгеги үчүн 70 ми ң сомду, дагы бир сүр өтчү-декоратор Абжалбаев 240 ми ң сомду кассадан эмес, Осмоновдун колунан алышкан. Мындай мисалдарды келтире берсек, кагаз бети чак келбес. Ал эми ал спектакль үчүн жасалган, баасы миллиондорду чапчыган декорация ошол кездеги жана азыркы министр Раев менен “Түрксойдун” келишими боюнча, биздин театрда калышы керек эле. Ал декорация үчүн “Кёр Оглы” спектаклинин коюучу түрк режиссёру Нейметзаде Афлатун менен Осмонов да ортодогу акча жана жасалган декорациядан улам келип чыккан маселеден улам, чырдашып жакалашканга чейин барышкан экен. Ал эми “Түрксой” уюму Осмоновдун коррупциялык ишине жини келип, ал декорациянын баарын алып кетип калган. Бүгүнкү күнд ө театрда декорация эмес, анын жыты да жок. Ошентип опера театры Осмоновдун шалаакылыгынан, түз айтканда театрга түкүрүп койгон мамилесинен улам кымбат баалуу декорациясыз калды.

Ошол кезде Дүйш өн Касеинов: “Осмонов дегени ңер ит экен, муну биз б өлг өн акчаны максатсыз пайдалангандыгы үчүн жок дегенде 5-6 жылга түрм өг ө олтургузсак жарашат”-деп айтканын уккандар бүгүн аны ачык айтышууда. Эми арадан минтип 3-4 жыл өтк өн соң ал с өзүн унуткан Дүйшөн мырза 180 градуска бурулуп, баягы “соттотом” деген Осмоновду “Кёр Оглыны” ийгиликтүү койгонсу ң”-деп баса калып сыйлап жатканын кандай түшүн өбүз? Кантип ийгиликтүү койду? 50 ми ң долларды жеппи? Же андан ашкан, биз билбеген сыр барбы? Балким, “Түрксойдун” башчысы да ошол 100 ми ңди Осмонов, Раев ж.б. менен бөлүшкөнбү? Суроолор мурункудай эле көп, жооптор баягыдай эле аз...

Эми ушунча болду Осмоновдун “ооматын” мындан да арттыруу үчүн бир “бийик” ой айта кетейин. Учурунда ушундай “улуу” иштерди жасаган Болот мырзага минтип “Түрксой” тизесине жыгылып болгон сыйлыгын берип жатса, биздин бийлик эмнени карап, эмнени күтүп олтурат? Эч токтосуз Эл баатыры наамын баш, Токтогул сыйлыгын т өш, “Да ңк” медалын дагы бирдеме кылып бербейби? Ушундай жогорку сыйлыктар Султан Раевге, Керим Тураповго, (бул эки эргул Эл баатыры гана боло элек) жарашкан Болот Осмоновго кантип жарашпасын?! Жарашат да, жарашканда да өл ө жарашпайбы десең...

Көп «жеген», бирок кеп жебеген Керим Турапов

Кысталактыкы десе, кыскасын айтканда бизде акыркы учурда канчалык коррупциялык иштери ачыкка чыгып, үстүн ө улам үйүлүп кылмыштан кылмыш козголгон адамдар түрмөгө олтурмак тургай, тескерисинче Теңирин тааныбай азуусун айга бөлөп, күүсүн күнгө созуп жатышат. Сасык саясатчыларды кой, “элге үлгү көрсөтөт, жан дүйнөсү аруу” деген маданият тармагында жүргөн аткаминерлердин баары болбосо да, басымдуу бөлүгү мамлекеттин байлыгын тоношуп, супер интригадан интрига уюштурушканга мастер болушуп, эчак булганышкан. Ал булганыч эмнеге алып келет? Албетте, ирип-чирикке, орусча айтканда “мусорго” алып келет. Андай адамдардын ана башында учурда Маданият министри болуп, каалаган “кашасын” чалып жаткан Султан Раев турат. Андан кийнки ардактуу деп эсептелген экинчи орунду азырынча Керим Турапов көп жылдан бери ээлеп келет. Бул кишинин коррпуциялык иши чачтан көп болбосо да, айтып түгөтө албагандай эле бар.

Керим мырзанын “кереметтүү” иштерин иликтеп жазардан мурун, гезитибиздин өткөн санына жарыяланган беш ооз сөздү кайрадан кайталап коюну эп көрүп турам. ... Кысталактыкы десе, кыскасын айтканда Кыргызстанда акыркы учурда канчалык коррупциялык иштери ачыкка чыгып, үстүнө улам үйүлүп кылмыштан кылмыш козголгон адамдар түрмөгө олтурмак тургай, тескерисинче Теңирин тааныбай азуусун айга бөлөп, күүсүн күнгө созуп жатышат. Сасык саясатчыларды кой, “элге үлгү көрсөтөт, жан дүйнөсү аруу” деген маданият тармагында жүргөн аткаминерлердин баары болбосо да, басымдуу бөлүгү мамлекеттин байлыгын тоношуп, супер интригадан интрига уюштурушканга мастер болушуп, эчак булганышкан. Ал булганыч эмнеге алып келет? Албетте, ирип-чирикке, орусча айтканда “мусорго” алып келет. Андай адамдардын ана башында учурда Маданият министри болуп, каалаган “кашасын” чалып жаткан Султан Раев турат. Андан кийинки ардактуу деп эсептелген экинчи орунду азырынча Керим Турапов көп жылдан бери ээлеп келет. Бул кишинин коррпуциялык иши чачтан көп болбосо да, айтып түгөтө албагандай эле бар. Анын андай иштери өзү он бир жыл бою жетектеген улуу, демократ акын атабыз Токтогул Сатылгановдын ысымын алып жүргөн улуттук филармонияга түздөн-түз байланыштуу. Керим мырзанын коррупциясын мындан бир жыл мурун ушул өзүбүздүн гезитке: “Маданият жана туризм министрлигинен уурдалган миллиондор” деген ат менен сандан-санга жарыяланган көлөмдүү макалада да ачык-айкын ( Эске салсак, ал макала КРнын Эсептөө палатасынын текшерген жыйынтыгы боюнча жазылган) жазганбыз. Эми ал макаланын айрым урунтту учурларын кайталап берели. Анткени, ал боюнча укук коргоо органдары эч кандай чара көрүшкөн жок. Турапов мырза болсо, эч нерсе болбогондой, филармониядан бир тыйын жебегендей түр көрсөтүп, көптөрдү түңүлтүп жүрөт, улам жаңы сенсациялуу иштердин автору болуп...

Филармония негизинен бул мекеменин багыты маданий болгону менен, ичинде өтүп келаткан иш-чаралар ар кыл багытта. Алардын арасында чоң саясий иш-чаралар да байма-бай өтүп турат. Филармониядагы андай саясий иш-чаралардын бири 2008-жылы август айында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги жыйыны болду. КМШ өлкөлөрүнүн президенттери катышкан бул ШКУга ошол жылы бир нече ай бою катуу даярдык көрүлгөн. Натыйжада филармониянын чоң залында президенттердин катышуусундагы чоң жыйын өттү. Ал иш-чарага карата эски бийлик - филармонияны толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүү чечимин кабыл алышып, казынадан миллиондорду бөлгөнү белгилүү.

Ал кезде маданияттын тармагынын “Кощейи” атка конгон кайран Султан Раев өзү Маданият жана маалымат министри болуп манчыркап турган. Кыргыз эл артисти, “апасынын жапкан нанын” улам сагынган, таланты ташкындаган Керим Турапов филармониянын эки тизгин, бир чылбырын (2000-жылы директор болуп шайланган) 7 жылдан бери бекем кармап, мекеменин ички-тышкы маселелерин ийне-жибине чейин иликтеп, “чычкан акеге кебек алдырбай” турган чагы.

Ошентип филармонияны капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 2007-жылы бюджеттен 56 миллион сом (дагы бир маалыматта 65 миллион сом ) бөлүнөт. Бул чоң акчанын филармонияга “ташкыны катуу суудай агып келиши” министр Раев баш болгон бир катар чоң кекиртек атка минерлер үчүн асмандан тилеген тилектин кокусунан жерден чыга калганындай эле болгон.

56 миллион сом менен филармонияны капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жалпы жонунан 15 курулуш фирмасы катышкан. Ал фирмалардын арасында биздин окурмандарга белгилүү Султан Раевдин кол баласына айланган еврей Сергей Богдановдун “Элайтик ” фирмасы да бар. Жасала турган иштердин долбооруна министр Раев менен директор Турапов кол коюп, бекитишкен. Демек, “бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы” дегендей, ал долбоор бир топ кишилерге пайдалуу, мыкты долбоор болгонун алдыда бирге окуйлу...

Раев менен Турапов 7,5 миллион сом жешкенби?

56 миллион сомду “бөлүп алып” филармониянын ар кайсы жерин оңдошкон 15 фирманын ишмердүүлүгү ар кандай. Бирөөнүн жеп ичкени анча билинбей калса, дагы бирөөлөрдүкү төөнүн өркөчүндөй болуп оркоюп көрүнүп калган. Бирок алардын жасаган иштери жана короткон акчалары канчалык билинбей калса да, канчалык оркоюп көрүнүп турса да, Раев менен Тураповдун көз алдында, так эсебинде болгонун баамдап билсек болот. Башкалар жедирип, же алданып калышы мүмкүн эле, бирок далайды көргөн бул “карт бөрүлөр” ал фирмаларга акча жедирбей, тескерисинче өздөрү алар менен тең бөлүшүп, же тендерде утуп чыккан фирмалардан 10-15 пайыз үлүшкө олтурушкан. Керектүү курулуш материалдарынын баасына ашыкча баа кошушкан. Аз кеткен жерге “көп кетти” деп жазышкан. Айтор, ушу сыяктуу ылайыктуу ыкмаларды колдонушкан.

Эми далилдерди келтирип, кайсы фирмалар канча акча жегенин, так айтканда аткарган иштеринин баасын канчалык ашыкча баалаганына токтололу:

***

Имараттын электро насосторун, өрт өчүрүү системаларын ж.б. иштерди 1 327 964 сомго жасаган, тиешелүү жерден лицензия албаган “ЭСБ” ЖЧКсы 186 971 сомду ашыкча көрсөткөнү аныкталган. Кожоюну Бектуров. К. Жашаган жери Бишкек шаары Осмонкул көчөсү № 28.

***

“ФОРТРЕСС” ЖЧКсы филармониянын (текшере келгенде бул фирманын да лицензиясы жок экени аныкталган) канализациялык иштерди аткарууда 1 369 941 сомго бир катар иштерди аткарган. Максатсыз пайдаланганы, же сол чөнтөккө солонгону 1 649 400 сом. Кожоюну Адылбеков У.Е. Жашаган жери Бишкек шаары. 7-кичирайону. № 39. кв. 4. Киев көчөсү № 93 үйдө жашаган Суракматова Г. Э. да Адылбековдун өнөктөшү болуп эсептелет.

Дагы бир лицензиясы жок “БВБ БЛЭСС” ЖЧКсы филармониянын үчүнчү кабатын 5 437 936 сомго капиталдык оңдоодон өткөргөн. Максатсыз пайдаланган акчанын суммасы 422 870 сомду түзгөн.

***

Бул фирманын кожоюну Мелихов Игорь Владимирович. Россиянын жараны. Белгородская обл. жашайт экен.

Турапов менен Раев муну кыргыз фирмалары жок калгансып, бул фирманы жердин түбүнөн таап келишкен экен. Кыязы, Мелихов министр менен директорго жакшы “чотур” чыгарып берсе керек го...

***

Ал эми С. Раевдин эркеси, эч кимден коркпогон “ЭЛАЙТИКтин” кожоюну Богданов менен Турапов жалпысынан 3382034 сомго келишим түзгөн. Ашыкча көрсөтүп жеген акчасы “араң эле” 883 528 сомго жеткен. Мисалы, “отделкалык” иштерден 12 909 сом. Андан тышкары, “Пекин” ресторанына эч кандай келишими жок оңдоо иштерин жүргүзгөн. Жеген акчасы 250 130 сом. Бул Тураповдон алган акча, тактап айтканда мамлекеттики. Кызыгы, Турапов “Пекинге” эмнеге акча бөлдү болду экен? Биздин билишибизге караганда, ал ресторанды алып иштешкендер филармонияга жөн гана ижара акысын төлөйт. Бизге жеткен маалымат боюнча “Пекиндин” кожойкеси Хикиза аттуу айым да Богдановго оңдоо иши үчүн 250 миң сом берген экен. “Элайтик” электромонтаж иштерин да жасаган. Бирок анын андай иштерди жасоого уруксат кагазы жок болгон. Турапов муну билсе да, көз жумуп койгон.

***

Турапов “СТРОЙТЕХМОНТАЖ” (бул фирманын дагы лицензиясы жок) ЖЧКсынын кожоюну Эшимов. Э. Ж. менен жалпы жонунан 13 702 683 сомго филармониянын бир топ жерине оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жалпысына 7 келишимге кол коюшкан. Болгону 1 467 640 сом “пайда” көргөн экен. Мисалы, бул фирма бешинчи кабатты оңдоодо 11 087 сом, балет залынын сантехникалык иштерин жасаганда 69 820 сом, коомдук “сан узелди” жасаганда 310 920 сом, фойе жана чоң залдын “отделка” иштеринен 453 848 сомдун дайыны чыкпай калган. Мындай мисалдарды жазып олтурсак арбын. Эшимовдун жашаган жери Чүй району, Чүй айылы. Береговая 179.

***

“ТИССА” ЖЧКсы 10 даана каналдык кондиционер, 10 даана термостат, 30 даана “контактор” ж.б. ушу сыяктуу жабдыктарды Германиядан алып келгендигин өздөрүнүн кагазында көрсөтүшкөн. Бирок бул жабдыктар Германиядан эмес, Ташкенттен алынып келгендиги айтылат. Айтор, ал жабдыктар немистердикиби же өзбектердикиби, айтор түшүнүксүз...

Кыскасы, бул фирмага аталган жабдыктарды алып келүү үчүн 9 682 сом бөлүнгөн. Анын чыныгы баасы 719 060 сомду түзгөн. Кожоюну Муратов Р. Р. Жашаган жери Бишкек шаары. Горький көчөсү №1.

***

Лицензиясы жок “ДОЗ” фирмасына жалпы жонунан 898 290 сом которулган . Анын 681141 сому максатсыз пайдаланганы текшерүүдө чыккан. кожоюну Алибаев. К.Б. Жашаган жери Бишкек шаары. Автосборочный көчөсү.

Мына ушул сыяктуу мисалдар ондоп саналат. Анын баарын майдасына чейин жаза бербей, чоң суммадагыларын гана мисалга келтирдик. 

4,5 миллион сомго азайып кеттиби?

Филармонияда жасалган оңдоо иштеринен ушундай жолдор менен уурдалган акча жалпы жонунан 7, 5 сомду сомду түзөт. Бул боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуу топко жана коррупцияга каршы башкы башкармалыгы козгогон. Бирок ал иш азыр 5 мекемеден турган комиссиянын экспертизасынын кароосунда экен. Бул экспертиза аудиттер казып чыккан ал 7, 5 миллион сомду 4,5 миллион сомго азайтып жиберишиптир. Кыскасы, Раев, Турапов өңдүү кызыкдар адамдардын кийлигишүүсү менен, же адатка айланган жең ичине сүйлөшмөйлөрдөн улам ортодо 3 миллион сом кыскарта чабылганы айтылууда.

(уландысы бар...)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

02-12-2014

Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары... (уландысы)

31626

01-12-2014
Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары... (уландысы)
22441

27-11-2014

“Кыргызфильм” киностудиясындагы коррупция... Иликтөө...

22242

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×