Добавить статью
9:55, 5 декабря 2014 110442

Касиети кең Кетмен-Төбө

Кетмен-Төбө өрөөнүн тең жарып Нарын дарыясы агып өтөт. Ошол дарыянын түштүктү карай агымынын сол ыптасы Үч-Терек, Коңур-Өйүз, Кара-Кыр, Жетиген деп жалпы аталат. Үч-Терек чөлкөмү талантка бай касиетүү жер. 18-кылымдагы улуу акын, манасчы Балык ушул жерди мекендептир. Үч-Терек деп аталышынын да өзүнчө уламасы айтылып келет. Угушума караганда азыркы Токтогул суу сактагычы турган өрөөндө кайсы бир закымдарда чалкып жаткан көл болгон имиш. Ал көл кантип жаралган? Канча мезгил көл болуп турду экен? Муну билип коюу кийинки муунга пайдалуу болсо керек деп ойлойм. Ошентип Кетмен-Төбөлүктөрдүн айтымында: Илгери бул жерде Кежир алп деген киши жашаган экен. Өз билгенин кылган, тил албас киши болуптур ал жарыктык, ошондон улам Кежир деген ысым менен аталып калыптыр. Чынында өзүнүн аты ким болгондугун эч ким айтпагандан кийин ошол Кежир алп болуп тарыхта кала бериптир. Бир жолу Кежир алп албууттанып агып жаткан Нарынды “бууйм, токтотом, өрөөндү жашыл аймакка, бейиштин төрүнө айлантам”,- дейт экен. Муну уккан замандаштары анын сөзүнө анча деле маани беришкен эмес го, кой ай, деп деле айтпаптыр. Баягы иши да дешип тим болушкан экен алар анда. Кежир алп эмгекчил киши болгондуктан колуна чоң кетмени түшчү эмес дейт.

Атына минип Чычкан, Узун-Акмат, Торкент, Такталык, Толук, Көкөмерен сууларынан арык чыгарып мурабдык иш менен алектенчү дешчү аксакалдар. “Уккан кулакта жазык жок” эмеспи, ошентип алп мураб Суусамырдын үстүндөгү тоону бир шилтеп чаап, Токтобек-Сайдын кууш капчыгайына алып барып топурак таштабайбы. Нарын буулуп төмөндөгү туугандардын эси чыгышат, суу агымында миңдеген балыктарды терип жүргөн кишилердин кыймылы Токтобек-Сайдан Сыр-Дайранын Аралга куйган ченине чейин он күндөп токтогон эмес дешет. Бир жагынан бекер олжого туйтунгандар сүйүнүшсө, экинчилери күйүнүшүп, бушайман болушуптур.Айрыкча өзбек, казак, кара калпак туугандарыбыз эмне болуп кетти дешип айраң-таң калышыптыр.

Сууну биротоло бууп коюуну чечкен балбан экинчи ирет Толук, Сары-Камыш, нараактагы Чаектин бийик тоолорун чаап кетмендейин деп кетменин шилтептир. Кетмен шыпырган тоодой топуракты Нарындын агымына шилтегенде кетмендин сабы сынып кетпейби. Капа болгон балбан кетменин колунан алып сап издемекчи болот. Ошол экинчи ирет шилтенгенде Нарындын сол капталына түшүп калган топурактан пайда болгон тоо кийин Кетмен-Дөбө деп аталбайбы. Дөбө өзгөрүп отуруп акыры Кетмен-Төбө деген жердин атына айланыптыр. Кайран киши Кежир алп атабыз аны менен эле тынчыбаптыр. Кетменине сап издейин деп сапарга аттанат. Жер кезет. Көп мезгил өтүптүр арадан. Табияттын мыйзамына ким баш ийбейт. Кежир алп сап издеп жүрүп алдан-күчтөн тайыйт, карыйт экен. Ошондой күндөрдүн биринде алп атан киши ушул үч-Терек аймагына келип, алыстан эле жанаша, чогуу өсүп турган үч теректи көрөт да, көздөрү жайнап сүйүнүп кетет. Анан теректерге келип бир азга анын саябанына отуруп эс алат. Алысты карайт. Бүркүт кабагы дайранын аркы өйүзүндө боз мунарык тартып турган чубалжыган узун тоолордун катмарына көңүл салат.

Ал тоолор касиетүү туз тоолору Шамшыкал тоосуна суктанган алп Үч-Теректи кулачтап көрөт. Кайра кетменин ченейт. Арманы аттын башындай болуптур анын, анткени дагы он жылы өссө гана бул мырза-чынар теректер анын кетменине саптыкка жарамак экен. Атынын башын кайра тартып “өсө бергиле, жарыктык теректерим! Кудай аман койсо кайрылып бир келээрмин”, - деп жолго түшүптүр. Бирок Кежир алп кайрылып келбептир, анын да ичер суусу түгөнүптүр. Ал эми жанагы Үч-Терек азыр да Кызыл-Ураан айылында өсүп турганы турган. Ошол замандан бери Нарындын оң капталы менен сол капталын ээлеп 300 км созулуп жаткан өрөөндүн аты Үч-Терек, Кетмен-Төбө деп аталып калгандыгын легенда катары айтып келишет жердештерим. Анда эмесе Кетмен-Төбө аттуу ырымдын текстин эске сала кетүүнүн жөнү келип тургандай.

Кетмен-Төбөм

Көркүнө тоолор көрк кошот

Көйкөлүп жаткан өрөөндүн

Шамшыкал, Чычкан, Жетиген

Күзгүсү Кетмен-Төбөмдүн

“Суу агат аккан арыктан”

Калган сөз, макал тарыхтан

Керемет ыйык тууган жер

Таланттар арбын байыртан

Кошулуп суулар Нарынга

Күү карып добуш агымга

Черткенсийт Током “Кербезин”

Жеңижок, Коргол жанында

Мезгилден сырын жашырбай

Көл жатат шыбыр басылбай

Токойуң, талааң, бадалың

Жоомарттын тармал чачындай.

Обончу, төкмө, чебердин

Ордосу миң түр өнөрдүн

Бекназар, Жолой, Эшмамбет

Бермети – Кетмен-Төбөмдүн.

Шамшыкал жөнүндө да ыр бар. Ал ырдын сөзү менен обонун математика мугалими Керез Сакеев деген обончу агабыз мындан 46 жыл мурда чыгарган эле, бирок чанда ырдалып алтын фондуга кирбей калганбы кыргыз жергесине тегиз таанылбай калганы өкүндүрөт.

Ошондой болсо талантка таазим кылып чакан үзүндүнү кошо кетели:

Чокусу турган көк чийип

Тоо көрдүм сенден эң бийик

Бирок да сага окшобойт

Алдыңда турам башты ийип

Ээй, Шамшыкалым! Оой Шамшыкалым

Алдыңда турам башты ийип… деп комузун колуна алып, ырдап бергени эсимде турат. “Эл ичи -өнөр кенчи”, дегендей Керез агабызга окшогон көптөгөн таланттар аренага чыга албай айылдык денгээлде калып калышты.

Ушул касиеттүү өрөөн көп нерсеге кубө болуптур, көп талантты жаратып кыргыз элине тартуу кылган экен.

“Төкмөлөрдүн төрөсү” аталган Эшмамбет, кылымда бир жаралчу куудул Бекназар, Манасчы, Семетейчи Жаңыбай Кожек уулу, кыякчы Жолой, ыры нөшөрдөй төгүлгөн Кара Курман ырчы убагында Токтогул менен үзөңгүлөш болушуп замандын талабына жараша чогуу жүрүшүптүр. Бул аймакта Калык Акиев да 20-30 жылдай жашап, Токтогул менен чогуу жүргөнү белгилүү. Кийинчерээк Т.Абдиев төкмөлүк өнөрдү улап шакирти Э.Иманалиевди элге таанытты. Элмирбек чоң теринин бучкагы болот, Эшмамбеттин жээни.

“Үч-Теректин үч кызы” деген ат менен белгилүү болгон булбул үндүү үч кыз – Анапия, Дилбар, Лира ушул касиетүү жердин урпактарынан болушат. Айтылуу эл артисти Шахра Талипова, кыздары Гүлзат, Кыял жана алардын атасы Эркинбек Батыркановдор да бир үй-бүлөдон чыккан чыгаан таланттар Үч-Теректин Бууракан, Өзгөрүш айылдарынан экенин да айта кетели. Эркинбек өтө таланттуу комузчу, аккардаонист гана эмес, ал кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын баарында ойной алган чебер өнөр ээси катары Кетмен-Төбөгө таанымал. Бүт өмүрү Токтогул элдик театрында эмгектенүү менен өттү. Убагында Асанкалый Керимбаев, Текебай Мураталиев, Жаныбек Алыкуловго окшогон замандаштары менен чогуу иштеп чыгармачылыктын чыйырында жүрдү. Өкүнүчтүүсү К.Азыкбаевге окшоп таланты бааланбады. Ошондой болсо да кыздарынын талантына ал ыраазы. Дагы бир белгилей кетчү нерсе андан комуз өнөрүн үйрөнүп тарбия алган окуучусу Роза Аманова. Эркин азыр деле Токтогулда кесиптеши Самат Аскаров, Бузурманкул Корошев деген талант ээлери менен эмгектенүүсүн улантып келүүдө.

Айылда ар өнөргө маш таланттар толуп жатат. Биз аларды көрүп, билип, угуп да келебиз, бирок маани бербейбиз. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей көз жумду мамиледен арыла албаганыбыз өкүнүчтүү. Мунун бир мисалы катары ушул эле Үч-Терек аймагынан чыккан далай таланттар, өнөрпоздор, мүнүшкерлер, саяпкерлер, мергенчилер, дарыгерлер жана башкалардын ың - жыңсыз болуп, дайын-даректери табылбай кала беришкенин айтсак болот. Убагында Коргол Досуевдин эң жакын шакирти, ал киши кеминде 15-20 жылдай чогуу жүргөн төкмө акын жана чебер күүчү, комузчу Алтымыш Мундузбаевдин талант-тагдыры жөнүндө кийинки 40 жылда туулган Кетмен-Төбөлүктөр кабарсыз болуп калышты.

Алтымыш атабыз соңку өмүрүн Аксыда өткөрдү. Убагында өзү менен тең курбу Малабаш, Кади анан Тууганбайды ээрчитип келип Коргол менен тааныштырганын Тууганбай агабыз көп жолу айтканын уккан элем. Аксыда Алтымыш атабыз күү атасы Ниязалынын күүлөрүн эл арасынан жыйнаптыр. Кыргыз радиосунун алтын фондусунда Алтымыштын 300 дөн ашык күүлөрү бар экени айтылат. Алардын ичинен Алтымыштын күүсү канчоо экенин күү иликтегендер билбесе, карапайым эл билбей калды. Бул дагы өзүнчө изилдене турган иш. Кетмен-Төбөдө, Үч-Теректе Чоңко деген уруунун өкүлдөрү жашашат. Алардын көпчүлүгү Өзгөрүш, Ак-Жар, Жетиген айылдарынан орун-очок алышкан. Түштүк тарапта да жолугат. Бул уруунун түпкү теги Саяк уруусунан башталат. Санжыра боюнча Чоңколор Саяктын небереси Түнтөйдөн таралат деп айтылат. Кыргызстанда Чоңколор жөнүндө аңыз кептер айтылып келет. Газеталарда алар жөнүндө нечен ирет ар түрдүү макалалар да жазылганы белгилүү. Илгери “Чалкан” журналынын бир кабарчысы Кетмен-Төбөгө барып, Чоңколорду көрөйүн деген экен. Райкомдун инструктору - өкүлү коштоп көп чарбаларда болушат. Акыры 35-км алыс турган Чоңколордун айылына да келишиптир. Өкүл кабарчы менен жергиликтүү активдерди тааныштырат, фермаларда болушат, сый-урмат көрүшөт. Чоңколор качан Чоңколорчо сүйлөшөт деп ичинен ойлойт кабарчы. Сыртынан зымпыйып сыр билгизбейт. Кызыл галстугун улам кармалап коймой адаты бар экенин уйчу чоңко байкайт. Мейманды узатышат. Жолдо атчан бараткан кабарчынын жанында совхоздун порторгу, ферма башчы бар экен. Алдыдан бет келген түлкү малакайчан бир киши жалпы салам айтат. Кол алышып бир аз буйдалып калган ал: Бу силердин алдыңардан кызыл букачар көрүнгөн жокпу, моюнттугу кызыл сызмадан эле. Кудай алгырды издеп таппай келем, дептир. Ферма башчы дароо эле: Оо, ооба жана тиги сайдагы сууну көздөй бир кунаажынды кубалап кетип жатканын байкадым эле. Коңур-Өйүздүн суусунан кара, дейт. Мейман узап кетет. Оюнда чоңколордон эч кандай тамаша сөз уккан жокмун деген ойдо болот. Анан өкүл менен коштошуп жатып кечээки “кызыл бука” аңгемеси өзүнө арналганын угуп, аябай күлгөн экен. Чоңко уруусунун өкүлдөрү чукугандай сөз таап, сөздүн маанисин эмоциялуу, экспрессивдүүлүккө чейин жеткизгени менен таанымал болуп келе жатышат. Эки чоңконун башы кошулса бир идея жаралат да, ал анекдотко айланат. Алардын сөзү орундуу, жумшак юморго бай келип, башканын көңүлүн оорутпайт. Каймана айтуу менен маанисин тереңдетишет, тапкычтык, сезиталдык касиетти жогору баалашат. Терс көрүнүштү сындаган куйкумдуу кепке бай келишет. Жогорто биз эскерткен Элмирбек Иманалиев менен өзү жазган жүздөгөн сырын жатка айталган тубаса касиетке ээ болгон лирик-акын Карбалас Бакиров дал ушул чоңколордун кулундарынан болушат. Чоңколордун сөздөрүн акын Кудайберген Жуманазаров Жетигенге барган сайын көп угуп, журналисттик ишинде көп колдонгонун мурдагы “Кыргыз маданияты” газетасынын архивинен азыр да табууга болот. Чоңколордун жоруктары арбын. Аларды эл ичинен издегеп, таап адабий нормага салып элдин өзүнө тартуулоо рухий тарбиялоонун бир багыты болоорун унутууга болбойт. Демек иш алдыда дегим келет. Күтө туралы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×