Добавить статью
9:07, 16 января 2015 126907

Улуттук дөөлөттөр – улуттун тагдыры

2014-жылы улуу залкар акын, композитор, төрт тарабы шай келген чоң өнөрпоз, эң негизгиси таланттардын өнөрканасынын негиздөөчүсү Тоо булбулу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесин жалгыз эле кыргыз эли эмес жалпы түрк эли, түрк дүйнөсү, ал тургай Россия өңдүү ири өлкөлөрдө дагы түп көтөрүлө майрамдашты, белгилешти.

Бул маараке мурун-кийин өтүп жүргөн юбилейлик иш чаралардан көп жагынан айырмаланып өткөрүлдү. Токтогул Сатылгановдун чыгармаларына, өзгөчө анын тагдырына, коомдогу алган ордуна карата талаш-тартыштуу маселелер, түйүнү чечилбей келе жаткан көйгөйлөр отурум-жыйындарда, конференцияларда, массалык-маалымат каражаттарында айтылып да, жазылып дагы турду.

Айрыкча, Токтогул акындын Сибирге айдалышы, анын себептери, Сибирден качып келиши же качпагандыгы (бул маселеде ири окумуштуулардын, белгилүү жазуучулардын өз алдынча даректүү изилдөөлөрү көптөгөн кызыгууларды, кызыл чеке талашып-тартышууларды жаратты. Айрымдарынын документтик далилдери боюнча Токтогул качпай эле мыйзамдуу бошонуп келиптир. Анда неге чынында эле Токтогул өзүнүн туулуп-өскөн жерине көпкө чейин барбай жашынып жүргөн же ырларынын баары эле качкын экени тууралуу ырдалган? Токтогул түрмөдөн качып келген деген пикирдин элдин жүрөгүнө орноп калышына советтик идеология эмне себептен орун берген? Түрмө кызматкерлери документтерди оңдоп коюшу дагы толук мүмкүн беле? ж.б. көптөгөн суроолордун жаралышы логикалуу) бай-манаптарга болгон мамилелери тууралуу түрдүү пикирлер коштолгону менен бирдиктүү жыйынтык чыкпай калгандай элес калтырды.

Демек, бул маселе дагы деле ачык калды жана тыкыр изилдөөлөрдөн кийин гана тийиштүү адистердин жыйынтык пикирлеринин негизинде коомчулукка сунушталышы керек. Муну айтып жатканымдын себеби, туура, факты деген аябагандай өжөр нерсе, ал каалайсыңбы, каалабайсыңбы чындыкты гана айтат. Бирок, айрым учурларда коомчулуктун канына сиңип калган, жадымына орноп алган нерселерди талкалап салуунун кереги жок. Себеби, сен сенсация жаратып жатканың менен элдин «улуу ишенимин» жок кылып жаткан жоксуңбу, бул жагын дагы ойлонуу керек. Бул өзгөчө идеологияга байланышкан жерлерде сак болууну талап кылат. Антикалык доордун улуу ойчулу, тарыхчысы Плутархтын мындай деп айтып кеткендигин сунуштагым келет: «Жакшылык каалабаган тарыхчынын мүнөзүндөгү белги – тарыхый ишмерлерге же башка тарыхый окуяларга байланышкан маалыматтар тууралуу эки же андан көп баяндардын ичинен эң жаманын көрсөтөт» деген экен.

Муну менен мен эмнени айткым келип жаткандыгын дагы тактап кетейин. Болбосо кийин түшүнбөстүктөр болуп кетпесин. Жогорудагы айтылган ой Токтогул Сатылгановдун тагдырына эле байланыштуу болбостон Манас эпосуна, Улуу кыргыз дөөлөтүнө, кыргыз элинин тарыхын изилдеп, ага өмүрүн арнаган орус окумуштуулары жана өзүн «ыйык» көрсөткүсү келген «изилдөөчүлөр» тууралуу дагы айтылып жатат.

Эми буларды тактап айтканда, манасчылык боюнча коомчулукта эки топ пайда болду: биринчи топ – классикалык вариантты колдогон жоон топ, экинчи топ – жайсаңчылар же Бүбү Мариямдын айтканын колдогон чакан топ. Бир нече жылдардан бери маалымат айдыңында талашып-тартышып келе жатышат. Булардын талаш-тартышынан кийин бир нече ийгиликтер жаралгандыгын да баса белгилегим келет. Мисалга ала турган болсок, Манастын классикалык вариантындагы бир нече Манастын варианттары Сагымбай Орозбаковдун, Жусуп Мамайдын, Дөөлөт Сыдыковдун ж.б. айтуусундагы Манас эпосу академиялык басмадан чыгарылып жатат. Сагымбай менен Саякбайдын айтуусундагы Манастын бириктирилген варианты кайрадан басмадан чыкты (Тынчтыкбек Чоротегин агайым тамашалап белгилегендей азыр китепти том менен эмес, килограмм менен санай турган деңгээлге чейин өсүп жеттик). Ошол эле учурда манасчылардын саны дагы бир нечеге өстү. Демек, Манастын, Манас эпосунун даражасы күн санап өсүүдө десек болот. Ошондой болсо дагы өтө эргүү, дайыны жок мактануу адашканга гана алып барарын эстен чыгарбообуз зарыл.

Же болбосо Манасты кыргыздан жогору койгон учурларыбыз көп болуп кетип жатат. Манасты Манас кылган дагы кыргыз, Манасты унутпай аздектеп, ыйык тутуп келе жаткан дагы кыргыз. Манас атабыз дагы кыргызга кашык каны калганча кызмат кылган, кыргызды кыргындан сактаган, Манас кыргыздын тилек-батасынан жаралган, кеп-кеңешин, кээде «тил» дагы уккан. Мени гана даңазалагыла же мени мактагыла деп осуят калтырган эмес. Ушул жагын дагы көңүлдөн чыгарбасак. Себеби, ыйык адамдар болбошу мүмкүн, аларды ыйык туткан, ыйык адамдарга айланткан адамдар бар.

Кийинки маселе, байыркы кыргыздын Улуу дөөлөтү, ири мамлекети, империясы болгондугун орус окумуштуулары далилдеп, том-том кылып китеп жазып, илимий айлампага киргизишкен. Аны дүйнө эли кабыл алган, ал эми кыргыз эли байыркы ата-бабалары менен сыймыктанып, даңктанып, даңазаланып келе жатат. Бирок келечектен көптү үмүттөндүргөн ири тарыхчы окумуштууларыбыздын бири эле В.Бартольд жаңылышкан, мындай болгон эмес, Улуу дөөлөт деген курулган эмес, ойдон чыгарылган деген ушуга окшогон илимий божомолдорун коомчулукка таңуулаганга жетишип, жыйынтыгында маалымат айдыңында чоң тирешүүлөр болуп, жаман-жакшы пикирлер жөнөкөй элди тынч күндө эле дүрбөлөңгө түшүрүп жиберген эле. Ушундан улам ой туулат, тарыхтын өзү бул идеологиянын өзөгү, ал эми өзөккө зыян алып келе турган нерселерди айтуудан жана жазуудан мурун терең ойлонушубуз керек тура.

Үчүнчү маселе, кыргызды орустар басып келген, ташка сыйынган кыргыз (дикокаменные киргизы) деген, жок кылды, талкалады, кыргыздар тууралуу батыштын окумуштуулары шумдук жазган деген ушуга окшогон дагы толгон-токой ойлорду айткан окумуштуулар, саясатчылар аябай эле көбөйүп кетти. Мунун баарын бир тараптуу гана кароого болбойт. Себеби, бул коом адамдардан түзүлөт. Ал эми адамдар кемчиликтүү. Бирөө жакшылыкты көрсө, экинчиси жамандыкты көрөт, үчүнчүсү экөөнү тең көргүсү келбейт. Ошол биз жамандап жаткандардын арасында кыргыз тарыхына өмүрүн арнаган, айрым учурларда запкы тарткан В.Бартольддун, А.Бернштамдын, Н.Аристовдун, С.Абрамзондун ж.б. окумуштуулардын эрдигин жана эмгегин эмне үчүн эске албайбыз? «Жакшыга жакшылык кылсаң кайтат, кайтпаса айтып жүрөт. Жаманга жакшылык кылсаң кайтпайт, кайтмак турсун айтпайт» дегендей кыргыз эли жакшылыкты эч качан унуткан эмес.

Төртүнчү чоң маселе, атайын билими бары дагы, жогу дагы тарыхчы болуп чыга келген заман болду. Өздөрүнүн кесибин кыйратып, өтөрүнө жетип койгонсушту. Алар жөн эле тарыхчы эмес, «белгилүү», «көрүнүктүү», «шумдуктуу» тарыхчы болуп чыга келишти.

«Тарыхчылар эч нерсе кылбай жатышат, изилдегенди билишпейт, мына биз муну жазып койдук, кыргыз жашаган жердин баарын кыдырып келдик, баарын бүтүрүп койдук» деп эле төшүн каккандар көбөйдү. «Өзүн өзү мактагандан өлгөнчө кач» дегендей бардык нерсеге аяр мамиле жасоо керек го акыры. Эйфориядан өтө турган мезгил деле келип жетти. Эгер чындап эле мыкты жазылган эмгек боло турган болсо, колдоп ала турган эл өзүнөн өзү табылат. Же илимий негизде эреже-тартиби менен айтып жаткан божомолдорун илимий кеңештерде коргошсун. Ошондо гана сөз азаят.

Мүмкүн, менин айтканымдарым кээ бирөөлөргө жакпашы толук мүмкүн. Бирок, жакпайт экен айтпай коюунун өзү душмандык эмеспи. Эл арасында жаңыдан калыптанып келе жаткан «Сыдыктын философиясы» деген түшүнүк пайда болду. Анда эмне деп айтылат: «Эмне себептен биз элибиздин же бир атуулдун жакшы жагын көрө албайбыз, дайым эле жаман жагын чукуй беребиз. Бул, эл башкарган башчылардан баштап, жөнөкөй элдин терең катмарына чейин басып кирген илдет болду. Жөнөкөй элди тим коелу, ал эми билимдүүсүнүп, ак сөөк сыяктанып жүргөндөр эмне себептен ушул нерселерди эстерине алышпайт. Кагаздан баштарын көтөргөндө тантып кетерин билишкенден кийин, жазылган нерселерди толук эле окуп коюшпайбы! Же эмнелер жазылгандыгын алдын ала окуп алгандан кийин эл алдына чыкпайбы! Элди өзүндөй омбу-домбу деп ойлошобу? Жолугууга келген максаттарын айтышпай эле оюндагы нерселер түгөнгөндөн кийин анегдот айтканга кирип кетишет. Андан көрө бирөөлөрдүн жакшы жагын көрө билеличи, жамандап жатып эмес, мактап жатып тарбиялайлычы, бирибизди бирибиз мактайлычы» деп күйгөндөн агынан жарылат.

Жыйынтыгында айткым келет, улуу дөөлөттөргө, маданий мурастарга, аялуу улуттук баалуулуктарыбызга астар мамиле кылалычы. Биз болбосок анан ким...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×