Добавить статью
8:40, 17 февраля 2015 181367

Кыргызстандын мамлекеттик чегарасынын калыптанышындагы алгачкы кадамдар

Кыргызстандын коңшу Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чегараларды делимитациялоо маселесинде 1925-1927-жылдарда РСФСР тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан кетирилген субьективдүү катачылыктар тоскоолдуктарды жаратып келет. Макалада келтирилген тарыхый фактылар ошол тыянакты тастыктап турат. 

Кыргызстан өзүнүн эгемендүүлүгүнө ээ болгонго чейин, анын улуттук аймагы колдон колго өтүп, тагдырын башка өлкөлөр чечип келген. Кокон хандыгы эркиндикти сүйгөн, майтарылбас, баатыр кыргыз урууларын толук баш ийдире алган эмес. Алар формалдуу түрдө гана хандыктын курамына киргизилген.

Россиянын букаралыгына кирүү менен кыргыз эли эзүүдөн кутулбай, улуттук дагы, социалдык жактан дагы боштондукка чыга албады. Ал гана турсун дал ошол орус колониализми мезгилинде кыргыздардын улуттук аймагын эки уулу держава – Орусия менен Кытай өз билгендериндей, өз кызыкчылыгына жараша бөлүштүрө башташкан.

Орусияда совет бийлигинин орнотулушу менен кыргыздар үчүн дагы улуттук мамлекетин түзүп, өз алдынча түтүн булатуу келечегинен үмүт жанган. Совет өкмөтү кабыл алган «Орусия элдеринин укуктарынын Декларациясы» анын курамындагы бардык элдердин өз тагдырын өздөрү чечип, керек болсо өз алдынча улуттук мамлекетин түзүү мүмкүнчүлүгүн жарыя салган. 1917-жылдын ноябрында кабыл алынган «Орусянын жана Чыгыштын бардык мусулмандарына» Совет өкмөтүнүн кайрылуусунда Орусияда жашаган мусулман эмгекчилерине өз тагдырын өздөрү чечүү укугу берилери айтылган. Бул документтер мааниси жагынан элдердин жана улуттардын өз тагдырын өздөрү чечүү укугун бекемдеген саясий – жетекчилик көрсөтмө, конституциялык – укуктук норма болуп эсептелген. [1.367 бет]. Эң алгачкылардан болуп бул укуктан финндер, эстондуктар, латыштар, литвалыктар, поляктар жана тувалыктар пайдаланып, өз алдынча улуттук мамлекетин түзүп алышкан. 1936-жылга чейин созулган «эгемендүүлүктүн парадынын» биринчи мезгили мына ошентип башталган. Ал мезгил ичинде Советтер Союзунда түрдүү формада (союздук республика, автономиялык республика, автономиялык область, округ) 70 тен ашык улуттук мамлекеттик түзүмдөр пайда болгон. Бул маселени чечүү өзгөчө кыргыз эли үчүн оңой болгон жок.

Орусиянын колониясы болуп келген Орто Азиянын башка элдери менен катар кыргыздар дагы 1918-жылдын 30-апрелинде кайрадан түзүлгөн Түркстан Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын (ТАССР) курамына кирген. Ал эми ТААСР өзү РСФСР ге кошулуп, көп улуттуу калкынын жалпы саны 5,2 млн адамды түзгөн. Анын ичинен: өзбектер – 41,1%, казактар – 19,3%, кыргыздар – 10,8%, тажиктер – 7,7%, түркмөндөр – 4,7%, каракалпактар – 1,4% болгон. [2.32 бет]. Тилеке каршы кыгыздар Түркстан АССРынын ичинде ар кайсы облусттар менен уезддерге бөлүнүп калгандыктан, ошол административдик бөлүкчөлөрдө улуттук азчылыкка айланып, көпчүлүк учурда алардын маданий – экономикалык кызыкчылыктары эске алынбай келген. Дагы бир өкүнүчтүү жагдай, алардын Фергана облусунда жашагандары өзбектешип, ал эми Сырдарыя менен Жетисуудагылары казакташып кетүү жараяны жүрө баштаган.

Кыргыздарды өз алдынча эл, улут катары сактап калуу, алардын келечекте өсуп- өркүндөөсүнө жол ачууну максат кылган алгачкы улуттук интеллигенция өкүлдөрү 1921-жылы биринчи жолу өз алдынча кыргыз административдик облусун түзүү маселесин көтөрүп чыккан. [3.263 бет] Ж. Абдрахманов жана анын тилектештери бир гана РСФСРдин курамындагы кыргыздардын тоолуу облусун түзүү өтүнүчүн билдиришкен. Башка бир республиканын курамына кошулуу кыргыз улуту үчүн олуттуу коркунуч жаратары бышык эле.

1924-жылдын 30-декабрында СССРдин куралышы улуттук мамлекеттик түзүлүшүн тездетти. Ошого улай 1924-жылдын январында Түркстан АССРнын Кеңешинин XII сьездинин кыргыз өкүлдөрү, РКП (б) БКне жана СССР дин БАК Улуттук Кеңешине кат менен кайрылышат. Анда кыргыздардын «дайынсыз», «аты-жыты жок» эл катары тагдырга туш болгондугуна жетекчиликтин көнүлүн буруп, төмөндөгү өтүнүчтөр келтирилген:

1. … башка улуттар (өзбектер, түркмөндөр, тажиктер, кайсак-кыргыздар) сыяктуу эле кара-кыргыздарга өз алдынча улут катары мамиле жасоо;

2. … кара-кыргыз эмгекчи өкүлдөрүнөн партиялык жана мамлекеттик бийлик органдарына иштөөгө көбүрөөк тартуу. [4.42-44 беттер].

1924-жылдын 12-июнунда РКП (б) БКнын «Орто Азия республикаларынын улуттук - мамлекеттик бөлүнүшү жөнүндө» деген аталыштагы токтому кабыл алынган. 14-октябрда Бүткүл Россиялык Кеңештин БАКнин 11-сессиясы – Түркстан АССРынын БАКнин республикалардын улуттук бөлүнүшү жөнүндөгү токтомун бекитет. Ошол эле токтом менен РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгү жарыя болгон.

Ошентип, большевиктердин партиясынын жана совет бийлигинин саясатынын турмушка ашырылышынын натыйжасына, кыргыз эли, миң жылдан кийин жоголгон мамлекеттүүлүгүн кайтарып алды. Бул окуя биринчи жолу кыргыз элине өз улуттук аймагын бир мамлекеттик түзүмдүн чегинде негизинен бириктирип, элдин экономикалык жана маданий жалпылыгын бекемдөөгө, улут катары биригүүсүнө жол ачты. Ал күн тарыхта кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралган күнү болуп калды.

Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун жалпы аянты 195,7 миң чарчы км түзүп, калкынын саны 737 миң адам, анын ичинен: кыргыздар-63,5% ,орустар- 16,8%, өзбектер-15,4%, казактар-1,3%, башка улут өкүлдөрү-3,5% болгон. [5.103 бет] Жогоруда айтылган 1924 жылдын 14-октябрындагы мыйзамдык акто,келечекте ,башкача айтканда 1991 жылы эч кандай саясий толкундоолору жок ,кырдаал татаалдашпай туруп эле Кыргыз Республикасынын толук эгемендүүлүгүнүн колуна тийгиндегининин укуктук баштапкы негиз болуп калган.

Кыргыз Автономиялуу облусунун жетекчилигинин өтүнүчтөрүн жана аймагынын кенендигин, чет мамлекеттер менен чектеш конушулугунун, экономикалык жана тилдик жалпылыгын эске алып, кыргыз элине өз мамлекетин курууда демилгелүүлүгүнө жана өз алдынчалыгына шарт түзүү максатында, 1926-жылдын 1-февралында СССРдин Борбордук Аткаруу Комитети Кыргыз Автономиялуу облусун Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республика (АССР) болуп кайра түзүү боюнча чечим чыгарган. Бирок, бул республика РСФСРдин курамында калган.

Белгилей кете турган өтө маанилүү жана аянычтуу жагдай, Кыргызстан 1924-жылдан РСФСРдин курамында болуу менен, бир эле мезгилде үч тарапка баш ийип турган: 1) РСФСРдин өкмөтүнө; 2) Орто Азиялык бийлик ограндарына (БКнын Ортоазиялык бюросу, Экономиялык Кеңеш); 3) Союздук өкмөт менен анын эл комиссариаттарына. Жогорудагы үч тарапка баш ийүү көптөгөн маселелердин ыкчам жана туура чечилишине өз кедергисин тийгизген. Мындай көз карандылыктын кесепети кыргыздардын өз мамлекеттик аймагын аныктоо учурларында өзгөчө дана байкалган.

Орто Азия элдерине «административдик - аймактык чегара» деген түшүнүк 1924ж. совет бийлиги өзүнүн саясий жана экономикалык маселелерин чечүүгө ылайык келген мамлекеттик түзүлүштү калыптандыруу максатында жүргүзгөн , СССРдин аймагын райондоштуруу иштери менен кошо келген. Ушул иштердин алкагында «мамлекеттик аппаратты кайра уюштуруу жана чарба буюмдарын бөлүштүрүү» максатында СССРдин Эмгек жана Коргонуу кеңешинин Ортр Азиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шелехестин жетекчилиги астында,1924-жылдын 24-ноябрында ,Ташкенте Ортоазиялык жоюу комитетинин алдында,жа1ы пайда болуп жаткан мамлекеттик уюшмалардын (мамлекеттердин) чегараларын тактоо боюнча комиссия түзүлөт. Аны Красновский жетектеп, ишти 20-декабрдан калтырбай, б.а. 26 күндө бүткөрүү милдети тагылган. Анысы аз келгенсип 10-декабрдан комиссияны дагы бир башка адам Магидович башкарган. Булл тагдыр чечээр комиссия аткарган иштер тарыхта «улуттук-аймактык чектөө» деген аталыш менен белгилүү.

Булл комиссия чектөө иштерин жүргүзүүдө төмөндөгүдөй эрежелерди кармануусу каралган: 1) аймактын тиешелүүлүгү ошол жерди жердеген элдин ичинде саны боюнча басымдуулук кылган улуттук топко карата аныкталууга тийиш; 2) экономикалык же сода борбору болгон шаарлардын тиешелүүлүгү,алардын таасири тавркаган аймактарда жашаган улуттук топко карата аныкталууга тийиш; 3) чегаралар калыптанып калган суу-чарба тармактарынын бүтүндүгүнө таасир кылбаш керек; 4) чегара сызыгын жүргүзгөндө анын артыкбаш ийри-буйру болушуна мүмкүн болушунча жол бербеш керек.[6. 70 бет]

Улуттук-аймактык чектөө жүргүзүлүп бүткөндөн кийинки чегара сызыгынын сүрөтү менен чегара тилкесинде жашаган калктын улуттук курамына эң жөнөкөй эле көз жүгүртүп карасак,жогоруда кабыл алынган эрежелердин бири дагы аткарылбагандыгын көрөбүз. Натыйжада, Кыргызстандын Фергана өрөөнү боюнча өткөн чегараларындареспубликанын аймагына ондогон чакырымга кирип кеткен жыйырмадан ашык ичке тилкелер орун алган. Алар мамлекеттин аймагынын бүтүндүгүн өтө одоно бузуп, дүйнөнүн башка жерлеринде кездешпеген ийрелеңдеген чегаранын мисалы боло алат.

Аталган чегараларды аныктоо комиссиясынын ишинин жыйынтыгы 22-декабрда Ортоазиялык жоюу комитетинин Пленумунда чыгарылып, андагы талаш жараткан маселелерди чечүү максатында дагы үч жардамчы комиссиялар түзүлгөн. Кийинки 1925-жылдын 17- мартында ал комиссиялардын иштери дагы жыйынтыкталып, Ортоазиялык жоюу комитети жаңы мамлекеттик түзүлүштөрдүн чегара сызыгын бекитет.

Ал комиссиянын бүтүмү менен жаңыдан түзүлгөн мамлекеттик түзүмдөрдүн өкмөттөрү макул болбой, өз дооматтарын билдиришет. 1926-жылдын январынан тартып ошол дооматтарды изилдеп, чегара талаштарын чечүү максатында И.Петровский башында турган СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин Паритеттик комиссиясы иштейт. Жыйынтыктоочу баяндамасында ал комиссия төмөндөгүдөй пикирин билдирген: «…чегара тилкесинде жашаган калк улуттук курамы жагынан өтө чийеленишип жайгашкандыгы, аймактык чектөө жүргүзгөндө сугаттын жок дегенде майда булактарын бирдиктүү башкарууну сактап калуу керектиги, чарба жүргүзүүнүн бирдиктүүлүгүн эсепке алуу зарылдыгы, чегарада жашаган калктын улуттук кызыкчылыктарын ойдогудай ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербейт – б.а.,Орто Азия республикаларынын чегара аймактарында, ар бир республиканын ичинде орчундуу сандагы улуттук азчылыктын болушу – турган иш» [ошол эле жерде].

Петровскийдин комиссиясынын сунуштары Кыргыз Автономиялуу облусун канаатандырган эмес. Чечүүчү добуш укугу берилбегендиктен, кызыкдар тараптын бири болгон Кыргызстан, анын иштерине катыша алган эмес. РСФСРдин өкүлүнүн туура эмес тандалгандыгынын натыйжасында, чегараны тактоо боюнча чечимдер кабыл алынып жатканда Кыргызстандын кызыкчылыгы ачык-айкын эле бузулуп калган.

Айтылган жыйынтыкка мүнөздүү бир мисал: 1926-жылдын 21-декабрында СССР БАКтын Катчылыгы РСФСР менен ӨзССР инин ортосунда кайрадан пайда болгон талаштарды эске алып, анны жөнгө салу үчүн Б.Кулбешеров башында турган дагы бир Паритетүү комиссия түзөт. Бул комиссия дагы Кыргыз Автономиясынын айрым дооматтарын оң чечкени менен, алардын көпчүлүк бөлүгү чечилбеген бойдон калган. Комиссия караган 13 талаш маселелердин 5өө гана Кыргызстандын пайдасына чечилген. Бул комиссиянын чечимин 1927-жылы 3-майда РСФСР БАКтын Президиуму токтом менен бекитип берген.

Анда: «Сох болуштугу, Сүлүктү көмүр кендери, мурдагы Жоокесек-Бостон жана Нойгут-Кыпчак болуштуктарынын түндүк аймактары жана Аувал болуштугунун /ч-Коргон айылы ӨзССРден чыгарылып РСФСРга кошулсун» деп чечилген [6. 78-79 беттер]. Маселенин толук болбосо дагы үчтөн биринин чечилгендигине дагы каниет кылып, экинчиден, жогорку жактын басымына баш ийип, кыргыз өкүлдөрү калган өз дооматтарын алып койууга мажбур болгон. Ошол күнкү Президиумдун отурумунда М.Калинин өзү төрагалык кылган.

Таң калыштуусу, ошонун эртеси эле 4-майда болгон отурумунда СССР БАКтын Президиуму ушул эле маселелерди кайра карап чыгып, Кыргыз АССРинин пайдасына чечилген беш маселенин экөөсүн атап айтканда, Сох болуштугу менен Сүлүктү кендери жөнүндөгү маселени Өзбекстандын пайдасына өзгөртүп берген. Мындай бир түн ичинде болуп кеткен кубулма саясаттын сыры ачылбай кетти. Себеби, булл отурумду дагы М.Калинин өзү башкарган.

Кыргыз тараптын, тагыраак айтканда, Кыргыз АССРнин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы Ж.Абдрахмановдун Сталинге кат менен кайрылуусунан кийин гана 1927-жылдын 8-июнунда СССР БАКтын Президиуму Сүлүктү көмүр кендерин Кыргызстанга өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган. Ал эми Сох болуштугу мурунку чечимге ылайык Өзбекстанда калып кеткен.

Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, жогорууда айтылган 1927 жылдын 4 майындагы чечимдер, тийешелүү мыйзам аракеттерин аткарбастан эле, саясий эрктин күчү менен кабыл алынган. Бул чечим тараптардын мыйзамдары менен да, эки жактуу келишимдер менен да бекитилген эмес. Ал эми республикалардын ортосунда чегараны тактоо иштери токтобостон, жер-жерлердеги талаштар улана берген.

Түгөнбөгөн жер талашууларды чечүү максатында 1955-жылы Кыргыз ССРи менен Өзбек ССРинин өкмөттөрү республикалар аралык Паритетүү комиссия түзүшкөн. Ал комиссия бардык талаш маселелерди карап жана чегаранын ордун тактап чыгып, анны укуктук негизде бекитүү боюнча макулдашылган чечимге келген. Республикалар аралык комиссиянын протоколу Өзбек ССРинин өкмөтү тарабынан 1955-жылдын 3-августунда №534 токтому менен, Кыргыз ССРинин өкмөтү тарабынан 1955-жылдын 22-октябрында №497 токтому менен бекитилген.

Ушул комиссиянын чечими өтө кылдат жана мүмкүн болгон бардык жагдайларды эске алып иштелип чыккан. Бүгүнкү күндөгү мамлекеттик чегараларды демилитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдө ошол документ негиз катары каралса дурус болмок.

Адабияттар:

1. Декреты Советской власти.- Т.1. М., 1957. – 367-бет

2. Турсунов А.Т. Образование Узбекской ССР, Ташкент, 1957. – 32-бет

3. Абдрахманов Ю. 1916. Дневники. Письма к Сталину. Фрунзе, Кыргызстан, 1991. – 263-бет

4. КПСС и Союзное правительство о Советском Кыргызстане. Ф., 1974.-42-44- беттер

5. Нурбеков К. Возникновение киргизской советской национальной государственности. Фрунзе, 1964.- 103-бет

6. Аламанов С.К. Кыргызстандын мамлекеттик чегарасынын калыптанышы.- Б: 2005.- 70-бет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×