Добавить статью
9:57, 25 февраля 2015 164285

«Улут, ѳз тагдырын ѳзү чечет» деген юрист

Эскерүү

Ѳткѳн жылдын, 4-октябрь күнү Бишкек шаарынын Киев кѳчѳсүндѳ жайгашкан Юридикалык институттун № 306 аудиториясында, юридикалык факультеттин жалпы жамааты коомчулуктун катышуусунда, кыргыздын тунгуч юридика илиминин доктору Кубанычбек Нурбековдун жаркын элесине арналган «Эскерүү» кечесин ѳткѳрүшкѳн эле. Кеч болсо да ошол убакта даярдаган макаламды окурмандарга тартуулоону туура кѳрдүм. Кечеде К.Нурбеков менен бирге иштешкен юристер, окуучулары, юридикалык илимдердин кандидаттары, докторлору жана үй-бүлѳлѳрү менен жакын туугандары, коомдук ишмерлер катышты. Кечени ачкан, аты аталган институттун директору, юридика илимдеринин кандидаты, профессор Ж.А.Бокоев, К.Нурбековдун ѳмүр баянына кыскача токтолуп, анда: «Кыргыз Республикасынын юридика илимдери боюнча алгачкы доктору К.Нурбеков 1928-жылы Талас районундагы Кумарык айылында тѳрѳлүп, жети жылдык мектепти аяктагандан кийин Фрунзедеги № 5 орто мектепте Ч.Айтматов менен бирге бүтүрѳт. Алгач тарыхчы деген кесипке ээ болуп, кийинТашкент мамлекеттик юридикалык институтун (1947-1951-ж.) бүтүрүп, юридикалык билимге ээ болот. Эмгек жолун Кыргыз ССРнин Юстиция министрлигинде, консультант-методисттик кызматтабаштайт. 1954-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик университеттин юридикалык факультетинде ишин улантып, жѳнѳкѳй окутуучудан экономика-юридикалык факультеттин Советтик укук кафедрасынын доцентине чейин кѳтѳрүлѳт. 1958-жылы СССРдин Илимдер академиясында Укук институнун кеңешинде «Кыргыз АССРинин Кыргыз ССРине айланышы» деген темада кандидаттыгын жактайт. 1968-жылы, Алматы шаарында «Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүн орношу жана ѳнүгүшү» деген темада доктордук диссертациясын коргойт. 1970-жылы профессордук наамга ээ болот. Буга чейин Юридикалык институтту Кыргызстандын биринчи юристи, юридикалык илимдин доктору К.Нурбековдун атынан кою жѳнүндѳ сѳз болгонун айтып, бирок аталган институт «Жусуп Баласагын» атындагы Кыргыз Улуттук Университтеттин астында болгондуктан, атын берүү ѳзүнчѳ мүмкүн болбой келе жатат» деп токтолуп, К.Нурбеков менен бирге иштешкендер жана аны жакшы билген окуучу-шакирттерине сѳз берди.

Эскерүү кечесинде юристтердин, юридика илимдеринин окумуштууларынын сүйлѳгѳндѳрүн кунт коюп угуп, сѳздѳрүн жазып отуруп, К.Нурбековдун эмгектерин окуп кѳрѳйүн, анын саясий дооматка эмне себептен кабылганын билүү үчүн, анын эмгектерин окуп чыгууга туура келди. Кѳрcѳ, К.Нурбеков ошол кезде эле ѳзүнүн эмгектеринде, улуттун ѳз тагдырын ѳзү чечүү укугуна кѳңүл буруп, улут маселесин борбордук маселе катары караган экен. Анын жазгандарында, улуттун укук маселеси Советтик доордо иш жүзүндѳ эмес, кагаз жүзүндѳ гана калып келе жатканы жѳнүндѳ аныктамаларын келтирип, ошо кезде республика катары ѳз тагдырын чечүүчү маселесине келгенде, түпкү маани-маңызын ача албасын, саясий жагынан алганда, бир жактуу гана камтылганын айтат. Компартиянын доорунда - лениндик идеяны кѳтѳрѳ чаап, партиялык кайсыл гана жыйындарында болбосун улут маселесине келгенде В.И. Лениндин эмгектерине таяна сүйлѳшкѳнүн кѳрүп, «В.И. Ленин жана улуттардын саясий жактан ѳз тагдырын ѳзү чечүү укугу» деген макаласын жарыкка чыгарат. Ал макала кайсыл тилде жазылса, ошол тилде келтирейин: «Вопрос о политическом самоопределении должен рассматриваться и решиться в интересах народа «нации» на демократической основе. Может случится и случается, что требования политического самоопределения будет противоречить и интересам нации, от имени которой выдвигается это требования. Даже в этом случае никто не имеет право насильственно вмешиваться во внутреннюю жизнь и силой исправлять ее ошибки» - дейт. Дагы бир олуттуу жери: «Киргизская ССР осуществляет верховенство в отношении своей территории. Ею распоряжается сама нация суверенно и равноправно. Территория Киргизской ССР необходимая материальная база республики неприкосновенны и не могут быть изменены без согласия самого киргизского народа. Всякое насильственное изменение границ территории вопреки воле населения рассматривается как аннексия, признается агрессивным актом, нарушающим принцип самоопределение нации. Киргизский народ полноправный хозяин своей государственной территории» деп жазат.

Профессор К.Нурбеков, келечекти алдын ала билген, кѳзѳм юрист катары жазган эмгектеринде билинип турат. Ар бир улуттун укуктук жактан ѳз тагдырын ѳзү аныктоосу, ээлеген жери кол тийбеске ээ экени, сырттан бирѳѳлѳр басып кирсе, басып алса «аннексия» катары караларын жазганында «улутчулдуктун» белгиси бар экенин жолуктурууга болбойт. Ошол кезде, К.Нурбековдун илимий – теориялык аныктамаларындагы кѳз караштары, кыргыз эли ѳз жерине толук кандуу ээси экени, кѳз карандысыздыгы БУУ (ООН) декларациясында да каралганын эч ким танбас. Улуттун ѳз тагдырын ѳзү чечүү жалаң эле саясий маселе болбостон, экономикалык, саясий – турмуштун маселеси экени чындык. Жердин бүтүндүгү, чек ара коопсуздугу кошо ала жүрүүнү далилдегиси келгени байкалат. Мында, ар бир эле ѳзүнүн улуттук байлыгы: жер байлыгы, кен байлыгы, суу байлыгын каалаганча пайдаланарын экономикалык жактан алып, турмуштук багытта кенен кѳз караш менен караган. Юридикалык жактан алганда, экономиканын турмуштук жактан ѳнүгүүсү, табигый байлыктар, ишканалар, союздук маанидеги ишканалар, экономиканын бардык тармактары Республиканын мыйзамдарына баш ийерин баса белгилеп жазат. «В.И. Ленин жана Кыргыз ССРинин мамлекеттик укуктук түзүлүш» (1970, 13-б.) деген эмгегин жыйынтыктап келип: «Право на самоопределение – это право каждага народа (нации) самостоятельно, свободно определять формы своего общественно – экономического строя и политического статуса, вплоть до отделения, образования самостоятельного национального государства» деп бүтүрүптүр.

Мындан бир канча жыл мурда «Улутчул К.Нурбековдун теоретикалык саясий каталары» деп, куугунтукташып, эмгектерин бурмалап жазышып, партиядан чыгарышып, кызматтан четтетип келгендер, ушул унитардык мамлекеттин доорунда жашап жаткандар кандай ойдо болушту экен, деген суроо туулат. Азыркы учурда профессор К.Нурбековдун айткандарынын бардыгы, 1991-жылдан бери ѳз ордун таап, анын негизиги айткандарынын ичинде «эне тили» бардык окуу жайларында окулуп жаткандын ѳзү чындык эмеспи. Жер байлыгы, эл байлыгы, чек ара коопсуздугу, укук маселеси жана башка ал кѳтѳргѳн маселелеринин бардыгы азыркы учурда иш жүзүндѳ аткарылып, жашап жатат. Бир гана ѳкүнүчтүүсү, ѳзүнүн астын ала айткан, жазган эмгектерин чындыкка айланганын ѳз кѳзү менен кѳрбѳй кеткендигинде. Куугунтуктан жабыр тарткан кезинде, моралдык, психикалык жактан жапа чеккен профессор, Кыргызстандын биринчи юристи, биринчи доктору К.Нурбековдун ден соолугу начарлап, 1985-жылы, 57 жашында узакка созулган оорудан бул дүйнѳ менен кош айтышкан экен. Куугунтукка кабылган профессордун мыкты лекцияларынан канча деген студенттер учурунда укпай, кур калышты. Ѳзү ѳлсѳ да эмгектери ѳлгѳн жок, генерал Муканбаев сѳзүндѳ: «К.Нурбековдун эмгектерин окубаган, мен юрист болом дегендердин арасында, бир да киши жок болушу керек», дегендин ѳзү чындык. Чыгып сүйлѳгѳндѳрдүн бардыгы, кыргыздын биринчи юристи К.Нурбековдун эмгектерин катуу баалап, ардакташкандыгы да бекер эмес чыгар. Эмесе ошол кечеде сүйлѳгѳндѳрдүн сѳзүнѳн үзүндү келтирейин.

Бирге иштешкен шакирти, юридикалык илимдин доктору, азыркы убактагы персоналдык пенсионер Сманов Койчуке Дербишалиевич: «К.Нурбеков астын ала кѳрѳ билген кыраакы, мыкты юрист эле. Ал убакта компартиянын идеологиясы күчтүү кезинде, «Кыргызстан ѳзүнчѳ кѳз каранды эмес мамлекет болсо, экономикасы гүлдѳп ѳскѳн күчтүү мамлекеттин бири болмок» деген сѳзү үчүн партиядан чыгарылып, кызматынан алынып, биртоп жылга чейин кызматсыз жүрүп, кийин Илимдер академиясында, Философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер деген орунду араң беришти. Юридикалык илим чѳйрѳсү мыкты академиктен ажырап, ал эми студенттер мыкты окутуучудан кур жалак калышты. «Ак ийилет, бирок сынбайт» деген чын экен, мына минтип К.Нурбековдун айтканын чындыгы акыры келди. Учурунда партиялык бийликтегилер, кайран кишиге «улутчул» деген ярлык жабыштырып, канча деген адамдар бирѳѳлѳрдүн жасалма буйруктарын аткарышып, колдорун келишинче каралап жасышпады. Анын кайтырылбас мүнѳзү, айтканынан кайтпаганы тескерисинче аны курчутту. Жѳн жатып албастан, каралаган макалаларга жооп катары далилдүү макаласы менен жооп берип жатты, баарына чыдады, акыры жеңди. Майтарылбас, бекем киши эле. Баардык кыйынчылыктарды башынан ѳткѳрсѳдѳ да, кың эткен жок. Мына минтип ѳзүнүн кѳзү ѳтүп кетсе да, анын айткандары, жазып кеткен ѳлбѳс эмгектерин эскерип отуруштун ѳзү эле эмнелерди айтып турат. Астын ала билген, кыраакы киши эле. Айткандарынын баары туура чыкты, ѳлкѳбүз минтип эгемендүү болду. Мына бул жерде К.Нурбеков менен кыйынчылыкты кошо тарткан жубайы Лариса Григорьевна Нурбекова катышып отурат. К.Нурбеков бул заманды ѳзүнүн айткан келер күнүн кѳрбѳй калганы менен, биз кѳрдүк, ага күбѳбүз. Атасынын айткандарынын баарында канчалык чындык бар экенине эки уулу күбѳ болду. Бир уулу, Малик Нурбеков Москвада «М.В. Ломоносов атындагы» университетте химия-биология факультетинин доценти, докторлук наамын коргоо астында турат. Небереси Искендер ошол эле университеттин юридикалык факультеттинин аспиранты. Бир окуяны айтып кетейин. Ѳзү менен каршылашып жүргѳн кишини бийлик бир күнү эле кызматтан алып койду. Аны К.Нурбеков табалаган жок, тескерисинче, туура эмес кызматтан алынганын кѳрүп туруп тынч жата алган жок. «Сени кызматтан туура эмес алышты» деп, мыйзамдын чегинде иш ордун кайрып бергенине күбѳ болгом. Ѳзүнүн жакшы сѳзү бар эле, «жамандык кылганга жакшылык кыл, эси болсо кетирген кемчиликтерин сезип сенден кечирим сурар, сыйлап жүрѳр» дечү. Ушу сѳзүн эч унутууга болбойт, мына ушунда мыкты инсан болгон».

Юридика илимдеринин доктору, профессор Г.А. Муканбаева: «Жогоруда айтылгандын баары чындык. Мен окуучусу жана шакирти катары К.Нурбековду абдан жакшы билип калдым. Университетти эң мыкты баа менен бүтүп жатканымда, сен ушул Университетке мугалим болуп кал, деп алып калган К.Нурбеков болучу. Ошол кишинин сунушу менен ѳзүм бүткѳн окуу жайга иштеп калдым. Кийин күйѳѳм юрист болгондуктан Республикабыздын ар жеринде иштешке туура келди. Азыр ушул Юридикалык институтта иштеп жатам. Ар бир баскан ишимде, окуган лекциялар менен жазган эмгектеримде сѳзсүз К.Нурбековду эстейм. Кандай билимдүү юрист эле, андан сабак алган, колунда окугандардын бардыгы Республиканын мыкты юристери, илимдин ээлери болушту. Анын жүрүшү таза, үлгү алчу адамдардын бири эле. К.Нурбeковдун алгачкы алган билими тарыхчы болчу, кийин юридикалык билимге ээ болду. Республиканын алгачкы юридикалык илимдин доктору болду, болгондо да юриспреденциянын биринчи юристигине жетти. Ѳзүмдү дайыма ал кишинин биринчи окуучусу катары эсептесем, экинчиден шакирти болдум. Анын жазып кеткен эмгектери, азыркы кезде юридикалык факультететтердин бардыгында окулуп жатат».

«Республикабызда К.Нурбеков ѳзүнүн жаш кезинде эле 1968-жылы доктор болду. Анын илимий эмгектерин окубаган бирда юрист жок болушу керек десем, жаңылбайм. Мен юрист болом, дегендердин бардыгы сѳзсүз анын илимий эмгектерине токтолот. Кандидаттык болобу, докторлук эмгектер болобу илимий эмгектерге баш койгондор сѳзсүз эле К. Нурбековдун эмгектеринен кыя ѳтѳ алышпайт, юристер үчүн анын эмгектери эталон болуп калган» – деп токтолду генерал Батырбаев.

Т.И.Ганиева юридика илиминин кандидаты, профессордун м.а: «Шелике Вальфраут Фридриховна деген улуту немец мыкты юрист айым бар эле, кийинки жылдары бирге иштешип калдым. Ал киши ѳтѳ чынчыл, ѳзүнүн ишине ѳтѳ берилген принципиалдуу аял заты боло турган. Аны менен баарлашканымда, К.Нурбеков менен азап тарткан күндѳрүн эскерип калчу: «К.Нурбеков мамлекетке каршы сѳз да айткан эмес, эч кандай ката да кетирген эмес. Ар бир билимдүү, илимдүү жаран, экономикалык негизде илимге таяп ѳзүнүн оюн ачык айтууга акылуу да. Ал, маркстик-лениндик идеялардын теориясына таянып жазган. Анын фундаменталдык эмгектерин кѳрѳ албагандар кыйкым издешип, илимий эмгек эмне экенине түшүнѳ албаган чала сабат саясатчылар бурмалоого аракеттенишкен жана күнѳѳлѳшкѳн. К.Нурбековго каршы кандай гана макалаларды жазышпады. Бирок билимдүү интелигенция бул кара пиар экенине баари бир билип турушту, айла канча. Буйрутма берген бийликтегилер К.Нурбековду каралап жазышкан сайын чырагына май таамп, аны ого бетер күнѳѳлѳшүп жатып калышты. К.Нурбеков экѳѳбүздү ашынган улутчул дешип, биздин эмгектерден кыйкым издешип жаза беришти. Акыры экѳѳбүзгѳ «улутчулдар» деген шылтоо менен, компартиянын жогорку эшалондорунда турган бийлик ээлеринин кѳргѳзмѳсү менен кызматтарыбыздан бошотушуп, партиянын катарынан чыгарышты. Экѳѳбүзгѳ, ошо кезде каршы уюшулган тетири жазылган кандай гана макалалар болгон жок. Бир топ убакытка чейин илимий даражабызга карабай жумушсуз калтырышты. Биз ага да чыдадык» - дечү, Шелике айым. Кийин адилетсиздикти башынан ѳткѳргѳнүн айтып жүрүп, демократиянын шарданы келгенде Германияга кѳчүп кетти. Калыс кишинин айтканы, бул тарыхтын турмуш чындыгы.

Г.Б. Айдарбекова: «Мыкты адамдардын кѳзү ѳтсѳда, аты ѳчпѳйт экен. Кыргызстандын биринчи юристи тууралуу илимий эмгектерине карата макала жазганбыз, ал макалада К.Нурбеков тууралуу кѳптѳгѳн ойлор айтылып келип, анын тайманбас, коркпогон, ѳз оюн ортого салган, келечекте эмне болорун юридикалык кѳз караш аркылуу элдин тагдырына кайдыгер инсан катары жаш кадрларды дал ѳзүндѳй кылып тарбиялаганга аракет кылганынан кѳптѳгѳн мисалдарды келтиргенбиз. Ѳткѳн кылымдын 70 жылдарында «К.Нурбековдун теоретикалык жана саясий каталары», деген ошол замандын идеологдорунун сынга алган макалалары жарык кѳрүп турганда, майтарылбас юрист «Литературный Кыргызстан» журналына «Тең укуктуулар арасында тең укуктуу» атуу макаласын жарыялап, «ката» деп келген ѳз ойлорун кайтадан далилдеген. Бирок, бул далилдердин баары кѳз жаздымда калып калган».

К.А. Уметов: «К.Нурбековдун 34 дѳн ашык илимий изилдѳѳ эмгектерин жазып кетти. Биз юристер К.Нурбековду №1 юридика илиминин доктору, юриспреденциянын биринчи адамы катары тааныйбыз. Убагында, бийликте отургандар билип туруп баалабай, куугунтукка алып партиядан чыгарып, ишсиз калтырганы менен жасаган эмгетери баари бир бааланат экен. Алтынды дат баспаган сыяктуу, акыры минтип колдоого алынып, бааланып отуруштун ѳзү эле канчалык. Мына сиздер менен биргеликте Аудиторияга Республикабыздын биринчи юристи К.Нурбековдун атынын берилиши, эмгегинин бааланышы, ѳлбѳс, ѳчпѳс эмгеги деп таанышка болот. К.Нурбековдун ойлогонун ал убакта эч кимдин деле эсине келбесе керек. Республикабызда биринчилерден болуп: «Университетте кыргыз тилинде сабактар ѳтүлүшү керек» деп айтып кеткени да, азыркы убакта чындыкка айланды. Ѳлкѳбүздүн кѳпчүлүк жогорку окуу жайларында «эне тили» киргизилип, кыргыздар ѳз тилинде окушуп жатышканы профессор К.Нурбековдун астын ала айтып, жазып кеткен эмгектеринин чындыгы дешке болот».

Л.Г.Нурбекова: «Ооба, ал кезде биз К.Нурбеков экѳѳбүз эмне гана кордуктарды кѳрбѳдүк. Республикалык газеталардын кѳбү эримди «ашынган улутчул» деп, жазган эмгектеринен кине издешип абдан шыбап жазышып жатты. Кѳрсѳ ѳлкѳсүн, элин сүйгѳн адам улутчул болот турбайбы. Мен улутум корей кызы болгонум менен жаным, каным кыргыз болуп калган. Анткени, күйѳѳм кыргыз, балдарым кыргыз. К.Нурбековду узак убакыт бою студенттер арасында «бузук, теоретикалык жана саясий катачылыктарын кайталап жатат, идеологиялык тарбияга зыян келтирип жатат» дешип кызматтан четтетишти, партиядан чыгарышты. Кѳпкѳ чейин иш беришкен жок, бирок айтчу: «Лариса, акыры меники туура болот», деп. Анын айтканы акыры туура болду, ѳз алдыбызча мамлекет болдук. Кыргыз эли «улут» катары катары калыптанып, ѳз жерине ѳзү ээ болду, ага ээлик кылуунун эң жогорку укугу ушул, улуттук территорияга ѳзү, кыргыз эли ээлик кылат, кыргызга таандык экенин жазып кетсе, мына минтип чындыктын анык жүзү ачылып, ишке ашты. Мен кубанам, анын эмгектери жерде калгабаганына. Менин силерден суранарым бир гана нерсе, ушул ѳзү иштеп кеткен жерге К.Нурбековдун бюстун коюп берүүңѳрдү».

Ш.А.Бокоев жыйынтыктоо сѳзүндѳ: «К.Нурбековдун атынан аудитория аталышы, К.Нурбековдун ѳлбѳс, ѳчпѳс эмгектерин баалаганыбыздын алгачкысы деп билиңиздер. Мындан башка али атактуу №1 юристибизге арнаган дагы далай иштерди жасайлы деп жатабыз. Юридикалык институттун кире бериш жерине, дубал тактага анын иштеп кеткендиги жѳнүндѳ мемориалдык тактаны илип коюну ойлонуштурубуз жатабыз, кудай буюруса ал күн дагы алыс эмес чыгар. Буюрусу бул дагы ишке ашат». Ректор келгендерге ырахматын айтып, ден соолук каалады.

Сүйлѳгѳндѳрдүн бардыгы К.Нурбековдун эмгектерине жана тайманбай айткан жеке инсандыгына кеңири токтолгондугу, ал адамдын адамдык мыкты сапаттарын баалашы, ар биринин айткандарында, аркыл убактагы эмгектеринен баштап убагында келечекти кѳрѳ билген илимпоз адам катары жазган эмгектеринен кыйкым издегендердин саясий курманы болгону жѳнүндѳ кеңири токтолуп ѳтүшкѳндүгүндѳ болду. Бир кезде «улутчул» деп куугунтукка алынган юрист, бир канча жыл мурда эле Кыргыз республикасынын келечегин астын ала билгени, анын кѳзү ѳткѳндѳн кийин айткандарынын баары чындыкка айланып, далил катары турмуш ѳзү кѳрсѳттү. Анын айткандарына кийинки муундагы «мен юрист болом» дегендер № 1 юристин эмгектерин окуп, илим жагына баш койгондор, илимий жазып кеткен эмгектерине байма-бай кайрылып, шилтеме келтирип жаткандарынын ѳзү да бекер эмес чыгар…

4.11.2014-ж.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-04-2016
Такталбаган тарыхый шаарды тактап алсак болобу?
168872

06-10-2014
«Курманжан датка» тасмасы мактоого арзыйбы?
103528

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×