Добавить статью
10:12, 10 марта 2015 100872

Эстутум. Манасчы Жоомарт… Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевди эскерүү

Бири кем дүйнө деген ушул белем. Кечөө эле бакылдап арабызда жүргөн Жоомарт аганы жерге бергенибизге бүгүн кырк күн болуптур. Кыргыздар негизи кызыкбыз. Адам акка моюн сунгандан кийин мактап жатып калабыз. А эмне үчүн тирүүсүндө мактабайбыз? Болду. Адам кетти. Жаткан жери жайлуу болсун дегендин ордуна үчүлүгүн, жетилигин, кыркылыгын, анан барып ашын өткөзмөй. Бул эми салт го. Салтты бузган эч ким жок. Баарыбыз ошол жака барабыз. А бирок ошол адам кандай эле? Кеп козгогон жан көрүнбөйт. Ырас, Жоомарт ага тирүү кезинде сый ургаалдын баарын алууга жетишти. А бирок ошол урмат сыйдын наркы канчага турду?. Жоомарт Кадыралиев бул атак даңкты маңдай тери, түмөн түйшүк, көшөкөрлөнгөн көктүк,арыбаган мээнет менен жеңип алгандардын бири. Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, III-даражадагы Манас ордени менен сыйланып, “Манас Ата” жана Түгөлбай Ата коомдорунун сыйлыктарын, Иран жана Түркия мамлекеттеринин искусство чеберлерине берилүүчү жогорку сыйлык- Алтын медалдын ээси болуга арзыган. 69 жаш курагында, 70 жылдыгына даярданып жатканда Жоомарт ага күтүүсүздөн көз жумду. Ага тууганы, бала бакырасы, жоро-жолдоштору жер муштап кала берди. Дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок. Өлүм башка келсе наамыңды да, сыйлыктарыңды да, атак-даңкынды да уруп ойнобойт тура...

2222222

...Тээ 80-жылдардын башында Кыргыз мамлекеттин сүрөт искусство музейинде иштеп калдым. Живопись бөлүмүнүн башчысы Айна Молдахматова улам бир картинага баяндама жаздырып шайымды оодарган. Бөтөнчө Ж.Кадыралиевдин “Алтын казык” деген картинасын баяндоо абдан оор болду. Башчы улам оңдоп жатып баш аягы 4 жолу кайра жазууга туура келди. Композициясы деле татаал эмес. Жөпжөнөкөй.

... Баш аягына көз жетпеген талаа. Көктө алтын казык жылдызы жаркырайт. Шыраалжын оролгон жашыл майсаңда тонго оролгон наристе. Артыкча эч нерсени көрө албайсың. Мындай карасаң опоңой эле жазып койчудайсың, а бирок түстөрдү сыпаттай келгенде аксап калат экенсиң. Молдахматова күчтүү искусство таануучулардын бири болгон үчүнбү түстөрдү үйрөтөм деп бир топ кыйнаганы али да болсо эсимде. Ошондогу көгүш түстөр, муздак тон, билинер-билинебес кыска шилтемдер, акыры, автордун ысымы эсимде жакшы сакталып калыптыр. Арадан канча мезгил өткөнү эсимде жок, бир күнү сүрөт музейинин көргөзмө залында сүрөтчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү ачылып калды. Оо, ал кезде мындай көргөзмөгө катышуу ар бир сүрөтчү үчүн оор сыноо эле. Биринчиден, ар бир чыгарма көркөм кеңеш тарабынан тыкыр тандалса, экинчиден көргөзмө бүткөндөн кийин чоң талкуу өтүп, бир да картина көз жаздымда калбай өз баасына арзуучу. Ошондогу Ж.Кадыралиевдин “ЭСИМДЕ“ деген эмгеги бир ай бою көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланып, “МАХАБАТ ДАСТАНЫ”- “СҮЙҮҮ МАДОННАСЫ” атыгып, акыры музейдин туруктуу экспозициясынан орун алган. Талкуу кезинде катышып отургандар баары бир ооздон бул картинага жогорку баа беришкенине күбө болдум. Ошондо Жоомарт агага биринчи жолу жолуккам... Бир нече жолу баарлаштык. Киндик каны тамган Сары-Булак айылында болдум, Энеси Гүлү байбиче, атасы Асаналы аксакал, жада калса чоң атасынын агасы 97деги Маламберди карыя, карындашы Айжамал, иниси Мурадилде менен жакындан тааныштым. Тун кызы Сайкалдын кудасын тосуштук. Мага инисиндей мамиле кылып бат эле туугандашып кеттик ...

Боз үйдө, өнөрканасында тараза жылдыз батканга дейре ар кыл темада маектешкен күндөр болду. Иштеген ишиме жараша Кыргызстанда улуу муун, ортонку муундагы бир топ кыл чеберлер менен пикир алыштым. А бирок арасынан Жоомарт агадай интеллекти бийик адам таппадым. Кыргыз элинин көөнө тарыхы, Санжыра, Тенирчилик, Манас ааламы, Алтай темасы, Энесайдагы кыргыздар, Тибет, Түрк цивилизациясы, Атилла, Чыңгызхан, кыргыз фольклору, Ала-Тоо-Алтай-Аляска кыргыз жүрүшү, кыргыз оймосу, деги койчу биз сүйлөшпөгөн сөз калган жок. Ошондогу Жоомарт аганын ар бир тема боюнча жогорку деңгээлдеги интеллектуалдуулугуна тан бердим. Талаштык, тартыштык, акыры аганын жүйөөлүү кептерине ынандым. Кыл чебердин өз кесибинен тышкары, искусство тарыхын айтпай эле койоюн, жалпы адамзаатты түйшөлткөн көйгөйлөр боюнча пикирлерин уктум. Төтөн, Теңирчилик менен МАНАС ааламына сүңгүп кеткенде орто бойлуу Жоомарт ага менин көз алдымда улам чоңоюп алеки заматта өнөрканасына батпай кетчү. Оргуп, улам күүлөнүп “кардыкпаган үн менен, сүрдүкпөгөн тил менен” кадимки манасчылардай бакылдай баштайт. Менде үн жок. Оо, бир топто барып өз калыбына келет. Ошондо анын канында Манас Бабабызга болгон арзуу тилек уюп жаткандай сезилген мага.... Көп өтпөй, күндөрдүн биринде “Сапаш, жумуштан кийин кирип кетпейсиңби?”-деп Жоомарт ага телефон шыңгыратып калды. Бардым. Өнөркананын алды, ичи тышы, дубалдын боору баары көгүш, көгүлтүр түстөгү эскиздер менен этюддар. Көргөн көзүңө ишенбейсиң. Биягың да Манас, тиягың да Манас, он сегиз миң ааламды Манас Бабабыздын элеси ээлеп алгандай... Манас рухунун сыйкырлуу күчү арбап, чоролордун жанында кыбырап жүрсөм тээ түпкүрдөн жүзүн нур чалган, чымыр денелүү, колуна шам чырак кармаган ак калпакчан бирөө шоорат берет. Чочуп кетипмин. Көрсө, бети-башы майланыша, боргулданып тердеген, колунда шам чырак эмей эле май боегу тамчылаган кисти кармаган биздин каарман.. “Ии, кандай экен, Баатыр?”- деп көзүн кымыңдатып өнөрканасынын алдында Жоомарт агай туруптур. Сонун. Башка сөз оозуман чыкпады. Манас дүйнөсү арбай берди. Улам бир эскизде карайм. Эмнелер гана жок. Кыскасы, биз уккан МАНАС эпосундагы бардык сюжеттерди тапсаң болот. Биринен-бири кызык. Ошондогу Жоомарт мага Манастагы чыканактай Эр Агыштай туюлду. Кистиси кисти эмес найза сыяктанып, көзүн жүлжүйткөн кыл чебер кырк чоронун бирине айланып кеткендей элес калтырган. Көрсө, МАНАС темасын Кадыралиев көп жылдап көкүрөктө багып, жүрөк тушуна чогултуп, суук көздөн, жаман сөздөн сактап, балапандай бапестеп келген турбайбы? Өзүн коерге жер таппай, бук болуп, оргу-баргы сүйлөп, кээде башкалар түшүнбөгөн кылык-жоруктарды жасап, таар кийимдерге ышкысы түшүп “өзүн аскер” сезген Жокени ал учурда эч ким түшүнбөй калган тура. Эл көзүнө дербиш сыяктуудай көрүнгөн Жокебиз ал кезде Манас деп жашап, Манас деп ураан чакырып калганын эч ким байкабаптыр. Акыры сүрөтчүнүн жан дүйнөсүндө катылып келген купуя сыр ─ Манас ааламы анын муун-жүүнү аркылуу кан тамырларына чачырап көөдөндү тээп оргуп сыртка чыкты. Жокебиз жетише албай эскиз артына эскиз жаратып түн уйкудан калганын эшиткен жайым бар. Байыркы кыргыз Теңирге, Көккө, Күнгө, Отко сыйынса, Жокең ошонун баарынын синтези болгон МАНАСКА сыйынып жатпайбы. Ошентип көркөм өнөрдөгү Манас ааламы жаралды. Көркөм өнөрдө жаңы манасчы пайда болду. Ж.Кадыралиевдин Бабабыз Манастын образына кайрылып калышы тууралу маек козголгондо кыл чебердин:”Энем Гүлайым минтип айтты эле:”Жоомарт боюмда бар кез.Түшүмдө Жылуу Булактын көзүндө отурган экем. Жогору жактан топ атчандар көрүнүп калды. Мени көрүп, ылдыйлап түшүп келишти.Мен апкаарып, сүрдөп кеттим. Манас... Манас Аталар экен дегендей түшүнүк болду. Аттары да абдан чоң, туяктары эле кемегенин ордундай, өздөрү болсо абдан зор кишилер экен, нурунан көз уялтат. “Балам, тилегиң кабыл болсун! Аман-эсен көз жарып ал, уулунду жакшы бак, биз кайрылып келебиз” деп жүрүп кетишти. Андан кийин, ошол аталардын колдоосу, тилек, батасы менен Жоомартым жарык дүйнөгө келди”.-деп айтканы эсимде. Манасчылар аян же түш көрүп манасчы болгондой эле Кадыралиев да Гүлайым эненин каны аркылуу манасчы болууга угут алган. Кыл чебердин табият тартуулаган таланты, зор дарамети менен Манас бизге кайрылып келди. А бирок ал башка өңүттөгү манасчы болду. Бул кашкайган чындык. Көркөм боектордун күүсү менен МАНАС ааламына тиш салды. Батылдыгын карачы! МАНАС дүйнөсү ары-бери чампалай кое турган нерсе эмес да. Анын сыры космос мейкиндигине сүңгүп кетет эмеспи. Миңдин бири гана ал ааламга кире алат. Тагдыр буюруп ошонун бири Жоомарт ага болуптур. А чындыгында МАНАС ааламына даап кире албай канча жыл түйшөлдү. Манаска байланыштуу бардык нерселер көз жаздымында калган жок. Турмуш шартка жараша Манастын аты коюлган жерлерди кыдыра албады. Калган карт тарыхты, “Манас” эпосун кара сөз менен жазган Ашым Жакыпбековдун “Теңири Манас” чыгармасын, Саякбай менен Сагымбайдын варианттарын баарын текши казып чыкты. Уйкусу качып, бала кезинен Маламберди чоң атасынан уккан бабалардын байыркы кебин эстеди. Байыркы кыргыз менен бүгүнкү кыргызды талдоого алды. Акыры Манас Бабабыздын өзүнчө бир образын табууга жетишти. Өмүрүнүн акырына дейин жүрөгү Манас деп согуп, Манас деп жашады. Турмушта карманган жалгыз принциби Манас болду. Манасты туу туткан бойдон кете берди... Баарына кол шилтеп кете берди. Тажаган го жалган дүйнөнүн миң кубулган сүрүнөн. Тажаган го бийликтегилердин канга сиңген кайдыгерлигинен. Тажаган го баарынан... Жөн кеткен жок артына зор мурас таштап кетти. Башкалардан өзгөчөлөнгөн, космикалык ой жүгүртүүсү бар кыл чебердин колунан Таластагы “Манас” этнографиялык комплексиндеги үч катмарлуу зор картина жаралды. Өнөрканасында “Манас ордосу” деп аталган кайталангыс, келечектеги урпактар үчүн, улут үчүн табылгыс долбоор, тарыхий архитектуралык монументалдык эстеликтин эскизи жарым-жартылай бүткөн тейде жетимсиреп турат. Не деген долбоор?! Бу эстеликтин эскизин кимдер гана көрбөдү? Кайран гана кыргызым, канга баткан кайдыгерлик желкеден ныгырып, келгендердин бир да бирөө Кадыралиевдин бул эмгегин колдоп эл алдында кеп кылууга жарабады. Кеп кылса болот эле. Арасында аттуу-баштуу маданият менен искусство адамдары, коомдук ишмерлер, бизнестин битин сыгып канын жалаган эл депутаттары бар эмес беле? Кантели, дагы бир жолу Кадыралиев кайдыгерликтин курманы болду. Улут жүзү боло турган эмгекти эл эгелери эшитпегенине жаны ачыган кыл чебер эки жылдан бери оору менен кармашты. Убайым чекти. Санаага алдырды. Чүнчүп, өнөрканасына басып келгенге даай албай турган абалга жетти. А чынында даай албайт болучу. Анткени өнөркананын эшигин ачса Айкөл Манас баш болгон чоролор суроолу карайт. Жокеңдин аларга берчү жообу жок. Айласы куруду. Болгон күчүн өзү чыгарган “Шер баян” күүсүнө чыгарды. Эртеден кечке кармаганы комузу, кулагына угулат Айкөл Манас добушу, күңгүрөнө сүйлөнүп, күүсүн чертет түрлөнүп. Шерлер менен баарлашкан кер толгоо бирде шаңшып бирде муңканат. ”Шер баянын” уккан адам тээ байыркы доорго сапар алып кырылган сайын кыйкырган, өчүргөн сайын өөрчүгөн кыргыз элинин баскан жолуна, кыйын кезең күндөрүнө, эл жерин сактоо үчүн баштарын канжыгага байлаган шерлердин шейит кеткенине жаны ачып жан дүйнөсү эңшерилет. Кептин ачыгы, Ала-Тоо аянтында Манас баш болгон кырк чоронун айкелдери орногондо Бишкек шаары бир кишинин пантеонуна айланбай өзүнчө түргө келмек. Деги Бишкек эмнеси менен мактанат?..

1111111  

Ж. Кадыралиевдин “Эсимде”, “Туулган жер”, “Репрессиянын курмандыктарына эстелик”, “Кош бол, Алымкан” жана башка ондогон чыгармалары кыргыз сүрөт өнөрүндө эчак эле өз ордун тапса, “Кылымдар дастаны” менен “Кыргыз Теңири” монументалдык эмгектери көргөн адамдардын көз жоосун алат.

Ал сүрөтчүлүктөн тышкары ырларды жазып, күүлөрдү да чыгарчу. Анын “Шумкар уя” менен “Шер баяны” аттуу күүлөрү “Камбаркан” этнографиялык оркестри тарабынан иштелип чыккан. Эли үчүн улуу эмгек жасап кеткен мекенчил Ж.Кадыралиевдин Ысык-Ата капчыгайында жандай көргөн шер бабаларын көздөй сапар чегишинин өзү символикалуу. Баарынан көңүлү калган кыл чебердин чындык издеп чыркырап, акыйкаттын жообун таппай акка моюн сунушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Өчүргөн сайын өөрчүгөн, өлтүргөн сайын тирилген көчмөндух-батырдем Жоомартын каны менен кирип, жаны менен чыкты. Бирок ал бүтпөйт. Түбөлүк. Анткени аны Теңирден нур болуп түшкөң, Асман менен Жердин тирөөсүнөн бүткөн, Алтын менен Күмүштүн ширөөсүнөн бүткөн, Айың менен Күнүңдүн бир өзүнөн бүткөн АЙКӨЛ МАНАСТЫН руху коштоп, буюктуруп Көккө сүңгүтүп алып кетти. Ал булактын көзүн ачты. Эмки максат булакты булгабоо... Болбосо, урпактардын каргышына калабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×