Добавить статью
10:54, 29 ноября 2024 6837

Махмуд Кашгаринин «Түрк сөздөр жыйнагындагы» макалдардын тарбиялык мааниси

Макалдар мурунку муундардын узак кылымдык турмуштук тажрыйбаларынан келип чыккан, келечек муунга мурастаган акылман ой насаатттарынын стандартташтырылган, стереотиптүү формадагы үлгүлөрү. Ошондуктан түрк элдеринде макалдар “аталар сөзү”, “бабалар акылмандыгы”, “акылман кеңеш нускалар” деген салттык педагогикалык категориялардын синоними катары каралат.

Ошондуктан келечек муундарга сабак катары арналган бардык мурастарда макалдар олуттуу орунду ээлейт. Андай мурастардын бири ХI кылымда жашап өткөн улуу ойчул, окумуштуу Махмуд Кашгаринин «Түрк сөздөр жыйнагы».

Махмуд Кашгари да агартуучу, аалым катары макалдарды тааныткыч жана тарбиялык маанисине карай кылдат иргеп, тандап алгандай туюлат. Сөздүктө орун алган 400гө жакын макалда түрк элдеринин балдарды тарбиялоо багытындагы акыл-ой корутундуларынын өзөктүү түшүнүктөрү камтылган деп айтууга толук негиз бар. Түрк элдери балдарды тарбиялоону толук жүзөгө ашыруу – бул ата-баба насааты менен тажрыйбасына каныккан жана ал баалуулуктарды андан ары өз алдынча өнүктүрүп, өз турмушун татыктуу кечирүү менен гана чектелбей, ата- энесине арка-жөлөк болуп, өз ордун басууга жарамдуу инсанды калыптоо катары аңдаган. Сөздүктөгү “Тай чоңойсо ат тынар, уул чоңойсо ата тынар” – деген макал дал ушул ойду бекемдөө үчүн айтылган. Бул ата тарбиясынын натыйжалуулугунун көрсөткүчү. Анткени, чалагайым тарбия көргөн бала ата-энеге арылбас түйшүк гана алып келет.

Сөздүктө, анын ичинде таалим-тарбия акыл жана билимге ээ болуу катары аңдалат. Алсак, “Ала болса йол азмас, билик болса сөз йазмас” – белги болсо жол(дон) азбас (адашпас), билим болсо сөз(дөн) жазбас (жаңылбас). Ээн талаада жол көрсөтүүчү белги болсо, жолдон адашпайт, кишиде билим болсо сөздөн жаңылбайт. Ал эми билимсиз бала жиликсиз улакка теңдештирилет: “Уғлақ йиликсиз. уғлан биликсиз” – улак жиликсиз, бала билимсиз [5, 243]. Сөздүктөгү насыяттар сыяктуу эле мында да билим өтө жогорку баалуулук катары каралат «Акыл менен арстанды да кармап алууга болот». Билим, өнөр үйрөнүү канчалык эрте башталса, ошончолук таасирдүү жугумдуу болот: Жаш кезде билгениң, ташка тамга баскандай».

Махмуд Кашгари “Адеп башы тил” – деген макалды өз эмгегинин лейтмотиви катары колдонгон. Анткени түрк элдеринин макалдарында тил маданияты менен дил маданияты өз ара ажырагыс биримдиктеги баалуулуктар катары каралган. Алсак, кыргыздар да жаш муундардын акыл-эс жактан өнүгүп-өсүшүн, алардын эне тилдин керемет-кенч казыналарын өздөштүрүүгө болгон ыкласы, ынтаасы көркөм сөзгө табити менен тыгыз байланышта караган. Адамдын адеп маданиятын обол кеп-сөзүнө карап баалашкан.

Ал эми “Сөзгө чөккөн туткун болот” (Сөзге сүгүнсе булун барыр) – деген макал кыргыз элиндеги “Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө”, “Бутунан мүдүрүлгөн турат, Сөзүнөн мүдүрүлгөн турбайт” – деген жаштарды кеп маданиятынын эрежелерине абай мамиле кылуу жөнүндөгү элдик эскертүүнү туюнткан макалдардын аналогу.

Балдардын инсан катары калыптанышы ата-тек маданияты менен тыгыз байланыштуу болоору, балдар ата-энелерине окшош болоору сөздүктөгү бир катар макалдарда белгиленет: “Ата оглы атач тогар” – “ata oglı ataç togar” - (Бала атасына окшошот). “Муш оглы муйав тогар” – “Мышык баласы мыйоолоп туулат” – (Бала атасы кылганды кайталайт) .

Түрк элдеринин салттуу көз караштары боюнча ата-энелердин жоосунсуз жоруктары өз балдарын, небере-чөбөрөлөрүнөн бери ыңтайсыз абалга калтырат. Эл ичинде “Кимдин баласысың? – деген суроо түпкүлүгүндө “Көргөн өскөнү, алган нускасы кандай болду экен? – деген маселени тактоо үчүн берилген. Атасы же энеси күнөө кылса, ал үчүн балдары да жаман атты болуп жер кароого туура келген. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндөгү “Атасы анасы ачыг алымла йесе оглы кызы тышы камар” - («Атасы, апасы ачуу алма жесе, баласынын тиши мокойт” – деген макал дал ошол педагогикалык акыйкатты туюнтат. Ошону менен бирдикте балдардын орунсуз кылык- жоруктары ата-энелерди жер каратып, кадыр-наркын сындырып коёору да белгиленет: “Оглан сув токер, улуг жаны синур” – Улан суу төксө, улуунун жамбашы сынат” .

Сөздүктө адам пендесин аз күнчөлүк өмүрдө эл-жер үчүн жакшы иштерди жасап, өзү жөнүндө элдин эсинде бекем эстелик орнотуп кетүүгө үндөгөн макалдар арбын кездешет. Алардын биринде “Эзгү эр сөңүкү эрир аты калыр” – (Жакшынын өзү арыса да аты арыбайт) – деп инсандын жасаган жакшы иштери канчалык көп болсо, эл эсиндеги өмүрү да ошончолук узак болоору белгиленет.

Буга ошол эле сөздүктөгү мотивдер айрыкча «Алп Эр Тонганы жоктоо», «Белгисиз баатырды жоктоо» деген кошок ырлар эң таасын мисал боло алат. Мында түрк элдери элге кадыры, наркы сиңген улуу инсандары, баатырларды акыркы сапарга абдан сый-урмат менен узатышканы айтылат. Мындай кырдаалдарда бүткүл улуу-кичүү дебей, ишин таштап, жер коргогон жоокерлер жарагын таштап, бейкут бөбөктөр эмчегин таштап, балдар оюунун таштап, кырк күн, кырк түн аза күтүшкөн. Эл ушул салты менен өз урпактарын баатырлардын жолун жолдоого тарбиялашкан. Аалым жаштарга калың эл тарабынан кастарланган журт унутпас адам болуш үчүн алар ушул Эр Тонгадай өмүр сүрүш ылазым экендигин эскертет.

Түрк элдеринин салттуу тарбия маданиятында атадан балага мал-мүлк, мурас калтыруу байыртан калыптанган салт. Бирок, ал балдардын колуна ата- эненин көзү өткөндөн кийин гана бөлүштүрүлүшү абзел. Эгерде ата-эне балдар үчүн топтогондорун көзү тирүүсүндө бала али мээнет кылып жашоо баркын жакшылап аңдай элек учурда эле өткөрүп берсе катачылык жасаган болот. Өз алдынча мээнет менен табылбаган дүнүйө балдарды даярга тап, жатып ичер жан бактылыкка адат алдырат. Мээнет кылуу тажрыйбасын, жан тери менен сезип, баштан кечирбеген бала акыр түбү ата-энесинин эмгеги менен кадырына да жете албайт. Бул багыттагы нукура турмуштук тажрыйбадан жаралган акыл ойлор “Ата тоны огулка йараса атасын тилемес” (“Атасынын көйнөгү уулуна чак келсе, мындан кийин атасын каалабай калат”) деген макалда берилген. Ошондуктан “Диванда” эмгектин адам турмушундагы маанисин ачып көрсөтүүгө, жаш муундарды эмгекке үндөп, өз мээнети менен жашоого багыт берген төмөнкүдөй макал-лакаптар бар: «Мээнеттин акыры ырахат», «Тикмейинче өнбөс, тикмейинче келбес», «Жазында эмгек кылсаң, кышында кубанаарсың», «Чакмак чакса туюлаар, кулак чалса билинээр», “Эр эмгегин эл жебейт, эл эмгегин эл жебейт”. “Эмгек талаада калбайт” (Эмгек екүндэ калмас) .

Макалдарда жаштарды турмуштук максат мүдөөгө жетүүдө аздан көпкө, жөнөкөйдөн татаалга карай акырындык менен аракет кылуусу нускаланат:“Эсендэ евга йок” – (Эсенчиликте шашылыш жок). Максатка жетүү миң баскычтуу астейдил иш аракеттерден турат: «Бири-бирин миң болоор, тама – тама көл болоор». Макалдарда шашып жасалган иш жана шашкалаак инсан сын көз менен каралып, ар бир иш ыгы менен жайма-жай жасалышы керек экендиги эскертилет: “Эсенчиликте шашылыш жок” (Эсендэ евга йок), “Ашыккан (шашкалак) үйүнө жетпейт” (Эвэк евга тегмес), “Шашкан чиркей сүткө түшөр” (Эвэк сиңэк сүткэ түшүр) сыяктуу макал-лакаптарды мисал келтирип, шашма болбогонго үгүттөгөн .

Сөздүктөгү макалдарда жаштарга эрте жашынан үй-бүлө күтүү боюнча кеңеш берилет: “Түнле йоруп күндүз севнүр, кичикде эвленип улгаду севнүр”-(“Түнкүсүн жүрүп күндүз сүйүнөт, жаш кезинде үйлөнүп улгайганда сүйүнөт”). «Карындаш келди дегенге кайрылбай, кайың келди дегенге кайрылгын» – деген макал төмөнкүдөй салттуу көз карашты билдирет. Түрк элдери кыз баланын бактысын ачык, келечеги кең болушу үчүн кандай журтка келин болуп барышын, кимдин уругун улоо үчүн кызмат кылаарын, ал журттун кыздын кадыр-баркына жете алыш же албастыгын ар тараптуу талдап, кылдат ойлоп чечишкен. «Кайыңга кайрыл» деген сөз ошол кызды эптеп эле күйөөгө бербестен, эң оболу анын болочок кайын журтуна көңүл бур деген элдик накыл сабакты билдирет. Болочок күйөө баланын анын тегине кароо, өнөрүнө, адамдык сапаттарына карап, таразалоо, талдоо үчүн атайын ар кандай сыноолорду өткөрүү салты элдик жомоктордо, дастандарда да таасын чагылдырылган.

Ошондой эле тескерисинче кайын журтка кылдат көңүл буруу келин алууда да башкы жөрөлгө болгон. Буга байланыштуу кыргыз элине «катын албай кайын ал», «тектүү жерден кыз ал» – деген байыртадан келаткан накыл кептер бар. Мындагы тектүү деген сөз кээ бирлери тескери чечмелеп жүргөндөй, кайын журттун материалдык жактан жетишкендиги, байлыгы дегендик эмес. «Тектүү» деген түпкү ата-тегинен бери эл ичинде каадалуу адамдык сапаттары бийик, нарктуу, өсүп-өнгөн өрнөктүү адамдардын мураскери деген түшүнүк. Ошондуктан куда-сөөк күтүүдө санжырага таянып алардын ата-тегин сураштырып билип, астейдил акылдашып, анан бүтүмгө келишкен.

“Диван” инсанды таануу, анын өзгөчөлүктөрүнө, кемчиликтерине карабай анын келечегинен үмүт үзбөй урматтоо менен мамиле кылуу сыяктуу акыл-ойлорду камтыган макалдарга бай. Алсак, “Нечеме обрак кедүк эрсе йагмурка йарар” (“Тон канчалык жыртылса да, жамгырга жарайт”) – деген макал кемчилигине карабай ар бир адамдын белгилүү бир артыкчылыктары бар экендиги жана аны четке сүрбөстөн гумандуу мамиле кылуу керектиги айтылат. Ушул эле ыңгайда Махмуд Кашгари сөздүгүндөгү макалдарда адам пендесин айырмалап, таанып билүүнүн татаалдыгы эскертилет: “Киши аласы ичтын, жылкы аласы таштын”– “Киши аласы ичинде, жылкы аласы тышында”, “Карга карысын ким билер, киши аласын ким табар”, “Карганын жашын, кишинин ичин билиш кыйын”. Инсандын ички түзүлүшү, руханий дүйнөсү өтө татаал түзүлгөн. Аны баамдап билүү үчүн билге (акылман) болуш керек деген.

“Диванда” ошол доордогу түрк эдеринин коомчул нравасынын б.а жеке адам менен калайык калктын биримдиги, элди жогору коюу салттары таамай, так туюнтулган. Буга байланыштуу «Эл калды, төрү калмас» – деген макалды Махмуд Кашгари араб окурмандарына «Мамлекетиң, дөөлөтүң калтырылса да, салт-каада калтырылбас» – деп түшүндүргөн. Муну «Эл бар учурда журт ээсиз калбайт» – деп кабылдоого болот.

Ошентип, Махмуд Кашгаринин сөздүктөрүндө педагогикалык акыл ойлордо орто кылымдагы башка түрк ойчулдарына салыштырмалуу жалгыздыкты четке кагуу тагдырын, бак-таалайын эл менен биримдикте гана элестетүү идеялары бекемделген. Өзүмчүлдүк, обочолонуу жана менменсинүү кесирлүү жорук катары эсептелет. Буга байланыштуу сөздүктө кыргыз тилиндеги “Жалгыз аттан чаң чыкпайт”, “Көл таянычы жер, көсөм таянычы эл”, “Эр кайраты бир күндүк, эл кайраты миң күндүк”, “Эрден озмок бар, элден озмок жок” – сыяктуу макалдарга үндөш, тектеш. “Жалгыз каз добуш бербейт” (Йалңус газ өтмэс) – деген макал кезигет.

Бул макаланын алкагында Махмуд Кашгаринин «Түрк сөздөр жыйнагындагы» макалдардын баарын талдоо мүмкүнчүлүгү болбоду. Ошону менен бирдикте бул багытта дагы бир катар изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин көрсөттү. Биздин пикирибизде сөздүктүктөгү макалдарды кыргыз элинин салттык педагогикалык маданиятынын өзөгүн түзгөн макалдар менен өз ара байланышта изилдеп, иретке келтирүү жана таалим тарбия чөйрөсүндө колдонуунун жолдорун айкындоо актуалдуу илимий-практикалык милдет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

26-04-2023
Пикирлеш инсан жана илимпоз Куссеин Исаевди эскерүү
69132

22-04-2021
Адамгерчиликке тарбиялоонун асыл сабактары
96324

03-12-2020
Ой-пикир: Кыргыз коому жана балдар
118417

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×