Добавить статью
13:33, 29 ноября 2024 130

Кыргызстандын негиздөөчүлөрү жана мамлекеттүүлүктү калыптандырган салттуу баалуулуктар

Кыргыз мамлекеттүүлүгү — узак жана татаал тарыхый процесстер менен коштолгон. Кыргыз эли тарыхта ар кандай коомдук-саясий кризистерди жеңе билген жана туруктуулугун көрсөтө алган улуу эл. Кыргыз мамлекеттүүлүгү биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыктын аягында пайда болгондугу белгилүү. Ошол мамлекеттүүлүктүн коргоочусу катары саясий элита дайыма маанилүү роль ойногон. Тарыхтын ар бир этабында элдин лидерлери мамлекеттүүлүктүн түптөөчүлөрү болуп чыккан.

1917-жылдагы Октябрь революциясынын жеңиши жана СССРдин түзүлүшү кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн жаңыча түшүнүүгө түрткү берди. Кыргызстандын негиздөөчүлөрү жана алардын аракеттери улуттук биримдиктин, мамлекеттүүлүктүн калыптануусунда зор мааниге ээ. Ошол инсандардын эмгектери менен жалпы кыргыз элинин эрки улуттук баалуулуктарды жана мамлекеттүүлүктү калыптандыруудагы маанилүү факторлор болуп саналат. Биздин милдетибиз — алардын мурасын урматтап, келечек муунга өткөрүп берүү.

Төмөндөгү макалада Кыргызстандын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Ишеналы Арабаевдин мамлекеттүүлүктү калыптандыруудагы ролу жана агартуу тармагындагы өзгөчө орду каралды. Ошол учурдагы калктын жашоо-турмушунун дээрлик басымдуу бөлүгү улуттук салт-санаа менен бирге Ислам дининин баалуулуктарына байланыштуу болгондугу белгилүү. Дал ошол диний түшүнүктү жаңы доордун стандарттарына жана талаптарына, ошол эле учурда улуттук иденттүүлүккө ылайык моделдештирүүдө Ишеналы Арабаевдин зор эмгеги мамлекеттүүлүктү калыптандыруудагы негизги факторлордун бири болуп саналат.

И.Арабаевдин 100 жыл мурун аткарган иштериндеги көрөгөчтүгү, эл агартууда диний баалуулуктар менен жаңы айкалыштарга дыкат, абай мамиле кылуусу бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү билим берүү жана дин жаатындагы тенденцияларга баа жеткис үлгү деп атасак болот. Динге жамынган айрым фанаттар мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыктарды четке кагып, каада-салтыбызды чанган учурлар да жок эмес. 20-кылымдын башында эле элибиз кат сабаттуулугу жагынан гана эмес, дин тутунуу жана улуттук каада-салтыбызды кармануу жагынан бүгүнкү муунга үлгү болгонун белгилегим келет.

И.Арабаевдин философиялык көз караштары жана коомдук ишмердүүлүгү бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпойт. Анын иштери, элдин динге жана улуттук баалуулуктарга болгон мамилесин бекемдөөгө багытталган. Арабаевдин мурасы — билим берүү системасындагы жаңы тенденцияларды белгилөө менен бирге, улуттук иденттүүлүгүбүздү сактоонун маанилүүлүгүн да көрсөтөт. Ошондуктан, бүгүнкү жаш муунга анын идеялары аркылуу билим берүү жана диний баалуулуктарды интеграциялоо менен коомубуздун руханий баалуулуктарын жаңылоо зарыл. Ишеналы Арабаев 1882-жылы Кочкордун Күнбатыш айылындагы жупуну үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы эрте каза болуп, турмуштун катаал сыноолоруна туш болгон жаш Ишеналы билим алууга болгон умтулуусун эч качан таштаган эмес. Алгач айылдык молдонун үйүндө кызмат кылып, молдонун колунан тамга таанып, диний билим алган. Бирок бул анын көксөөсүн толтурган эмес. Окуусун улантууну эңсеп Караколго барып, андан ары билим алуу максатын ишке ашырууга умтулган. Кийинчерээк Россиянын Оренбург шаарына барган. Бул анын дүйнө таанымын кеңейтүү жана билим алуусун дагы тереңдетүү аракети эле.

Оренбургдагы белгилүү Хусейиния медресесине өтпөй калганына карабастан, айылына кайтып баруу анын оюна да келбеген. Анын ордуна Түркияга жол тартып, жарым жылдай ал жактагы түрк гимназиясынан билим алган. Андан соң Измир, Бейрут, Медина сыяктуу бир катар шаарларды кыдырып, Меккеге чейин барганын билебиз. Бул сапарлар анын билим алууга болгон умтулуусунун жана жаңы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө болгон дилгирлигинин көрсөткүчү болгон. Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, билим алуу үчүн өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонгон. Анын бирден бир изги тилеги Уфадагы Галия медресесинде окуу эле. Ал бул максатына жетип, андан ары ой өрүшүн кеңейтип, агартуучулук ишмердүүлүгүнө активдүү киришкен.

Арабаевдин жашоосу билимге болгон кумар жана элди агартууга болгон терең ишеним менен сугарылган. Ишеналы Арабаевдин билимин кеңейтүү жана агартуучулук ишмердүүлүгү Галия медресесинен башталган. Бул медресе өзүнүн бай китепканасы жана заманбап билим берүү системасы менен белгилүү болгон. Медреседе Чыгыш жана татар аалымдарынын, орус окумуштууларынын эмгектери, Батыш Европанын агартуучуларынын жана философторунун орус, татар тилдериндеги котормолору жыйналган. Мындай абал медреседе билим алуу үчүн күчтүү база болуп, студенттерге заманбап билимди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берген. Галия медресесинде окуган студенттер билим алууга гана эмес, коомдук турмушка да активдүү катышып, саясий ишмердүүлүктөргө аралашып турушкан. Алар ошол кездеги Россиядагы жана дүйнөдөгү саясий-социалдык тирешүүлөргө үн кошуп, коомдук маселелерге көңүл бурушкан. Ишеналы Арабаев да медресенин мыкты окуучуларынын бири болуп, аталган процесстерге жигердүү катышканын Галия медресесинде чогуу билим алган замандаштарынын эскерүүлөрүн белгилөө маанилүү.

Арабаев билим алуу процессинде классикалык исламдын негизги жоболорун да терең түшүнүп, ошол эле учурда илимдин жетишкендиктерин пайдаланууну колдогон. Элдин сабатсыздыгын жоюу, илим-билимди жайылтуу аркылуу коомду өнүктүрүүнү көздөгөн. Мындай аракеттери жергиликтүү тургундардын арасында ислам маданиятын өнүктүрүүгө жана аны заманбап цивилизациянын жетишкендиктери менен айкалыштырууга багытталган. Ошол мезгилде диний көз караштагы окуу жайларды заман талабына ылайык реформа кылуу маанилүү орунга чыкканын, анын натыйжасы менен кат сабатсыздыгын жоюуга дилгир болгон элдин катмарын дүйнөлүк жаңы агымга буруу максатталганын буга чейин жазылган илимий эмгектер далилдеп турат. Заманбап бурулуш жасоого татар аалымдарынын Жадидчилик интеллектуалдык кыймылынын методикасынын Россия империясынын карамагындагы жалпы түрк элдеринин арасында тамыр жайышы мааниге ээ.

Арабаевди жалпы журт 20-кылымдын башындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү интеллигенциянын мыкты өкүлү, эл агартуунун локомотиви катары таанып келсе, анын ошол аракеттери кандай шартта жана кандай методикада мезгил жүрүшүн жаңы нукка бургандыгын кенен таанууга учур келгендигин белгилеп койгум келет. Усули-и жадид методикасынын негизинде билим берүү процессин жаңыртуу, табигый-гуманитардык дисциплиналарды интеграциялоого жана илим менен диний билимди айкалыштырууга багытталган. Анын жана ошол учурдагы агартуучулардын ушул аракеттери кыргыз билим берүү системасында алгылыктуу өзгөрүүлөргө жол ачкан. Жадидчилик 19-кылымдын аягындагы жана 20-кылымдын башындагы ислам коомундагы кардиналдуу өзгөрүүлөрдүн натыйжасы катары жаралганы байкалып турат. Жадидчилик исламдын консервативдүү багыттарына каршы чыгып, билим берүү системасын жаңыртууга, социалдык жана саясий кырдаалды жакшыртууга багытталган кыймыл катары эске алынышы керек. Жадидчилик кыймылы 19-кылымдын аягы жана 20-кылымдын башында пайда болгон исламдын модернисттик кыймылы катары социалдык жана маданий өзгөрүүлөргө багытталган. Ал негизинен билим берүүнү реформалоо үчүн, консервативдик "кадимизмге" альтернатива болуп, элдин сабатсыздыгын жоюу максатын көздөгөн. Бул кыймылдын башатында татар аалымдары Габденнасыр Курсави жана Шигабутдин Маржани сыяктуу аалымдар жана агартуучулар турган. Алар исламдын салттуу билим берүү системасын жаңыртып, аны Батыштын илимий жетишкендиктерине ыңгайлаштыруунун зарылдыгын түшүнгөн. Жадидчилик кыймылы 19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башында Россиянын мусулмандары жашаган ар кайсы аймактарда — Крым, Урал, Волга боюнда жана Түркстанда кеңири жайылган. Жадидчиликтин максаттарын реалдуу ишке ашыруучу Исмаил Гаспринский болгон, ал жаңы ыкмадагы мектептерди түзүп, билим берүүдө жаңы усулдарды киргизген.

Жадидчилик кыймылы ислам билим берүүсүн реформалоого жана аны батыштык илимий жетишкендиктер менен шайкеш келтирүүгө багытталып, Ислам дини жана анын канондору жашоонун бардык аспектилерин жөнгө салат деген ишенимге карабастан Россиядагы окумуштуу мусулмандар Батыштагы илимий жана технологиялык жетишкендиктерге кызыгуу менен карап, исламдык билим берүүнүн траекториясын өзгөртүүгө аракет кылышкан. Иджтхат (интеллектуалдык эркин изденүү) жана билим берүүнүн жаңылануусу бул кыймылдын негизги максаттарынын бири болгон.

Жадидчилик кыймылы ислам билим берүү системасында диний сабактарга кошумча табигый жана гуманитардык предметтерди киргизүүгө басым жасаган. Бул өз кезегинде мусулмандардын билим деңгээлин көтөрүп, аларды заманбап дүйнөнүн талаптарына жооп берүүгө даярдоо максатын көздөгөн. Илимий эмгектердеги жадидчиликтин ар кандай аныктамалары жана концепциялары — анын көп жактуу жана түрдүү экенин көрсөтөт. Бир жагынан жадидизм реформациялык кыймыл катары — билим берүү, социалдык катмарды жана идеологияны жаңылоо максатында пайда болсо, экинчи жагынан — ал элдин эркиндиги үчүн күрөшкөн кыймылдын элементтерин да өзүнө камтыйт.

Орто Азиядагы жана Кыргыз жергесиндеги жадидчилик кыймылы Түркстандагы агартуу иштерине чоң таасир эткен. Кыргызстандын аймагында жадидчилик мектептери 1901-жылдан тартып ачыла баштаган. Бул мектептердин максаты элдин билим деңгээлин көтөрүү жана аларды заманбап билим берүү системасы менен тааныштыруу эле. Дал ушул агымды туура кабылдаган белгилүү эл жакшылары өз аймактарында аталган методиканын негизинде билим берүүчү медреселерди салып, медреседе билимдүү агартуучуларга каражат бөлүп өзүлөрүнүн келечекке карата көсөмдүгүн далилдешкен. Анын бирден-бир мисалы катары Шабдан Жантай уулунун Чоң Кеминдеги Шабдания медресесин атасак болот.

Аталган тенденциянын натыйжасында 1917-жылга чейин Кыргызстандын аймагында 30га жакын мектеп-медреселер ачылган. Арабаевдин жадид методикасын колдонуусу, коомдук-саясий турмушка активдүү катышуусу жана билим берүү системасын жаңыртууга болгон умтулуусу кыргыз интеллигенциясынын өнүгүшүнө чоң таасир эткен. И.Арабаевдин методологиясы, «жадидчилик» кыймылынын таасири менен билим берүүнү модернизациялоо жана кеңейтүү максатында иштелип чыккан. Ал жаңы ыкмаларды, ошондой эле классикалык ислам билимдерин жана европалык илимдерди айкалыштырып, кыргызстандык жаштар үчүн заманбап билим берүү системасын түзүүгө аракет кылган. Анын казак агартуучусу Хавза Сарсикеев менен бирге жазышкан «Алифба йаки төтө окуу» китеби окуу, тамга таануу процессин бир кыйла жеңилдеткен жана заманындагы жаштардын оңой билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен. «Жазуу өрнөктөрү» эмгегинде болсо жазуу эрежелери, каллиграфия, тамгаларды кооз жазуу үлгүлөрү берилген. Мындай методдордун өнүгүшү, кыргыз коомунун интеллектуалдык жана маданий жактан өркүндөшүнө чоң салым кошуп, жадидчиликтин негизги принциптерин практикада колдонууну камсыз кылган. И.Арабаевдин билим берүү методикасы убакыттын өтүшү менен улуттун маданиятындагы жана интеллектуалдык өнүгүүсүндөгү маанилүү элемент болуп калды. Ал өзүнүн доорундагы эң маанилүү маселелерге көңүл буруп, диний, социалдык жана маданий тынчтыкты орнотууга аракет кылган. Анын ошол доордогу жаңыча тушүнүгү, мамлекеттүүлүк идеясын бийик туткандыгы бүгүнкү күндө дагы актуалдуулугун жоготпой келет. Анын мисалы катары учурда мамлекеттүүлүк жана улуттук кызыкчылык көз карашы менен караганда өлкөбүздөгү диний билимдердин жана түшүнүктөрдүн заман талабына шайкеш болуусу маанилүү. Келечектеги пайда болуучу маселелерди алдын алуу жана ага карата жаңыча методикаларды иштеп чыгуу күн тартибинин негизги темасы деп атасак болот.

Мамлекеттүүлүгүбүздүн кайра жаралышы, бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн башаты катары эсептеп жаткан Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров өз жарлыгында Абдыкерим Сыдыковду, Иманалы Айдарбековду, Жусуп Абдрахмановду, Абдыкадыр Орозбековду, Ишеналы Арабаевди азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жана алардын элесин урматтоо Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын ыйык парзы деп атады. Дал ушул өзгөчө аталышка татыктуу болуп, улут атасы аталуу жөнөкөй иш эмес.

Ишеналы Арабаев ошол учурдагы коомдогу билим берүү системасын, ошондой эле мусулман жамаатынын менталитетин өзгөртүүдө зор роль ойноп, ишмердүүлүгү жаңыдан түптөлүп келе жаткан Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалынын бекемделишине жана өз элинин келечек тагдырына терең таасир берип, ошол кездеги жана кийинки муундар үчүн баа жеткис үлгү болуп калды.

ишеналы арабаев, самат аянкулов
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×