Добавить статью
15:36, 13 мая 2025 394

Баткен тоо-кен тармагы: Өнүгүү жолубу же колдон чыгарылган мүмкүнчүлүкпү?

Баткен облусу — Кыргызстандын эң кооз жана өзгөчө аймактарынын бири. Жаратылыш байлыктарына жана эмгекчил элине карабастан бүгүнкү күндө регион бир катар олуттуу экономикалык кыйынчылыктарга туш болууда: өндүрүштүн жоктугу, жумуш орундардын тартыштыгы жана жаштардын массалык түрдө чет өлкөгө эмгек миграциясына кетиши. Мындай шартта кен тармагын өнүктүрүү туура жана жоопкерчиликтүү мамиле менен аймактын өсүшүнүн локомотивине айланышы мүмкүн.

2024-жылдагы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, облуста 570 миңге чукул адам жашайт. Бирок чыныгы туруктуу калктын саны андан аз: 80 миңден ашуун баткендик — негизинен Россия менен Казакстанда иштеп жүргөн эмгек мигранттар. Ар бир үчүнчү үй-бүлөдө кимдир-бирөө сыртта иштөөдө. Мунун себеби — туруктуу киреше жана жумуш орундарынын жоктугу. Региондо калкты иш менен камсыз кыла турган ири ишканалар дээрлик жок. Жаштар келечек көрбөй, кетүүгө аргасыз. Бул экономикалык гана эмес, коомдук карым-катнаштардын да бузулушуна алып келет. Ушундай шартта кен тармагы Баткендин келечегин өзгөртө турган маанилүү фактор боло алмак.

Азыркы абал: өндүрүштүн жана жумуш орундардын жоктугу

Бүгүнкү күндө Баткенде ири өндүрүш ишканалары дээрлик жок. Жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү жоктугунан аймактын тургундары үй-бүлөсүн жана мекенин таштап, чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болууда. Ошол эле учурда, Баткен жери алтын жана башка кен байлыктарына бай. Эгерде алар туура пайдаланылса, абалды түп-тамырынан өзгөртүүгө мүмкүн. Кен өндүрүү тармагы миңдеген жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү бюджеттерге каражат түшүрүп, инфраструктуралык долбоорлорду каржылап, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт.

Кен тармагынын артыкчылыктары

Башка өлкөлөрдүн жана аймактардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, кен тармагы төмөнкүдөй пайда алып келет:

• Жумуш орундардын түзүлүшү. Жаңы ишканалар инженерлер, геологдор, механиктер, айдоочулар, куруучулар жана башка адистерди талап кылат;

• Салыктык түшүүлөрдүн өсүшү. Кампаниялар ар кандай салыктарды, роялти жана лицензиялык төлөмдөрдү төлөп, алар бюджетке түшөт;

• Инфраструктуранын өнүгүшү. Ишканалар иштеши үчүн жолдор, электр линиялары, суу түтүктөрү курулуп, кийин алар элге кызмат кылат;

• Чакан бизнестин жанданышы. Завод-фабрикалардын айланасында дүкөндөр, кафе-ресторандар, мейманканалар жана тейлөө кызматтары пайда болот;

• Кесиптик деңгээлдин жогорулашы. Жергиликтүү тургундар заманбап шарттарда иштеп, жаңы билим жана тажрыйба алышат.

Бул артыкчылыктар Баткен үчүн өзгөчө маанилүү — экономикалык өсүшкө жол ачкан ар бир мүмкүнчүлүк бул аймак үчүн чыныгы «алтын мүмкүнчүлүк».

Жеке тажрыйбадан: алтын кен компаниясын жетектөө

Мен өзүм Баткен облусундагы алтын казуучу компанияны жетектеп турганда бул тармактын бардык кыйынчылыктары менен өз тажрыйбамда жолуктум. Биз жергиликтүү тургундарды жумушка алып, жолдорду куруп, салыктарды убагында төлөп, региондун кызыкчылыгын эске алып иш жүргүзүүгө аракет кылдык. Бирок ар дайым тоскоолдуктар чыгып турду. Негизги көйгөйлөрдүн бири — калктын бир бөлүгүнүн ишенимсиздиги. Ошондой эле кесипкөй адистердин жетишсиздиги да чоң маселе. Баткенде кен тармагына тиешелүү кадрларды даярдаган окуу жайлар жок. Геолог, инженер, механик жана тоо-кен жумушчулары сыяктуу адистер жетишпейт. Бул көйгөйдү чечүүнүн жолу — атайын кесиптик борборлорду жана тоо-кен колледждерин ачуу. Бул мекемелер жергиликтүү жаштарды керектүү билимге ээ кылып, сырттан адис тартууга болгон муктаждыкты азайтат.

Дезинформация жана чагымчыл аракеттер

Көп учурда эл арасында кен иштетүү сөзсүз түрдө экологиялык кырсыкка алып келет деген жалган маалыматтар тарайт. Мындай коркуулар айрым чагымчыл адамдардын аракеттери менен күчөйт — алар жеке кызыкчылыктары үчүн элди адаштырат. Эл арасында эң көп айтылчу мисал — Кумтөрдөгү цианид төгүлгөн окуя. Бул окуя чындыгында элдин эсинде оор таасир калтырган. Бирок ошол убактан бери технологиялар алдыга жылып, экологиялык талаптар кыйла катуу болуп калды. Азыркы замандын ишканалары мамлекеттик көзөмөл алдында иштеп, коопсуз жана заманбап ыкмаларды колдонушат.

Өзгөрүү зарылдыгы

Кен тармагына болгон мамилени өзгөртүү убактысы келди:

• Калкты заманбап технологиялар, экологиялык коопсуздук жана пайдасы тууралуу туура маалымат менен камсыз кылуу;

• Жергиликтүү бийлик органдарынын инвесторлор менен активдүү иштешин камсыздоо;

• Компаниялардын ишине катуу көзөмөл орнотуу — экологиялык стандарттар так сакталууга тийиш;

• Компаниялардын ишин ачык-айкын кылуу — коомдук угуу өткөрүү, ачык отчет жарыялоо, калк менен түз байланыш түзүү.

Баткен — кен тармагы аркылуу өнүгүүгө жетчү мүмкүнчүлүк 

Баткен облусу үчүн кен тармагы — жөн гана бир мүмкүнчүлүк эмес, экономикалык абалды өзгөртө турган реалдуу жол деп ойлойм. Жергиликтүү бийликтин жана коомчулуктун колдоосу менен бул тармак аймактын өнүгүшүнө, жумуш орундардын түзүлүшүнө жана коомдук туруктуулукка шарт түзөт. Болжол менен, ар бир ири кен ишканасы 500дөн 2000ге чейин жумуш ордун түзө алат. Бул жумуштарга тоо-кен жумушчулары, инженерлер, механиктер сыяктуу түз кызматтардан тышкары, куруучулар, транспорт кызматтары жана тейлөөчүлөр да кирет. Бюджетке салыктар, роялти жана башка төлөмдөр аркылуу ондогон миллион сом түшөт.

Кен тармагы ошондой эле кесиптик билимге болгон суроо-талапты жогорулатат. Окуу борборлорун жана тоо-кен колледждерин түзүү — адистерди жеринен даярдоо мүмкүнчүлүгүн берет. Болжол менен бул мекемелер кадрларга болгон муктаждыктын 70%га чейин канааттандыра алат.

Эгер ушул багытта системалуу жана биргелешип иш жүргүзүлсө, Баткен облусу экономикалык өсүштүн жана өнүгүүнүн үлгүсү боло алат. Эң негизгиси — эл, ишкерлер жана бийлик өз ара кызматташып, бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керек. Анткени кен тармагы — Баткен үчүн чоң мүмкүнчүлүк.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×