Улутубуздун таланттуу инсаны Сүйүнбек Касмамбетовдун экинчи «Нарк куржунун» кылдаттык менен окуп чыктым. Анда айтылган кыргыздын кымбат сөздөрү мага аябай таасир калтырды.
Эгерде биз байыркы кыргыз тилин нукура сөздөр менен байыткыбыз келсе, анда азыр сөз болуп жаткан чыгарманы талдоо зарыл. Жаш муундарга гана эмес, совет доорунда өнүп-өскөн биздей улуу муундар үчүн дагы бул сабак болмокчу. Ошентип, айрым түшүнүктөргө атайын токтолуп, алардын биз үчүн кандай мааниси бар экендигине баа берип көрөйүн.
КУРЖУН
Биринчиден, «Куржун» деген сөз кыргыз үчүн ыйык түшүнүк. Бала кезимде ат минип алып Ак-Талаанын Орто Сырт, Чалк Өйдө, Арпа жана Соң-Көл жайлоолорун көп кыдырдым. Жолго чыгаарда чоң энем Кадый өз колу менен жасаган куржунга кийим-кече жана тамак-ашты салып берчү. Адегенде, «мунун эмне кереги бар, ботом жолдо эл-журт, айыл-кыштактар бар эмеспи, алар кантип эле мени ачка койсун» деп ойлочумун. Бирок, баягы «үйүңдөн жарым кадам чыкканда эле сен мусаапырсың» деп айткандай, куржундун пайдасын ошол жол жүргөндө билдим. Куржунуң болсо, көңүлүң ток, маанайың жарык болот турбайбы. Каалаган жериңе токтоп, атыңды тушап көк чөптөрдү жедирип, анан куржундан энең өз колу менен салып берген тамак-ашты жеп отуруш — бул өзүнчө эле бир рахат болчу. Жаратылыштын тазалыгына моокунуң канып, курсак бат эле тоюп калчу. Анан жол азыкты эч коромжуга учуратпай, нанды күкүмүнө чейин жеп, куржунду кайра жыйнап, нары көздөй жөнөөр элем. Аттиң, ошол мезгил кайра бир келсечи?
1951-жылы 15 жашымда орто мектепти бүтүп, окууга өтөм деп, Поронзого (Фрунзе) жөнөдүм. Ал кезде жол тосуп, анда-санда жүк ташып келе калчу ачык машинелердин үстүнө чыгып алып жөнөчүбүз. Андай машинелерди «полуторка» деп коюшчу. Нарынга келгенде тим эле кыйратып койгонсуп мурунду көтөрүп калчубуз. Ал жерден андан ары машинеге түшүү оңоюраак болчу. Себеби, Ат-Башы аркылуу Кытай тараптан оор жүк ташып келген «SU» (Советтер Союзу) деген машинелер үзүлбөй, Рыбачьеге чейин тынымсыз каттап турчу. Кабиналары кенен болуп, үч кишиден отуруп алып жыргап калчубуз.
Атам Акимаалы «Алыска баратасың» деп, тыйын-сыпыр берчү. Апам болсо куржунду толтуруп, ийиниме асып койчу. Анан Рыбачьеге кеч келип, түнөп калчубуз. Ошондо артыңдан түрткөн бул шаарчанын шамалы эсимден кетпейт. Араңдан сорго мейманканага жетчүбүз. Кээде орун жок деп, коридорго жаткырып коюшчу. Башкасын унутсам дагы ошол жердин канталасы дайыма эсимде. Тим эле денеңдин канын соруп, таң аткыча уктатчу эмес. Ошондо баягы куржунду алып чыгып, кадимкидей тамактанчубуз. Эртең менен эрте туруп, борборго жөнөчүбүз. Анда-санда автобуска туш келип, жыргап барчубуз. Жай мезгил болчу, Ак-Талаадан чыккан атактуу манасчы, комузчу, обончу жана ырчы Молдобасан Мусулманкулов атанын үйүнө кирип бардым. Фрунзе шаарынын «Кыргыз» деген көчөсүндө (азыркы Орозбеков) жер тамда турушчу. Апам куржунга салган тамак-ашты дасторконго жайчумун. Алар: көмөч нан, сары май, талкан жана курут эле. Үйдүн тамагын сагынып калышканбы нанды кол менен туурап, сары майга салып, бат-бат жей башташчу. Ошондон баштап менин ишим оңолду. Айыл чарба институтуна өтүп, студент болдум, борбордо жашап калдым.
1951-жылдын 1- сентябрында биринчи жолу Чыңгыз Айтматовду көрдүм. Ал зоотехника факультетинин 3-курсун бүтүп, жападан жалгыз сталиндик стипендиат экен. 1954-жылы биринчи жолу Москвага поезд менен алты сутка жүрүп, физкультурниктердин Бүткүл союздук парадына катыштым. Сталин атабызды мавзолейден көрдүм. Тим эле тирүү киши уктап жаткандай сезилчү. 1956-жылы экинчи жолу Москвага профсоюздун көркөм чыгармачылыгынын Бүткүл союздук кароосуна катышып, 5 бала Атайдын «Маш ботоюн» кол ойнотуп, черттик. Лауреат болуп кайттык. Ошол эле жылы айыл чарба институтунун агрономия факультетин ийгиликтүү аяктап, өндүрүшкө иштегени кеттим. Эки жылдан кийин кайра Фрунзеге келип, аспирантурага өттүм. 3 жылдын ичинде диссертацияны жазып, айыл чарба илимдеринин кандидаты болдум. Ушундай маанилүү жакшылыктарды мен кыргыздын куржуну менен байланыштырам.
ЧАНАЧ
Малдын терисинен жасалган саба жана чаначка куюлган кымыздын даамы эсимден кетпейт. Жаш кезде жайлоодо жүргөн мезгилде сабага куюлган бээнин жаш сүтүн аябай бышчу элек. Кээде 100 же 200гө чейин саначубуз. Саба тим эле күрпүлдөп, өзүнүн ыраазычылыгын билдирип жаткандай сезилчү. Анан аябай бышкандан кийин кымыздын үстүнөн кара түрдөгү майда тоголок заттар чыкчу. Аны биз кереги жок нерсе экен деп алып таштоого аракет кылчубуз. Анан улуулар бизди токтотуп: «Эй балдар буга тийбегиле, муну кымыздын майы деп коёт. Бул деген силер — балдарым, сапаттуу бышканыңарды тастыктап турат. Бул үчүн силерге абдан ыраазыбыз» деп бизди мактап коюшчу. Ышталган сабадан чыгып чаначка куюлган кымыздын жытын кантип унутабыз? Андай кымызды ичкиң эле келе берчү. Тактап айтканда, чанач — бул кыргыздын кылым санап ойлоп тапкан табигый жана экология жагынан таза идиши болуп эсептелет. Анан жайлоодон жакага аттанганда Кадый чоң энем кол чаначка кымыз куюп, ээрдин башына байлап берчү эле. Ат менен бир күнү кечке жол жүрчүбүз. Келе жатып чаалыкканда бир шаркыраган суунун жээгине токтоп, чаначты кайрып туруп кымыздан иччүбүз. Жолдо келе жатканда өзүнөн-өзү бышылып отуруп кымыз тим эле бал болуп калчу. Андай кымыздын сиңимдүүлүгүн айтпай эле коёюн, тез эле аш болуп кетчү. Ошондон кийин темирден жасалган флягага куюлган кымызды иче алчу эмесмин, анткени даттын жыты сезилип эле турчу. Кыскасы, саба менен чанач — көчмөн цивилизациядан бизге калган баасыз белек. Ушуну унутпайлы жана ардактайлы.
Чаначтан кийинки мыкты буюм — бул жыгачтан жасалган идиштер болуп саналат.
БЕШИК
Бул дагы көчмөн элибиздин жашоо шартына ылайыкталып жасалган таң калаарлык табылгасы. Сүйүнбек Касмамбетов жазгандай, «Кыргызда байыртан айымдарга, анын ичинен көч ичиндеги бешик өңөргөн айымдарга өзгөчө сый мамиле жасалган. Жашы бир топко барып калса да акылман Эне көчтө өзү жол баштабай, ийилип жүгүнүп, өтүнгөндөрүнө карабай, бешик өңөргөн келиндерди «салтыбызда бешик улуу болот» деп, алдыга өткөргөн». Менин тунгуч уулум Асылбек 1962-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Атасы мен ошондо 26 эле жашта экенмин. Эми ымыркай баланы кантип багабыз деп отурсак, Жумакан апам Ак-Талаанын Үгүт айылынан мени жана инилеримди салып жүргөн илгерки бешикти алып келиптир. Жашаганыбыз дыйканчылык институтунун жанындагы барак тамдарынын бир бөлмөсү. Коридордогу маңдайыбызда дагы бир жаш үй-бүлө жашайт. Анан апам тамак бышыртып, ырым-жырымын жасап, уулубузду өз колу менен бешикке салды. Кымындай баланы жаткырып, белинен бекем байлап койгондо, «бала кандай болот» деп чочуп кеткеним эсимде. Анда апам күлүп-жайнап «сени деле ушинтип бакканбыз, бешиктеги бала таза болот, силерге да жеңил» деп түшүндүргөн. Өзү дагы биз менен бир ай шаарда жашап, небересин өпкүлөп багып жатты. 1968-жылы экинчи уулум Манас төрөлүп, аны дагы ошол бешикке салдык. Кийинчерээк аны апам айылга алып кетти.
Бешиктин пайдасын мен дагы көрүп калдым. 1954-жылы Москвага физкультурниктердин Бүткүл союздук парадына барып калдым. Ошондо катышуучуларды атайын комиссия талдап жатканда, бир орус спортчу мага мындай деген суроо берди:
− Эмне үчүн бир топ балдардын буту ийри, ал эми сеники болсо линейкадай түптүз?
− Анткени мен кымындай кезимде кыргыз бешигине жатканмын, бутумду былкылдатпай байлап коюшчу. Ошол үчүн түз болуп калса керек, - деп жооп бердим.
− Кызык экен, - деп аябай таң калган.
АТА
Жашоодо Атанын орду өтө бийик, анын туу чокусу. Кыргыз элинин кылымдап келе жаткан салтына ылайык үй-бүлөнү ата башкарып келген. Сөзсүз, эненин орду да өзгөчө. Ал атанын таянычы жана ишенген тылы. Бул жагынан бизге Манас бабабыз менен Каныкей апабыздын мамилелери үлгү болушу абзел. Атанын биринчи орунда тургандыгынын дагы бир далили — бала жакшы же жаман болсо дагы эл аны «Акматтын же Ташматтын уулу» деп аташат. Демек, бала жаман чыкса ата жаманатты болот, ал эми жакшы болсо ал даңкталат. Атам Акимаалыдан тарбиянын башатын, анын негиздерин алдым. Атамдын берген тарбиясы менин каныма сиңди жана бүткүл өмүрүмдү коштоду. Сөзсүз, кийин мектептен жана жогорку окуу жайдан алган тарбияларымдын мааниси өтө зор, бирок атанын тарбиясы мен үчүн пайдубал болуп калды. Ал кезде атанын сөзүн эки кылчу эмеспиз. Атанын сөзү биз үчүн мыйзамдан да жогору турчу. Буга бир мисал келтирейин.
Ак-Талаа районунун борбору Дөрбөлжүндөгү Сталин атындагы орто мектепти 15 жашымда «5» менен бүткөнүмдөн кийин атама барып: «Ата, эми мен Фрунзеге музыкалык окуу жайына барайын, ырчы болгум келет» дебейминби. «Ыя, эмне дейсиң, кайра айтчы» деп атам сурданып калды. «Ырчы болгум келет ата, өзүңүз деле аларды жакшы көрөсүз го, үйгө ээрчитип келесиз» деп турам. Анда атам айтат: «Билип жүр, ырчыны үйгө ээрчитип келип угасыңбы, тим угасыңбы ал башка, ал эми ырчы болуш бир башка, ырчы болбойсуң, этпейсиң»... Мен түшүнбөй эле калдым. Муса Баетов, Калмураттарды айтпаганда да Алиман Жангорозова, Бектемир Эгинчиев, анын жубайы Бурулча Какишева, Абдыкалый Темиров биздин үйгө дайыма келээр эле.
Ошентип атам өзү ырчыларды жакшы көрөт, анан бул эмнеси деп эле деңдароо болуп калдым. Каяша айтмак кайда. Ошону менен эмне кыларымды билбей турсам, Ак-Талаа районуна Москвадагы Бүткүл союздук соода институтунун студенттигине бир жолдомо келип калыптыр. Чакырып мени барасыңбы дешти. Райондогулар, агайларым баары эле сен барбасаң болбойт, кимди жиберебиз анан дейт. Сүйүнүп апама келип айтсам, «Эми атаң макул болсо бара бер» деди. Анан атама айтып турам, ушундай, ушундай деп. «Я, деди атам, эми артистигиң бүтүп, соодагер болоюн дедиңби?! Эки гана кесипти аркалабайсың. Артист болбойсун, анан соодагер болбойсуң. Бүттү» деп койду. Атамдын сөзү биз үчүн буйрук болчу. Ошону менен бул кесиптерге тартылбай, жолум башкача кеткен эле. Жүрүп отуруп, айыл чарбанын адиси, илимпоз болуп чыктым. Мына, атанын сөзүнүн күчтүүлүгү. Атанын уулу болуш кымбат жана ардактуу, бирок аябай жоопкерлүү. Мына менин эмгек стажым 71 жылдан ашты. Азыр деле Илимдер академиясынын академиги катары айыл чарбасына жана коомдук иштерге күйүп-бышып жүрөм. Ушундай узак мезгилде мен кандай гана кыйынчылыктарды башыман өткөрбөйүн же болбосо кандай гана орчундуу ийгиликтерге жетишпейин, менин турмуштагы максатым — атам Акимаалынын атын булгабоого күчүмдүн баарын жумшадым. Атам сүрдүү киши болсо дагы менин окумуштуу болгонума, райкомдун биринчи секретары кызматын үзүрлүү аткарып «Ленин» ордени менен сыйланганыма, айыл чарба институтунун ректору болуп балдарга диплом бергениме жана 33 жыл катары менен (1967-2000) Жогорку Кеңештин депутаты болгонума сыймыктанып калганда мен: «Өх, атамдын сөзүн эмгегим менен актадым го» деп сүйүнүп калар элем.
ДОС
Мен дос дегенге ыйык мамиле кылам. Жөн жерден эле ар кимди дос деп айта бербейм. Жашым 90го карады. Өмүрүмдө 4 гана адам менен жүрөк тандап дос болдум. Экөө мыкты чыкты — Мелис Турдалиев, Өмүрсадык Төлөгөнов. Бирөөсү райкомдун биринчи секретарлыгына чейин барды. Экинчиси жогорку окуу жайынын мугалими, ырдап, комуз чертчү. Экөөнүн тең көзү өтүп кетти. Булар өмүрүнүн акырына чейин чыныгы достуктун бийик сересинде болушту. Сатып кетишпеди. Чыккынчылык кылышпады. Буларга 100 пайыз ишеним арттым.
Үчүнчү дос күттүм. Атын айтпай эле коеюн. Жыйырма жылдан ашуун мамилелеш болуп, пайдаларыбыз тийди. Акыры мезгил көрсөттү. Жарма дос экенин. Сапатынан алдырып, байланышпай калдык.
Төртүнчү досум партиялык кызматкер эле. Алдымдан кыя өтчү эмес. Шайымы кетирип, дос дегенге барганбыз. Өзүм кыйналып турсам дагы бу кишиден эч нерсе аяган эмесмин. Чоң кызматка келгенден кийин каратып туруп, сатып жиберди. Астына барып, ушундай да кыласыңбы, сени Кудайга койдум деп каргадым. Бирок өкүнүп калдым, себеби, каргышым тийип калды. Муну айтканымдын төркүнү – досчулукта болуп атпайбы.
Элдин баарын дос деп айта бербеш керек. Мүмкүн жолдош, курдаш, шакирт, замандаш, теңтуштур. Ошондуктан этият болуп, абайлаш керек. Дос деп ишенип алып, эртеңки күнү абийириңди айрандай төгүп отурса... Чыныгы досту мен турмушта көрдүм, анын бычагы менен мүйүз тургай, тоону омкорсо болот.
ЖИГИТ
Бул сөздү укканда Кыргызстанды кырк жыл башкарган Төрөбай Кулатов эсиме келет. Партиянын Сокулук райкомунун биринчи секретары болуп иштеп турганда (1971-1979), бир жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов келип калды. Кечке өндүрүштү көрүп, анан кечинде чай ичип отурганда, мындай деген суроо бердим:
− Сиз көп жылдары СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары болуп кызмат кылдыңыз, Кремлде көп эле болдуңуз. Анан ошол мезгилде Иосиф Виссарионович Сталин менен көзмө-көз жолуга алдыңызбы?
− Ооба, бир жолу Сталиндин өзүнүн кабыл алуусунда болгомун. Андай окуя эстен кетпей калат экен.
Ал мындайча болуптур. 1940-жылы Т.Кулатов атайын Москвага барып, бул эле Кантка жетип токтоп калган темир жолду Рыбачьеге чейин жеткирүү маселесин коюптур. Адегенде Сталиндин жеке секретары Александр Николаевич Поскрёбышевге кирип, маселесин айтыптыр. Сталинге кирсем дептир. Ал абдан маданияттуу, акылдуу, жакшылыгын аябаган киши эле дейт. Поскрёбышев Сталиндин колу бош эместигин айтып, андан көрө бул маселе боюнча адегенде СССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасы жолдош Молотовго кирип көрүүсүн сунуш кылыптыр. Молотовго барса: «азыр акыбал оор, каражат жок» деп болбоптур. Кулатов мына ошондо көгөрдүм дейт. Кайра Поскрёбышевге барып Молотовдун жообун айтып, «мени жолдош Сталинге жолуктур» деп сураныптыр. Поскрёбышев: «Эми бир айласын табаармын. Бирок ал киши түнкүсүн иштейт. Кокус кабыл алам деп кеч чакырса, келе аласызбы?» деди дейт. Кайсы убакта болбосун келем дептир. «Андай болсо күтүңүз, мен чалам» деп мейманкананын телефонун алып калат. Т.Кулатов бир жумача сыртка да чыкпай, телефонду аңдып жүрүп калат. Бир күнү түнкү саат 12де Поскрёбышев чалып: «саат 1ге келип калыңыз, Сталин кабыл алат» дептир.
Алымкул төкмө: «Кремлде бирөө бар…Кире албай адам сүрдөгөн» деп ырдачу дейт. Анын сыңарындай, Төрөбай Кулатовдун айтымында, Сталинге кирээрде аябай эле сүрдөптүр. Кантип жетип кол бергенимди байкабай калдым дейт. «Отуруңуз, эмне маселе менен келдиңиз» дептир. Кулатов шаша-буша айта баштаса керек. Сталин: «Жолдош Кулатов, шашпай сүйлөңүз». Анан өзүн кармап буларды айтыптыр: «Жолдош Сталин. Бизде темир жол түйүнү Фрунзеден Кант деген жерге барып токтоп калды. Андан ары Ысык-Көл жана Тыянь-Шань деген эки облус бар. Жол каттамы бир гана Боом деген капчыгайдан өтөт. Башка жол жок. Ошол темир жолду Рыбачье шаарына чейин жеткирип алсак, алыскы эки облустун өнүгүшүнө зор мүмкүнчүлүк түзүлөөр эле. Болбосо, бул облустарды көтөрүү кыйын. Ушуга жардам бериңиз. Каражат, жабдуу жагынан жардам берсеңиздер, темир жолду курууну өз күчүбүз менен эле бүтүп алат элек».
«Бул маселе боюнча Молотовдо болдуңузбу?» дегенде аябай шашып кеттим дейт. «Анан болгон жокмун деп кантип айтам, Сталинге кантип жалган айта аласың, аргасыздан ооз учунан болдум» дептир. Анын жообун айтыптыр. Сталин басып барып телефонду алып: «Вячеслав Михайлович, сизде жолдош Кулатов болгон турбайбы. Кандай дейсиз, жардам берели. Каражат, жабдуу жагынан жардам берсеңер өздөрү куруп алабыз деп жатпайбы». «Молотов дароо эле макул болду окшойт» дейт Кулатов. Ошентип, Сталин ал маселени чечип бериптир. «Көзмө-көз жолукканым ушул болду, ал эми ар кандай жыйналыштарда көп эле көрүп жүрдүм» деген эле Төрөбай Кулатович.
Жыйынтыгында, 1940-жылдын 30-ноябрында Кант—Рыбачье темир жолунун курулушу жөнүндөгү токтомго ВКП (б) нын секретары И.В.Сталин жана СССР Эл Комиссарлар комитетинин төрагасы В.М.Молотов кол коюшуптур. Ошол жолугушууда Төрөбай Кулатович башкалардай болуп «жолдош Акималиев» дебей, мага «жигит» деп кайрылган. Чындыгында мындай жылуу сөз мага майдай эле жаккан. Анткени, жигитчилик деген — бул чечкиндүүлүк, намыскөйлүүлүк, жумушту так жана шар аткаруучулук экендигин жакшы түшүнчүмүн. Ошондуктан кыргыздын атактуу аксакалы Төрөбай Кулатовдун «жигит» деп айткан сөзү мага алдыга умтулууга кадимкидей эле түрткү берген.
КӨСӨМДӨР
Көсөмү жок эл болбойт. Көптү көргөн, көптү билген даанышман, акылман, жол башчы адамдарды «Көсөм» деп аташат. Мен дагы өзүмдүн узак жолумда көптөгөн көсөмдөр менен жолукканымды эстесем, тим эле жүрөгүм толкуйт. Жаш кезимден эле коомдук иштерге жана саясатка аралашып биздин улуу инсандарыбыздын бир тобун көрүп жана билип калдым. Алар: Республикабыздын жетекчилери Турдакун Усубалиев, Төрөбай Кулатов, Болот Мамбетов, Төрөгелди Балтагулов, Султан Ибраимов, Акматбек Сүйүнбаев, Абсамат Масалиев, Темирбек Кошоев, Арстанбек Дүйшеев жана эмгектин күжүрмөн адамдары: Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова, Корчубек Акназаров, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Муратбек Рыскулов, Бүбүсайра Бейшеналиева, Иса Ахунбаев, Курман Каракеев, Муса Адышев...
Мындан тышкары, кыргыз улутунун улуу залкарлары: Молдобасан Мусулманкулов, Калмурат Нурдөөлөтов, Муса Баетов, Абдыкалык Чоробаев, Карамолдо Орозов, Саякбай Каралаев, Алымкул Үсөнбаев, Осмонкул Бөлөбалаев, Ыбрай Туманов, Ысмайыл Борончиев, Токтонаалы Шабданбаев, Саид Бекмуратов, Абдылас Малдыбаев, Сайра Кийизбаева, Анвар Куттубаева, Шекербек Шеркулов, Артык Мырзабаев, Жумамүдүн Шералиев, Бектемир Эгинчиев, Калый Молдобасанов, Асанкан Жумакматов, Насыр Давлесов, Болот Миңжылкыев, Эстебес Турсуналиев, Сооронбай Жусуев, Шүкүрбек Бейшеналиев, Төлөгөн Касымбеков, Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморовду көрүп жана алар менен аралашып калганыма өтө сыймыктанам. Булар менин «алтын казынам» болуп калды деп айтсам жаңылышпаймын.
Азыркы ааламдашуу заманында кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүнүн, салты менен наркынын сакталып калышы – бул биздин алдыбызда турган өтө маанилүү жана жооптуу милдет.
Жамин Акималиев
Улуттук илимдер академиясынын академиги,
Легендарлуу парламенттин депутаты.