Добавить статью
17:14, 22 января 2026 55

Балалуу болуу — эң жогорку жоопкерчилик

Автор: Евразиялык балдар дарыгерлер федерациясынын президенти, м.и.д., профессор Камчыбек Узакбаев

Жакында эле 2025-жылды да тарыхка узаттык. Жыл жыйынтыгын чыгарарда өлкөбүздө балдардын ден соолугун коргоо багытында кандай ийгиликтерге жетиштик деген суроо мени ар дайым ойлонтот.

Өткөн жылы өлкөбүздө 138 125 бала төрөлүп, ымыркайларды жоготуулардын саны 1 862ни түздү (ал эми 2024-жылы 140 062 бала төрөлүп, ымыркайларды жоготуулар саны 1 974 болгон). Бул сандар мурунку жылга салыштырмалуу азайганын көрсөтүп турат. Албетте, бул — статистикалык маалыматтар. Бирок негизги суроо башкада: балдардын ден соолугунун индекси кандай өзгөрдү? Айрыкча, тубаса оорулардын саны азайдыбы?

Тилекке каршы, менин оюмча бул багытта биз каалагандай жыйынтыкка жете алган жокпуз. Балдардын оорукчандык индекси да, тубаса оорулардын саны да олуттуу түрдө азайган жок.

Ошол эле учурда мамлекет тарабынан көрүлгөн чаралар мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир нече эсеге көбөйдү. Саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттар өстү, материалдык-техникалык базалар көп дарылоо мекемелеринде жаңыланды, жаңы диагностикалык жана дарылоочу аппараттар, медициналык аспаптар сатып алынды. Мындай камкордук мурдагы жылдары кыйла аз болчу. Бирок ага карабастан бүгүнкү көрсөткүчтөр бул багытта дагы көп иштер жасалышы керек экенин коңгуроо кагып эскертип турат.

Өзгөчө кооптондуруучу маселе — тубаса оорулардын санынын деңгээли. Анын негизги себептеринин бири — бул болочок ата-энелердин жыныстык органдарындагы инфекциялык оорулар. Тактап айтканда, бактериялардын зяндуу таасири. Бул бактериялардын көпчүлүгү биз кеңири колдонгон антибиотиктерге туруктуу болуп калган. Атүгүл айрым антибиотиктер алар үчүн азык зат катары да болуп калды.

Мындай шартта окумуштуулар менен дарыгерлер антибиотиктерди башаламан жана далилсиз колдонууга катуу көзөмөл керектигин көп жылдан бери айтып келишет. Тилекке каршы, бул маселе биздин өлкөдө да өтө курч бойдон калууда. Дарыканаларда антибиотиктерди дарыгерлердин рецептисиз эле, каалаган өлчөмдө сатып алып, өз алдынча колдонуу адатка айланган.

Мунун кесепети абдан олуттуу. Биринчиден, микробдордо антибиотиктерге туруктуулук пайда болот. Экинчиден, адамдын жалпы иммунитетин төмөндөтөт. Үчүнчүдөн, организмдеги ден соолук үчүн керектүү болгон биобактерияларды да жок кылат же азайтат. Ал бактериялар инфекция козгоочу микроорганизмдердин организмде көбөйүшүнө тоскоол болуп, коргоочу ролду аткарат. Алар —бактериофагдар.

Андан тышкары, ооруну козгоочу бактериялар агрессивдүү болуп, жаңы өсүп келе жаткан түйүлдүккө (эмбрионго) терс таасир тийгизет. Натыйжада түйүлдүктө ар кандай тубаса оорулар пайда болушу мүмкүн.

Тубаса оорулардын дагы бир олуттуу себеби — акыркы жылдары хромосомдук жана генетикалык оорулардын көбөйүшү. Эгер болочок ата-энелер балалуу болууну алдын ала пландаштырып, тиешелүү медициналык жана генетикалык текшерүүдөн өтүшсө, көптөгөн оорулардын алдын алууга болот. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө мындай кызматтар Кыргызстанда бар.

Ошондой эле кош бойлуу эне эрте мөөнөттө каттоого туруп, алгачкы жумаларынан баштап пренаталдык скринингден өтсө, бир катар ооруларды эрте аныктап, анын ичиндеги балага да өз убагында жардам көрсөтүүгө шарт түзүлөт.

Жогоруда айтылгандардын негизинде балдардын ден соолугун коргоо жана тубаса оорулардын санын азайтуу — коомдун, үй-бүлөнүн жана мамлекеттин биргелешкен жоопкерчилиги болушу керек. Менин оюмча бул багытта төмөнкү негизги чараларга өзгөчө көңүл буруу зарыл:

    1. Антибиотиктерди көзөмөлсүз жана далилсиз колдонууга катуу чек коюу

Калк арасында антибиотиктердин зыяндуу кесепеттери тууралуу маалыматтык иштерди күчөтүү керек.

    2. Инфекциялык оорулардын алдын алуу жана өз убагында дарылоо

Болочок ата-энелер, айрыкча жаштар жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан алдын ала текшерилип, толук дарылануусу зарыл. Бул тубаса оорулардын алдын алуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири.

    3. Балалуу болууну алдын ала пландоо 

Балалуу болуунун алдында медициналык жана генетикалык текшерүүдөн өтүү мыйзам чегинде практикага киргизсек жакшы болот эле. 

    4. Генетикалык жана пренаталдык скринингди кеңейтүү

Пренаталдык скринингдерди бардык аймактарда жеткиликтүү түрдө киргизүү 

    5. Медициналык кызматкерлердин антибиотиктерди далилсиз колдону боюнча сунуш берүү практикасын азайтуу.

    6. Коомдук аң-сезимди көтөрүү

Балдардын ден соолугу боюнча жоопкерчилик ар бир үй-бүлөнүн өзүнөн башталат. Массалык маалымат каражаттары, билим берүү мекемелери жана медициналык уюмдар аркылуу туруктуу иштерди күчөтүү зарыл.

Балдардын ден соолугу — элибиздин жана өлкөбүздүн келечеги!

камчыбек узакбаев
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×