Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Касымалиев Адылбек Алешович!
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Маматалиев Марлен Абдырахманович!
Ачык кат - кайрылуу
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилейт. Мына ушул убакыт ичинде мамлекет карама-каршылыктар жана глобалдык социалдык толкундоолор менен мүнөздөлгөн көз карандысыздыктын оор мезгилин башынан өткөрдү. Учурда мамлекет актуалдуу маселелерди чечүүнү жана глобалдык дүйнөнүн алкагында өз ордун бекемдөөнү талап кылган түптөлүү доорун башынан өткөрүүдө. Мына ушундан улам, биринчи жолу коомдук илимдердин өкүлдөрү мамлекеттик өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча өтүнүчтөр менен эмес, сунуштар менен сиздерге кайрылабыз.
Биздин сунуштарыбыз мамлекеттик өнүгүүнүн үч багытын камтыйт: билим берүү, илимий жана уюштуруучулук-идеологиялык. Кыргыз Республикасынын өнүгүү стратегиясы катары каралган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу бул үч багыттын негизин түзөт. Биз мамлекеттин бүгүнү жана келечеги үчүн, илимий жана билим берүү потенциалынын сакталып муундан муунга өтүүсү жана республиканын интеллектуалдык элитасын сактап калуу үчүн чакырык таштайбыз.
Билим берүү багытынын контекстинде биз коомдук-гуманитардык илимдерге, айрыкча философияга басым жасоодобуз. Ааламдашуу чакырыктарынын шартында (санариптик өзгөрүү, жасалма интеллекттин өнүгүшү, биотехнология, руханий, социалдык, саясий, экологиялык жана технологиялык кризистер) коомго системалуу, сынчыл ой жүгүртүүгө жөндөмдүү, себеп-натыйжа байланыштарын ажырата алган, мамлекеттин руханий жана саясий коопсуздугу үчүн стратегиялык чечимдерди сунуштай алган адистер керек. Философторду даярдоо мамлекеттик, улуттук билим берүү жана маданий саясаттын максаттарына шайкеш келет, анткени ал жаштардын жарандык позициясынын, жоопкерчилигинин, сынчыл ой жүгүртүүсүнүн өнүгүшүнө, ошондой эле алардын руханий баалуулуктарын тарбиялоого багытталат. Азыркы учурда болжолдуу өнүгүү тенденцияларын алдын ала көрүү жана баалоо контекстинде жаштардын ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү өтө маанилүү жана чечүүчү ролго ээ. Мына ушундан улам, Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү программасын кайрадан карап чыгуу зарылчылыгы келип чыгууда.
Илимий багыттын алкагында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолунун өнүгүү стратегиясын белгилөөдө, маданияттын жана менталитеттин уникалдуулугу контекстинде адам менен дүйнөнүн ортосундагы байланыштын фундаменталдык негизи катары философия маанилүү орунга ээ. Биздин жакын кошуналарыбыздын (Казакстан жана Өзбекстан) тажрыйбаларынан философияга жөн гана илим же жогорку билим берүү программаларында окутулган предмет эле эмес, мамлекеттин улуттук стратегиясынын негизи катары маанилүүлүгүнө басым жасалып жаткандыгын көрүүгө болот.
Уюштуруучулук-идеологиялык багыттын негизинде мамлекетибиздин бирдиктүүлүгүнүн маанисин бийик тутуп, министрликтердин жана ведомстволордун өз ара байланышы жана өз ара аракеттенүүсү үчүн конкреттүү схеманы сунуштайбыз. Бул узак мөөнөттүү жана келечектүү стратегияны ишке ашырууда аты аталган уюмдардын ишмердүүлүгүн бириктирүүгө мүмкүндүк берет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, топтолгон көйгөйлөрдү чечүүнүн конкреттүү чараларын жана механизмдерин талкуулоо, сунуштарды ортого салуу жана мамлекетибиздин өнүгүүсү тууралуу пикир алмашуу максатында философиялык жана социалдык-гуманитардык илимдердин өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Президенти, Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Жогорку Кеңештин Төрагасы менен жолугушуусун уюштурууну сунуштайбыз. Экономикалык өнүгүүнү жакшыртуу максатында ишкерлер менен жолугушуулар уюштурулган сыяктуу эле, философтор жана коомдук илимдердин өкүлдөрү менен жолугушуу республиканын социалдык, саясий жана маданий өнүгүү стратегиясы тууралуу керектүү жана маанилүү пикир алмашууга мүмкүндүк берет. Мындай жолугушуу канчалык эрте уюштурулса, ошого жараша мамлекеттик жетекчилик Кыргызстандын өнүгүүсүнө багыт берүү жана учурдагы кырдаалды жакшыртуу боюнча конкреттүү идеяларды, сунуштарды жана кеңештерди ала алат деп ишенебиз.
Урманбетова Ж.К. – философия илимдеринин доктору, профессор
Торогельдиева Б.М. – саясий илимдеринин доктору, доцент
Абдрасулов С.М. – философия илимдеринин кандидаты, директор
Эдилова М.М. - философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикисынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер
Жоробеков Ж. - философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикисынын илимине эмгек сиңирген ишмер
Ботоканова Г.Т. - философия илимдеринин доктору, профессор
Усупова Ч.С. - философия илимдеринин доктору
Касымова Н.О. - философия илимдеринин кандидаты, доцент
Сейталиева Г.А. - философия илимдеринин кандидаты, доцент
Эшенкулова К.З. - философия доктору, доцент
Кадыров А.И - философия илимдеринин кандидаты
Шарипова Э.К. - философия илимдеринин доктору, профессор
Сейдалиева М.К. - философия илимдеринин кандидаты, доцент
Манашов М. Э. - философия илимдеринин кандидаты, доцент
Орунбаева Г.Ж. - философия илимдеринин кандидаты, доцент
Ысмаилова Р.А. - философия илимдеринин кандидаты, доцент
Токтогулова Г. Т. - философия илимдеринин кандидаты, доцент
Борсонов А. - философия илимдеринин кандидаты, доцент
Курбанбаев К. - философия илимдеринин доктору, профессор
Эргешов А. - философия илимдеринин кандидаты, доцент.