Добавить статью
13:35, 11 мая 2016 106
Эне - бул жөн эле сөз эмес, бүтүндөй дүйнө. Оор мүнөттөрдө биз ар дайым энелерибизди эстейбиз, аларга ишенебиз, колдоосун күтөбүз. Анткени эне кайда болбосун биздин үнүбүздү алыстан угат, ички туюму менен сезет, жардамга шашат... «Бейиштин төрү - эненин таман алдында» демекчи, энелердин ак сүтүн актоого өмүр жетпейт. Эне - ыйык, эне - бейиш, эне - жашоо, эне - сүйүү, эне - мекен, эне - аалам. Аллах Тааладан бир гана нерсе сурайм, энекеме - ден соолук. Энекем эч качан оорубасын, ыйлабасын, кайгырбасын, көп жашасын. Энекемдин ыраазычылыгын алайын. Мен сизди жакшы көрөм!
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

×